SlideShare a Scribd company logo
1 of 14
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


Туруктуу өнүктүрүү боюнча билим берүү Регионалдык Экспертиза борбору – РЦЭ Кыргызстан




                               Карасаева А.Х.




                                      Этика
                          Мектеп окуучулары үчүн сөздүк




                                БИШКЕК – 2012
                                          1
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

Туруктуу өнүктүрүү боюнча билим берүү Регионалдык Экспертиза борбору - РЦЭ Кыргызстан




                                 Карасаева А.Х.




                                        Этика
                            Мектеп окуучулары үчүн сөздүк




          Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби катары
    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунуш
                                    кылынган




                                     БИШКЕК – 2012




                                           2
УДК 17
ББК 87.7
К 21


Автор – Карасаева А.Х.


Техникалык редактор: Ибраимова Н.И.
Орус тилинен которгон: Байтүгөлова Ж.А.
Көркөм жасалгалоо: Садыкова Ч.М.




АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен жана Туруктуу өнүгүү үчүн
билим берүү боюнча экспертизанын регионалдык борборунун (РЦЭ КG) катышуусу менен
басылды.
АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги автордун көз карашына жооп бербейт.


К 0301070000-11
ISBN 978-9967-08-266-3




УДК 17
ББК 87.7.
2012.




                                          3
Мазмуну


Эркиндик (свобода)                               4



Бакыт (счастье)                                  6



Ар-намыс (Достоинство)                           7-8



Толеранттуулук (толерантность)                  9-11


Адилеттүүлүк (Справедливость)                    12



Коомдук жыргалчылык (общественное благо)        13-14




Эркиндик (свобода)


                                           4
Адам өзү эркиндикти тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок ошол эркиндикти пайдаланууда чоң
жоопкерчиликти мойнуна алышы керек. Себеби, эркиндикти туура, акыл-эс менен пайдалануу да
адамдын турмушундагы башкы маселе болуп эсептелет.

Эркиндик – диндин, коомдук турмуштун түшүнүктѳрүн камтыган ѳзгѳчѳлүгүнѳ жараша
тѳмѳнкүдѳй аныктамаларга ээ:

          -   иш-аракетте чектѳѳлѳрдүн жана зордоонун жоктугу;
          -   ѳз алдынча максат коюу жѳндѳмү;
          -   тандап алууга мүмкүнчүлүк;
          -   жамандык менен жакшылыктын ортосунда тандоо жүргүзүүсү;

Эркиндик – бул бардык эле каалаган нерсени жасай берүү эмес. Эркиндик – ѳзүм билемдик, ѳз
каалаганымды кылам дегендик эмес.

Адамдардын эркиндиги сырткы чектѳѳлѳр менен шартталат:

   -   ѳндүргүч күчтѳрдүн ѳнүгүү деңгээли;
   -   табияттын жана коомдун мыйзамдарын таанып-билүү;
   -   бийликтин кысымы, саясий жана укуктук зомбулук.

Адамдын ички тоскоолдугу деген чектѳѳлѳр да бар. Ички чектѳѳлѳр адамдын психикалык,
эмоционалдык санаркоолору менен байланышкан:

   -   Коркуу сезими
   -   Жеке азгырыктар
   -   Билимдин жана тажрыйбанын жетишсиздиги

Эркиндик – адамды жана бүтүндѳй этносту ѳзүнѳ ээ болуу үчүн күрѳшүүгѳ шыктандырган
жогорку этикалык баалуулуктардын бири. Мисалы: “Манас” эпосунан үзүндү (такташ керек).
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечекке багыт алууга эркиндик берилет: айылда калып фермер болуп
иштөөнү, же жогорку окуу жайына тапшырууну, чет мамлекетке барып билим алууну, башка
мамлекетке барып иштөөнү бүтүрүүчү өзү тандайт. Макал-лакаптар. М: “Кандын үйүнүн
тардыгын айт, өз алачыгыңдын кеңдигин айт”, “Башка элде султан болгуча, өз элиңде ултан бол”.




Бакыт (счастье)

                                              5
Европалык маданиятта бакыт тѳмѳнкүчѳ каралат:

   -    Жашоонун жалпы, шексиз оң деңгээли;
   -    Кубаныч, ѳз жашоосуна канааттануу сезими;
   -    Адамдын каалоолорунун жана мүмкүнчүлүктѳрүнүн бардык курамын камсыз кылган
        жашоо.

Чыгыш маданиятында бакыт маселеси адамдын башка адамдардын алдындагы милдеттерин
аткаруу багытындагы эң жогорку максаты катары каралат. Бакытка туура жүрүш-туруш аркылуу
жетүүгѳ болот. Борбордук Азиянын улуу ойчулдары бакытка жетүүнү “болушунча кѳп адамдарга
жакшылык кылуу” менен байланыштырып карашкан.

Калифорния университетинин Сонжа (Sonja) башында турган психологдору бакытка жетүүгө беш
сунушту иштеп чыгышкан:

   1.   Ыраазы бол
   2.   Жакшы нерсе жѳнүндѳ ойлон
   3.   Тагдырдын белектеринин эсебин жүргүз
   4.   Ѳзүндүн артыкчылыктарыңды колдон
   5.   Жакшылык кыл.

   Улуу Британиянын Уорвик университетинин профессору Эндрю Освальд бакытты сезүүнүн
   курактык динамикасын аныктаган: жаштар да, карылар да бирдей деңгээлде бактылуу боло
   алышат, бирок, болжол менен 44 жаш куракта – орто курактын кризиси мезгилинде, бакытка
   жетүү мүмкүндүгү минимумга чейин тѳмѳндѳшү мүмкүн.

   Бакытты жекече аңдоо-сезүү эки жол менен ишке ашышы мүмкүн:

        -   Адам өз ѳмүр жолундагы жетишкен ийгиликтери жѳнүндѳ терең ой толгоп, жыйынтык
            чыгаруусу аркылуу;
        -   Сезимди агартуучу, тазалоочу күтүлбѳгѳн терең кубаныч, ушундан улам адам
            күнүмдүк турмуштун майда-баратына башкача кѳз караш менен карап, жашоонун
            толук кандуулугуна жетүү үчүн ѳз приоритеттерин кайра карап чыгууга мүмкүндүк
            алат. Мисалы: “Кара кыздын агынан эмес, багынан”, “Карга баласын аппагым дейт”,
            “Башка келген бакытты, бактысыз адам кетирет”.




Ар-намыс (Достоинство)
                                               6
Ар-намыс – өзүн өзү адам катары түшүнүү, айлана-чөйрөгө адам катары мамиле кылуу. Ал өзүн
өзү сыйлоо менен бирге жандуу жана жансыз жаратылыштын да ар-намысын сыйлайт. Ар-
намыстуу адам агрессиянын же душмандыктын көрүнүштөрүнө биринчи болуп реакция кылат.

Ар-намысты эки түргө бөлүшөт:

   -   Адамдык ар-намыс;
   -   жеке ар-намыс

Адамдык ар-намыс

Бул түшүнүк жеке ар-намыстан кеңири. Ал идеологиядан, улуттук баалуулуктардан жогору турат,
ал адамдык маңыздын өзү менен байланыштуу.

