SlideShare a Scribd company logo
1 of 1
Download to read offline
25-31-октябрь 2011-жыл 
(Башы өткөн санда) 
Эми берилген насыя кандайча төлөнөт ушуга токтололу? «Он айга же бир жылга», - деп болжолдуу айтканда 40 миң алдың дейли. Мына ушул 40 миң сомду он айга же бир жылга бөлүп, айына тийүүчү негизги сумманы, анын үстүнө айлык үстөк пайызды кошуп, алгандан кийинки айдан баштап төлөп башташың керек. Кыскасы, коммерциялык банктар менен микро каржылоочулардын кардарларын жогоруда айтылган пайыздык көрсөткүчтөрүн образдуу айтканда, жайлоодо келиндер бээни күнүнө эки саатта бир саап, а деп желинге койгулап жатып кактаган эмчекти эмген кулун кышында арыгынан чыккан сакоону көтөрө албай өлүп калган кулунга окшоштурсак болот. Бирок ошентсе да, алардын быйыл жарым жылдыкта эле кардарларына берген насыясынын көлөмү 8,9 миллиард сомго жеткенине маашырланат. Насыянын кайтарымдуулугунун көрсөткүчү боюнча эки сан айтылып жүрөт. Биринчиси, Улуттук статистика комитети –93 пайыз десе; экинчиси, Н. Жолдошова болсо - 97 пайыз дейт. Негизинен бул көрсөткүчтөр жаман эмес болгону менен эки көрсөткүчтүн болушу жакшы көрүнүшкө жатпайт. 
ЭСКЕ АЛЫНУУЧУ 
СУНУШ 
Канткен менен 7 пайыз кардарлардын катары, эртең суюлгандан-суюлуп 4 же 3 пайыздын тегерегине түшүп, андан да төмөндөп, банктар менен микро каржылоочулар кудуретсиздиктин кунуна (банкрот) кептелип калуу коркунучу туулбайбы?!.. Кыргызда: «Сугалактын арты жаман», дечүү эле! Дүйнөлүк финансы кризисинин сабактарын ушул баштан эске алып, Кыргыз Өкмөтү жана Улуттук банк мына ушул маселелердин тегерегинде ой калчап, бир жыйынтыкка эртелеп келбесе, эртең кеч болуп калбас бекен?! Бул маселенин бир жагы. Экинчиси, ачык эле айтыш керек, Кыргыз Өкмөтү менен Улуттук банктын Кыргызстандын калкынын жакыр бөлүгүнүн катарын азайтууга карата коммерциялык банктар менен микро каржылоочулардын насыя берүүдөгү үстөк пайызынын жогору болушун ооздуктоону жүзөгө ашыруусу бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселеси катары күн тартибинде турушу керек. Болбосо, жакырчылыктын сазына ого бетер батарыбыз чын. 
II БӨЛҮМ 
РОССИЯНЫН ШАРТЫНДА 
Көп өлкөлөрдүн мектеп программасында «Экономиканын негиздерин» окутуу колго алына баштаган. Бирок аны окутуунун көйгөйлөрү бир эле Кыргызстанга мүнөздүү көрүнүш эмес экенин конференцияда Москва шаарындагы ачык билим берүү институтунун профессору, педагогика илимдеринин доктору Александр Прутченковдун баяндамасындагы келтирген айрым фактылар ырастайт. Улуттук каржыны изилдөө агенттигинин (УКИА) маалыматы боюнча Россиянын жарандарынын 64 пайызы банк курамына (система) ишенбестигин көрсөткөн, ошону менен бирге сурамжылоого катышкандардын (респондент) 62 пайызы банктык продукцияларды жана кызматтарды аңдап түшүнүүдөгү кыйынчылыктарга кабылышкан. Дагы бир окуя, «Коомчулуктун пикири» фондусунун изилдөөсүнүн чыгарган жыйынтыгында: суроо-жоопко катышкандардын 65 пайызы каржылык кызмат көрсөтүү базарына каражат салуучунун укугу мыйзам менен корголгон эмес деп эсептешкен; 37 пайызы баалуу кагаздын (акция) баасы кескин түшүп кеткен учурда мамлекет инвесторлорлордун тарткан чыгымын төлөп берүүгө тийиш деп эсептешерин; суроо-жоопко тартылган жогорку класстагы окуучуларынын 64 пайызы мектептен сабаттуу жана коопсуз инвестициялык жүрүм-турум эрежелери жөнүндө баштапкы билимди да ала алган эмес, ошол эле учурда мектеп окуучуларынын 58 пайызы кандайдыр бир баалуу кагаздын ээси болууну каалашарын билдиришкенин мисалга келтирди. 
