SlideShare a Scribd company logo
1 of 1
Download to read offline
20-30-ноябрь 2012-жыл 
БИРИНЧИ БӨЛҮМ 
Кеп башынын ордуна 
Постсоветтик өлкөлөрдүн мейкиндигинде базар мамилесинде чечүүнү талап кылган чие түйүндөр (проблема) негизинен жалпылап айтканда окшош. Бирок өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүш дарамети (потенциал) ар башка. Айрыкча Кыргызстан менен Тажикстан Республикаларынын экономикасы эң артта калган мамлекеттердин катарында. Саясый туруктуулук (стабильность) өтө начар. 
Кыргызстанда бийликти бир эмес эки жолу революциялык жол менен алса да, «митинг- пикеттин» мекенине айланган өлкө катары таанылууда. Тажикстан бир ирет жарандык согушту башынан өткөрүп, ушул кезге чейин деле маал-маалы менен ар жерде «боевиктердин » оту тутанып турат. Мындай терс көрүнүш экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө тоскоол болгон эң негизги мерчемдүү көрүнүш катары калып келе жаткандыгында. 
Дагы бир окшоштугу өзгөчө эбегейсиз суу коруна эгедерлиги боюнча КМШ өлкөлөрүндө Россиядан кийин Тажикстан, андан соң Кыргызстан турат. Акыркы айтылган эки өлкөнүн ушул жагынан да окшоштугу бар. Колдо бар нерсени каражаттын (ресурс) жогунан чет өлкөлүк инвесторлор аркылуу ГЭСтерди курууга мажбур. Маселенин бир жагы ушунда болсо, экинчиден, экөө тең жакыр, артта калган мамлекет катары таанылышы туурасында окшоштугу «куду-куду төөнүн баласындай» («ботосу» дегендин терс маанисинде колдонулду) болуп турат. 
Балким, кези келгенде ушул туурасында эки мамлекетти салыштырып экономикасын талдоого алса, суу корун пайдалануудагы «жемсөөлүк» (коррупция) менен тынччылыктын жоктугу бөгөт болуп жаткандыгы менен өлкө көрсөткүчтөрү «куркулдайдын уясына» түшүп кеткени айкын чыга келет. Бирок ал тууралуу изилдөөнү мезгили келгенде кеп кыларбыз. 
Азыркы алдыбызда турган максат: дүйнөлүк үлгүгө салынган журналистика менен советтик журналистиканын бири-бирине коошпогон карама-каршылыктуу айдыңында калган жагдайларды изилдөөгө алып, жанрдык жана укуктук негиздериндеги кем-карычтарды изилдеп чыгуу аракетин көрмөкчүбүз. Анткени дүйнөлүк үлгүгө салынган талаптар маалымат берүү айдыңындагы аналитикага гана жарамдуу болбосо, терең изилдөөгө алган аналитикалык жанрларга же журналисттик иликтөөгө анчалык төп келе бербейт. Мына дал ушунусуна карабастан медиа-журналистика массалык маалымат каражаттарына тиешелүү мыйзамдарды «тең салмактуулукту сактоо» талабын киргизген. Мындай тең өлчөмдөрдүн үлгүсүнө табынуу же кармануу иликтөөнү чектегендикке алып келет. Ошондуктан журналисттер анын чен-өлчөмүн бузуп, аналитикалык жанрларда далилдүү маалыматтарды, ойлорду келтирүү менен советтик журналистканын ынанымы көп жагынан турмушка жакындыгын көрсөтүүдө. 
Төмөндө ушул туурасында сөз козгоонун алдында, кеп башында айтылган экономика туурасында баштагандыгыбыздан, Кыргыз фондулук биржа пресс-клубу дүйнөлүк башка уюмдар менен алака түзүп, Кыргызстандын экономикасын анализдеп жазуучу журналистиканы калыптандырууга кошуп жаткан азын-оолак салымы туурасында баярлай өтөлү. Ушуга байланыштуу бул жолку макалабыз эки бөлүктөн турарын окурмандарга алдын ала кабардар кыла кетебиз. Бирок экөө тең бир аталма менен аталат. 
Кыргыз фондулук биржа пресс-клубу жүргүзгөн 
иштер 
Эл аралык жеке ишкердикти өнүктүрүү (CIPE) жана Өнүктүрүү саясат институту менен Кыргыз фондулук биржа пресс-клуб биргелешип 2011-жылдын 7 – 8-октябрында «Каржылык сабаттуулук жана жакырчылык менен күрөшүү экономикалык журналистиканын туруктуу фактору» аттуу темада Дүйнөлүк биринчи конференцияны көгүлтүр Ысык-Көлдүн боюндагы Баетов айылында жайгашкан Казакстандын «Ак-Марал» пансионатында өткөрсө, быйыл экинчи ирет ушундай эле конференция 2012-жылдын 11-12-октябрында «Экономкалык журналистика жана базар мамилесинин өнүгүшүнүн көрсөткүч фактору» деген темада борбор шаарыбыз – Бишкектин «Жаннат Ридженси» отелинде өттү. 
