SlideShare a Scribd company logo
1 of 17
Download to read offline
1
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
Долбоор
2023-2027-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик
финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү Стратегиясы
2
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
Бишкек 2022- жыл
Мазмууну
Киришүү 2
1. Учурдагы абалды баалоо жана Кыргыз Республикасындагы
корпоративдик отчеттуулуктун жана аудиттин көйгөйлөрүн талдоо 2
2. Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык
отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү Стратегиясынын максаттары
жана милдеттери 4
3. 2027-жылга чейин Стратегия жетише турган негизги максаттуу
көрсөткүчтөр жана индикаторлор 4
4. Финансылоо 8
5. 2027-жылга чейин Стратегия жетише турган максаттарды жана
милдеттерди жүзөго ашыруучу иш-чаралар 8
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө
3
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
кызматы иштеп чыккан “2023-2027-жылдарда Кыргыз Республикасында
корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү
Стратегиясы” (мындан ары – Стратегия) Кыргыз Республикасындагы
корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти реформалоонун
экинчи этабындагы аракеттенүүнүн стратегиялык планы катары чыгат, ал
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы
№ 101 токтому менен бекитилген “2014-2020-жылдарда
Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана
аудитти өнүктүрүү Стратегиясын” (мындан ары 2014-2020-жылдардагы
Стратегия) ишке ашыруудан улам келип чыккан.
Корпоративдик финансылык отчеттуулук жана аудит чөйрөсүндөгү
жаңыланган ченемдик укуктук базаны Кыргыз Республикасына киргизүү,
ошондой эле ишенимдүү финансылык маалыматтарды окутуу, колдонуу,
мониторинг жасоо жана пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү
Стратегиянын негизги максаты болуп саналат.
Ошондой эле Стратегия финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин
сапатын жогорулатуу, рыноктогу финансылык маалыматтардын
тунуктугун жана ишенимдүүлүгүн, жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча
иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу жагымдуу инвестициялык климатты
түзүүгө багытталган.
Стратегиянын бүтүрүүчүлүк мүнөзү анын өзгөчөлүгү болуп саналат.
2014 2020-жылдарда мурдагы Стратегияны ишке ашыруунун
натыйжасында корпоративдик финансылык отчеттуулук жана аудит
чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук база жаңыланды, ФОЭАС, АЭАС жана
ЧОИ үчүн ФОЭАС стандарттарын мамлекеттик тилге которуу, ФОЭАСты,
ЧОИ үчүн ФОЭАСты колдонгон финансылык отчеттуулукту
түзүүчүлөрдүн жана пайдалануучулардын мүмкүнчүлүктөрүнүн күчөтүү,
кесиптик билимди өркүндөтүү, бухгалтерлерди жана аудиторлорду
даярдоо жана алардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-
чаралар жүзөгө ашырылды. Бирок ишке ашырылган Стратегиядан
кааланган майнаптуулукка жетишүү үчүн жаңыланган ченемдик укуктук
базаны киргизүү, ошондой эле ишенимдүү финансылык маалыматтарды
окутуу, колдонуу, мониторинг жасоо жана пайдалануу үчүн
мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу керек.
Ушуга байланыштуу ушул стратегиялык документ иштелип чыкты,
анда корпоративдик финансылык отчеттуулуктун сапатына, рыноктогу
финансылык маалыматтардын тунуктугун жана ишенимдүүлүгүн,
жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, аудитордук кызматтардын сапатын
жогорулатууга талаптагыдай таасир тийгизе турган максаттар жана
милдеттер камтылган.
4
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
2. Учурдагы абалды баалоо жана Кыргыз Республикасындагы
корпоративдик отчеттуулуктун жана аудиттин көйгөйлөрүн талдоо
2.1 Кыргыз Республикасынын баардык чарба жүргүзүүчү
субьекттери үчүн ФОЭАС боюнча финансылык отчеттуулукка
белгиленген талаптар бөлүгүндөгү укуктук базанын көйгөйлөрү
Жалпы дайындалган жылдык финансылык отчеттуулукту жарыялоого
карата коюлган талаптар ар кандай мыйзам актыларда чагылдырылган, ал
эми айрым компаниялар жылдык финансылык отчеттуулукьтан сырткары
ар кварталдык отчетторду да жарыялоого милдеттүү. Колдонулуп жаткан
талаптарда финансылык отчеттуулуктун толук эмес комплектисинин
кыскача баяндамасын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо
каралган, бул эл аралык жакшы тажрыйбаларга ылайык келбейт жана
финансылык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн, финансылык
маалыматтардын тунуктугунун камсыз кылынышын чектейт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоодогн сырткары,
субьекттер жалпы дайындалган жылдык/кварталдык финансылык
отчеттуулукту ар кандай жөнгө салуучуларга берүүгө милдеттүү, бул
административдик кысымдардын кобөйүшүнө жана акталбаган
сарптоолорго алып келет. Финкөзомөл, Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкы, Кыргыз Республикасынын Фондулук биржасы, Кыргыз
Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
мамлекеттик мүлктүү башкаруу Фонду (ММБФ) сыяктуу жөнгө
салуучулар да жалпы дайындалган финансылык отчеттуулукту берүүнү
талап кылышат.
Ушул койгөйдү чечүү максатында Финкөзөмөл 2014-2020-
жылдардагы Стратегиянын иш-чараларынын алкагында биринчи этапта
“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамынын долбоорун иштеп
чыккан, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл
алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти ага кол койгон, анда
финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин (мындан ары –
депозитарий) киргизүү каралган.
Финансылык отчеттуулуктун бирдиктүү депозитарийинин жоктугу да
КОЭАСтын же ЧОИ үчүн КОЭАСтын негизинде даярдалган жалпы
багыттагы финансылык отчеттуулукту берүүгө жана аны аудиттен
өткөрүлгөндөн кийин жарыялоого милдеттүү болгон субьекттердин
сандарына айкын убакытта байкоо жүргүзүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү
чектеп жатат.
5
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
Бирок, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында каралган ачык депозитарийдин финансылык отчеттуулугу
дагы эле киргизиле элек, анткени мындай депозитарийди киргизүүгө
финансылык каражаттар жана иштеп чыгуулар жана тиешелүү
программалык продуктыларды, топтоо, сактоо, жалпылоо, талдоо
системасын киргизүү жана эл аралык алдыңкы тажрыйбалардын негизинде
түзүлгөн финансылык отчеттуулукту жарыялоо талап кылынат.
2.2 Корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти
жөнгө салуу жаатындагы институттук түзүмдөрдү түзүү жана
көйгойлөр
Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, компанияларда милдеттүү аудитти
жүргүзүү, аудитордук ишке катуу контроль коюунун системасын куруу
жана пруденциялык көзөмөл үчүн мамлекеттик органдарга
компаниялардын финансылык отчеттуулукту берүүсү аркылуу
корпоративдик финансылык отчеттуулуктун жогорку деңгээлде камсыз
кылынышына жетишүүгө болот.
Кыргыз Республикасындагы корпоративдик финансылык
отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуунун институттук системасы өзүнө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматын,
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын, Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигине караштуу Салык кызматын жана
бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик коомдук бирикмесин
камтып турат.
Жогоруда көрсөтүлгөн институттук системага карабастан,
Кыргызстанда бүгүнкү күндө аудитордук ишке контроль жүргүзүү, анын
ичинде аудитордук кызматтардын сапаттарына контроль жүргүзүү
ийгилик майнабына жетишүү үчүн керек болгон деңгээлде эмес жүзөгө
ашырылып жатат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүздүргөн
аудиторлордун текшерүүлөрүнүн максаты айып салуу эмес,
текшерүүлөрдүн жыйынтыктары өлкөдөгү аудитордук кызматтардын
сапаттарынын жогорулашына алып келиши абдан маанилүү.