Профессордун келтирген далили Россияда деле коммерциялык банктар менен микро насыя берүүчү компаниялар жыргап кетпегенин, аларга болгон жарандар жана мектеп окуучуларынын да ишеними жоктугун далилдеп турат. Айрыкча дүйнөлүк каржылык кризиске шылтап Кыргызстандын коммерциялык банктары менен микро насыя берүүчү компаниялары жылдык үстөк пайызын жылдан-жылга көбөйтүп жатканына биринчи бөлүмдө кеңири токтолуубуздун, себеби да, ушундан болду. 
Александыр Прученковдун баяндамасында дагы мындай бир ой айтылды: жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларына экономикалык билимдин негиздерин орто баскычтан баштап (5-класстан) программага киргизүү максатка ылайыктуу. Ал төмөнкү баскычтардан же бөлүмдөрдөн болушу мүмкүн: а) каржылык сабатуулук (терминдер, колдонулуучу каражаттар); б) керектелүүчү билимдин негиздери; в) ишкерликти жүргүзүүнүн негиздери. Окуучулардын каржылык билими, ошондой эле жалпы жарандардын каржы жаатындагы түшүнүктөрүнүн калыптанышына ээ болушуна жетишүү керек дегендей пикирди айтты. (Баяндаманын маанисин сактап, төл жана бөтөн сөз же тике сөз түрүндө эмес, кыйыр түрдө бергенибизден тырмакчага алган жокпуз.) Мектеп окуучулары үч баскычтуу бөлүктөн турат. Биринчисине, 1-4-класска чейинки окуучулар; экинчисине, 5-9-класстын окуучулары; үчүнчүсүнө, 10-11-класстын окуучулары кирет. 
«ЭКОНОМИКАНЫН 
НЕГИЗДЕРИН» 
ОКУТУУ МЕКТЕП 
ПРОГРАММАСЫНДА 
Кыргызстандын мектеп программасында экономика сабагы бар экенин билүүчүмүн. Бирок ага канча саат бөлүнгөнүнө, кайсы класстарга окутууларына кызыгып көрбөптүрмүн. Анткени Кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болгон жайым бар. Көп эмес, бир аз эле жылдары. Ошондуктан бул предметтен кимдер сабак берип жүргөнүн да билип калдым. Негизинен тарыхчылар, географтар мектеп программасында сааты аз болгондуктан ушулар, айрым жерлерде директордун өзү же анын эки орун басарынын (окуу-тарбия иштери боюнча) бири бергендерин билүүчүмүн. Бүгүн деле абал дал ушундай десек болот. 
«Көк бермет көлдүн» боюндагы Эл аралык конференциядан алган таасирлерден ушул темага кызыгуум артты. Мектеп программасында «Экономиканын негиздери» окуу программалык планын атайын карап чыктым. Бул предмет 9-10-11-класстарга киргизилген. Ар бирине окуу жыл үчүн 34 сааттан бөлүнгөн. Баардыгына жалпысынан 102 саат берилген. 
9-класстын программасында 7-тема: «Алмашуу: бартер жана акча. Акча алмашуу каражаты, нарк ченеми жана топтоо каражаты» деп ага 2 саат берилген. 16- тема: « Акчанын бөлүштүрүүчү милдети. Базар баасы өндүрүштү жүргүзүүгө түрткү катары» дегенге 2 саат бөлүнгөн. 
10-класстын программасында 18- тема: «Керектүү чыгым жана бюджет. Бюджет түзүүнүн баскычтары. Керектөө кредити (Жогоруда «насыя, каржы» деген кыргызча терминди колдонсок, программада орусча термин «кредит жана финансы» деп берилгендигине байланыштуу ошондой жазууга аргасыздык келип чыкты . – Ж. Т.), анын түрлөрү. Кредиттин оң жана терс жактарына» 1 саат берилсе; 19-тема: «Байлыктын көбөйүшү: аманат сактоо жана инвестициялоо. Аманаттардын түрлөрү. Ишенүүчтүүлүк, пайыз кирешеси жана өтүмдүүлүккө» 2 саат; 21-22-23-24-темаларында: эркин ишкердүүлүк боюнча бизнестин түрлөрү, формалары боюнча жекече ээлик кылуу, ишкердик, корпорацияга 6 саат; каржылоо булагына 6 саат каралган. 