Маалымат жанры боюнча алганда 11 – 12-октябрдагы маалыматты убактысынан өткөрүп бүгүн айтууга же аны жазууга болбойт?! Анткени анын убактысы эбак эскирип, өзүнүн актуалдуулугун жоготуп коёт. Ал эми аналитикалык жанрда анын актуалдуулугу убакыттын өткөнүнө карабай күнү бүгүнкүдөй сакталган бойдон тура берет. Он жылдан кийин да ал күнгө кайрылып, ошондогу болгон окуяда кандай маселелер көтөрүлгөнү туурасында кеп оролуна алына берет. Аналитикалык жанрдын өзгөчөлүгү мына ушунда. Ай-күндү мына ушуга негизденип келтирип жаткандыгыбыздын себеби, дал ушундан келип чыкты. 
Дүйнөлүк эки конференциянын көтөргөн максаты: биринчисинде, өлкөбүздүн жакырчылыктан алып чыгуу багытындагы маселеси көтөрүлсө, бул жолкусу базар мамилесинин өнүгүшүндөгү бизнести жасоонун жолдору изделди. Биринчиден, экинчисинин айырмачылыгы мына ушунда болду. Бирок бир баса белгилеп айтып коючу жагдай бар. Ал нерсе биринчисине караганда, экинчиси, экономикалык темада жазуусуна журналисттерге бир кыйла пайдалуу, баалуу болушуна арбыныраак багыт алдырылганы жасалган баяндамалардан даана көрүндү. Биринчисинде, экономикалык темада иштеген журналисттерге багытталган тема азыраак гана болгон. Бул жолкусунда пресс- клуб бир кыйла тажрыйба топтоп калгандыгын көрсөтө алган. Ушул конференцияны туура нуктагы багытка алып чыгуунун камын жылдан- жылга өздөштүрүп, жолго коюп баштагандыгынын бир жакшы жышаанасы десек болот. Конференцияга даярдык көрөрдүн алдында ал тургай Тажикстандык кесиптештерибиздин иши менен таанышып, алардагы түйүндүү маселелердин башын аныктап билүүгө да далалаттар жазаганы жөнүндө төмөндө өзүнчө кеп оролуна алган кичи тема арналат. 
Кыргыз фондулук биржа пресс-клубу журналисттер үчүн атайын экономикалык темада окуу китептеринин тармакташтырылган бир нечесин чыгарууга жетишти. Ушул эле учурда окуу-семинарларын аймактарга чейин кол созууга жетише алды. Борбор шаарыбыз Бишкекте пресс-клуб менен «Сенти» каржылык компаниясы жум күндөрү атайын экономикалык темага багытталган бир катар окууларды уюштуруп, ар тармак боюнча журналисттердин билимин өркүндөтүп, кайсыл темада болсо да сабаттуу жана компетентүү жазууга багыт алдырууда. 
Биринчи конфренция тууралуу өз учурунда кыйла кенен сөз кылганыбыз бар. Маселен окурмандар, «Талас турмушу» газетасынын өткөн жылкы № 29 - 30 – 31-сандарына үч бөлүмдөн турган макалалардын чоң топтому берилген. Ошондуктан аны тереңдетип айтып отурбайбыз. Бирок советтик журналистика менен дүйнөлүк үлгү туурасындагы жанрлар боюнча сөз козгогон жерибизде айрым талаштуу маселелер бар экендигин эртеби-кечпи ага токтолорубузду айтканбыз. 
Кыргызстан менен Тажикстандын айрымачылыктары 
Акыркы жылдары Эл аралык жеке ишкерлик борбору (CIPE), Өнүктүрүү саясат институту жана Кыргыз фондулук биржа пресс-клубунун биргелешкен иш аракеттери менен Борбор Азиянын журналистикасы бири-бири менен экономикалык темада пикир алышуулар колго алына баштады. Анын алгачкы саамалыгы болуп, Тажикстандын массалык маалымат каражаттарында эсеп-чот иштерин чагылдыруу ишин ургалдаштыруудагы иш тажрыйба алмашуу уюштурулган. 
Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында “Хома” коомдук уюму уюштурган ММКлардын мүчөлөрү менен жолугушуп, талкуу өткөн. Каржылык жагын Эл аралык жеке ишкерчилик борбору өз мойнуна алган. 