Мындан сырткары, Финкөзөмөл өнүгүүгө тоскоол болгон төмөнкүдөй
факторлорго туш болууда: каржылоонун төмөнкү деңгээли; кошумча
финансылык каражаттарды тартуу жана пайдалануу үчүн
мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу; мамлекеттик кызматкерлердин эмгек
акыларынын төмөндүгү, бул квалификациялуу жана тажрыйбалуу
кызматкерлерди жалдоо мүмкүнчүлүгүн чектеп салды; бухгалтердик
6
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
эсепти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти жана аларга көзөмөлдү
өнүктүрүү маселелери менен иштеген бөлүмдөрдүн штаттык сандарынын
жетишсиздиги.
Ушуларга байланыштуу Финкөзөмөл “Аудитордук иш жөнүндө”
Кыргшыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясында аудиттин
сапатына тышкы контролду жүргүзүүнүн жаңы тартибин, аудиттин
сапатына тышкы контролду жүргүзүү үчүн тартылган кеңешчилердин
укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын көз каранды
эместигине жана текшерүү жүргүзө турган аудитордук уюмдун
мамилелеринде кызыкчылыктардын болбошуна коюлуучу талаптарды,
аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесипкөй аудитордук бирикмелерге
таасир этүү чараларын колдонуунун тартибин караган жол-жоболор
каралат, ушул аталган Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши кабыл алган жана ага Кыргыз Республикасынын Президенти кол
койгон.
2.3 Кыргыз Республикасындагы кесипкөй квалификациялуу
бухгалтерлердин жана аудиторлордун абалы жана көйгөйлөрү
Концепцияга жана бухгалтердик эсепте жана отчеттуулукта
маалыматтарды түзүүнүн конкреттүү эрежелерин түшүнгөн, бухгалтердик
эсепти жана бухгалтердик отчеттуулуктун аудитин жүргүзүүнүн
көндүмдөрүнө ээ болгон жетиштүү сандагы квалификациялуу
бухгалтерлерди жана аудиторлорду даярдоо бухгалтердик билимди
берүүнүн милдети болуп саналат. Жогорку кесиптик билим берүүнүн жана
КОЭАС, ЧОИ үчүн КОЭАС жана АЭАС сыяктуу эл аралык кесиптик
стандарттарды эске алган бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы
ЖОЖдон кийинки билим берүүлөрдүн мазмундары өркүндөтүлсө, анда
улуттук жана эл аралык эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алган
жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн программаларын түзүү
мүмкүнчүлүктөрү жаралат.
Бирок бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы жогорку мектептер
учурдун талаптарынан жана улуттук жана эл аралык эмгек рыногунун
суроо-талаптарынан олуттуу артта калды. Алсак, “Экономика”
багытындагы жогорку кесиптик билим берүүдө колдонулуп жаткан
мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарына бухгалтерлердин жана
аудиторлордун кесиптик стандарттары болгон КОЭАС, ЧОИ үчүн КОЭАС
жана АЭАС боюнча сабактар киргизилген эмес. Сурамжыланган
ЖОЖдордун 83 пайызында бакалаврдын деңгээлинде КОЭАС сабактары,
ЧОИ үчүн КОЭАС - 21 пайызында, АЭАС – 17 пайызында окутулуп
үйрөтүлөт.
7
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
Белгилей кетчү нерсе, бакалаврларды кесиптик сабактарга окутуу 1-
курстан башталбайт. “Экономика” багытындагы жалпы кесиптик циклдеги
сабактар академиялык сааттардын жалпы көлөмүнүн 31 пайызын түзөт,
атайын кесиптик сабактардын үлүшү негизги билим берүү
программасынын жалпы эмгек сыйымдуулугунун 30 пайызын түзөт жана
келечектеги бухгалтерлердин жана аудиторлордун практикалык
көндүмдөрү жана билгичтиктери иштелип чыгуучу практикалардын
баардык түрлөрү 5 пайызды эле түзөт. Сааттардын мындай көлөмү
кесипкөй бухгалтерлерге керектүү, коомчулуктун заманбап талаптарына
ылайык келген иш билгиликти толук өлчөмдө иштеп чыгууга мүмкүндүк
бербейт.
Жалпы дүйнөлүк жакындашуунун жана кесиепкөй бухгалтерлердин
ийкемдүүлүктөрүнүн жогорулашынын алкагында бухгалтердик кесиптик
билимдин эл аралык эталондорун түзүү маселелери өзгөчө маанилүү боло
баштады. Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Билим берүүнүн эл
аралык стандарттарынын Кеңеши басып чыгарган Билим бюерүүнүн эл
аралык стандарттарын жалпы таанылган мындай эталондордун бири боло
алат. Билим берүүнүн эл аралык стандарттарында техникалык
сабаттуулуктун, кесиптик көндүмдөрдүн жана баалуулуктардын, этиканын
жана көз караштардын көрүү точкасынан кесиптик компетенцияларды
баяндап айтып берет. Бирок ошол стандарттардын принципиалдуу
позициялары да Кыргыз Республикасындагы бухгалтерлерге жана
аудиторлорго жогорку билим берүү программаларын түзүүдө
чагылдырылып көрсөтүлө элек.
Мындан сырткары, уюмдардын кесипкөй бухгалтерлери (КАУ) билим
берүүнүн университеттик деңгээлинен жана бухгалтерлердин жана
аудиторлордун квалификацияларын жогорулатуудан тартып биротоло
бүткөн кесиптик деңгээлге чейин өтүүдө бухгалтерлерге жана
аудиторлорго кесиптик билим берүү чөйрөсүндо бүткүл дүйнө жүзүндө
жетектөөчү ролду ойнойт. Акыркы жылдарда мурдагы Стратегиянын
алкагында Кыргыздын КАУсунун кудуреттерин өстүрүүдө прогресске
жетишилди. Бирок бухгалтерлерди жана аудиторлорду окутууда жана
алардын кесиптик квалификацияларын жогорулатууда алар өз ролдорун
ойногондой кылып Кыргыз Республикасындагы КАУнун иш билгилигин
жана кудуретин жогорулатуу үчүн акыркы мезгилдерде андан ары колдоо
керек.
3. Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык
отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү Стратегиясынын максаттары
жана милдеттери
8
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
Корпоративдик финансылык отчеттуулукка болгон ишенимди
чыңдоого жана анан сапатын жогорулатууга багытталган Кыргыз
Республикасындагы корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана
аудитти реформалоо жана модернизациялоо саясаты ушул Стратегиянын
башкы максаты болуп саналат.
Төмөнкү коюлган милдеттерди аткаруу жолу менен стратегиялык
максаттарга жетүү камсыз кылынат:
- корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудит
чөйрөсүндөгү жаңыланган ченемдик укуктук базаны киргизүү;
- финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин киргизүү;
- финансылык отчеттуулукка жана аудиттин сапатын контролдоого
коюлган талаптардын сакталышын контролдоочу институттук күч кубатты
күчөтүү;
- бухгалтерлердин жана аудиторлордун билимдеорин
модернизациялоо;
- коомчулукка маалыматтарды берүү.
4. 2027-жылга чейин Стратегия жетише турган негизги максаттуу
көрсөткүчтөр жана индикаторлор
“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” жана “Аудитордук иш жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу
максаттарын көздөп ушул мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан ченемдик
укуктук актылардын долбоорлору бекитилүүгө тийиш.
Финансылык маалыматтарга коомдун, анын ичинде инвесторлордун,
насыя берүүчүлөрдүн жана алуучулардын жана аманатчылардын
жетүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдөө
органдарынын кайталанган функцияларын четтетүү, ишкерликтин
чыгымдарын кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын
компанияларынын финансылык отчеттуулуктарынын мамлекеттик
(коомдук), ачык депозитарийикагаз жүзүндө жана электрондук
форматтарда түзүлүүгө тийиш. Депозитарийге ачык жетүү камсыз
кылынууга тийиш.
Төмөнкү иш-чараларда депозитарийди киргизүү каралат:
1) башка өлкөлөрдөгү финансылык отчеттуулуктун колдонулуп
жаткан депозитарийлеринин тажрыйбаларын изилдөөлөрдө жана
талдоолордо:
2) депозитарий үчүн программалык камсыз кылууларды иштеп чыгуу,
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын
Фондулук биржасы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу
Фондусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети,
9
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык
кызматы сыяктуу мекемелерге кошууну кошуп алганда (мында жалпы
багыттагы финансылык отчеттуулукту мамлекеттик органдарга
берүүлөрдүн кайталанышы алынып салынат, ошондой эле ачык
кызыкчылыктары бар субьекттердин депозитарийи аркылуу