11-класска мамлекеттин базар экономикасындагы ролуна 6 саат; акча жана финансы институттарына 8 саат бөлүнгөн. Негизинен «Экономиканын негиздери » программасында акча, каржы боюнча сааттар жакшы эле бөлүнгөн. Окутуучу мугалимдерге усулдук китеби деле дурус түзүлгөн. Көрсө, мунун да жөнү бар экен. 
КӨРГӨН КАМКОРДУК 
АКТАЛАБЫ? 
1995-жылы августта Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен «Junievement Achievement – Кыргызстан» (Жаштардын жетишкендиги – Кыргызстан » коомдук фондусу каттоодон өткөн. Фондунун түзүлүү максаты: 22 жашка чейинки улан-кыздарды экономикалык жана бизнес орундарына сунуштоодо. Ушул эле фонд “Экономиканын негиздеринин” программасын түзгөнгө көмөгүн көрсөткөн. Кыргызстандагы фондуну сүрөөнчүлүккө алган АКШнын жогорудагы англисче жазылган фондусу экен. 1919- жылы ал фонду түзүлүп, азыр жүздөн ашуун мамлекеттерде иш жүргүзүүдө. Анын бири – Кыргызстанда. 
Кеп окуу программасын өз деңгээлинде сабак өтө ала турган мугалимдер барбы? Жогоруда айтылгандай, абал дале ошондойбу же кандайдыр бир 
атайын экономика боюнча курстан окутуп өткөргөн иштер болуп жүрбөсүн деп, кызыгып көрдүк. 
Талас шаарындагы ТалМУнун алдындагы “Мугалимдердин жана китепканачылардын билимин жогорулатуу курсуна” баш багып көрдүк. Усулчу Айзада Эстебесова: 
-Өткөн жылы 7 мугалимди экономика адистигине окутканбыз. Быйыл “Адам жана коом” предметинен 25 мугалимди 72 сааттык программа менен окуттук. Анын 26 саатын коомду окуса, 26 саатын экономиканы, калган саатына психологияны окушту. Эми келерки жылы канча мугалимди окутарыбыз жылдын башында белгилүү болот, - дейт. 
Акыркы жылдары аздыр-көптүр экономиканы окутуу боюнча иштер колго алына баштагандыгы ушундан эле көрүнүп турат. Бирок Россиялык профессордун айтканындай, 5-класстан баштап окутуу Кыргызстан үчүн керекпи же жокпу азырынча так кесе айта албайбыз. Муну атайын өзүнчө изилдеп чыгып, андан кийин кандайдыр бир ой айтсак болот. Азырынча мектептин жогорку класстарын окутууну толук кандуу мугалимдер менен камсыздоону жүзөгө ашыргандан кийин ойлонуп көрүү жагы туура болооруна басым жасап турганыбыз оңдуу болот. Балким, келечекте россиялык демилге ишке ашаар. Бирок анда сөзсүз педагог- экономист кадрларды даярдоонун зарылдыгы туулат. Учурда жогорку класстарды эле окутуу менен турмуштук практикадан өткөрүү аркылуу бир жыйынтыкка келгенден кийин чечүүчү маселе. Ал эми Россиядагыдай Кыргызстанда окуучулар арасында экономикага байланышкан социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын азырынча кездештире элекпиз. Балким болсо, болгондур. Элдин кеңири катмарына жетпей бир текчеде чаң басып жаткан чыгаар. 
Илим-билим өнүккөн Россия мамлекетинин орто мектептеринде “Экономиканын негиздерин” окутуу ишинде окуучулар баштапкы билимди жөндөп алалбай жаткан шартта - Кыргызстан жөнүндө эмнени айтууга болот?! Бул тынчсыздануучу маселе. Маселен, социализм мезгилинде он беш союздук республикалардын жогорку окуу жайларынан Кыргызстандын Медицина институту берген билим жагынан алдыңкы орунга чыгып, эталон катары көрсөтүлүп келген. Экономикалык баштапкы билим берүүгө да ушундай мамиле жасоого умтулуу милдети алдыда турат. Бирок бул кандай даражада ишке ашат, аны мезгил көрсөтөт. 
(Уландысы бар) 
Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВЭл аралык конференциянын катышуучулары