Адам баласы жарык дүйнөгө жаралганда ага ар-намысы шексиз энчиленет. Кандай гана адам
болбосун, ал наристеби, оорулуу адамбы, баарына бирдей тиешелүү ар-намыстын нормативдик
маңызы бар.

Эч кимди адамдардын тизмесинен чийип салууга, адамдык ар-намыстан жана адамдык
укуктарынан ажыратууга болбойт.

Адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк декларацияда ар-намыс адамзат үй бүлөсүнүн эч кандай
чектөөсүз бардык мүчөлөрүнө тиешелүү сапат катары таанылат.

Бул ар бирибиз адамдык ар-намыска ээ экенибизди, атүгүл эң коркунучтуу кылмышкер да жаңы
төрөлгөн наристе менен бирдей даражада ар-намыска ээ экенин, анткени бардыгыбыз адамзат үй-
бүлөсүнүн өкүлү экенибизди билдирет.

Жеке ар-намыс

Байыркы доордо ар-намысты жогорку социалдык абалдагы адамдарга, билимдүүлөргө же
байларга гана тиешелүү деп эсептешкен. Аристотель кулдар ар-намыска ээ эмес деп эсептеген, ал
эми Конфуций ар-намысты билимдүү же кызматтагы адамдардын өзгөчө белгиси катары караган.

Жеке ар-намыс төрөлгөндөн кийин калыптанат. Ар-намысты тарбиялоо алгач адамдын өзүндө бар
нерсени, башкача айтканда, өзүн-өзү түшүнүүнү кыймылга келтиргенден башталат деп эсептешет.
Жеке ар-намысты жоготуп алууга, күчөтүүгө же алсыратууга болот.

Жеке ар-намысы бар адам ар бир жүрүш-турушунда өзүн намыстуу көрсөтө алат. Жеке ар-
намыста адамдын сырткы ар кандай жагдайларда сынып, ага баш ийип берүүсүнө жол бербеген
өзгөчө энергетикалык кубат камтылат. Ошол Жеке ар-намыстын бар болушу – турмуштун бардык
жагдайларында адамдын олуттуу жана сабырдуу болушуна шарт түзөт. Ал эми Жеке ар-намысты
жоготуу – көп учурда “өзүн-өзү жоготуу” менен барабар деп айтылат.

Жеке ар-намыс үч компонентти камтыйт:

   -   ой жүгүртүүчүлүк мазмун;
   -   аң-сезимдин ички тартиби;
   -   гармониялык сырткы чагылыш.

Изилдөөчүлөр аң-сезимдин деңгээлин жасалма төмөндөтүү жолу менен гана – ичкилик ичүү,
жеңил ойлуулук, баңгизаттар аркылуу гана Ар-намыстын күчүн жоготууга болот деп эсептешет.
                                              7
Бирок кандай учурда болбосун, аң-сезимдин түпкүрүндө адамдык ар-намыстын кемсинүүсү,
кыйналуусу кала берет.

Кыз ала качуу – кыргыздын моралдык баалуулуктарынын талкаланышынын түрү суук көрүнүшү.
Моралдык жабыркоонун негиздери кыргыздардын этикалык баалуулуктарын жамандоо,
кемсинтүү башталган советтик доордо стихиялык түрдө калыптанып калган, өлкөнүн рыноктук
мамилелерге өтүүсүнүн шартында да кеңири таркаган. Мисалы: кыргыз эл жомогу “Акыл
Карачач”, жомокто акылдуу кыз табышмактарды таап өзүнүн намысын коргоп калган. “Жаңыл
Мырза” дастанынан үзүндү. Ал өз намысын коргош үчүн сүйгөн адамын атып таштаган.

Кыргыздардын адамдык ар-намыс жөнүндө көз караштары

Кыргыздар жаңы үй-бүлөнүн пайда болушу менен эле жаңы өмүрдүн ар-намысын сактоо иш-
аракеттерин көрүп, ага кам көрө башташчу. Кыргыздар жуучу түшүп, жубай тандоого өзгөчө
маани беришкен. Анткени, жаңы адамдын ар-намысы анын биологиялык ата-энесинин сапатынан
көз каранды болорун мыкты түшүнүшкөн.

Мисалы, жубай тандоодо:

   -   Аталык жана энелик линиялардын генетикалык тазалыгын карашкан;
   -   “Жети ата” принцибин кармоо менен, жети ата өтмөйүнчө никелешүүгө катуу тыюу
       салышкан;
   -   Кудаланган балдардын нике курагына жеткенден кийин никеге макулдук берүү укугу
       менен болочок жаңы адамдын Адамдык ар-намысы камсыз кылынган. Мында болочок ата-
       энелердин моралдык жоокерчиликти сезүүсүнө маани берилген. Мисалы: “Сөзүм өлгөнчө,
       өзүм өлөйүн”, “Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт”, “Эр жигит эл четинде,
       жоо бетинде”,”Баатырдын көркү маңдайда, чечендин көркү таңдайда”, “Караңгыда көз
       тапкан, капилеттен сөз тапкан”, Бакылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган
       жеңени үй чечкенде көрөбүз”, “Акыл – жаштан, асыл – таштан”, “Аккан сууда арам жок”,
       “Суу – өмүр булагы”, “Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген”, “Суу менен
       ойносоң чөгөсүң, от менен ойносоң күйөсүң”, “Эр жигитке намыс кымбат”, “Эр жигит эл
       үчүн иштейт, эрди эл даңазалайт”,”Өлсөм да арманым жок”.




                                             8
Толеранттуулук (толерантность)

Толеранттуулук идеясы алгачкы жолу БУУ тарабынан 1981-жылы жарыяланган, ал эми 1995-
жылы ЮНЕСКО Толеранттуулук принциптеринин Декларациясын эл аралык коомчулуктун
толеранттуулукту кармануу жана адамдын негизги укуктарына, адамдын инсандыгынын ар-
намысына жана баалуулугуна ишенимди бекемдөө аркылуу келечек муундарды согуш
кырсыктарынан куткарууга чечкиндүүлүгү катары сунуш кылган. Жыл сайын 16-ноябрда
Толеранттуулуктун эл аралык күнү белгиленет.

Толеранттуулук түшүнүгүнүн мааниси:

   –   Дүйнөнүн маданияттарынын, адамдык индивидуалдуулукту көрсөтүү ыкмаларынын көп
       түрдүүлүгүн урматтоо, кабыл алуу жана түшүнүү.
   –   Диндердин, этикалык баалуулуктардын көп түрдүүлүгүнө карата ички гармонияда болуу.
   –   Жеке инсандын, жамааттардын жана мамлекеттердин бири-биринин баалуулуктарына
       активдүү позитивдик мамилеси, өз ара түшүнүшүүгө жана тынчтыкта чогуу жашоого
       умтулуусу.
   –   Жекече, коомдук жана саясий сфераларда адам укуктарын, демократияны жана укуктук
       тартипти орнотууга болгон милдет.
   –   Адамдар өз табиятынан сырткы көрүнүшү, абалы, сүйлөгөн сөзү, жүрүш-турушу жана
       карманган баалуулуктары боюнча айырмаланаарын таануу.
   –   Өз ишенимдерин бекемдөөдөгү эркиндик жана ушундай эле укук башкаларга да тиешелүү
       экенин таануу.
   –   Чыдамдуулук жана ак ниеттик түрүндө бири-бирине күнүмдүк турмушта адамгерчилик
       мамиле кылуу.