ММКнын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүнүн айтымына караганда, бийлик экономика алкагындагы чечимдерди кыйгап кайпытып өтүү жолун тандап алгандыгын баса белгилешкен. Маалыматты бурмалап берүүлөрү орун алып келгендиги жашуруун болбой калган. ММКнын өкүлдөрү сынчыл маанайдагы макалаларды жазышып келгени менен жөндүү (конструктивный) дооматтарды коюга жетише алышпаганы баамдалган. Ошондуктан бийлик дагы деле жашыруу жолун тандоо менен коомдун талап кылгандай кеңешүү маданиятына жетишүү создугуп бараткандай таасирге өткөндүгү сезилген. 
Ошол жерде өткөрүлгөн “тегерек столдо” эки өлкөнүн абалын салыштыруу менен кандай процесстер жүрөрүн, жергиликтүү ММКлар аны кандай чагылдыруу керектигине багытталган багыттарды алышууга жетишилген. Ушул жерден Кыргызстандын бир артыкчылыгын белгилей өтөлү. Кыргызстандык журналисттер ата мекендик эксперттерден маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө эгедер экендиги ачык көрүнгөн. Тажикстандыктар мындан куру жалак калгандыгы байкалган. Себеби, экономкалык тармакка адистешкен журналистикага эми гана кечигип аракетенип жаткандыгынан келип чыккан көрүнүш катары баалоого туура келет. Кыргызстан буга алардан эртелеп киришкендигинин артыкчылыгы сезилген. Эки өлкөнүн журналисттеринин жолугушуусу сөз эркиндигинин чек арасы кеңейерине токтолушкан. Мына ушулардын түпкүлүгү келип, эки өлкөгө орток болгон экономикалык кызыкчылыктарга далалатын болушунун зарылчылыгы сезилип жаткандыгында. Тажикстанда экономиканы башкарууну, реформалардын укуктук негиздерин билбөө же чабал билүү, ошол эле мезгилде юридикалык негиздерди окутуучу курстардын зарылчылыгы келип чыкканы байкалган. 
“Талас турмушу” эртелеп баштаган 
Эки өлкөнүн эксперттери менен журналисттеринин жолугушуусу кызматташтыктын үлгүлөрүн аныктоого жетишилди. Кесибибизге тиешелүүлөрүнө гана токтололу? Энергетикалык мүмкүнчүлүгүбүзгө опузалар; тоо кенине да ушундай эле окшоштуктар менен опузалар туурасында маселелерде кызматташуу. Ушул эки багыт боюнча негизинен “Талас турмуш” газетасы эки жылдан бери кыйла эле журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө алды десек жаңылышпайбыз. Меселен, өткөн жылы тоо-кендери кеңири изилдөөгө алынса, быйыл электр энергиясы боюнча авторлордун аналитикалык жанрда жазган макалалары арбын болду. 
Журналисттик иштеги аналитикалык макалаларды даярдоодо эксперттердин чечмелөөсүн (комментарийлерди) тез интернет сайыттар аркылуу алуу жагы алдыга коюлду. Эки өлкөнүн эксперттери, бизнес башчылары менен журналисттердин маалымат базасы түзүлмөкчү. Экономикалык тема боюнча мыкты журналисттик сынактарды уюштуруу. Эки өлкөдө факультативдик курусту уюштуруу мастер-класстарды биргелешип өткөрүү сыяктуу иштерди божомолдошкон. 
Баяндамалардын биринен бир шиңгилине баярлоо 
Конференцияда баш-аягы он тогуз баяндама болду. Айрыкча кызыктуу жана баалуулугу жагынан баяндамаларды: Эл аралык жеке ишкерчилик борборунун Россия Федарациясынын өкүлчүлүгүн жетектеп келген Александр Раевский, украиналык Дмитрий Ляпин, белоруссиялык Владимир Карягин, грузиялык Тамуна Лепсверизе, тажикистандык Шахло Акобирова, казакстандык Айнура Карагалдиева, кыргызстандыктардан Надежда Добрецова, Нелли Симонова, Лариса Ли жогорку деңгээлде жасашты. 
(Уландысы бар) 
Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВ 
• Дүйнөлүк экинчи конференциянын сабактары 
«Эки тоонун бетегесин эңсеген кийик» өңдөнгөн журналистиканын таржымалы 
Ж А Р Ы Я 
Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айыл аймагы «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде төмөндөгү адистик кызмат орундарына конкурс жарыялайт. 
1.Аскер кызмат столу 
2.Салык инспектору 
3.Ветеринардык врач 
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 14 күндүн ичинде саат 9.00дөн 17.30 га чейин тапшыруу керек. 
Дареги: Бакай-Ата айыл аймагы