More Related Content

Featured

Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie InsightsSocial Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Kurio // The Social Media Age(ncy)
 

Featured (20)

AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdfAI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
 
Skeleton Culture Code
Skeleton Culture CodeSkeleton Culture Code
Skeleton Culture Code
 
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
 
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
 
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
 
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie InsightsSocial Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
 
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
 
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
 
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
 
Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next
 
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search IntentGoogle's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
 
How to have difficult conversations
How to have difficult conversations How to have difficult conversations
How to have difficult conversations
 
Introduction to Data Science
Introduction to Data ScienceIntroduction to Data Science
Introduction to Data Science
 
Time Management & Productivity - Best Practices
Time Management & Productivity -  Best PracticesTime Management & Productivity -  Best Practices
Time Management & Productivity - Best Practices
 
The six step guide to practical project management
The six step guide to practical project managementThe six step guide to practical project management
The six step guide to practical project management
 
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
 
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
 
12 Ways to Increase Your Influence at Work
12 Ways to Increase Your Influence at Work12 Ways to Increase Your Influence at Work
12 Ways to Increase Your Influence at Work
 
ChatGPT webinar slides
ChatGPT webinar slidesChatGPT webinar slides
ChatGPT webinar slides
 
More than Just Lines on a Map: Best Practices for U.S Bike Routes
More than Just Lines on a Map: Best Practices for U.S Bike RoutesMore than Just Lines on a Map: Best Practices for U.S Bike Routes
More than Just Lines on a Map: Best Practices for U.S Bike Routes
 