Толеранттуулуктун деңгээлдери

Мамлекеттик деңгээл

Бул деңгээлде толеранттуулуктун орношу адилет, калыс мыйзамдар, укуктук тартипти, соттук-
процессуалдык жана административдик нормаларды сактоо менен камсыз кылынат.

Социалдык аспектилер

Толеранттуулуктун принциптери жеке адамдардын ортосундагы мамилелерде да, үй-бүлөлөрдүн
жана жамааттардын ортосундагы мамилелерде да бекемделүүгө тийиш.

Мектептерде жана университеттерде, үйдө жана жумушта ачыктык, бири-бирине көңүл буруу,
бири-биринин пикирлерин урматтоо, биргелешип аракеттенүүгө умтулуу мамилелерин
калыптандыруу зарыл.

Тарбия

Тарбия чыдамсыздыктын алдын алуунун эң натыйжалуу каражаты болуп саналат. Адамдарды
төмөнкү нерселерге тарбиялаш керек:

   –   инсандын укуктары жана эркиндиктери жөнүндөгү түшүнүгүн кеңейтүүгө жана аларды
       күч колдонбой укуктук коргоонун ыкмаларын өздөштүрүүгө;
   –   башкаларга карата коркуу жана чоочуркоо сезимдерин жаратышы мүмкүн болгон
       таасирлерге каршылык көрсөтүүгө;
                                            9
–   адамдарды дини же ишенимдери боюнча дискриминациялоо – инсандын ар-намысына шек
       келтирүү экенин, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин бузуу экенин түшүнүү.

Толеранттуулукту өнүктүрүү

Адамдардын ортосундагы     айырмачылыктарды     төмөнкү   категориялар   боюнча   түрлөргө
бөлүштүрүүгө болот:

   –   биологиялык айырмачылыктар;
   –   маданий, анын ичинде диний, тилдик айырмачылыктар;
   –   экономикалык айырмачылыктар;
   –   саясий жана идеялык айырмачылыктар;
   –   моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктар боюнча айырмачылыктар.

Азыркы дүйнөдө коом канчалык демократиялуу болгон сайын, адамдардын ортосундагы
айырмачылыктар ошончолук көп.

Социалдык жана маданий айырмачылыктарга жекече жана коомдук мамиленин тиби катары,
башкалардын көз караштарына, ишенимдерине жана жүрүш-туруш формаларына чыдамдуулук
катары,  толеранттуулукту   цивилизациялануунун,     саясий маданияттын деңгээлинин
фундаменталдык белгилеринин бири катары кароого болот.

Атуулдук институттар тарабынан “Чоочунга” маданият аралык толеранттуулук этикасынын
кодекси иштелип чыккан:

   1. Өз маданиятыңа кандай урмат кылсаң, аудиториянын маданиятына да ошондой урмат
       менен мамиле кыл;
   2. Башка маданияттардын баалуулуктарын, ишенимдерин жана адаттарын өз
       баалуулуктарыңа таянып баалаба;
   3. Өз диниңдин башка динден артыкчылыгына эч качан таянба;
   4. Башка диндин өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатып, ал динди түшүнүүгө жана урматтоого
       аракет кыл;
   5. Башка элдердин өзүнө гана таандык спецификалык керектөөлөрүнүн жана ресурстарынын
       таасири алдында калыптанган тамак даярдоо жана тамактануу салттарын түшүнүүгө
       умтул;
   6. Башка маданияттарда кабыл алынган кийим кийүү ыкмаларын урматта;
   7. Көнүмүш эмес жыттар башка маданияттардын адамдары тарабынан жагымдуу кабыл
       алынып жатса, ал жыттардан жийиркенгениңди билгизбе;
   8. Теринин түсүнө тигил же бул адам менен карым-катыштын “табигый” негизи катары
       мамиле кылба;
   9. Эгер адамдын акценти сеникинен айырмаланса, ага кемсинтүүчү мамиле кылба;
   10. Канчалык кичине болсо да, ар бир маданият дүйнөгө бир нерсе бере аларын, ошол эле
       учурда эч бир маданият бардык аспектилерге монополия орното албасын түшүн;
   11. Бир этникалык топтун башкалардан артыкчылыкка ээ экенин эч бир илимий маалымат
       далилдей албаганын дайыма эсиңе тут.

Биз башка маданияттарга карата чыдамдуу болууга үйрөнүшүбүз, өзүбүздүн маданий же улуттук
кекирейүүбүздү (бой көтөрүүбүздү) жок кылышыбыз керек.

Башка маданияттардын өкүлдөрүнүн ыйык сактаган социалдык нормалары жана ырым-
жырымдары, биздин нормаларыбыз жана ырым-жырымдарыбыз сыяктуу эле, ошондой эле укук
менен урматталууга жана ыйык деп эсептелүүгө тийиш экенин түшүнүүгө милдеттүүбүз.
                                           10
Чыдамдуулук (толеранттуулук) ушундай аңдап-түшүнүүдөн келип чыгат, ал болбосо
жамандыктын эң коркунучтуу көрүнүштөрү оңой эле жаралышы мүмкүн. “Сабырдын түбү – сары
алтын”, “Жети өлчөп, бир кес”, “Өз камын ойлогон өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт”, “Бир өгүз
кош болбойт, жаакташкан дос болбойт”, “Акыл оошот, ырыс жугушат”.




                                             11
Адилеттик (Справедливость)

Адилеттик түшүнүгү:

   − Адамдардын каалоолорун, кызыкчылыктарын, укуктарын жана милдеттерин жөнгө
     салуучу, адамдардын чогуу жашоосунун жалпы адеп-ахлактык санкциясы;
   − Мамилелердин адамдык өз ара мамилелерден эл аралык мамилелерге чейинки түрлөрүнүн
     конфликттүүлүгүнүн адеп-ахлактык жактан жөнгө салуучу өлчөмү;
   − Чогуу жашоонун сапатынын деңгээлин аныктоочу коомдук аракеттердин жана коомдук
     трумуштун формаларынын негизги принциби;
   − Коомдук жыргалчылыктарды түзүүнүн жана сактоонун ыкмасы.