кропоративдик башкаруу боюнча маалыматтар Финкөзөмөлгө берилет);
3) депозитарийди, аны шайкеш программалык камсыз кылуу жана
аппараттык каражаттарынын жабдуулары менен кошо ишке киргизүү;
4) финансылык отчеттуулуктун депозитарийинин администраторлору
жана маалыматтык системаны пайдалануучулар үчүн жетектемени иштеп
чыгуу;
5) жол-жоболорду, усулдарды, куралдарды, финансылык отчеттуулук
боюнча маалыматтарды жыйноонун, жарыялоонун, кошундулардын
электрондук таблицаларын пайдалануунун көндүмдөрүн өнүктүрүүчү
семинарларды өткөрүү;
6) финансылык отчеттуулуктун депозитарийинин электрондук
системасына финансылык отчеттуулукту берүүнүн жол-жоболорун ачык
кызыкчылыктары бар субьекттерге, ири ишкердик субьекттерине жана
орто ишкердик субьекттерине үйрөтүү, окутуу;
7) “Түндүк” маалыматтык системасына кошуу жана баалуу
кагаздардын Бирдиктүү реестрине интегралдаштыруу;
Аудит жана аудитордук иштер жаатында кызматтарды
көрсотүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү максаттарында аудиторлордун,
аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук уюмдардын Бирдиктүү
мамлекеттик реестри (мындан ары - Бирдиктүү мамлекеттик реестр)
киргизилүүгө тийиш.
Бирдиктүү мамлекеттик реестрди киргизүү төмөнкү иш-чараларда
каралат:
- аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук уюмдардын
отчеттуулукту берүүчү электрондук системасын интегралдаштыруу менен
Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин маалыматтык системасын иштеп чыгуу
жана киргизүү;
- Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин администраторлору жана анын
маалыматтык системасын пайдалануучулар үчүн жетектемени иштеп
чыгуу жана ушул жетектемени окутуп үйрөтүү.
4.2 Финансылык отчеттуулукка жана аудиттин сапатын
контролдоого коюлуучу талаптардын сакталышын контролдоочу,
жөнгө салуучу органдардын институттук куч-кубаттарын өстүрүү
10
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
Өнүктүрүү Стратегиясынын негизги институттук негиздеринде
корпоративдик финансылык отчеттуулук үчүн төмөнкүлөр каралат:
1) кесиптик уюмдарга көзөмөл жүргүзүу функциясын кошуп алганда
Финкөзөмөлдүн негизги функцияларын сактап калуу;
2) бухгалтердик отчеттуулуктун сапатына контроль жүргүзүү
системасын киргизүү;
3) аудиттин сапатын контролдоо системасын киргизүү (“Аудитордук
иш жөнүндө” КР Мыйзамына жана аудиттин сапатын контролдоо
стандарттарына ылайык);
4) квалификацияны жогорулатуучу семинарларды, курстарды,
Финкөзөмөлдүн кызматкерлери үчүн практикалык сабактарды өткөрүү,
анын жүрүшүндө финансылык отчеттуулукка талдоолорду жана
мониторингдерди жүргүзүүдө, аудиттин сапатына контроль жүргүзүүдө
өзүнүн жөнгө салуучулук функциясын талаптагыдай аткарууга мүмкүндүк
берген практикалык көндүмдөрүн жана билимдерин алар жогорулатат.
Аудитордук ишти жөнгө салууга кесипкөй аудитордук
бирикмелердин катышуусу үчүн шарттарды камсыз кылуу максаттарында,
ошондой эле алардын бутуна турушуна көмөктөшүү максатында
“Аудитордук иш жөнүндө” КР Мыйзамынын жаңы редакциясында Кыргыз
Республикасында кесипкөй аудитордук бирикмелердин институтун түзүү
каралган, ал аудитордук ишти жөнгө салуу процессине иштеп жаткан
аудиторлордун жигердүү катышуулары жана аудитордук кызматтардын
сапаттарын контроль жүргүзүүнүн кыйла майнаптууу аткарылышы
олуттуу ролду ойноого тийиш.
Ушуга байланыштуу кесипкөй аудитордук бирикмелердин күч-
кубаттарын өркүндөтүү максатында бул багытта төмөнкү иш-чаралар
жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) кесипкөй аудитордук бирикмелердин күч-кубаттарын чыңдоо;
2) билимдерди таркатуучу ар кандай иш-чараларды өткөрүү аркылуу
аудиттин сапатын контролдоо боюнча аларга берилген функцияларды
аткаруу үчүн кесипкөй аудитордук бирикмелердин кызматкерлерин
окутуу;
3) электрондук баа берүүнүн жана онлайн окуу курстарын өткөрүүнүн
жардамын кошуп алганда аудитордун квалификациясынын деңгээлин
администрациялоодо жөнгө салуучу органга максат ченемдүү техникалык
жардамдарды көрсөтүү.
Кесипкөй уюм кесиптик сертификатташтыруу программасын жүзөгө
ашырууга жана аудиттин сапатын контролдоочу механизмдерди иштеп
чыгууга тийиш.
Кесипкөй аудитордук бирикмелер бирикменин талаптарын бузуулар
үчүн кесипкөй аудитордук бирикменин ички документтеринде
11
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
белгиленген тартипке ылайык жоопкерчилик чараларын кабыл алууга
укуктуу.
4.3 Бухгалтердик жана аудитордук кесипртерди чыңдоо,
финансылык сабаттуулуктун жана финансылык маалыматтарды
пайдалануунун деңгээлин жогорулатуу
Аудиторду кесиптик сертификатташтырууну айрым ЖОЖдук
программаларга интегралдаштыруу боюнча демилгелер Кыргыз
Республикасындагы бухгалтерлерге жана аудиторлорго билимдерди
берүүдө жетишилген ийгиликтердин бири болуп саналат. Башка ЖОЖго
андан ары интегралдаштырууга дем берүү катары окуу программаларын
жаңылоо, окуу материалдарын жана окуу китептерин жана окутуучуларды
окутуу боюнча иш-чараларды каржылоого жардамдар сунуш кылынууга
тийиш.
Ушуга байланыштуу төмөнкү иш-чаралар каралат:
1) “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” жана мамлекеттик
билим берүү стандарттарын (МББС) иштеп чыгуууларды жана
“Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” багыттары боюнча окуу
пландарын өзүнчө багыт катары чыгаруу;
2) Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча Кеңеш басып
чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык иш
программаларын жана окуу материалдарын, “Бухгалтердик эсеп,
талдоолор жана аудит” багыттары боюнча окуу пландарын
модернизациялоо (иш-билгиликтеринин негизинде);
3) ЖОЖдордун окутуучулары үчүн көндүмдөрдү түзүү жана
практикалык сабактарды өткөрүү боюнча семинарларды уюштуруу,
КОЭАСты жана АЭАСты колдонуу үчүн керектүү көндүмдөрдү
өздөштүрүү үчүн окутуунун стандартташтырылган ыкмаларын пайдалануу
жаатында кеңештерди берүү;
4) ЖОЖдордун жаңыланган окуу пландарына ылайык окуу
китептерин жана курстук материалдарды жаңылоо.
Кыргыз Республикасында бухгалтерлердин жана аудиторлордун
кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында Билим берүүнүн эл
аралык стандарттары боюнча Кеңеш басып чыгарган Билим берүүнүн эл
аралык стандарттарынын талаптарына ылайык бекитилген Экзамендерди
уюштуруу жана өткөрүү Тартибине ылайык Аудитордун кесиптик
квалификациясы Программасы боюнча талапкер аудитордун кесиптик
квалификациясын алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
экзаменден өтөрү “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын жаңы редакциясында аныкталган. ЖОЖдук жана ЖОЖдон
кийинки билимдерди аудитордун кесиптик квалификациясына
12
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
интегралдаштыруу үчүн жогоруда аталган Мыйзамдын 20-беренесинин 2-
пунктунун 2-пунктчасында окуу программалары ыйгарым укуктуу органда
аккредитацияланган жогорку окуу жайларында жана/же кесипкөй
аудитордук бирикмелерде Аудитордун кесиптик квалификациясы
Программасы боюнча экзаменлдердин тапшырылышы каралган.
“Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
жаңы редакциясынын кабыл алынышы жогорку окуу жайларындагы
окутуу, усулдук, илимий жана кадрдык иштердин өзгөрүшүно олуттуу
таасирлерди тийгизүүгө тийиш, бул бухгалтердик билим берүүнүн эл
аралык стандарттарына жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларга ылайык
“Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” багыттары боюнча
мамлекеттик билим берүүнүн жаңы стандартынын иштелип чыгышына
жана бекитилишине байланыштуу “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана
аудит” профилин 580100 “Экономика” багытынан өзүнчо бөлүп чыгарууга
алып келет.
Бул багытта төмөнкү иш-чаралар жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) аудиторлордун кесиптик квалификациясынын үч деңгээлдүү
