SlideShare a Scribd company logo
Аткарган: Бегимай Санжарбек кызы
Мугалим:Назира Тилекова
Чыӊгыз Айтматов
жана «Манас» эпосу
Чыӊгыз Айтматов: «Кыргыз
элинин оозеки чыгармалары
формасы жагынан да, мазмуну
жагынан да, көлөмү жагынан да
таӊ каларлык бай, түгөнгүс кенч» -
деп айтканы бар. Ошол «руханий
дөөлөттүн башаты», «байыркы
кыргыз рухунун туу чокусу»
«Манас» эпосу экендигин Ч.
Айтматов ар дайым сыймыктануу
менен белгилеп келген.
Манас» жазуучунун чыгармачылыгында өзгөчө орунда
жана бул маселе көп катмарлуу, көп кырдуу, миӊ сырдуу
дагы. Ошолордун ичинен эӊ бир олуттуусу, бул –
жазуучунун эпоско карата эстетикалык көз карашы. Мына
ушул маселенин чоо-жайын тереӊ аӊдап, тактабай туруп,
жалпы эле анын чыгармачылыгында, «Манас» баш
болгон кыргыз эпикалык традициясынын, жалаӊ эле
кыргыз эмес, түрк элдеринин эпикалык традициясынын
духун, маанисин туура түшүнүү мүмкүн эмес.
"Ч.Айтматовдун пикири боюнча «Манас» эпосу, бул
тарыхый санжыра эмес. «Бул баарынан мурда ошол
тарыхый жана реалдуу окуялардын негизинде
кыргыз элинин чыгармачылык генийинен
жаралган, улам такталып, тазарып, артыкпаш
жүктөрдөн бошонуп, керектүү, зарыл жаӊы
кошумчаларды кабыл алып, тулку боюна сиӊирип,
өзүнүн бүгүнкү көз кайкыган бийиктигине жеткен
көркөм чыгарма» - деген пикири бар.
«Манас» эпосун «ал улам такталып, тазарып, артыкбаш жүктөрдөн
бошонуп, керектүү зарыл жаӊы кошумчаларды кабыл алып турган»
жандуу кубулуш катарында карашы аны жараткан элдин
чыгармачылык потенциалынан кабар берет. «Манас» - мезгилдин
агымы менен элдик акыл-эсте редакцияланып, баралына жеткен асыл
көркөм дөөлөт.
Ал – эпостун түбөлуктүүлүгү. Абай салып
карасак, «Манас» эпосунун идеялык-
көркөмдүк куну жылдар өткөн сайын
бийиктеп артып баратат, жылдар өткөн
сайын анын дүйнөлүк маданияттагы ээлеген
орду, аброю кеңейүүдө. Эпостун дүйнөлүк
баа жеткис маданий эстеликтердин
катарынан орун алышынын, дүйнөлүк
адамзаттын көӊүлүн өзүнө бурушунун
себеби эмнеде? Ч.Айтматовдун тереӊ
ишениминде бул күч биринчи кезекте
эпостун эч качан эскирбес, көөнөрбөс
идеясында. Ал идея – чыгарманын башынан
аягына чейин ырааттуу өрчүтүлүп отурган
эркиндик, көз каранды эместик идеясы
«Манас» өткөндөгү кыргыз элинин келберсиген
чалкар дүйнөсүн бүткүл керемети менен көз алдыга
тартат, бул анын дүйнөлүк маданияттын
панорамасындагы залкар көркөм полотносу.
Чыӊгыз Айтматовдун «Манас» эпосу, манасчылар туурасында айткан
пикирлерин окуп отуруп, алардагы ойдун тереӊдигине, күтүүсүз
жаӊычылдыгына, илимий негиздүүлүгүнө таӊ бересиӊ. Нечендеген
