4. Нагима 1925-жылы Каракол шаарындагы
аялдар гимназиясын аяктайт. Медицина-
лык техникумга тапшырайын десе,
“байдын кызы” деп окууга албай коюшат.
Ошол мезгилде кыргызча-орусча так
билип машинканы жакшы баскан кыздар
мекемелерге абдан керектүү болгон-
дуктан, Нагима стенографисттин курсун
аяктап, областтык комсомол комитетине
ишке орношот. Ушул кызматынын аркасы
менен Төрөкул Айтматов менен таанышып,
тагдыр буюруп, турмушка чыгат.
7. Төрөкул Айтматов менен Нагима 12 жыл
бирге бактылуу өмүр сүрүшөт, төрт балалуу
болушат. Бирок алардын бактылуу жашоосун
ошол кездин каардуу саясаты-репрессия
талкалайт. 1937-жылдын 1-декабрында Төрөкул
Айтматов камакка алынат. Жубайынын өлүү-
тирүүсүнөн кабар ала албаган Нагима турмуштун
салган запкысына чыдап, белин бекем бууп,
балдарынын келечегин ойлоп, жашоосун улантат.
Нагима “Төрөкул Айтматов 10 жылга кат алышууга
тыюу салуу менен алыскы лагерге айдалды” деген
акыркы билдирүүдөн кийин туура он жыл өткөнчө
жубайын күтөт, бирок он жыл эмес жыйырма жыл
бою ар кайсы жактарга каттарды, арыздарды
жазып, издөө салган менен, бир дагы жылуу кабар
ала албайт.
8. Канчалык кыйналса да, турмуштун оор запкысын тартса да Нагима ата
мээримин көрүшпөгөн төрт баласына энелик мээримин төгүп,
балдарды тарбиялап, чоңойтту, алардын билимдүү инсандардан
болушуна шарт түзүүгө бүт аракетин жумшады. Эки уулунун бири
Чынгыз атасын тарткан тирикарак, акылдуу бала гана болбостон,
элинин атын дүйнөгө тааныткан уулдардан болуп чыга келди.
9. КЫРГЫЗ ССРинин БЕЛГИЛҮҮ ЖАЗУУЧУЛАРЫНЫН ЖАНА
ЖУРНАЛИСТТЕРИНИН “СОВЕТТИК КЫРГЫЗСТАН” ГАЗЕТАСЫНЫН
РЕДАКЦИЯСЫНДАГЫ ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ
ФРУНЗЕ ШААРЫ 1969-жыл
10. Нагима апа өмүрүнүн акырына чейин уулу Чынгыз Айтматовдун
колунда жүрдү. Азыр кирип келчүдөй болуп, эшикти карап,
үзүлбөгөн үмүт менен Нагима апа өмүр бою күтүүдөн тажабай,
жубайы жөнүндө бир да кабар ала албастан 1971-жылы
10-августта өмүр салат.