системасын киргизүү;
2) пилоттук экзамендерди өткөрүү, экзамен алуучуларды, экзамендик
тапшырмаларды иштеп чыгуучуларды окутуу, аудиторлордун кесиптик
квалификациясынын Программасы боюнча экзамендерди таануу үчүн
ЖОЖдордун жана КАУнун программаларын аккредитациялоону
пилоттоштуруу.
Финансылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негиздерин колдонуу
боюнча иштеп жаткан бухгалтерлердин кудуреттерин жогорулатуу
максатын көздөп, ишкердиктин субьекттерине белгиленген критерийлерге
ылайык төмөнкү иш-чаралар жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) КОЭАСты колдонуу боюнча коомдук кызыкчылыктары бар
субьекттердин жана ири ишкердик субьекттеринин бухгалтерлерин
окутуу;
2) ЧОИ үчүн КОЭАСты колдонуу боюнча орто ишкердик
субьекттеринин бухгалтерлерин окутуу;
3) чакан ишкердик субьекттеринин бухгалтердик эсептерин
жүргүзүүнүн жаңы эрежесин колдонуу боюнча чакан ишкердик
субьекттеринин бухгалтерлерин окутуу.
Өлкөдөгү негизги кызыкдар болгон тараптар үчүн билим берүү иш-
чараларын өткөрүү жолу менен сапаттуу финансылык отчеттуулуктун
артыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды коомчулуктун билүүсүн
жогорулатуу.
5. Финансылоо
13
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
Эл аралык уюмдар бөлгөн ________ млн. сом өлчөмүндөгү
каражаттардын эсебинен ушул Стратегияны финансылап жүзөгө ашыруу
пландаштырылган.
5. 2027-жылга чейин Стратегиянын максаттарына жана
милдеттерине жетишүү үчүн сунуш кылынган иш-чаралар
№ Милдеттер Иш-чаралардын аталыштары Ишке
ашыруу
мөөнөтү
Күтүлгөн жыйынтыктар Жоопкер
аткаруучулар
1. Кыргыз
Республикасын
а
корпоративдик
финансылык
отчеттуулук
жана аудит
чөйрөсүндогү
жаңыланган
ченемдик
укуктук базаны
киргизүү
“Аудитордук иш жөнүндө”
жана “Бухгалтердик эсеп
жөнүндо” КР мыйзамдарына
ылайык иштелип чыккан
ченемдик укуктук актыларды
бекитүү
2023 “Аудитордук иш
жөнүндө” жана
“Бухгалтердик эсеп
жөнүндо” КР
мыйзамдарынын
ченемдерин ишке
ашыруу
Министрлер
Кабинети
2. Финансылык
отчеттуулуктун
ачык
депозитарийин
киргизүү
2.1. “Түндүк” маалыматтык
системасына кошуу жана
баалуу кагаздардын
Бирдиктүү реестрине
интегралдаштыруу менен
финансылык отчеттуулуктун
ачык депозитарийи үчүн
программалык камсыз
кылууну иштеп чыгуу.
2.2. Администраторлор жана
финансылык отчеттуулуктун
депозитарийинин
маалымсаттык системасын
пайдалануучулар үчүн
жетектемени иштеп чыгуу.
2.3 Финансылык отчеттуулук
боюнча маалыматтарды
жыйноонун, жарыялоонун,
кошуулардын электрондук
таблицаларын пайдалануунун
көндүмдөрүн, жол-
жоболорду, усулдарды,
куралдарды пайдаланууну
өнүктүрүүчү семинарларды
өткөрүү
2.4. Финансылык
отчеттуулуктун
2023-
2023
Корпоративдик
финансылык
отчеттуулуктун
сапатын жогорулатуу.
Аудиттен өткөрүлгөн
финансылык
отчеттуулуктун
тунуктук деңгээлин
жогорулатуу жана
коомго
жеткиликтүүлүгүн
камсыз кылуу.
Финкөзөмөл
14
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
депозитарийинин электрондук
системасына финансылык
отчеттуулукту берүүнүн жол-
жоболорун ачык
кызыкчылыктары бар
субьекттерге, ири ишкердик
субьекттерине жана орто
ишкердик субьекттерине
үйрөтүү, окутуу
3. Бирдиктүү
мамлекеттик
реестрди
киргизүү
3.1. Аудитордук уюмдардын,
кесипкөй аудитордук
уюмдардын отчеттуулукту
берүүчү электрондук
системасын
интегралдаштыруу менен
Бирдиктүү мамлекеттик
реестрдин маалыматтык
системасын иштеп чыгуу
жана киргизүү
3.2.Бирдиктүү мамлекеттик
реестрдин администраторлору
жана анын маалыматтык
системасын пайдалануучулар
үчүн жетектемени иштеп
чыгуу жана ушул жетектемени
окутуп үйрөтүү.
2023-
2024
Аудит жана аудитордук
иш жаатында кызмат
көрсөтүүлөрдүн
бирдиктүү рыногун
түзүү.
Финкөзөмөл
4. Финансылык
отчеттуулуктун
сапатын
контролдоо
системасын
киргизүү.
Аудиттин
сапатын
контролдоо
системасын
киргизүү.
4.1 Финансылык
отчеттуулуктун пилоттук
серептерин өткөрүү.
4.2. Аудиттин сапатын
пилоттук контролдоону
өткөрүү.
4.3. квалификацияны
жогорулатуучу семинарларды,
курстарды, Финкөзөмөлдүн
кызматкерлери үчүн
практикалык сабактарды
өткөрүү, анын жүрүшүндө
финансылык отчеттуулукка
талдоолорду жана
мониторингдерди жүргүзүүдө,
аудиттин сапатына контроль
жүргүзүүдө өзүнүн жөнгө
салуучулук функциясын
талаптагыдай аткарууга
мүмкүндүк берген
практикалык көндүмдөрүн
жана билимдерин алар
жогорулатат.
2023-
2024
Аудиттин сапатын
жогорулатуу.
Финкөзөмөл
15
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
5. Кесипкөй
аудитордук
бирикмелердин
институтун
киргизүү
5.1. аудиттин сапатын
контролдоо боюнча аларга
берилген функцияларды жана
аудиторду кесиптик
сертификатташтыруу
Программасын аткаруу үчүн
кесипкөй аудитордук
бирикмелердин
кызматкерлерин окутуу
2023-
2026
Аудитордук ишти
жөнгө салууга
кесипкөй аудитордук
бирикмелердин
катышуусу үчүн
керектүү шарттарды
камсыз кылуу.
Финкөзөмөл,
КАУ
6. Бухгалтердик
жана
аудитордук
кесипти
чыңдоо
6.1. “Бухгалтердик эсеп,
талдоолор жана аудит” жана
мамлекеттик билим берүү
стандарттарын (МББС) иштеп
чыгуууларды жана
“Бухгалтердик эсеп, талдоолор
жана аудит” багыттары
боюнча окуу пландарын
өзүнчө багыт катары чыгаруу.
6.2. Билим берүүнүн эл
аралык стандарттары боюнча
Кеңеш басып чыгарган Билим
берүүнүн эл аралык
стандарттарына ылайык иш
программаларын жана окуу
материалдарын,
“Бухгалтердик эсеп, талдоолор
жана аудит” багыттары
боюнча окуу пландарын
модернизациялоо (иш-
билгиликтеринин негизинде);
6.3. ЖОЖдордун
окутуучулары үчүн
көндүмдөрдү түзүү жана
практикалык сабактарды
өткөрүү боюнча
семинарларды уюштуруу,
КОЭАСты жана АЭАСты
колдонуу үчүн керектүү
көндүмдөрдү өздөштүрүү
үчүн окутуунун
стандартташтырылган
ыкмаларын пайдалануу
жаатында кеңештерди берүү.
6.4. ЖОЖдордун жаңыланган
окуу пландарына ылайык окуу
китептерин жана курстук
материалдарды жаңылоо.
6.5. КАУнун жөндөмүн
жогорулатуу үчүн анын күч-
2024-
2027
ЖОЖдук бухгалтердик
билимдерди
модернизациялоо.
Билим берүү
министр-
лиги
Финкөзөмөл
16
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
кубатынын өсүшүнө комөк
көрсөтүү, бухгалтерлерге
жана аудиторлорго кесиптик
квалификацияны берүү керек,
7. Аудитордун
кесиптик
квалификацияс
ынын жаңы
системасын
киргизүү
7.1. Пилоттук экзамендерди
өткөрүү, экзамен
алуучуларды, экзамендик
тапшырмаларды иштеп
чыгуучуларды окутуу
7.2. аудиторлордун
кесиптик квалификациясынын
Программасы боюнча
экзамендерди таануу үчүн
ЖОЖдордун жана КАУнун
программаларын
аккредитациялоону
пилоттоштуруу.
7.3. Аудиторлордун
квалификациясынын акыркы
денгээлин
администрациялоодо жөнгө
салуучу органга жардамдарды
көрсөтүү.
2023-
2027
Аудитордун кесиптик
квалификациясы
системасын
модернизациялоо.
Финкөзөмөл,
КАУ жана
ЖОЖдор
8. Ишкердиктин
субьекттерине
белгиленген
критерийлерге
ылайык
финансылык
отчеттуулукту
түзүүнүн
усулдук
негиздерин
колдонуу
боюнча иштеп
жаткан
бухгалтерлерди
н кудуреттерин
жогорулатуу
8.1. КОЭАСты колдонуу
боюнча коомдук
кызыкчылыктары бар
субьекттердин жана ири
ишкердик субьекттеринин
бухгалтерлерин окутуу.
8.2. ЧОИ үчүн КОЭАСты
колдонуу боюнча орто
ишкердик субьекттеринин
бухгалтерлерин окутуу.
8.3. Чакан ишкердик
субьекттеринин бухгалтердик
эсептерин жүргүзүүнүн жаңы
эрежесин колдонуу боюнча
чакан ишкердик
субьекттеринин
бухгалтерлерин окутуу.
2023-
2027
Бухгалтерлердин жана
аудиторлордун
кесиптик
квалификациясын
жогорулатуу.
Финкөзөмөл
17
Кыргыз Республикасынын
экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев
«___»_______2022ж.
9. Сапаттуу
финансылык
отчеттуулуктун
артыкчылыктар
ы жөнүндө
маалыматтарды
коомчулуктун
билүүсүн
жогорулатуу.
9.1. Ишенимдүү финансылык
отчеттуулуктун оңдуу
таасирлери жөнүндө бизнес
коомчулугунун өкүлдөрүнүн,
коомчулуктун билүүсүн
жогорулатуучу иш-чараларды
уюштуруу.
2023-
2027
Финансылык
отчеттуулукту негизги
пайдалануучулар жана
бенефициарлар кыйла
сапаттуу финансылык
отчетторду
пайдаланууга жакшы
даярдалган.
Финкөзөмөл