«Манас» изилдөөчүлөр да алиге чейинки айта элек ойлорду, таба элек
өзгөчөлүктөрдү Ч.Айтматов таап, көрө билип, аны чакан гана макалада
бардыгын камтый алган тезистерде бере билгени суктандырат, бир эсе
анын бардыгына окшобогон бийиктигин, акылман-ойчулдугун улуулугун
дагы бир жолу эсиӊе салат.
«Манас» эпосун таанып-билүүчүлүк даражасы Ч. Айтматовдо таптакыр
башкача бийиктиктен болду. Анын көптөгөн объективдүү жана
субъективдүү факторлору бар. Ошентсе да алардын ичинен эӊ негизги
себеби катары сууруп чыккан К.Асаналиевдин версиясына кошулбай
коюуга болбойт. Ал өзүнүн «Манас» эпосу жана Чыӊгыз Айтматов» аттуу
макаласында Айтматовдун «Манас» эпосуна алака-катнаш маселесине
жаӊыча көз караштан иликтөө жүргүзүп жатып мындай дейт: «Манас»
эпосун таанып-билүүдө эмпирикалык, партикулярдык абалдан чыгуу,
коньюктуралык-утурумдук саясатташкан калыптардан бошонуу
натыйжасында, Ч.Айтматов Улуу сөздүн, синкреттик искусствонун
дүйнөлүк үлгүсү катарында, азыркы философиялык-эстетикалык көз
караштын негизинде кабылдоо жана түшүнүү деӊгээлине көтөрүлүп
чыкты» - деп белгилеген.
Ч.Айтматовго чейинки айтылган ой-
пикирлерде эпосту «улуу трагедия» деп таасын
айткандар болгон эмес. «Манас» эпосун трагедия
катарында түшүнүп таанып билген азырынча
жалгыз гана Ч.Айтматов. «Манас» эпосундагы
трагедиялуулуктун бир учу баатырдык улуу
жеӊиштердин артындагы күнөөсүз төгүлгөн кан,
кыйылган нечендеген адам өмүрлөрүндө жатса,
экинчи учугу Манас баатырдын, анын кырк
чоросунун чыгарманын акырында кырылышына
барып такалат. Эпостун жогорудагы трагедиялуу
финалы туурасында Ч.Айтматовдун адаттан
тышкары көз карашы окуучунун көӊүлүн бурат.
Манастын өлүмү Айтматовдун пикири
боюнча эпостун гуманисттик жыйынтыгын,
эпосту жараткан элдин акылмандуулугун
билдирет. «Мындай кайталангыс финал улуу
чыгармаларга гана мүнөздүү жана
жарашыктуу» дейт ал
Ч.Айтматов: «Эгерде элдин баатыры
журттун айтканына көнбөй, адилетсиз
чабуулга аттанса, анда эл өзүнүн
сүйүктүү каарманын да аябайт. Эпостун
гуманисттик жыйынтыгы да мына
ушундай» - деген.
Ошентип, буга чейинки изилдөөлөрдө «Чоӊ Казат» Манастын
баатырдык өнөрүн ачкан кырдаал катары гана бааланып келсе,
Манас ата-бабаларынын эзелки өчүн алыш үчүн гана кытайларга
каршы согуш башталган делинип келсе, Ч. Айтматов казаттын
адилетсиздигин ашкерелейт. Ошонусу менен эпостун баатырдык,
гуманисттик беделин түшүрбөстөн, тескерисинче, андагы
финалдык чечилиштин акылмандуулугун даӊазалайт, эпосту дагы
бийик тепкичке көтөрөт.
Рахмат