4

  • 1. 25-31-октябрь 2011-жыл (Башы өткөн санда) Эми берилген насыя кандайча төлөнөт ушуга токтололу? «Он айга же бир жылга», - деп болжолдуу айтканда 40 миң алдың дейли. Мына ушул 40 миң сомду он айга же бир жылга бөлүп, айына тийүүчү негизги сумманы, анын үстүнө айлык үстөк пайызды кошуп, алгандан кийинки айдан баштап төлөп башташың керек. Кыскасы, коммерциялык банктар менен микро каржылоочулардын кардарларын жогоруда айтылган пайыздык көрсөткүчтөрүн образдуу айтканда, жайлоодо келиндер бээни күнүнө эки саатта бир саап, а деп желинге койгулап жатып кактаган эмчекти эмген кулун кышында арыгынан чыккан сакоону көтөрө албай өлүп калган кулунга окшоштурсак болот. Бирок ошентсе да, алардын быйыл жарым жылдыкта эле кардарларына берген насыясынын көлөмү 8,9 миллиард сомго жеткенине маашырланат. Насыянын кайтарымдуулугунун көрсөткүчү боюнча эки сан айтылып жүрөт. Биринчиси, Улуттук статистика комитети –93 пайыз десе; экинчиси, Н. Жолдошова болсо - 97 пайыз дейт. Негизинен бул көрсөткүчтөр жаман эмес болгону менен эки көрсөткүчтүн болушу жакшы көрүнүшкө жатпайт. ЭСКЕ АЛЫНУУЧУ СУНУШ Канткен менен 7 пайыз кардарлардын катары, эртең суюлгандан-суюлуп 4 же 3 пайыздын тегерегине түшүп, андан да төмөндөп, банктар менен микро каржылоочулар кудуретсиздиктин кунуна (банкрот) кептелип калуу коркунучу туулбайбы?!.. Кыргызда: «Сугалактын арты жаман», дечүү эле! Дүйнөлүк финансы кризисинин сабактарын ушул баштан эске алып, Кыргыз Өкмөтү жана Улуттук банк мына ушул маселелердин тегерегинде ой калчап, бир жыйынтыкка эртелеп келбесе, эртең кеч болуп калбас бекен?! Бул маселенин бир жагы. Экинчиси, ачык эле айтыш керек, Кыргыз Өкмөтү менен Улуттук банктын Кыргызстандын калкынын жакыр бөлүгүнүн катарын азайтууга карата коммерциялык банктар менен микро каржылоочулардын насыя берүүдөгү үстөк пайызынын жогору болушун ооздуктоону жүзөгө ашыруусу бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселеси катары күн тартибинде турушу керек. Болбосо, жакырчылыктын сазына ого бетер батарыбыз чын. II БӨЛҮМ РОССИЯНЫН ШАРТЫНДА Көп өлкөлөрдүн мектеп программасында «Экономиканын негиздерин» окутуу колго алына баштаган. Бирок аны окутуунун көйгөйлөрү бир эле Кыргызстанга мүнөздүү көрүнүш эмес экенин конференцияда Москва шаарындагы ачык билим берүү институтунун профессору, педагогика илимдеринин доктору Александр Прутченковдун баяндамасындагы келтирген айрым фактылар ырастайт. Улуттук каржыны изилдөө агенттигинин (УКИА) маалыматы боюнча Россиянын жарандарынын 64 пайызы банк курамына (система) ишенбестигин көрсөткөн, ошону менен бирге сурамжылоого катышкандардын (респондент) 62 пайызы банктык продукцияларды жана кызматтарды аңдап түшүнүүдөгү кыйынчылыктарга кабылышкан. Дагы бир окуя, «Коомчулуктун пикири» фондусунун изилдөөсүнүн чыгарган жыйынтыгында: суроо-жоопко катышкандардын 65 пайызы каржылык кызмат көрсөтүү базарына каражат салуучунун укугу мыйзам менен корголгон эмес деп эсептешкен; 37 пайызы баалуу кагаздын (акция) баасы кескин түшүп кеткен учурда мамлекет инвесторлорлордун тарткан чыгымын төлөп берүүгө тийиш деп эсептешерин; суроо-жоопко тартылган жогорку класстагы окуучуларынын 64 пайызы мектептен сабаттуу жана коопсуз инвестициялык жүрүм-турум эрежелери жөнүндө баштапкы билимди да ала алган эмес, ошол эле учурда мектеп окуучуларынын 58 пайызы кандайдыр