More Related Content

Viewers also liked

O top + da leitura, outubro de 2010
O top + da leitura, outubro de 2010O top + da leitura, outubro de 2010
O top + da leitura, outubro de 2010Maria Bragança
 
Sharon Wong Resume - PM 09-2014
Sharon Wong Resume - PM 09-2014Sharon Wong Resume - PM 09-2014
Sharon Wong Resume - PM 09-2014Sharon Wong
 
Product presentation
Product presentationProduct presentation
Product presentationPhoebe Selva
 
Alessandra Ferrara - Dati ambientali nelle città La struttura dell’indagine, ...
Alessandra Ferrara - Dati ambientali nelle città La struttura dell’indagine, ...Alessandra Ferrara - Dati ambientali nelle città La struttura dell’indagine, ...
Alessandra Ferrara - Dati ambientali nelle città La struttura dell’indagine, ...Istituto nazionale di statistica
 
ImmobilAMM "Come Amministriamo il Vostro Condominio"
ImmobilAMM "Come Amministriamo il Vostro Condominio"ImmobilAMM "Come Amministriamo il Vostro Condominio"
ImmobilAMM "Come Amministriamo il Vostro Condominio"ImmobilAMM
 
Git cheatsheet
Git cheatsheetGit cheatsheet
Git cheatsheetsynapsefre
 

Viewers also liked (11)

O top + da leitura, outubro de 2010
O top + da leitura, outubro de 2010O top + da leitura, outubro de 2010
O top + da leitura, outubro de 2010
 
Miguel
MiguelMiguel
Miguel
 
Depth & Value 2010
Depth & Value 2010Depth & Value 2010
Depth & Value 2010
 
Tugas 2 TI
Tugas 2 TITugas 2 TI
Tugas 2 TI
 
Eee3
Eee3Eee3
Eee3
 
Sharon Wong Resume - PM 09-2014
Sharon Wong Resume - PM 09-2014Sharon Wong Resume - PM 09-2014
Sharon Wong Resume - PM 09-2014
 
Product presentation
Product presentationProduct presentation
Product presentation
 
Alessandra Ferrara - Dati ambientali nelle città La struttura dell’indagine, ...
Alessandra Ferrara - Dati ambientali nelle città La struttura dell’indagine, ...Alessandra Ferrara - Dati ambientali nelle città La struttura dell’indagine, ...
Alessandra Ferrara - Dati ambientali nelle città La struttura dell’indagine, ...
 
Datasheet
DatasheetDatasheet
Datasheet
 
ImmobilAMM "Come Amministriamo il Vostro Condominio"
ImmobilAMM "Come Amministriamo il Vostro Condominio"ImmobilAMM "Come Amministriamo il Vostro Condominio"
ImmobilAMM "Come Amministriamo il Vostro Condominio"
 
