Түркия Стипендияларынын Дипломдон кийинки окуу Программасы, бүткүл өлкөлөрдөн ийгиликтүү эл аралык студенттердин Түркияда дипломдон кийин окуусун улантуу үчүн Түркия Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан каржыланган стипендия программасы.
Түркия стипендиялары 2014 (магистратура жана аспирантура)
1. Түркия Стипендияларынын Дипломдон кийинки окуу 2014
Программасына тапшыруу
Тапшыруунун башталышы: 3-Март 2014
Акыркы тапшыруу: 31 Март 2014
Түркия Стипендияларынын Дипломдон кийинки окуу Программасы, бүткүл
өлкөлөрдөн ийгиликтүү эл аралык студенттердин Түркияда дипломдон кийин окуусун
улантуу үчүн Түркия Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан
каржыланган стипендия программасы.
Түркия Стипендияларынын Дипломдон кийинки окуу Программасынын алкагында
талапкерлерге төмөнкү программалар сунушталат:
“Али Кушчу” Илим жана технология стипендия программасы
“Ибн Халдун” Коомдук илимдер стипендия программасы
“Юнус Эмре” Түрк тили стипендия программасы
Ислам Теологиясы стипендия программасы
Талапкерлер, алган билимине жана келечектеги илимий максаттарына жараша
стипендия программаларынын ичинен жалгыз бир гана программага тапшыра алат.
Түркия Стипендиялары талапкерлерге айлык стипендия жана ошол эле убакта
университетке жайгаштырууну камсыздайт. Стипендияга өткөн талапкерлер онлайн
тапшырып жаткан убакта тандаган университети жана программасынын бирине
жайгаштырылат.
Көпчүлүк Түрк университеттеринде программалар түрк тилинде окутулат. Бирок, кээ
бир университеттер жана программалар англис, француз же немец тилинде билим алуу
мүмкүнчүлүгүн сунат. Бул тилдерде билим алууну каалаган талапкерлердин, бул
тилдер үчүн керектүү болгон эл аралык деңгээлде кабыл алынган сертификаты болуусу
зарыл. Ошондой эле, чет тилдерде билим берген университет жана программалардын
көпчүлүгү GRE, GMAT ж.б. эл аралык сынак жыйынтыгын кабыл алуу шарты катары
талап кылат. Талапкерлер университет жана программаны тандап жатып билим берүү
тили тууралуу толук маалымат ала алышат.
Университет жана бөлүмдөрдүн толук тизмесин же эң көп берилген суроолорду Түркия
Стипендияларынын интернет сайтынан таба аласыздар: www.trscholarships.org
Стипендия төмөнкүлөрдү камсыздайт,
Айлык стипендия (800 Түрк лирасы ( болжол менен 375 USD) магистратура,
1.100 Түрк лирасы (болжол менен 500 USD) аспирантура).
Окуу акысы.
Акысыз 1 жыл түркчө үйрөнүү.
Акысыз мамлекет жатакканасы.
Барыш-келиш учак билети.
Медициналык камсыздоо.
2. Программага тапшыруу шарттары
Талапкерлердин программага тапшыруусу үчүн шарттар;
Түркия сыртында бир өлкө жараны болуусу, (азыр же мурда Түркия жараны
болгон талапкерлер тапшыра албайт)
Тапшырып жаткан убакта Түркиянын бир университет же программасына
каттоодо болбоосу,
Эң кеч 30 Июнь 2014 чейин бакалавр же магистр программасын бүтүрүүсү,
Магистратура даражасына тапшыруу үчүн 30 жаштан ылдый болуусу,
(01.01.1984 жана кийинки жылдарда төрөлгөндөр)
Аспирантура даражасына тапшыруу үчүн 35 жаштан ылдый болуусу,
(01.01.1979 жана кийинки жылдарда төрөлгөндөр)
Жалпы бүтүрүү баасынын баалоо системасынын эң жогорку баасынын эң аз
75% түзүүсү, же жалпы кабыл алынган мамлекеттик же эларалык дипломдон
кийинки экзамендерде эң аз 75% ийгилике жетүүсү,
Билим алууга тоскоол болуучу ден-соолук көйгөйү болбоосу,
Керектүү документтер
Онлайн тапшыруу формасы (интернет баракчасында бар).
Бакалавр же магистр дипломунун көчүрмөсү же бакалавр же магистр
программасынын бул жылы бүтүрүүчүсү болгондугу жөнүндө документтин
көчүрмөсү.
Бакалавр же магистр талапкердин жетишкендиктерин көргөзгөн жана мөөр
менен тастыкталган баракча (талапкердин алган сабактарын жана бааларын
камтыган транскрипт же табель).
Жарактуу кимдик документи (паспорт, ID, туулгандыгы тууралуу күбөлүк ж.б.).
Сүрөт.
Анкета толтуруу жол-жобосу
Талапкерлердин;
www.turkiyeburslari.org же www.trscholarships.org интернет адресине кирүүсү,
Онлайн формага туташуусу,
Электрондук почта адресин жана жашырын белгини жазып аккаунт ачуусу,
Форманы толтуруу инструкциясын окуусу,
Системага кирип тапшыруу формасын толтуруусу,
Керектүү документтерди системага жүктөөсү,
жана аягында анкетаны жиберүүсү
керек.