бир баалуу кагаздын ээси болууну каалашарын билдиришкенин мисалга келтирди. Профессордун келтирген далили Россияда деле коммерциялык банктар менен микро насыя берүүчү компаниялар жыргап кетпегенин, аларга болгон жарандар жана мектеп окуучуларынын да ишеними жоктугун далилдеп турат. Айрыкча дүйнөлүк каржылык кризиске шылтап Кыргызстандын коммерциялык банктары менен микро насыя берүүчү компаниялары жылдык үстөк пайызын жылдан-жылга көбөйтүп жатканына биринчи бөлүмдө кеңири токтолуубуздун, себеби да, ушундан болду. Александыр Прученковдун баяндамасында дагы мындай бир ой айтылды: жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларына экономикалык билимдин негиздерин орто баскычтан баштап (5-класстан) программага киргизүү максатка ылайыктуу. Ал төмөнкү баскычтардан же бөлүмдөрдөн болушу мүмкүн: а) каржылык сабатуулук (терминдер, колдонулуучу каражаттар); б) керектелүүчү билимдин негиздери; в) ишкерликти жүргүзүүнүн негиздери. Окуучулардын каржылык билими, ошондой эле жалпы жарандардын каржы жаатындагы түшүнүктөрүнүн калыптанышына ээ болушуна жетишүү керек дегендей пикирди айтты. (Баяндаманын маанисин сактап, төл жана бөтөн сөз же тике сөз түрүндө эмес, кыйыр түрдө бергенибизден тырмакчага алган жокпуз.) Мектеп окуучулары үч баскычтуу бөлүктөн турат. Биринчисине, 1-4-класска чейинки окуучулар; экинчисине, 5-9-класстын окуучулары; үчүнчүсүнө, 10-11-класстын окуучулары кирет. «ЭКОНОМИКАНЫН НЕГИЗДЕРИН» ОКУТУУ МЕКТЕП ПРОГРАММАСЫНДА Кыргызстандын мектеп программасында экономика сабагы бар экенин билүүчүмүн. Бирок ага канча саат бөлүнгөнүнө, кайсы класстарга окутууларына кызыгып көрбөптүрмүн. Анткени Кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болгон жайым бар. Көп эмес, бир аз эле жылдары. Ошондуктан бул предметтен кимдер сабак берип жүргөнүн да билип калдым. Негизинен тарыхчылар, географтар мектеп программасында сааты аз болгондуктан ушулар, айрым жерлерде директордун өзү же анын эки орун басарынын (окуу-тарбия иштери боюнча) бири бергендерин билүүчүмүн. Бүгүн деле абал дал ушундай десек болот. «Көк бермет көлдүн» боюндагы Эл аралык конференциядан алган таасирлерден ушул темага кызыгуум артты. Мектеп программасында «Экономиканын негиздери» окуу программалык планын атайын карап чыктым. Бул предмет 9-10-11-класстарга киргизилген. Ар бирине окуу жыл үчүн 34 сааттан бөлүнгөн. Баардыгына жалпысынан 102 саат берилген. 9-класстын программасында 7-тема: «Алмашуу: бартер жана акча. Акча алмашуу каражаты, нарк ченеми жана топтоо каражаты» деп ага 2 саат берилген. 16- тема: « Акчанын бөлүштүрүүчү милдети. Базар баасы өндүрүштү жүргүзүүгө түрткү катары» дегенге 2 саат бөлүнгөн. 10-класстын программасында 18- тема: «Керектүү чыгым жана бюджет. Бюджет түзүүнүн баскычтары. Керектөө кредити (Жогоруда «насыя, каржы» деген кыргызча терминди колдонсок, программада орусча термин «кредит жана финансы» деп берилгендигине байланыштуу ошондой жазууга аргасыздык келип чыкты . – Ж. Т.), анын түрлөрү. Кредиттин оң жана терс жактарына» 1 саат берилсе; 19-тема: «Байлыктын көбөйүшү: аманат сактоо жана инвестициялоо. Аманаттардын түрлөрү. Ишенүүчтүүлүк, пайыз кирешеси жана өтүмдүүлүккө» 2 саат; 21-22-23-24-темаларында: эркин ишкердүүлүк боюнча бизнестин түрлөрү, формалары боюнча жекече ээлик кылуу, ишкердик, корпорацияга 6 саат; каржылоо булагына 6 саат каралган. 