Кыргызстандык кээ бир атуулдардын адилеттик тууралуу түшүнүгү:

   − “Өзүнө жана тегерегиндегилерге калыс, объективдүү жана чынчыл мамиле кылуу”
   − “Адамдын ички өзүн-өзү баалоосу менен башкалардын ага кылган мамилесинин
     ортосундагы абсолюттук баланс”
   − “Баардык адамдардын укуктары тең болушу”
   − “Материалдык жана социалдык абалына карабастан, ар бир адам өз укуктарына ээ болуп,
     баары мыйзам алдында бирдей болушу”
   − “Бийликте коррупция жок болушу, ал эми моралдык эрежелерди баары аткарышы”

Адилеттик жана үй–бүлө

Үй-бүлөлүк жамаат атуулдар үчүн адилеттиктин баштапкы мектеби болуп саналат. Үй-бүлөлүк
мамилелерде адилеттик зарыл, бирок приоритеттүү эмес. Үй-бүлөнүн үстөмдүк кылуучу
этикалык баалуулуктары болуп сүйүү жана ишеним болуп эсептелет.

Адилеттик үй-бүлөдө жалпы жана өтө болжолдуу нормативдик ориентир болуп катышат.
Адилеттик парадоксалдуу түрдө үй-бүлөлүк мамилелерде катышууга, ошол эле учурда
катышпоого тийиш.

Адилеттик жана мамлекет

Азыркы баардык демократиялык мамлекеттер өз конституцияларында жана тармактык
мыйзамдарында адилеттик принцибин жарыялашат.

Мамлекет менен атуулдун өз ара мамилесинде адилеттик башкы принцип катары кызмат кылат.
Мамлекеттик кызматкерлердин начар моралдык даярдыгы жана этикалык сапаттарды
натыйжалуу көзөмөлдөөнүн жоктугу мамлекетте коррупциянын жайылышына өбөлгө түзөт.

Коррупция – адилеттиктин антиподу. Сөз, мыйзам менен иштин ортосундагы ажырым эл
тарабынан адилетсиздик катары кабыл алынат. Мамлекеттин мыйзамдарын аткарбоонун
негизинде коомдун этикалык нормаларынын деңгээлинин төмөндүгү жатат. “Ак ийилет, бирок
сынбайт”, “”Ачык сүйлөп, ак жүр”, “Шибегени капка ката албайсың”, “Кыңыр иш кырк жылда
билинет”.




                                           12
Коомдук жыргалчылык

Коомдук жыргалчылык – мамлекет тарабынан өз атуулдарына бирдей укукта сунуш кылынуучу
товарлар жана кызматтар.

Бул айрым адамдарга өзүнчө сунуш кылынышы мүмкүн болбогон, бардыгына бирдей сунуш
кылынуучу жыргалчылыктар:

   − бардык индивиддер пайдалана алуучу жыргалчылыктар;
   − керектөөчүлөрдүн катарынан чыгарып салууга мүмкүн эместик жана керектөөгө
     атаандашсыздык     шарттары     менен    мүнөздөлгөн адамдын керектөөлөрүн
     канааттандыруунун сиситемасы.

Коомдук жыргалчылыктар же коллективдүү керектөөдөгү жыргалчылыктар төмөнкүдөй
өзгөчөлүктөргө ээ:

   − чыгарып салынбастык белгиси – адамды бул жыргалчылыкты керектөөчүлөрдүн
     тизмесинен чыгарып салууга такыр мүмкүн эмес;
   − керектөөдөгү атаандашсыздык белгиси – жыргалчылыкты бир адамдын колдонушу
     башкалардын аны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтпайт.

Материалдык объектилер

Буга жолдор, коомдук транспорт, көчөлөрдү жарыктандыруу, китепканалар, музейлер, театрлар,
тарыхый эстеликтер кирет.

Ушул эле топко таза суу, дарыялардагы, деңиздердеги жана океандардагы жаныбарлар да
киришет.

Рухий объектилер

Бул топко: адабият, поэзия, жомоктор, эпостор, уламыштар ж.б. түрдөгү элдик оозеки
чыгармачылык, билим жана илим, маалымат, ойлоп табуулар, компьютердик программалар кирет.

Кызматтар

Кызматтардын классикалык мисалы болуп мамлекет тарабынан камсыздалуучу улуттук коргонуу,
билим берүү жана саламаттык сактоо системалары, электрондук системалар, теле, радио берүү,
интернет, байланыш кызматтары эсептелет.

Көпчүлүк суверендүү мамлекеттер демократиянын жана рынок мамилелерин өнүктүрүүнүн туусу
алдында коррупцияланган режимдерге айланып жатышат. Коррупцияланган мамлекеттик аппарат
өз өлкөсүндө коомдук жыргалчылыктардын системасын өнүктүрүүгө жөндөмсүз, анткени,
коомдук жыргалчылыктарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар бийликтеги коррупция үчүн
каражат болуп кала берет.

Тынчтыкты колдоо, курчап турган чөйрөнү сактоо, калктын жакыр катмарларынын абалын
жеңилдетүү, эмгек шарттарын жана саламаттык сактоо системаларын жакшыртуу, ошондой эле
адам укуктарын коргоо сыяктуу коомдук жыргалчылыктарды камсыз кылууга адистешкен эл
аралык уюмдар өздөрүнүн финансы бөлүштүрүү ыкмаларынын айынан улам натыйжасы азайып,
БУУ жана башка уюмдардан улам азыраак каржыланып барат.

                                            13
Өлкөлөр өз улуттук эрежелерин жана салыктарын орнотууда донор өлкөлөрдүн каалоосу менен
эсептешүүгө мажбур, анткени донор өлкөнүн коомдук жыргал чылыктардын инфракструктурасын
калыптандырууга бөлүнгөн капиталы өлкөдөн жөн эле чыгып кетиши мүмкүн.

Кыргызстанда калктын өзүн-өзү уюштуруусунун аксакалдар, жамааттар түрүндөгү этникалык
системасы калыптанган. Булар өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген нукура кыргыз
структуралары. Алар аймактык жана уруулук принциптер боюнча курулушат. Тилекке каршы,
мамлекет да, эл аралык уюмдар да бул уюмдарга заманбап билимдерди инвестиция кылышпайт.

Коомдук жыргалчылык – коомдун ар бир мүчөсү пайдалана турган жакшылык, ал атуулдук
топтордун, бизнес-структуралардын, бийликтин жергиликтүү органдарынын жана мамлекеттин
өзүнүн салымдарынын эсебинен көбөйүүгө тийиш.