More Related Content

Featured

2024 State of Marketing Report – by Hubspot
2024 State of Marketing Report – by Hubspot2024 State of Marketing Report – by Hubspot
2024 State of Marketing Report – by HubspotMarius Sescu
 
Everything You Need To Know About ChatGPT
Everything You Need To Know About ChatGPTEverything You Need To Know About ChatGPT
Everything You Need To Know About ChatGPTExpeed Software
 
Product Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
Product Design Trends in 2024 | Teenage EngineeringsProduct Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
Product Design Trends in 2024 | Teenage EngineeringsPixeldarts
 
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental HealthHow Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental HealthThinkNow
 
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdfAI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdfmarketingartwork
 
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024Neil Kimberley
 
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)contently
 
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024Albert Qian
 
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie InsightsSocial Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie InsightsKurio // The Social Media Age(ncy)
 
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024Search Engine Journal
 
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summarySpeakerHub
 
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd Clark Boyd
 
Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next Tessa Mero
 
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search IntentGoogle's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search IntentLily Ray
 
Time Management & Productivity - Best Practices
Time Management & Productivity -  Best PracticesTime Management & Productivity -  Best Practices
Time Management & Productivity - Best PracticesVit Horky
 
The six step guide to practical project management
The six step guide to practical project managementThe six step guide to practical project management
The six step guide to practical project managementMindGenius
 
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...RachelPearson36
 

Featured (20)

2024 State of Marketing Report – by Hubspot
2024 State of Marketing Report – by Hubspot2024 State of Marketing Report – by Hubspot
2024 State of Marketing Report – by Hubspot
 
Everything You Need To Know About ChatGPT
Everything You Need To Know About ChatGPTEverything You Need To Know About ChatGPT
Everything You Need To Know About ChatGPT
 
Product Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
Product Design Trends in 2024 | Teenage EngineeringsProduct Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
Product Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
 
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental HealthHow Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
 
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdfAI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
 
Skeleton Culture Code
Skeleton Culture CodeSkeleton Culture Code
Skeleton Culture Code
 
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
 
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
 
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
 
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie InsightsSocial Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
 
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
 
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
 
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
 
Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next
 
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search IntentGoogle's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
 
How to have difficult conversations
How to have difficult conversations How to have difficult conversations
How to have difficult conversations
 
Introduction to Data Science
Introduction to Data ScienceIntroduction to Data Science
Introduction to Data Science
 
Time Management & Productivity - Best Practices
Time Management & Productivity -  Best PracticesTime Management & Productivity -  Best Practices
Time Management & Productivity - Best Practices
 
The six step guide to practical project management
The six step guide to practical project managementThe six step guide to practical project management
The six step guide to practical project management
 