More Related Content

Featured

PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
Neil Kimberley
 
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
contently
 
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
Albert Qian
 
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie InsightsSocial Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Kurio // The Social Media Age(ncy)
 
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Search Engine Journal
 
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
SpeakerHub
 
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
Clark Boyd
 
Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next
Tessa Mero
 
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search IntentGoogle's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Lily Ray
 
How to have difficult conversations
How to have difficult conversations How to have difficult conversations
How to have difficult conversations
Rajiv Jayarajah, MAppComm, ACC
 
Introduction to Data Science
Introduction to Data ScienceIntroduction to Data Science
Introduction to Data Science
Christy Abraham Joy
 
Time Management & Productivity - Best Practices
Time Management & Productivity -  Best PracticesTime Management & Productivity -  Best Practices
Time Management & Productivity - Best Practices
Vit Horky
 
The six step guide to practical project management
The six step guide to practical project managementThe six step guide to practical project management
The six step guide to practical project management
MindGenius
 
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
RachelPearson36
 
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
Applitools
 
12 Ways to Increase Your Influence at Work
12 Ways to Increase Your Influence at Work12 Ways to Increase Your Influence at Work
12 Ways to Increase Your Influence at Work
GetSmarter
 
ChatGPT webinar slides
ChatGPT webinar slidesChatGPT webinar slides
ChatGPT webinar slides
Alireza Esmikhani
 
More than Just Lines on a Map: Best Practices for U.S Bike Routes
More than Just Lines on a Map: Best Practices for U.S Bike RoutesMore than Just Lines on a Map: Best Practices for U.S Bike Routes
More than Just Lines on a Map: Best Practices for U.S Bike Routes
Project for Public Spaces & National Center for Biking and Walking
 
Ride the Storm: Navigating Through Unstable Periods / Katerina Rudko (Belka G...
Ride the Storm: Navigating Through Unstable Periods / Katerina Rudko (Belka G...Ride the Storm: Navigating Through Unstable Periods / Katerina Rudko (Belka G...
Ride the Storm: Navigating Through Unstable Periods / Katerina Rudko (Belka G...
DevGAMM Conference
 
Barbie - Brand Strategy Presentation
Barbie - Brand Strategy PresentationBarbie - Brand Strategy Presentation
Barbie - Brand Strategy Presentation
Erica Santiago
 
Featured (20)