                                          14

More Related Content

Similar to Карасаева А.Х. "Этика Мектеп окуучулары үчүн сөздүк"

клеткадагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
клеткадагы керемет. кyrgyz (кыргыз)клеткадагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
клеткадагы керемет. кyrgyz (кыргыз)HarunyahyaKyrgyz
 
дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)
дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)
дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)HarunyahyaKyrgyz
 
дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)
дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)
дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)HarunyahyaKyrgyz
 
дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)HarunyahyaKyrgyz
 
түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)
түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)
түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)HarunyahyaKyrgyz
 
бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)HarunyahyaKyrgyz
 

Similar to Карасаева А.Х. "Этика Мектеп окуучулары үчүн сөздүк" (6)

клеткадагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
клеткадагы керемет. кyrgyz (кыргыз)клеткадагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
клеткадагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
 
дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)
дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)
дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)
 
дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)
дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)
дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)
 
дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
 
түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)
түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)
түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)
 
бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
 

More from Tynchtykbek Zhanadylov

Хан Тенири тойканасы меню
Хан Тенири тойканасы менюХан Тенири тойканасы меню
Хан Тенири тойканасы менюTynchtykbek Zhanadylov
 
мектеп лицейинин тарыхы
мектеп  лицейинин тарыхымектеп  лицейинин тарыхы
мектеп лицейинин тарыхыTynchtykbek Zhanadylov
 
увидимся в вашингтоне (книга)
увидимся в вашингтоне (книга)увидимся в вашингтоне (книга)
увидимся в вашингтоне (книга)Tynchtykbek Zhanadylov
 
NDEX Solutions 1 ученик 1 компьютер: Концепция реформирования образования кор...
NDEX Solutions 1 ученик 1 компьютер: Концепция реформирования образования кор...NDEX Solutions 1 ученик 1 компьютер: Концепция реформирования образования кор...
NDEX Solutions 1 ученик 1 компьютер: Концепция реформирования образования кор...Tynchtykbek Zhanadylov
 
Развитие интернета в кыргызстане
Развитие интернета в кыргызстанеРазвитие интернета в кыргызстане
Развитие интернета в кыргызстанеTynchtykbek Zhanadylov
 
Профессиональное развитие учителей онлайн
Профессиональное развитие учителей онлайнПрофессиональное развитие учителей онлайн
Профессиональное развитие учителей онлайнTynchtykbek Zhanadylov
 
MegaCom: Готовность бизнеса к ИКТ в образовании
MegaCom: Готовность бизнеса к ИКТ в образованииMegaCom: Готовность бизнеса к ИКТ в образовании
MegaCom: Готовность бизнеса к ИКТ в образованииTynchtykbek Zhanadylov
 
Инфраструктура ИКТ для образования в Южной Корее
Инфраструктура ИКТ для образования в Южной Корее  Инфраструктура ИКТ для образования в Южной Корее
Инфраструктура ИКТ для образования в Южной Корее Tynchtykbek Zhanadylov
 
Единая электронная система управления образованием Кыргызской Республики edu2...
Единая электронная система управления образованием Кыргызской Республики edu2...Единая электронная система управления образованием Кыргызской Республики edu2...
Единая электронная система управления образованием Кыргызской Республики edu2...Tynchtykbek Zhanadylov
 
Внедрение ИКТ в школы Кыргызстана
Внедрение ИКТ в школы Кыргызстана  Внедрение ИКТ в школы Кыргызстана
Внедрение ИКТ в школы Кыргызстана Tynchtykbek Zhanadylov
 
Кыргызская научная и образовательная сеть krena.kg
Кыргызская научная и образовательная сеть krena.kg Кыргызская научная и образовательная сеть krena.kg
Кыргызская научная и образовательная сеть krena.kg Tynchtykbek Zhanadylov
 
Облачные технологии в образовании (Cloud computing)
Облачные технологии в образовании (Cloud computing)Облачные технологии в образовании (Cloud computing)
Облачные технологии в образовании (Cloud computing)Tynchtykbek Zhanadylov
 
20 вещей и людей, вдохновивших меня
20 вещей и людей, вдохновивших меня20 вещей и людей, вдохновивших меня
20 вещей и людей, вдохновивших меняTynchtykbek Zhanadylov
 
Tech Age Girls (TAG) Kyrgyzstan exchange to the US newsletter
Tech Age Girls (TAG) Kyrgyzstan exchange to the US newsletterTech Age Girls (TAG) Kyrgyzstan exchange to the US newsletter
Tech Age Girls (TAG) Kyrgyzstan exchange to the US newsletterTynchtykbek Zhanadylov
 

More from Tynchtykbek Zhanadylov (20)

Хан Тенири тойканасы меню
Хан Тенири тойканасы менюХан Тенири тойканасы меню
Хан Тенири тойканасы меню
 
мектеп лицейинин тарыхы
мектеп  лицейинин тарыхымектеп  лицейинин тарыхы
мектеп лицейинин тарыхы
 
увидимся в вашингтоне (книга)
увидимся в вашингтоне (книга)увидимся в вашингтоне (книга)
увидимся в вашингтоне (книга)
 
7 ата
7 ата7 ата
7 ата
 
NDEX Solutions 1 ученик 1 компьютер: Концепция реформирования образования кор...
NDEX Solutions 1 ученик 1 компьютер: Концепция реформирования образования кор...NDEX Solutions 1 ученик 1 компьютер: Концепция реформирования образования кор...
NDEX Solutions 1 ученик 1 компьютер: Концепция реформирования образования кор...
 
Развитие интернета в кыргызстане
Развитие интернета в кыргызстанеРазвитие интернета в кыргызстане
Развитие интернета в кыргызстане
 
MegaБилим
MegaБилимMegaБилим
MegaБилим
 
Профессиональное развитие учителей онлайн
Профессиональное развитие учителей онлайнПрофессиональное развитие учителей онлайн
Профессиональное развитие учителей онлайн
 
MegaCom: Готовность бизнеса к ИКТ в образовании
MegaCom: Готовность бизнеса к ИКТ в образованииMegaCom: Готовность бизнеса к ИКТ в образовании
MegaCom: Готовность бизнеса к ИКТ в образовании
 
Teacher Are Key to ICT
Teacher Are Key to ICTTeacher Are Key to ICT
Teacher Are Key to ICT
 
Инфраструктура ИКТ для образования в Южной Корее
Инфраструктура ИКТ для образования в Южной Корее  Инфраструктура ИКТ для образования в Южной Корее
Инфраструктура ИКТ для образования в Южной Корее
 
Единая электронная система управления образованием Кыргызской Республики edu2...
Единая электронная система управления образованием Кыргызской Республики edu2...Единая электронная система управления образованием Кыргызской Республики edu2...
Единая электронная система управления образованием Кыргызской Республики edu2...
 
Внедрение ИКТ в школы Кыргызстана
Внедрение ИКТ в школы Кыргызстана  Внедрение ИКТ в школы Кыргызстана
Внедрение ИКТ в школы Кыргызстана
 
Кыргызская научная и образовательная сеть krena.kg
Кыргызская научная и образовательная сеть krena.kg Кыргызская научная и образовательная сеть krena.kg
Кыргызская научная и образовательная сеть krena.kg
 
Облачные технологии в образовании (Cloud computing)
Облачные технологии в образовании (Cloud computing)Облачные технологии в образовании (Cloud computing)
Облачные технологии в образовании (Cloud computing)
 
Gce news winter 2012
Gce news winter 2012Gce news winter 2012
Gce news winter 2012
 
GCE/DYD Newsletter for December 2011
GCE/DYD Newsletter for December 2011GCE/DYD Newsletter for December 2011
GCE/DYD Newsletter for December 2011
 
Discover diplomacy website
Discover diplomacy websiteDiscover diplomacy website
Discover diplomacy website
 
20 вещей и людей, вдохновивших меня
20 вещей и людей, вдохновивших меня20 вещей и людей, вдохновивших меня
20 вещей и людей, вдохновивших меня
 