Git cheatsheet
Git cheatsheetGit cheatsheet
Git cheatsheet
 

1

  • 1. 20-30-ноябрь 2012-жыл БИРИНЧИ БӨЛҮМ Кеп башынын ордуна Постсоветтик өлкөлөрдүн мейкиндигинде базар мамилесинде чечүүнү талап кылган чие түйүндөр (проблема) негизинен жалпылап айтканда окшош. Бирок өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүш дарамети (потенциал) ар башка. Айрыкча Кыргызстан менен Тажикстан Республикаларынын экономикасы эң артта калган мамлекеттердин катарында. Саясый туруктуулук (стабильность) өтө начар. Кыргызстанда бийликти бир эмес эки жолу революциялык жол менен алса да, «митинг- пикеттин» мекенине айланган өлкө катары таанылууда. Тажикстан бир ирет жарандык согушту башынан өткөрүп, ушул кезге чейин деле маал-маалы менен ар жерде «боевиктердин » оту тутанып турат. Мындай терс көрүнүш экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө тоскоол болгон эң негизги мерчемдүү көрүнүш катары калып келе жаткандыгында. Дагы бир окшоштугу өзгөчө эбегейсиз суу коруна эгедерлиги боюнча КМШ өлкөлөрүндө Россиядан кийин Тажикстан, андан соң Кыргызстан турат. Акыркы айтылган эки өлкөнүн ушул жагынан да окшоштугу бар. Колдо бар нерсени каражаттын (ресурс) жогунан чет өлкөлүк инвесторлор аркылуу ГЭСтерди курууга мажбур. Маселенин бир жагы ушунда болсо, экинчиден, экөө тең жакыр, артта калган мамлекет катары таанылышы туурасында окшоштугу «куду-куду төөнүн баласындай» («ботосу» дегендин терс маанисинде колдонулду) болуп турат. Балким, кези келгенде ушул туурасында эки мамлекетти салыштырып экономикасын талдоого алса, суу корун пайдалануудагы «жемсөөлүк» (коррупция) менен тынччылыктын жоктугу бөгөт болуп жаткандыгы менен өлкө көрсөткүчтөрү «куркулдайдын уясына» түшүп кеткени айкын чыга келет. Бирок ал тууралуу изилдөөнү мезгили келгенде кеп кыларбыз. Азыркы алдыбызда турган максат: дүйнөлүк үлгүгө салынган журналистика менен советтик журналистиканын бири-бирине коошпогон карама-каршылыктуу айдыңында калган жагдайларды изилдөөгө алып, жанрдык жана укуктук негиздериндеги кем-карычтарды изилдеп чыгуу аракетин көрмөкчүбүз. Анткени дүйнөлүк үлгүгө салынган талаптар маалымат берүү айдыңындагы аналитикага гана жарамдуу болбосо, терең изилдөөгө алган аналитикалык жанрларга же журналисттик иликтөөгө анчалык төп келе бербейт. Мына дал ушунусуна карабастан медиа-журналистика массалык маалымат каражаттарына тиешелүү мыйзамдарды «тең салмактуулукту сактоо» талабын киргизген. Мындай тең өлчөмдөрдүн үлгүсүнө табынуу же кармануу иликтөөнү чектегендикке алып келет. Ошондуктан журналисттер анын чен-өлчөмүн бузуп, аналитикалык жанрларда далилдүү маалыматтарды, ойлорду келтирүү менен советтик журналистканын ынанымы көп жагынан турмушка жакындыгын көрсөтүүдө. Төмөндө ушул туурасында сөз козгоонун алдында, кеп башында айтылган экономика туурасында баштагандыгыбыздан, Кыргыз фондулук биржа пресс-клубу дүйнөлүк башка уюмдар менен алака түзүп, Кыргызстандын экономикасын анализдеп жазуучу журналистиканы калыптандырууга кошуп жаткан азын-оолак салымы туурасында баярлай өтөлү. Ушуга байланыштуу бул жолку макалабыз эки бөлүктөн турарын окурмандарга алдын ала кабардар кыла кетебиз. Бирок экөө тең бир аталма менен аталат. Кыргыз фондулук биржа пресс-клубу жүргүзгөн иштер Эл аралык жеке ишкердикти өнүктүрүү (CIPE) жана Өнүктүрүү саясат институту менен Кыргыз фондулук биржа пресс-клуб биргелешип 2011-жылдын 7 – 8-октябрында «Каржылык сабаттуулук жана жакырчылык менен күрөшүү экономикалык журналистиканын туруктуу фактору» аттуу темада Дүйнөлүк биринчи конференцияны көгүлтүр Ысык-Көлдүн боюндагы Баетов айылында жайгашкан Казакстандын «Ак-Марал» пансионатында өткөрсө, быйыл экинчи ирет