Mанас жана Айтматов.pdf

  • 1. Аткарган: Бегимай Санжарбек кызы Мугалим:Назира Тилекова Чыӊгыз Айтматов жана «Манас» эпосу
  • 2. Чыӊгыз Айтматов: «Кыргыз элинин оозеки чыгармалары формасы жагынан да, мазмуну жагынан да, көлөмү жагынан да таӊ каларлык бай, түгөнгүс кенч» - деп айтканы бар. Ошол «руханий дөөлөттүн башаты», «байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» «Манас» эпосу экендигин Ч. Айтматов ар дайым сыймыктануу менен белгилеп келген.
  • 3. Манас» жазуучунун чыгармачылыгында өзгөчө орунда жана бул маселе көп катмарлуу, көп кырдуу, миӊ сырдуу дагы. Ошолордун ичинен эӊ бир олуттуусу, бул – жазуучунун эпоско карата эстетикалык көз карашы. Мына ушул маселенин чоо-жайын тереӊ аӊдап, тактабай туруп, жалпы эле анын чыгармачылыгында, «Манас» баш болгон кыргыз эпикалык традициясынын, жалаӊ эле кыргыз эмес, түрк элдеринин эпикалык традициясынын духун, маанисин туура түшүнүү мүмкүн эмес.
  • 4. "Ч.Айтматовдун пикири боюнча «Манас» эпосу, бул тарыхый санжыра эмес. «Бул баарынан мурда ошол тарыхый жана реалдуу окуялардын негизинде кыргыз элинин чыгармачылык генийинен жаралган, улам такталып, тазарып, артыкпаш жүктөрдөн бошонуп, керектүү, зарыл жаӊы кошумчаларды кабыл алып, тулку боюна сиӊирип, өзүнүн бүгүнкү көз кайкыган бийиктигине жеткен көркөм чыгарма» - деген пикири бар.
  • 5. «Манас» эпосун «ал улам такталып, тазарып, артыкбаш жүктөрдөн бошонуп, керектүү зарыл жаӊы кошумчаларды кабыл алып турган» жандуу кубулуш катарында карашы аны жараткан элдин чыгармачылык потенциалынан кабар берет. «Манас» - мезгилдин агымы менен элдик акыл-эсте редакцияланып, баралына жеткен асыл көркөм дөөлөт.
  • 6. Ал – эпостун түбөлуктүүлүгү. Абай салып карасак, «Манас» эпосунун идеялык- көркөмдүк куну жылдар өткөн сайын бийиктеп артып баратат, жылдар өткөн сайын анын дүйнөлүк маданияттагы ээлеген орду, аброю кеңейүүдө. Эпостун дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алышынын, дүйнөлүк адамзаттын көӊүлүн өзүнө бурушунун себеби эмнеде? Ч.Айтматовдун тереӊ ишениминде бул күч биринчи кезекте эпостун эч качан эскирбес, көөнөрбөс идеясында. Ал идея – чыгарманын башынан аягына чейин ырааттуу өрчүтүлүп отурган эркиндик, көз каранды эместик идеясы
  • 7. «Манас» өткөндөгү кыргыз элинин келберсиген чалкар дүйнөсүн бүткүл керемети менен көз алдыга тартат, бул анын дүйнөлүк маданияттын панорамасындагы залкар көркөм полотносу.
  • 8. Чыӊгыз Айтматовдун «Манас» эпосу, манасчылар туурасында айткан пикирлерин окуп отуруп, алардагы ойдун тереӊдигине, күтүүсүз жаӊычылдыгына, илимий негиздүүлүгүнө таӊ бересиӊ. Нечендеген «Манас» изилдөөчүлөр да алиге чейинки айта элек ойлорду, таба элек өзгөчөлүктөрдү Ч.Айтматов таап, көрө билип, аны чакан гана макалада бардыгын камтый алган тезистерде бере билгени суктандырат, бир эсе анын бардыгына окшобогон бийиктигин, акылман-ойчулдугун улуулугун дагы бир жолу эсиӊе салат.
  • 9. «Манас» эпосун таанып-билүүчүлүк даражасы Ч. Айтматовдо таптакыр башкача бийиктиктен болду. Анын көптөгөн объективдүү жана субъективдүү факторлору бар. Ошентсе да алардын ичинен эӊ негизги себеби катары сууруп чыккан К.Асаналиевдин версиясына кошулбай коюуга болбойт. Ал өзүнүн «Манас» эпосу жана Чыӊгыз Айтматов» аттуу макаласында Айтматовдун «Манас» эпосуна алака-катнаш маселесине жаӊыча көз караштан иликтөө жүргүзүп жатып мындай дейт: «Манас» эпосун таанып-билүүдө эмпирикалык, партикулярдык абалдан чыгуу, коньюктуралык-утурумдук саясатташкан калыптардан бошонуу натыйжасында, Ч.Айтматов Улуу сөздүн, синкреттик искусствонун дүйнөлүк үлгүсү катарында, азыркы философиялык-эстетикалык көз караштын негизинде кабылдоо жана түшүнүү деӊгээлине көтөрүлүп чыкты» - деп белгилеген.
  • 10. Ч.Айтматовго чейинки айтылган ой- пикирлерде эпосту «улуу трагедия» деп таасын айткандар болгон эмес. «Манас» эпосун трагедия катарында түшүнүп таанып билген азырынча жалгыз гана Ч.Айтматов. «Манас» эпосундагы трагедиялуулуктун бир учу баатырдык улуу жеӊиштердин артындагы күнөөсүз төгүлгөн кан, кыйылган нечендеген адам өмүрлөрүндө жатса, экинчи учугу Манас баатырдын, анын кырк чоросунун чыгарманын акырында кырылышына барып такалат. Эпостун жогорудагы трагедиялуу финалы туурасында Ч.Айтматовдун адаттан тышкары көз карашы окуучунун көӊүлүн бурат.
  • 11. Манастын өлүмү Айтматовдун пикири боюнча эпостун гуманисттик жыйынтыгын, эпосту жараткан элдин акылмандуулугун билдирет. «Мындай кайталангыс финал улуу чыгармаларга гана мүнөздүү жана жарашыктуу» дейт ал
  • 12. Ч.Айтматов: «Эгерде элдин баатыры журттун айтканына көнбөй, адилетсиз чабуулга аттанса, анда эл өзүнүн сүйүктүү каарманын да аябайт. Эпостун гуманисттик жыйынтыгы да мына ушундай» - деген.
  • 13. Ошентип, буга чейинки изилдөөлөрдө «Чоӊ Казат» Манастын баатырдык өнөрүн ачкан кырдаал катары гана бааланып келсе, Манас ата-бабаларынын эзелки өчүн алыш үчүн гана кытайларга каршы согуш башталган делинип келсе, Ч. Айтматов казаттын адилетсиздигин ашкерелейт. Ошонусу менен эпостун баатырдык, гуманисттик беделин түшүрбөстөн, тескерисинче, андагы финалдык чечилиштин акылмандуулугун даӊазалайт, эпосту дагы бийик тепкичке көтөрөт.