Tech Age Girls (TAG) Kyrgyzstan exchange to the US newsletter
Tech Age Girls (TAG) Kyrgyzstan exchange to the US newsletterTech Age Girls (TAG) Kyrgyzstan exchange to the US newsletter
Tech Age Girls (TAG) Kyrgyzstan exchange to the US newsletter
 

Карасаева А.Х. "Этика Мектеп окуучулары үчүн сөздүк"

  • 1. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ Туруктуу өнүктүрүү боюнча билим берүү Регионалдык Экспертиза борбору – РЦЭ Кыргызстан Карасаева А.Х. Этика Мектеп окуучулары үчүн сөздүк БИШКЕК – 2012 1
  • 2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ Туруктуу өнүктүрүү боюнча билим берүү Регионалдык Экспертиза борбору - РЦЭ Кыргызстан Карасаева А.Х. Этика Мектеп окуучулары үчүн сөздүк Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунуш кылынган БИШКЕК – 2012 2
  • 3. УДК 17 ББК 87.7 К 21 Автор – Карасаева А.Х. Техникалык редактор: Ибраимова Н.И. Орус тилинен которгон: Байтүгөлова Ж.А. Көркөм жасалгалоо: Садыкова Ч.М. АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен жана Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча экспертизанын регионалдык борборунун (РЦЭ КG) катышуусу менен басылды. АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги автордун көз карашына жооп бербейт. К 0301070000-11 ISBN 978-9967-08-266-3 УДК 17 ББК 87.7. 2012. 3
  • 4. Мазмуну Эркиндик (свобода) 4 Бакыт (счастье) 6 Ар-намыс (Достоинство) 7-8 Толеранттуулук (толерантность) 9-11 Адилеттүүлүк (Справедливость) 12 Коомдук жыргалчылык (общественное благо) 13-14 Эркиндик (свобода) 4
  • 5. Адам өзү эркиндикти тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок ошол эркиндикти пайдаланууда чоң жоопкерчиликти мойнуна алышы керек. Себеби, эркиндикти туура, акыл-эс менен пайдалануу да адамдын турмушундагы башкы маселе болуп эсептелет. Эркиндик – диндин, коомдук турмуштун түшүнүктѳрүн камтыган ѳзгѳчѳлүгүнѳ жараша тѳмѳнкүдѳй аныктамаларга ээ: - иш-аракетте чектѳѳлѳрдүн жана зордоонун жоктугу; - ѳз алдынча максат коюу жѳндѳмү; - тандап алууга мүмкүнчүлүк; - жамандык менен жакшылыктын ортосунда тандоо жүргүзүүсү; Эркиндик – бул бардык эле каалаган нерсени жасай берүү эмес. Эркиндик – ѳзүм билемдик, ѳз каалаганымды кылам дегендик эмес. Адамдардын эркиндиги сырткы чектѳѳлѳр менен шартталат: - ѳндүргүч күчтѳрдүн ѳнүгүү деңгээли; - табияттын жана коомдун мыйзамдарын таанып-билүү; - бийликтин кысымы, саясий жана укуктук зомбулук. Адамдын ички тоскоолдугу деген чектѳѳлѳр да бар. Ички чектѳѳлѳр адамдын психикалык, эмоционалдык санаркоолору менен байланышкан: - Коркуу сезими - Жеке азгырыктар - Билимдин жана тажрыйбанын жетишсиздиги Эркиндик – адамды жана бүтүндѳй этносту ѳзүнѳ ээ болуу үчүн күрѳшүүгѳ шыктандырган жогорку этикалык баалуулуктардын бири. Мисалы: “Манас” эпосунан үзүндү (такташ керек). Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечекке багыт алууга эркиндик берилет: айылда калып фермер болуп иштөөнү, же жогорку окуу жайына тапшырууну, чет мамлекетке барып билим алууну, башка мамлекетке барып иштөөнү бүтүрүүчү өзү тандайт. Макал-лакаптар. М: “Кандын үйүнүн тардыгын айт, өз алачыгыңдын кеңдигин айт”, “Башка элде султан болгуча, өз элиңде ултан бол”. Бакыт (счастье) 5
  • 6. Европалык маданиятта бакыт тѳмѳнкүчѳ каралат: - Жашоонун жалпы, шексиз оң деңгээли; - Кубаныч, ѳз жашоосуна канааттануу сезими; - Адамдын каалоолорунун жана мүмкүнчүлүктѳрүнүн бардык курамын камсыз кылган жашоо. Чыгыш маданиятында бакыт маселеси адамдын башка адамдардын алдындагы милдеттерин аткаруу багытындагы эң жогорку максаты катары каралат. Бакытка туура жүрүш-туруш аркылуу жетүүгѳ болот. Борбордук Азиянын улуу ойчулдары бакытка жетүүнү “болушунча кѳп адамдарга жакшылык кылуу” менен байланыштырып карашкан. Калифорния университетинин Сонжа (Sonja) башында турган психологдору бакытка жетүүгө беш сунушту иштеп чыгышкан: 1. Ыраазы бол 2. Жакшы нерсе жѳнүндѳ ойлон 3. Тагдырдын белектеринин эсебин жүргүз 4. Ѳзүндүн артыкчылыктарыңды колдон 5. Жакшылык кыл. Улуу Британиянын Уорвик университетинин профессору Эндрю Освальд бакытты сезүүнүн курактык динамикасын аныктаган: жаштар да, карылар да бирдей деңгээлде бактылуу боло алышат, бирок, болжол менен 44 жаш куракта – орто курактын кризиси мезгилинде, бакытка жетүү мүмкүндүгү минимумга чейин тѳмѳндѳшү мүмкүн. Бакытты жекече аңдоо-сезүү эки жол менен ишке ашышы мүмкүн: - Адам өз ѳмүр жолундагы жетишкен ийгиликтери жѳнүндѳ терең ой толгоп, жыйынтык чыгаруусу аркылуу; - Сезимди агартуучу, тазалоочу күтүлбѳгѳн терең кубаныч, ушундан улам адам күнүмдүк турмуштун майда-баратына башкача кѳз караш менен карап, жашоонун толук кандуулугуна жетүү үчүн ѳз приоритеттерин кайра карап чыгууга мүмкүндүк алат. Мисалы: “Кара кыздын агынан эмес, багынан”, “Карга баласын аппагым дейт”, “Башка келген бакытты, бактысыз адам кетирет”. Ар-намыс (Достоинство) 6