11-класска мамлекеттин базар экономикасындагы ролуна 6 саат; акча жана финансы институттарына 8 саат бөлүнгөн. Негизинен «Экономиканын негиздери » программасында акча, каржы боюнча сааттар жакшы эле бөлүнгөн. Окутуучу мугалимдерге усулдук китеби деле дурус түзүлгөн. Көрсө, мунун да жөнү бар экен. КӨРГӨН КАМКОРДУК АКТАЛАБЫ? 1995-жылы августта Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен «Junievement Achievement – Кыргызстан» (Жаштардын жетишкендиги – Кыргызстан » коомдук фондусу каттоодон өткөн. Фондунун түзүлүү максаты: 22 жашка чейинки улан-кыздарды экономикалык жана бизнес орундарына сунуштоодо. Ушул эле фонд “Экономиканын негиздеринин” программасын түзгөнгө көмөгүн көрсөткөн. Кыргызстандагы фондуну сүрөөнчүлүккө алган АКШнын жогорудагы англисче жазылган фондусу экен. 1919- жылы ал фонду түзүлүп, азыр жүздөн ашуун мамлекеттерде иш жүргүзүүдө. Анын бири – Кыргызстанда. Кеп окуу программасын өз деңгээлинде сабак өтө ала турган мугалимдер барбы? Жогоруда айтылгандай, абал дале ошондойбу же кандайдыр бир атайын экономика боюнча курстан окутуп өткөргөн иштер болуп жүрбөсүн деп, кызыгып көрдүк. Талас шаарындагы ТалМУнун алдындагы “Мугалимдердин жана китепканачылардын билимин жогорулатуу курсуна” баш багып көрдүк. Усулчу Айзада Эстебесова: -Өткөн жылы 7 мугалимди экономика адистигине окутканбыз. Быйыл “Адам жана коом” предметинен 25 мугалимди 72 сааттык программа менен окуттук. Анын 26 саатын коомду окуса, 26 саатын экономиканы, калган саатына психологияны окушту. Эми келерки жылы канча мугалимди окутарыбыз жылдын башында белгилүү болот, - дейт. Акыркы жылдары аздыр-көптүр экономиканы окутуу боюнча иштер колго алына баштагандыгы ушундан эле көрүнүп турат. Бирок Россиялык профессордун айтканындай, 5-класстан баштап окутуу Кыргызстан үчүн керекпи же жокпу азырынча так кесе айта албайбыз. Муну атайын өзүнчө изилдеп чыгып, андан кийин кандайдыр бир ой айтсак болот. Азырынча мектептин жогорку класстарын окутууну толук кандуу мугалимдер менен камсыздоону жүзөгө ашыргандан кийин ойлонуп көрүү жагы туура болооруна басым жасап турганыбыз оңдуу болот. Балким, келечекте россиялык демилге ишке ашаар. Бирок анда сөзсүз педагог- экономист кадрларды даярдоонун зарылдыгы туулат. Учурда жогорку класстарды эле окутуу менен турмуштук практикадан өткөрүү аркылуу бир жыйынтыкка келгенден кийин чечүүчү маселе. Ал эми Россиядагыдай Кыргызстанда окуучулар арасында экономикага байланышкан социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын азырынча кездештире элекпиз. Балким болсо, болгондур. Элдин кеңири катмарына жетпей бир текчеде чаң басып жаткан чыгаар. Илим-билим өнүккөн Россия мамлекетинин орто мектептеринде “Экономиканын негиздерин” окутуу ишинде окуучулар баштапкы билимди жөндөп алалбай жаткан шартта - Кыргызстан жөнүндө эмнени айтууга болот?! Бул тынчсыздануучу маселе. Маселен, социализм мезгилинде он беш союздук республикалардын жогорку окуу жайларынан Кыргызстандын Медицина институту берген билим жагынан алдыңкы орунга чыгып, эталон катары көрсөтүлүп келген. Экономикалык баштапкы билим берүүгө да ушундай мамиле жасоого умтулуу милдети алдыда турат. Бирок бул кандай даражада ишке ашат, аны мезгил көрсөтөт. (Уландысы бар) Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВЭл аралык конференциянын катышуучулары