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
 

АП и КМКР (2).pdf

  • 1. 1 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. Долбоор 2023-2027-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү Стратегиясы
  • 2. 2 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. Бишкек 2022- жыл Мазмууну Киришүү 2 1. Учурдагы абалды баалоо жана Кыргыз Республикасындагы корпоративдик отчеттуулуктун жана аудиттин көйгөйлөрүн талдоо 2 2. Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү Стратегиясынын максаттары жана милдеттери 4 3. 2027-жылга чейин Стратегия жетише турган негизги максаттуу көрсөткүчтөр жана индикаторлор 4 4. Финансылоо 8 5. 2027-жылга чейин Стратегия жетише турган максаттарды жана милдеттерди жүзөго ашыруучу иш-чаралар 8 1. Киришүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө
  • 3. 3 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. кызматы иштеп чыккан “2023-2027-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү Стратегиясы” (мындан ары – Стратегия) Кыргыз Республикасындагы корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти реформалоонун экинчи этабындагы аракеттенүүнүн стратегиялык планы катары чыгат, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 101 токтому менен бекитилген “2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү Стратегиясын” (мындан ары 2014-2020-жылдардагы Стратегия) ишке ашыруудан улам келип чыккан. Корпоративдик финансылык отчеттуулук жана аудит чөйрөсүндөгү жаңыланган ченемдик укуктук базаны Кыргыз Республикасына киргизүү, ошондой эле ишенимдүү финансылык маалыматтарды окутуу, колдонуу, мониторинг жасоо жана пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү Стратегиянын негизги максаты болуп саналат. Ошондой эле Стратегия финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин сапатын жогорулатуу, рыноктогу финансылык маалыматтардын тунуктугун жана ишенимдүүлүгүн, жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган. Стратегиянын бүтүрүүчүлүк мүнөзү анын өзгөчөлүгү болуп саналат. 2014 2020-жылдарда мурдагы Стратегияны ишке ашыруунун натыйжасында корпоративдик финансылык отчеттуулук жана аудит чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук база жаңыланды, ФОЭАС, АЭАС жана ЧОИ үчүн ФОЭАС стандарттарын мамлекеттик тилге которуу, ФОЭАСты, ЧОИ үчүн ФОЭАСты колдонгон финансылык отчеттуулукту түзүүчүлөрдүн жана пайдалануучулардын мүмкүнчүлүктөрүнүн күчөтүү, кесиптик билимди өркүндөтүү, бухгалтерлерди жана аудиторлорду даярдоо жана алардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш- чаралар жүзөгө ашырылды. Бирок ишке ашырылган Стратегиядан кааланган майнаптуулукка жетишүү үчүн жаңыланган ченемдик укуктук базаны киргизүү, ошондой эле ишенимдүү финансылык маалыматтарды окутуу, колдонуу, мониторинг жасоо жана пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу керек. Ушуга байланыштуу ушул стратегиялык документ иштелип чыкты, анда корпоративдик финансылык отчеттуулуктун сапатына, рыноктогу финансылык маалыматтардын тунуктугун жана ишенимдүүлүгүн, жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, аудитордук кызматтардын сапатын жогорулатууга талаптагыдай таасир тийгизе турган максаттар жана милдеттер камтылган.
  • 4. 4 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. 2. Учурдагы абалды баалоо жана Кыргыз Республикасындагы корпоративдик отчеттуулуктун жана аудиттин көйгөйлөрүн талдоо 2.1 Кыргыз Республикасынын баардык чарба жүргүзүүчү субьекттери үчүн ФОЭАС боюнча финансылык отчеттуулукка белгиленген талаптар бөлүгүндөгү укуктук базанын көйгөйлөрү Жалпы дайындалган жылдык финансылык отчеттуулукту жарыялоого карата коюлган талаптар ар кандай мыйзам актыларда чагылдырылган, ал эми айрым компаниялар жылдык финансылык отчеттуулукьтан сырткары ар кварталдык отчетторду да жарыялоого милдеттүү. Колдонулуп жаткан талаптарда финансылык отчеттуулуктун толук эмес комплектисинин кыскача баяндамасын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо каралган, бул эл аралык жакшы тажрыйбаларга ылайык келбейт жана финансылык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн, финансылык маалыматтардын тунуктугунун камсыз кылынышын чектейт. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоодогн сырткары, субьекттер жалпы дайындалган жылдык/кварталдык финансылык отчеттуулукту ар кандай жөнгө салуучуларга берүүгө милдеттүү, бул административдик кысымдардын кобөйүшүнө жана акталбаган сарптоолорго алып келет. Финкөзомөл, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Фондулук биржасы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктүү башкаруу Фонду (ММБФ) сыяктуу жөнгө салуучулар да жалпы дайындалган финансылык отчеттуулукту берүүнү талап кылышат. Ушул койгөйдү чечүү максатында Финкөзөмөл 2014-2020- жылдардагы Стратегиянын иш-чараларынын алкагында биринчи этапта “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыккан, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти ага кол койгон, анда финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин (мындан ары – депозитарий) киргизүү каралган. Финансылык отчеттуулуктун бирдиктүү депозитарийинин жоктугу да КОЭАСтын же ЧОИ үчүн КОЭАСтын негизинде даярдалган жалпы багыттагы финансылык отчеттуулукту берүүгө жана аны аудиттен өткөрүлгөндөн кийин жарыялоого милдеттүү болгон субьекттердин сандарына айкын убакытта байкоо жүргүзүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү чектеп жатат.
  • 5. 5 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. Бирок, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ачык депозитарийдин финансылык отчеттуулугу дагы эле киргизиле элек, анткени мындай депозитарийди киргизүүгө финансылык каражаттар жана иштеп чыгуулар жана тиешелүү программалык продуктыларды, топтоо, сактоо, жалпылоо, талдоо системасын киргизүү жана эл аралык алдыңкы тажрыйбалардын негизинде түзүлгөн финансылык отчеттуулукту жарыялоо талап кылынат. 2.2 Корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу жаатындагы институттук түзүмдөрдү түзүү жана көйгойлөр Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, компанияларда милдеттүү аудитти жүргүзүү, аудитордук ишке катуу контроль коюунун системасын куруу жана пруденциялык көзөмөл үчүн мамлекеттик органдарга компаниялардын финансылык отчеттуулукту берүүсү аркылуу корпоративдик финансылык отчеттуулуктун жогорку деңгээлде камсыз кылынышына жетишүүгө болот. Кыргыз Республикасындагы корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуунун институттук системасы өзүнө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматын жана бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик коомдук бирикмесин камтып турат. Жогоруда көрсөтүлгөн институттук системага карабастан, Кыргызстанда бүгүнкү күндө аудитордук ишке контроль жүргүзүү, анын ичинде аудитордук кызматтардын сапаттарына контроль жүргүзүү ийгилик майнабына жетишүү үчүн керек болгон деңгээлде эмес жүзөгө ашырылып жатат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүздүргөн аудиторлордун текшерүүлөрүнүн максаты айып салуу эмес, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары өлкөдөгү аудитордук кызматтардын сапаттарынын жогорулашына алып келиши абдан маанилүү. Мындан сырткары, Финкөзөмөл өнүгүүгө тоскоол болгон төмөнкүдөй факторлорго туш болууда: каржылоонун төмөнкү деңгээли; кошумча финансылык каражаттарды тартуу жана пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу; мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларынын төмөндүгү, бул квалификациялуу жана тажрыйбалуу кызматкерлерди жалдоо мүмкүнчүлүгүн чектеп салды; бухгалтердик
  • 6. 6 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. эсепти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти жана аларга көзөмөлдү өнүктүрүү маселелери менен иштеген бөлүмдөрдүн штаттык сандарынын жетишсиздиги. Ушуларга байланыштуу Финкөзөмөл “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргшыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясында аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзүүнүн жаңы тартибин, аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзүү үчүн тартылган кеңешчилердин укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын көз каранды эместигине жана текшерүү жүргүзө турган аудитордук уюмдун мамилелеринде кызыкчылыктардын болбошуна коюлуучу талаптарды, аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесипкөй аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуунун тартибин караган жол-жоболор каралат, ушул аталган Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган жана ага Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон. 2.3 Кыргыз Республикасындагы кесипкөй квалификациялуу бухгалтерлердин жана аудиторлордун абалы жана көйгөйлөрү Концепцияга жана бухгалтердик эсепте жана отчеттуулукта маалыматтарды түзүүнүн конкреттүү эрежелерин түшүнгөн, бухгалтердик эсепти жана бухгалтердик отчеттуулуктун аудитин жүргүзүүнүн көндүмдөрүнө ээ болгон жетиштүү сандагы квалификациялуу бухгалтерлерди жана аудиторлорду даярдоо бухгалтердик билимди берүүнүн милдети болуп саналат. Жогорку кесиптик билим берүүнүн жана КОЭАС, ЧОИ үчүн КОЭАС жана АЭАС сыяктуу эл аралык кесиптик стандарттарды эске алган бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ЖОЖдон кийинки билим берүүлөрдүн мазмундары өркүндөтүлсө, анда улуттук жана эл аралык эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алган жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн программаларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү жаралат. Бирок бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы жогорку мектептер учурдун талаптарынан жана улуттук жана эл аралык эмгек рыногунун суроо-талаптарынан олуттуу артта калды. Алсак, “Экономика” багытындагы жогорку кесиптик билим берүүдө колдонулуп жаткан мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарына бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик стандарттары болгон КОЭАС, ЧОИ үчүн КОЭАС жана АЭАС боюнча сабактар киргизилген эмес. Сурамжыланган ЖОЖдордун 83 пайызында бакалаврдын деңгээлинде КОЭАС сабактары, ЧОИ үчүн КОЭАС - 21 пайызында, АЭАС – 17 пайызында окутулуп үйрөтүлөт.