  • 7. Ар-намыс – өзүн өзү адам катары түшүнүү, айлана-чөйрөгө адам катары мамиле кылуу. Ал өзүн өзү сыйлоо менен бирге жандуу жана жансыз жаратылыштын да ар-намысын сыйлайт. Ар- намыстуу адам агрессиянын же душмандыктын көрүнүштөрүнө биринчи болуп реакция кылат. Ар-намысты эки түргө бөлүшөт: - Адамдык ар-намыс; - жеке ар-намыс Адамдык ар-намыс Бул түшүнүк жеке ар-намыстан кеңири. Ал идеологиядан, улуттук баалуулуктардан жогору турат, ал адамдык маңыздын өзү менен байланыштуу. Адам баласы жарык дүйнөгө жаралганда ага ар-намысы шексиз энчиленет. Кандай гана адам болбосун, ал наристеби, оорулуу адамбы, баарына бирдей тиешелүү ар-намыстын нормативдик маңызы бар. Эч кимди адамдардын тизмесинен чийип салууга, адамдык ар-намыстан жана адамдык укуктарынан ажыратууга болбойт. Адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк декларацияда ар-намыс адамзат үй бүлөсүнүн эч кандай чектөөсүз бардык мүчөлөрүнө тиешелүү сапат катары таанылат. Бул ар бирибиз адамдык ар-намыска ээ экенибизди, атүгүл эң коркунучтуу кылмышкер да жаңы төрөлгөн наристе менен бирдей даражада ар-намыска ээ экенин, анткени бардыгыбыз адамзат үй- бүлөсүнүн өкүлү экенибизди билдирет. Жеке ар-намыс Байыркы доордо ар-намысты жогорку социалдык абалдагы адамдарга, билимдүүлөргө же байларга гана тиешелүү деп эсептешкен. Аристотель кулдар ар-намыска ээ эмес деп эсептеген, ал эми Конфуций ар-намысты билимдүү же кызматтагы адамдардын өзгөчө белгиси катары караган. Жеке ар-намыс төрөлгөндөн кийин калыптанат. Ар-намысты тарбиялоо алгач адамдын өзүндө бар нерсени, башкача айтканда, өзүн-өзү түшүнүүнү кыймылга келтиргенден башталат деп эсептешет. Жеке ар-намысты жоготуп алууга, күчөтүүгө же алсыратууга болот. Жеке ар-намысы бар адам ар бир жүрүш-турушунда өзүн намыстуу көрсөтө алат. Жеке ар- намыста адамдын сырткы ар кандай жагдайларда сынып, ага баш ийип берүүсүнө жол бербеген өзгөчө энергетикалык кубат камтылат. Ошол Жеке ар-намыстын бар болушу – турмуштун бардык жагдайларында адамдын олуттуу жана сабырдуу болушуна шарт түзөт. Ал эми Жеке ар-намысты жоготуу – көп учурда “өзүн-өзү жоготуу” менен барабар деп айтылат. Жеке ар-намыс үч компонентти камтыйт: - ой жүгүртүүчүлүк мазмун; - аң-сезимдин ички тартиби; - гармониялык сырткы чагылыш. Изилдөөчүлөр аң-сезимдин деңгээлин жасалма төмөндөтүү жолу менен гана – ичкилик ичүү, жеңил ойлуулук, баңгизаттар аркылуу гана Ар-намыстын күчүн жоготууга болот деп эсептешет. 7
  • 8. Бирок кандай учурда болбосун, аң-сезимдин түпкүрүндө адамдык ар-намыстын кемсинүүсү, кыйналуусу кала берет. Кыз ала качуу – кыргыздын моралдык баалуулуктарынын талкаланышынын түрү суук көрүнүшү. Моралдык жабыркоонун негиздери кыргыздардын этикалык баалуулуктарын жамандоо, кемсинтүү башталган советтик доордо стихиялык түрдө калыптанып калган, өлкөнүн рыноктук мамилелерге өтүүсүнүн шартында да кеңири таркаган. Мисалы: кыргыз эл жомогу “Акыл Карачач”, жомокто акылдуу кыз табышмактарды таап өзүнүн намысын коргоп калган. “Жаңыл Мырза” дастанынан үзүндү. Ал өз намысын коргош үчүн сүйгөн адамын атып таштаган. Кыргыздардын адамдык ар-намыс жөнүндө көз караштары Кыргыздар жаңы үй-бүлөнүн пайда болушу менен эле жаңы өмүрдүн ар-намысын сактоо иш- аракеттерин көрүп, ага кам көрө башташчу. Кыргыздар жуучу түшүп, жубай тандоого өзгөчө маани беришкен. Анткени, жаңы адамдын ар-намысы анын биологиялык ата-энесинин сапатынан көз каранды болорун мыкты түшүнүшкөн. Мисалы, жубай тандоодо: - Аталык жана энелик линиялардын генетикалык тазалыгын карашкан; - “Жети ата” принцибин кармоо менен, жети ата өтмөйүнчө никелешүүгө катуу тыюу салышкан; - Кудаланган балдардын нике курагына жеткенден кийин никеге макулдук берүү укугу менен болочок жаңы адамдын Адамдык ар-намысы камсыз кылынган. Мында болочок ата- энелердин моралдык жоокерчиликти сезүүсүнө маани берилген. Мисалы: “Сөзүм өлгөнчө, өзүм өлөйүн”, “Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт”, “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”,”Баатырдын көркү маңдайда, чечендин көркү таңдайда”, “Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан”, Бакылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз”, “Акыл – жаштан, асыл – таштан”, “Аккан сууда арам жок”, “Суу – өмүр булагы”, “Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген”, “Суу менен ойносоң чөгөсүң, от менен ойносоң күйөсүң”, “Эр жигитке намыс кымбат”, “Эр жигит эл үчүн иштейт, эрди эл даңазалайт”,”Өлсөм да арманым жок”. 8
  • 9. Толеранттуулук (толерантность) Толеранттуулук идеясы алгачкы жолу БУУ тарабынан 1981-жылы жарыяланган, ал эми 1995- жылы ЮНЕСКО Толеранттуулук принциптеринин Декларациясын эл аралык коомчулуктун толеранттуулукту кармануу жана адамдын негизги укуктарына, адамдын инсандыгынын ар- намысына жана баалуулугуна ишенимди бекемдөө аркылуу келечек муундарды согуш кырсыктарынан куткарууга чечкиндүүлүгү катары сунуш кылган. Жыл сайын 16-ноябрда Толеранттуулуктун эл аралык күнү белгиленет. Толеранттуулук түшүнүгүнүн мааниси: – Дүйнөнүн маданияттарынын, адамдык индивидуалдуулукту көрсөтүү ыкмаларынын көп түрдүүлүгүн урматтоо, кабыл алуу жана түшүнүү. – Диндердин, этикалык баалуулуктардын көп түрдүүлүгүнө карата ички гармонияда болуу. – Жеке инсандын, жамааттардын жана мамлекеттердин бири-биринин баалуулуктарына активдүү позитивдик мамилеси, өз ара түшүнүшүүгө жана тынчтыкта чогуу жашоого умтулуусу. – Жекече, коомдук жана саясий сфераларда адам укуктарын, демократияны жана укуктук тартипти орнотууга болгон милдет. – Адамдар өз табиятынан сырткы көрүнүшү, абалы, сүйлөгөн сөзү, жүрүш-турушу жана карманган баалуулуктары боюнча айырмаланаарын таануу. – Өз ишенимдерин бекемдөөдөгү эркиндик жана ушундай эле укук башкаларга да тиешелүү экенин таануу. – Чыдамдуулук жана ак ниеттик түрүндө бири-бирине күнүмдүк турмушта адамгерчилик мамиле кылуу. Толеранттуулуктун деңгээлдери Мамлекеттик деңгээл Бул деңгээлде