ушундай эле конференция 2012-жылдын 11-12-октябрында «Экономкалык журналистика жана базар мамилесинин өнүгүшүнүн көрсөткүч фактору» деген темада борбор шаарыбыз – Бишкектин «Жаннат Ридженси» отелинде өттү. Маалымат жанры боюнча алганда 11 – 12-октябрдагы маалыматты убактысынан өткөрүп бүгүн айтууга же аны жазууга болбойт?! Анткени анын убактысы эбак эскирип, өзүнүн актуалдуулугун жоготуп коёт. Ал эми аналитикалык жанрда анын актуалдуулугу убакыттын өткөнүнө карабай күнү бүгүнкүдөй сакталган бойдон тура берет. Он жылдан кийин да ал күнгө кайрылып, ошондогу болгон окуяда кандай маселелер көтөрүлгөнү туурасында кеп оролуна алына берет. Аналитикалык жанрдын өзгөчөлүгү мына ушунда. Ай-күндү мына ушуга негизденип келтирип жаткандыгыбыздын себеби, дал ушундан келип чыкты. Дүйнөлүк эки конференциянын көтөргөн максаты: биринчисинде, өлкөбүздүн жакырчылыктан алып чыгуу багытындагы маселеси көтөрүлсө, бул жолкусу базар мамилесинин өнүгүшүндөгү бизнести жасоонун жолдору изделди. Биринчиден, экинчисинин айырмачылыгы мына ушунда болду. Бирок бир баса белгилеп айтып коючу жагдай бар. Ал нерсе биринчисине караганда, экинчиси, экономикалык темада жазуусуна журналисттерге бир кыйла пайдалуу, баалуу болушуна арбыныраак багыт алдырылганы жасалган баяндамалардан даана көрүндү. Биринчисинде, экономикалык темада иштеген журналисттерге багытталган тема азыраак гана болгон. Бул жолкусунда пресс- клуб бир кыйла тажрыйба топтоп калгандыгын көрсөтө алган. Ушул конференцияны туура нуктагы багытка алып чыгуунун камын жылдан- жылга өздөштүрүп, жолго коюп баштагандыгынын бир жакшы жышаанасы десек болот. Конференцияга даярдык көрөрдүн алдында ал тургай Тажикстандык кесиптештерибиздин иши менен таанышып, алардагы түйүндүү маселелердин башын аныктап билүүгө да далалаттар жазаганы жөнүндө төмөндө өзүнчө кеп оролуна алган кичи тема арналат. Кыргыз фондулук биржа пресс-клубу журналисттер үчүн атайын экономикалык темада окуу китептеринин тармакташтырылган бир нечесин чыгарууга жетишти. Ушул эле учурда окуу-семинарларын аймактарга чейин кол созууга жетише алды. Борбор шаарыбыз Бишкекте пресс-клуб менен «Сенти» каржылык компаниясы жум күндөрү атайын экономикалык темага багытталган бир катар окууларды уюштуруп, ар тармак боюнча журналисттердин билимин өркүндөтүп, кайсыл темада болсо да сабаттуу жана компетентүү жазууга багыт алдырууда. Биринчи конфренция тууралуу өз учурунда кыйла кенен сөз кылганыбыз бар. Маселен окурмандар, «Талас турмушу» газетасынын өткөн жылкы № 29 - 30 – 31-сандарына үч бөлүмдөн турган макалалардын чоң топтому берилген. Ошондуктан аны тереңдетип айтып отурбайбыз. Бирок советтик журналистика менен дүйнөлүк үлгү туурасындагы жанрлар боюнча сөз козгогон жерибизде айрым талаштуу маселелер бар экендигин эртеби-кечпи ага токтолорубузду айтканбыз. Кыргызстан менен Тажикстандын айрымачылыктары Акыркы жылдары Эл аралык жеке ишкерлик борбору (CIPE), Өнүктүрүү саясат институту жана Кыргыз фондулук биржа пресс-клубунун биргелешкен иш аракеттери менен Борбор Азиянын журналистикасы бири-бири менен экономикалык темада пикир алышуулар колго алына баштады. Анын алгачкы саамалыгы болуп, Тажикстандын массалык маалымат каражаттарында эсеп-чот иштерин чагылдыруу ишин ургалдаштыруудагы иш тажрыйба алмашуу уюштурулган. Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында “Хома” коомдук уюму уюштурган ММКлардын мүчөлөрү менен жолугушуп, талкуу өткөн. Каржылык жагын Эл аралык жеке ишкерчилик борбору өз мойнуна алган. ММКнын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүнүн айтымына караганда, бийлик экономика алкагындагы чечимдерди кыйгап кайпытып өтүү жолун тандап алгандыгын баса белгилешкен. Маалыматты бурмалап берүүлөрү орун алып келгендиги жашуруун болбой калган. ММКнын өкүлдөрү сынчыл маанайдагы макалаларды жазышып келгени менен жөндүү (конструктивный) дооматтарды коюга жетише алышпаганы баамдалган. Ошондуктан бийлик дагы деле жашыруу жолун тандоо менен коомдун талап кылгандай кеңешүү маданиятына жетишүү создугуп бараткандай таасирге өткөндүгү сезилген. Ошол жерде өткөрүлгөн “тегерек столдо” эки өлкөнүн абалын салыштыруу менен кандай процесстер жүрөрүн, жергиликтүү ММКлар аны кандай чагылдыруу керектигине багытталган багыттарды алышууга жетишилген. Ушул жерден Кыргызстандын бир артыкчылыгын белгилей өтөлү. Кыргызстандык журналисттер ата мекендик эксперттерден маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө эгедер экендиги ачык көрүнгөн. Тажикстандыктар мындан куру жалак калгандыгы байкалган. Себеби, экономкалык тармакка адистешкен журналистикага эми гана кечигип аракетенип жаткандыгынан келип чыккан көрүнүш катары баалоого туура келет. Кыргызстан буга алардан эртелеп киришкендигинин артыкчылыгы сезилген. Эки өлкөнүн журналисттеринин жолугушуусу сөз эркиндигинин чек арасы кеңейерине токтолушкан. Мына ушулардын түпкүлүгү келип, эки өлкөгө орток болгон экономикалык кызыкчылыктарга далалатын болушунун зарылчылыгы сезилип жаткандыгында. Тажикстанда экономиканы башкарууну, реформалардын укуктук негиздерин билбөө же чабал билүү, ошол эле мезгилде юридикалык негиздерди окутуучу курстардын зарылчылыгы келип чыкканы байкалган. “Талас турмушу” эртелеп баштаган Эки өлкөнүн эксперттери менен журналисттеринин жолугушуусу кызматташтыктын үлгүлөрүн аныктоого жетишилди. Кесибибизге тиешелүүлөрүнө гана токтололу? Энергетикалык мүмкүнчүлүгүбүзгө опузалар; тоо кенине да ушундай эле окшоштуктар менен опузалар туурасында маселелерде кызматташуу. Ушул эки багыт боюнча негизинен “Талас турмуш” газетасы эки жылдан бери кыйла эле журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө алды десек жаңылышпайбыз. Меселен, өткөн жылы тоо-кендери кеңири изилдөөгө алынса, быйыл электр энергиясы боюнча авторлордун аналитикалык жанрда жазган макалалары арбын болду. Журналисттик иштеги аналитикалык макалаларды даярдоодо эксперттердин чечмелөөсүн (комментарийлерди) тез интернет сайыттар аркылуу алуу жагы алдыга коюлду. Эки өлкөнүн эксперттери, бизнес башчылары менен журналисттердин маалымат базасы түзүлмөкчү. Экономикалык тема боюнча мыкты журналисттик сынактарды уюштуруу. Эки өлкөдө факультативдик курусту уюштуруу мастер-класстарды биргелешип өткөрүү сыяктуу иштерди божомолдошкон. Баяндамалардын биринен бир шиңгилине баярлоо Конференцияда баш-аягы он тогуз баяндама болду. Айрыкча кызыктуу жана баалуулугу жагынан баяндамаларды: Эл аралык жеке ишкерчилик борборунун Россия Федарациясынын өкүлчүлүгүн жетектеп келген Александр Раевский, украиналык Дмитрий Ляпин, белоруссиялык Владимир Карягин, грузиялык Тамуна Лепсверизе, тажикистандык Шахло Акобирова, казакстандык Айнура Карагалдиева, кыргызстандыктардан Надежда Добрецова, Нелли Симонова, Лариса Ли жогорку деңгээлде жасашты. (Уландысы бар) Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВ • Дүйнөлүк экинчи конференциянын сабактары «Эки тоонун бетегесин эңсеген кийик» өңдөнгөн журналистиканын таржымалы Ж А Р Ы Я Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айыл аймагы «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде төмөндөгү адистик кызмат орундарына конкурс жарыялайт. 1.Аскер кызмат столу 2.Салык инспектору 3.Ветеринардык врач Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 14 күндүн ичинде саат 9.00дөн 17.30 га чейин тапшыруу керек. Дареги: Бакай-Ата айыл аймагы