  • 7. 7 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. Белгилей кетчү нерсе, бакалаврларды кесиптик сабактарга окутуу 1- курстан башталбайт. “Экономика” багытындагы жалпы кесиптик циклдеги сабактар академиялык сааттардын жалпы көлөмүнүн 31 пайызын түзөт, атайын кесиптик сабактардын үлүшү негизги билим берүү программасынын жалпы эмгек сыйымдуулугунун 30 пайызын түзөт жана келечектеги бухгалтерлердин жана аудиторлордун практикалык көндүмдөрү жана билгичтиктери иштелип чыгуучу практикалардын баардык түрлөрү 5 пайызды эле түзөт. Сааттардын мындай көлөмү кесипкөй бухгалтерлерге керектүү, коомчулуктун заманбап талаптарына ылайык келген иш билгиликти толук өлчөмдө иштеп чыгууга мүмкүндүк бербейт. Жалпы дүйнөлүк жакындашуунун жана кесиепкөй бухгалтерлердин ийкемдүүлүктөрүнүн жогорулашынын алкагында бухгалтердик кесиптик билимдин эл аралык эталондорун түзүү маселелери өзгөчө маанилүү боло баштады. Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын Кеңеши басып чыгарган Билим бюерүүнүн эл аралык стандарттарын жалпы таанылган мындай эталондордун бири боло алат. Билим берүүнүн эл аралык стандарттарында техникалык сабаттуулуктун, кесиптик көндүмдөрдүн жана баалуулуктардын, этиканын жана көз караштардын көрүү точкасынан кесиптик компетенцияларды баяндап айтып берет. Бирок ошол стандарттардын принципиалдуу позициялары да Кыргыз Республикасындагы бухгалтерлерге жана аудиторлорго жогорку билим берүү программаларын түзүүдө чагылдырылып көрсөтүлө элек. Мындан сырткары, уюмдардын кесипкөй бухгалтерлери (КАУ) билим берүүнүн университеттик деңгээлинен жана бухгалтерлердин жана аудиторлордун квалификацияларын жогорулатуудан тартып биротоло бүткөн кесиптик деңгээлге чейин өтүүдө бухгалтерлерге жана аудиторлорго кесиптик билим берүү чөйрөсүндо бүткүл дүйнө жүзүндө жетектөөчү ролду ойнойт. Акыркы жылдарда мурдагы Стратегиянын алкагында Кыргыздын КАУсунун кудуреттерин өстүрүүдө прогресске жетишилди. Бирок бухгалтерлерди жана аудиторлорду окутууда жана алардын кесиптик квалификацияларын жогорулатууда алар өз ролдорун ойногондой кылып Кыргыз Республикасындагы КАУнун иш билгилигин жана кудуретин жогорулатуу үчүн акыркы мезгилдерде андан ары колдоо керек. 3. Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү Стратегиясынын максаттары жана милдеттери
  • 8. 8 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. Корпоративдик финансылык отчеттуулукка болгон ишенимди чыңдоого жана анан сапатын жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасындагы корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти реформалоо жана модернизациялоо саясаты ушул Стратегиянын башкы максаты болуп саналат. Төмөнкү коюлган милдеттерди аткаруу жолу менен стратегиялык максаттарга жетүү камсыз кылынат: - корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудит чөйрөсүндөгү жаңыланган ченемдик укуктук базаны киргизүү; - финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин киргизүү; - финансылык отчеттуулукка жана аудиттин сапатын контролдоого коюлган талаптардын сакталышын контролдоочу институттук күч кубатты күчөтүү; - бухгалтерлердин жана аудиторлордун билимдеорин модернизациялоо; - коомчулукка маалыматтарды берүү. 4. 2027-жылга чейин Стратегия жетише турган негизги максаттуу көрсөткүчтөр жана индикаторлор “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” жана “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максаттарын көздөп ушул мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору бекитилүүгө тийиш. Финансылык маалыматтарга коомдун, анын ичинде инвесторлордун, насыя берүүчүлөрдүн жана алуучулардын жана аманатчылардын жетүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын кайталанган функцияларын четтетүү, ишкерликтин чыгымдарын кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын компанияларынын финансылык отчеттуулуктарынын мамлекеттик (коомдук), ачык депозитарийикагаз жүзүндө жана электрондук форматтарда түзүлүүгө тийиш. Депозитарийге ачык жетүү камсыз кылынууга тийиш. Төмөнкү иш-чараларда депозитарийди киргизүү каралат: 1) башка өлкөлөрдөгү финансылык отчеттуулуктун колдонулуп жаткан депозитарийлеринин тажрыйбаларын изилдөөлөрдө жана талдоолордо: 2) депозитарий үчүн программалык камсыз кылууларды иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Фондулук биржасы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети,
  • 9. 9 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматы сыяктуу мекемелерге кошууну кошуп алганда (мында жалпы багыттагы финансылык отчеттуулукту мамлекеттик органдарга берүүлөрдүн кайталанышы алынып салынат, ошондой эле ачык кызыкчылыктары бар субьекттердин депозитарийи аркылуу кропоративдик башкаруу боюнча маалыматтар Финкөзөмөлгө берилет); 3) депозитарийди, аны шайкеш программалык камсыз кылуу жана аппараттык каражаттарынын жабдуулары менен кошо ишке киргизүү; 4) финансылык отчеттуулуктун депозитарийинин администраторлору жана маалыматтык системаны пайдалануучулар үчүн жетектемени иштеп чыгуу; 5) жол-жоболорду, усулдарды, куралдарды, финансылык отчеттуулук боюнча маалыматтарды жыйноонун, жарыялоонун, кошундулардын электрондук таблицаларын пайдалануунун көндүмдөрүн өнүктүрүүчү семинарларды өткөрүү; 6) финансылык отчеттуулуктун депозитарийинин электрондук системасына финансылык отчеттуулукту берүүнүн жол-жоболорун ачык кызыкчылыктары бар субьекттерге, ири ишкердик субьекттерине жана орто ишкердик субьекттерине үйрөтүү, окутуу; 7) “Түндүк” маалыматтык системасына кошуу жана баалуу кагаздардын Бирдиктүү реестрине интегралдаштыруу; Аудит жана аудитордук иштер жаатында кызматтарды көрсотүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү максаттарында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук уюмдардын Бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - Бирдиктүү мамлекеттик реестр) киргизилүүгө тийиш. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди киргизүү төмөнкү иш-чараларда каралат: - аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук уюмдардын отчеттуулукту берүүчү электрондук системасын интегралдаштыруу менен Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү; - Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин администраторлору жана анын маалыматтык системасын пайдалануучулар үчүн жетектемени иштеп чыгуу жана ушул жетектемени окутуп үйрөтүү. 4.2 Финансылык отчеттуулукка жана аудиттин сапатын контролдоого коюлуучу талаптардын сакталышын контролдоочу, жөнгө салуучу органдардын институттук куч-кубаттарын өстүрүү
  • 10. 10 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. Өнүктүрүү Стратегиясынын негизги институттук негиздеринде корпоративдик финансылык отчеттуулук үчүн төмөнкүлөр каралат: 1) кесиптик уюмдарга көзөмөл жүргүзүу функциясын кошуп алганда Финкөзөмөлдүн негизги функцияларын сактап калуу; 2) бухгалтердик отчеттуулуктун сапатына контроль жүргүзүү системасын киргизүү; 3) аудиттин сапатын контролдоо системасын киргизүү (“Аудитордук иш жөнүндө” КР Мыйзамына жана аудиттин сапатын контролдоо стандарттарына ылайык); 4) квалификацияны жогорулатуучу семинарларды, курстарды, Финкөзөмөлдүн кызматкерлери үчүн практикалык сабактарды өткөрүү, анын жүрүшүндө финансылык отчеттуулукка талдоолорду жана мониторингдерди жүргүзүүдө, аудиттин сапатына контроль жүргүзүүдө өзүнүн жөнгө салуучулук функциясын талаптагыдай аткарууга мүмкүндүк берген практикалык көндүмдөрүн жана билимдерин алар жогорулатат. Аудитордук ишти жөнгө салууга кесипкөй аудитордук бирикмелердин катышуусу үчүн шарттарды камсыз кылуу максаттарында, ошондой эле алардын бутуна турушуна көмөктөшүү максатында “Аудитордук иш жөнүндө” КР Мыйзамынын жаңы редакциясында Кыргыз Республикасында кесипкөй аудитордук бирикмелердин институтун түзүү каралган, ал аудитордук ишти жөнгө салуу процессине иштеп жаткан аудиторлордун жигердүү катышуулары жана аудитордук кызматтардын сапаттарын контроль жүргүзүүнүн кыйла майнаптууу аткарылышы олуттуу ролду ойноого тийиш. Ушуга байланыштуу кесипкөй аудитордук бирикмелердин күч- кубаттарын өркүндөтүү максатында бул багытта төмөнкү иш-чаралар жүзөгө ашырылууга тийиш: 1) кесипкөй аудитордук бирикмелердин күч-кубаттарын чыңдоо; 2) билимдерди таркатуучу ар кандай иш-чараларды өткөрүү аркылуу аудиттин сапатын контролдоо боюнча аларга берилген функцияларды аткаруу үчүн кесипкөй аудитордук бирикмелердин кызматкерлерин окутуу; 3) электрондук баа берүүнүн жана онлайн окуу курстарын өткөрүүнүн жардамын кошуп алганда аудитордун квалификациясынын деңгээлин администрациялоодо жөнгө салуучу органга максат ченемдүү техникалык жардамдарды көрсөтүү. Кесипкөй уюм кесиптик сертификатташтыруу программасын жүзөгө ашырууга жана аудиттин сапатын контролдоочу механизмдерди иштеп чыгууга тийиш. Кесипкөй аудитордук бирикмелер бирикменин талаптарын бузуулар үчүн кесипкөй аудитордук бирикменин ички документтеринде
  • 11. 11 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. белгиленген тартипке ылайык жоопкерчилик чараларын кабыл алууга укуктуу. 4.3 Бухгалтердик жана аудитордук кесипртерди чыңдоо, финансылык сабаттуулуктун жана финансылык маалыматтарды пайдалануунун деңгээлин жогорулатуу Аудиторду кесиптик сертификатташтырууну айрым ЖОЖдук программаларга интегралдаштыруу боюнча демилгелер Кыргыз Республикасындагы бухгалтерлерге жана аудиторлорго билимдерди берүүдө жетишилген ийгиликтердин бири болуп саналат. Башка ЖОЖго андан ары интегралдаштырууга дем берүү катары окуу программаларын жаңылоо, окуу материалдарын жана окуу китептерин жана окутуучуларды окутуу боюнча иш-чараларды каржылоого жардамдар сунуш кылынууга тийиш. Ушуга байланыштуу төмөнкү иш-чаралар каралат: 1) “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын (МББС) иштеп чыгуууларды жана “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” багыттары боюнча окуу пландарын өзүнчө багыт катары чыгаруу; 2) Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча Кеңеш басып чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык иш программаларын жана окуу материалдарын, “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” багыттары боюнча окуу пландарын модернизациялоо (иш-билгиликтеринин негизинде); 3) ЖОЖдордун окутуучулары үчүн көндүмдөрдү түзүү жана практикалык сабактарды өткөрүү боюнча семинарларды уюштуруу, КОЭАСты жана АЭАСты колдонуу үчүн керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн окутуунун стандартташтырылган ыкмаларын пайдалануу жаатында кеңештерди берүү; 4) ЖОЖдордун жаңыланган окуу пландарына ылайык окуу китептерин жана курстук материалдарды жаңылоо. Кыргыз Республикасында бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча Кеңеш басып чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык бекитилген Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү Тартибине ылайык Аудитордун кесиптик квалификациясы Программасы боюнча талапкер аудитордун кесиптик квалификациясын алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда экзаменден өтөрү “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясында аныкталган. ЖОЖдук жана ЖОЖдон кийинки билимдерди аудитордун кесиптик квалификациясына
  • 12. 12 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. интегралдаштыруу үчүн жогоруда аталган Мыйзамдын 20-беренесинин 2- пунктунун 2-пунктчасында окуу программалары ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган жогорку окуу жайларында жана/же кесипкөй аудитордук бирикмелерде Аудитордун кесиптик квалификациясы Программасы боюнча экзаменлдердин тапшырылышы каралган. “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы жогорку окуу жайларындагы окутуу, усулдук, илимий жана кадрдык иштердин өзгөрүшүно олуттуу таасирлерди тийгизүүгө тийиш, бул бухгалтердик билим берүүнүн эл аралык стандарттарына жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларга ылайык “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” багыттары боюнча мамлекеттик билим берүүнүн жаңы стандартынын иштелип чыгышына жана бекитилишине байланыштуу “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” профилин 580100 “Экономика” багытынан өзүнчо бөлүп чыгарууга алып келет. Бул багытта төмөнкү иш-чаралар жүзөгө ашырылууга тийиш: 1) аудиторлордун кесиптик квалификациясынын үч деңгээлдүү системасын киргизүү; 2) пилоттук экзамендерди өткөрүү, экзамен алуучуларды, экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгуучуларды окутуу, аудиторлордун кесиптик квалификациясынын Программасы боюнча экзамендерди таануу үчүн ЖОЖдордун жана КАУнун программаларын аккредитациялоону пилоттоштуруу. Финансылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негиздерин колдонуу боюнча иштеп жаткан бухгалтерлердин кудуреттерин жогорулатуу максатын көздөп, ишкердиктин субьекттерине белгиленген критерийлерге ылайык төмөнкү иш-чаралар жүзөгө ашырылууга тийиш: 1) КОЭАСты колдонуу боюнча коомдук кызыкчылыктары бар субьекттердин жана ири ишкердик субьекттеринин бухгалтерлерин окутуу; 2) ЧОИ үчүн КОЭАСты колдонуу боюнча орто ишкердик субьекттеринин бухгалтерлерин окутуу; 3) чакан ишкердик субьекттеринин бухгалтердик эсептерин жүргүзүүнүн жаңы эрежесин колдонуу боюнча чакан ишкердик субьекттеринин бухгалтерлерин окутуу. Өлкөдөгү негизги кызыкдар болгон тараптар үчүн билим берүү иш- чараларын өткөрүү жолу менен сапаттуу финансылык отчеттуулуктун артыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды коомчулуктун билүүсүн жогорулатуу. 5. Финансылоо
  • 13. 13 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. Эл аралык уюмдар бөлгөн ________ млн. сом өлчөмүндөгү каражаттардын эсебинен ушул Стратегияны финансылап жүзөгө ашыруу пландаштырылган. 5. 2027-жылга чейин Стратегиянын максаттарына жана милдеттерине жетишүү үчүн сунуш кылынган иш-чаралар № Милдеттер Иш-чаралардын аталыштары Ишке ашыруу мөөнөтү Күтүлгөн жыйынтыктар Жоопкер аткаруучулар 1. Кыргыз Республикасын а корпоративдик финансылык отчеттуулук жана аудит чөйрөсүндогү жаңыланган ченемдик укуктук базаны киргизүү “Аудитордук иш жөнүндө” жана “Бухгалтердик эсеп жөнүндо” КР мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларды бекитүү 2023 “Аудитордук иш жөнүндө” жана “Бухгалтердик эсеп жөнүндо” КР мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу Министрлер Кабинети 2. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин киргизүү 2.1. “Түндүк” маалыматтык системасына кошуу жана баалуу кагаздардын Бирдиктүү реестрине интегралдаштыруу менен финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи үчүн программалык камсыз кылууну иштеп чыгуу. 2.2. Администраторлор жана финансылык отчеттуулуктун депозитарийинин маалымсаттык системасын пайдалануучулар үчүн жетектемени иштеп чыгуу. 2.3 Финансылык отчеттуулук боюнча маалыматтарды жыйноонун, жарыялоонун, кошуулардын электрондук таблицаларын пайдалануунун көндүмдөрүн, жол- жоболорду, усулдарды, куралдарды пайдаланууну өнүктүрүүчү семинарларды өткөрүү 2.4. Финансылык отчеттуулуктун 2023- 2023 Корпоративдик финансылык отчеттуулуктун сапатын жогорулатуу. Аудиттен өткөрүлгөн финансылык отчеттуулуктун тунуктук деңгээлин жогорулатуу жана коомго жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Финкөзөмөл
  • 14. 14 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. депозитарийинин электрондук системасына финансылык отчеттуулукту берүүнүн жол- жоболорун ачык кызыкчылыктары бар субьекттерге, ири ишкердик субьекттерине жана орто ишкердик субьекттерине үйрөтүү, окутуу 3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди киргизүү 3.1. Аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук уюмдардын отчеттуулукту берүүчү электрондук системасын интегралдаштыруу менен Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү 3.2.Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин администраторлору жана анын маалыматтык системасын пайдалануучулар үчүн жетектемени иштеп чыгуу жана ушул жетектемени окутуп үйрөтүү. 2023- 2024 Аудит жана аудитордук иш жаатында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү. Финкөзөмөл 4. Финансылык отчеттуулуктун сапатын контролдоо системасын киргизүү. Аудиттин сапатын контролдоо системасын киргизүү. 4.1 Финансылык отчеттуулуктун пилоттук серептерин өткөрүү. 4.2. Аудиттин сапатын пилоттук контролдоону өткөрүү. 4.3. квалификацияны жогорулатуучу семинарларды, курстарды, Финкөзөмөлдүн кызматкерлери үчүн практикалык сабактарды өткөрүү, анын жүрүшүндө финансылык отчеттуулукка талдоолорду жана мониторингдерди жүргүзүүдө, аудиттин сапатына контроль жүргүзүүдө өзүнүн жөнгө салуучулук функциясын талаптагыдай аткарууга мүмкүндүк берген практикалык көндүмдөрүн жана билимдерин алар жогорулатат. 2023- 2024 Аудиттин сапатын жогорулатуу. Финкөзөмөл
  • 15. 15 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. 5. Кесипкөй аудитордук бирикмелердин институтун киргизүү 5.1. аудиттин сапатын контролдоо боюнча аларга берилген функцияларды жана аудиторду кесиптик сертификатташтыруу Программасын аткаруу үчүн кесипкөй аудитордук бирикмелердин кызматкерлерин окутуу 2023- 2026 Аудитордук ишти жөнгө салууга кесипкөй аудитордук бирикмелердин катышуусу үчүн керектүү шарттарды камсыз кылуу. Финкөзөмөл, КАУ 6. Бухгалтердик жана аудитордук кесипти чыңдоо 6.1. “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын (МББС) иштеп чыгуууларды жана “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” багыттары боюнча окуу пландарын өзүнчө багыт катары чыгаруу. 6.2. Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча Кеңеш басып чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык иш программаларын жана окуу материалдарын, “Бухгалтердик эсеп, талдоолор жана аудит” багыттары боюнча окуу пландарын модернизациялоо (иш- билгиликтеринин негизинде); 6.3. ЖОЖдордун окутуучулары үчүн көндүмдөрдү түзүү жана практикалык сабактарды өткөрүү боюнча семинарларды уюштуруу, КОЭАСты жана АЭАСты колдонуу үчүн керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн окутуунун стандартташтырылган ыкмаларын пайдалануу жаатында кеңештерди берүү. 6.4. ЖОЖдордун жаңыланган окуу пландарына ылайык окуу китептерин жана курстук материалдарды жаңылоо. 6.5. КАУнун жөндөмүн жогорулатуу үчүн анын күч- 2024- 2027 ЖОЖдук бухгалтердик билимдерди модернизациялоо. Билим берүү министр- лиги Финкөзөмөл
  • 16. 16 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. кубатынын өсүшүнө комөк көрсөтүү, бухгалтерлерге жана аудиторлорго кесиптик квалификацияны берүү керек, 7. Аудитордун кесиптик квалификацияс ынын жаңы системасын киргизүү 7.1. Пилоттук экзамендерди өткөрүү, экзамен алуучуларды, экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгуучуларды окутуу 7.2. аудиторлордун кесиптик квалификациясынын Программасы боюнча экзамендерди таануу үчүн ЖОЖдордун жана КАУнун программаларын аккредитациялоону пилоттоштуруу. 7.3. Аудиторлордун квалификациясынын акыркы денгээлин администрациялоодо жөнгө салуучу органга жардамдарды көрсөтүү. 2023- 2027 Аудитордун кесиптик квалификациясы системасын модернизациялоо. Финкөзөмөл, КАУ жана ЖОЖдор 8. Ишкердиктин субьекттерине белгиленген критерийлерге ылайык финансылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негиздерин колдонуу боюнча иштеп жаткан бухгалтерлерди н кудуреттерин жогорулатуу 8.1. КОЭАСты колдонуу боюнча коомдук кызыкчылыктары бар субьекттердин жана ири ишкердик субьекттеринин бухгалтерлерин окутуу. 8.2. ЧОИ үчүн КОЭАСты колдонуу боюнча орто ишкердик субьекттеринин бухгалтерлерин окутуу. 8.3. Чакан ишкердик субьекттеринин бухгалтердик эсептерин жүргүзүүнүн жаңы эрежесин колдонуу боюнча чакан ишкердик субьекттеринин бухгалтерлерин окутуу. 2023- 2027 Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик квалификациясын жогорулатуу. Финкөзөмөл
  • 17. 17 Кыргыз Республикасынын экономики жана коммерция министри______________________________________Д.Дж. Амангельдиев «___»_______2022ж. 9. Сапаттуу финансылык отчеттуулуктун артыкчылыктар ы жөнүндө маалыматтарды коомчулуктун билүүсүн жогорулатуу. 9.1. Ишенимдүү финансылык отчеттуулуктун оңдуу таасирлери жөнүндө бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн, коомчулуктун билүүсүн жогорулатуучу иш-чараларды уюштуруу. 2023- 2027 Финансылык отчеттуулукту негизги пайдалануучулар жана бенефициарлар кыйла сапаттуу финансылык отчетторду пайдаланууга жакшы даярдалган. Финкөзөмөл