толеранттуулуктун орношу адилет, калыс мыйзамдар, укуктук тартипти, соттук- процессуалдык жана административдик нормаларды сактоо менен камсыз кылынат. Социалдык аспектилер Толеранттуулуктун принциптери жеке адамдардын ортосундагы мамилелерде да, үй-бүлөлөрдүн жана жамааттардын ортосундагы мамилелерде да бекемделүүгө тийиш. Мектептерде жана университеттерде, үйдө жана жумушта ачыктык, бири-бирине көңүл буруу, бири-биринин пикирлерин урматтоо, биргелешип аракеттенүүгө умтулуу мамилелерин калыптандыруу зарыл. Тарбия Тарбия чыдамсыздыктын алдын алуунун эң натыйжалуу каражаты болуп саналат. Адамдарды төмөнкү нерселерге тарбиялаш керек: – инсандын укуктары жана эркиндиктери жөнүндөгү түшүнүгүн кеңейтүүгө жана аларды күч колдонбой укуктук коргоонун ыкмаларын өздөштүрүүгө; – башкаларга карата коркуу жана чоочуркоо сезимдерин жаратышы мүмкүн болгон таасирлерге каршылык көрсөтүүгө; 9
  • 10. адамдарды дини же ишенимдери боюнча дискриминациялоо – инсандын ар-намысына шек келтирүү экенин, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин бузуу экенин түшүнүү. Толеранттуулукту өнүктүрүү Адамдардын ортосундагы айырмачылыктарды төмөнкү категориялар боюнча түрлөргө бөлүштүрүүгө болот: – биологиялык айырмачылыктар; – маданий, анын ичинде диний, тилдик айырмачылыктар; – экономикалык айырмачылыктар; – саясий жана идеялык айырмачылыктар; – моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктар боюнча айырмачылыктар. Азыркы дүйнөдө коом канчалык демократиялуу болгон сайын, адамдардын ортосундагы айырмачылыктар ошончолук көп. Социалдык жана маданий айырмачылыктарга жекече жана коомдук мамиленин тиби катары, башкалардын көз караштарына, ишенимдерине жана жүрүш-туруш формаларына чыдамдуулук катары, толеранттуулукту цивилизациялануунун, саясий маданияттын деңгээлинин фундаменталдык белгилеринин бири катары кароого болот. Атуулдук институттар тарабынан “Чоочунга” маданият аралык толеранттуулук этикасынын кодекси иштелип чыккан: 1. Өз маданиятыңа кандай урмат кылсаң, аудиториянын маданиятына да ошондой урмат менен мамиле кыл; 2. Башка маданияттардын баалуулуктарын, ишенимдерин жана адаттарын өз баалуулуктарыңа таянып баалаба; 3. Өз диниңдин башка динден артыкчылыгына эч качан таянба; 4. Башка диндин өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатып, ал динди түшүнүүгө жана урматтоого аракет кыл; 5. Башка элдердин өзүнө гана таандык спецификалык керектөөлөрүнүн жана ресурстарынын таасири алдында калыптанган тамак даярдоо жана тамактануу салттарын түшүнүүгө умтул; 6. Башка маданияттарда кабыл алынган кийим кийүү ыкмаларын урматта; 7. Көнүмүш эмес жыттар башка маданияттардын адамдары тарабынан жагымдуу кабыл алынып жатса, ал жыттардан жийиркенгениңди билгизбе; 8. Теринин түсүнө тигил же бул адам менен карым-катыштын “табигый” негизи катары мамиле кылба; 9. Эгер адамдын акценти сеникинен айырмаланса, ага кемсинтүүчү мамиле кылба; 10. Канчалык кичине болсо да, ар бир маданият дүйнөгө бир нерсе бере аларын, ошол эле учурда эч бир маданият бардык аспектилерге монополия орното албасын түшүн; 11. Бир этникалык топтун башкалардан артыкчылыкка ээ экенин эч бир илимий маалымат далилдей албаганын дайыма эсиңе тут. Биз башка маданияттарга карата чыдамдуу болууга үйрөнүшүбүз, өзүбүздүн маданий же улуттук кекирейүүбүздү (бой көтөрүүбүздү) жок кылышыбыз керек. Башка маданияттардын өкүлдөрүнүн ыйык сактаган социалдык нормалары жана ырым- жырымдары, биздин нормаларыбыз жана ырым-жырымдарыбыз сыяктуу эле, ошондой эле укук менен урматталууга жана ыйык деп эсептелүүгө тийиш экенин түшүнүүгө милдеттүүбүз. 10
  • 11. Чыдамдуулук (толеранттуулук) ушундай аңдап-түшүнүүдөн келип чыгат, ал болбосо жамандыктын эң коркунучтуу көрүнүштөрү оңой эле жаралышы мүмкүн. “Сабырдын түбү – сары алтын”, “Жети өлчөп, бир кес”, “Өз камын ойлогон өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт”, “Бир өгүз кош болбойт, жаакташкан дос болбойт”, “Акыл оошот, ырыс жугушат”. 11
  • 12. Адилеттик (Справедливость) Адилеттик түшүнүгү: − Адамдардын каалоолорун, кызыкчылыктарын, укуктарын жана милдеттерин жөнгө салуучу, адамдардын чогуу жашоосунун жалпы адеп-ахлактык санкциясы; − Мамилелердин адамдык өз ара мамилелерден эл аралык мамилелерге чейинки түрлөрүнүн конфликттүүлүгүнүн адеп-ахлактык жактан жөнгө салуучу өлчөмү; − Чогуу жашоонун сапатынын деңгээлин аныктоочу коомдук аракеттердин жана коомдук трумуштун формаларынын негизги принциби; − Коомдук жыргалчылыктарды түзүүнүн жана сактоонун ыкмасы. Кыргызстандык кээ бир атуулдардын адилеттик тууралуу түшүнүгү: − “Өзүнө жана тегерегиндегилерге калыс, объективдүү жана чынчыл мамиле кылуу” − “Адамдын ички өзүн-өзү баалоосу менен башкалардын ага кылган мамилесинин ортосундагы абсолюттук баланс” − “Баардык адамдардын укуктары тең болушу” − “Материалдык жана социалдык абалына карабастан, ар бир адам өз укуктарына ээ болуп, баары мыйзам алдында бирдей болушу” − “Бийликте коррупция жок болушу, ал эми моралдык эрежелерди баары аткарышы” Адилеттик жана үй–бүлө Үй-бүлөлүк жамаат атуулдар үчүн адилеттиктин баштапкы мектеби болуп саналат. Үй-бүлөлүк мамилелерде адилеттик зарыл, бирок приоритеттүү эмес. Үй-бүлөнүн үстөмдүк кылуучу этикалык баалуулуктары болуп сүйүү жана ишеним болуп эсептелет. Адилеттик үй-бүлөдө жалпы жана өтө болжолдуу нормативдик ориентир болуп катышат. Адилеттик парадоксалдуу түрдө үй-бүлөлүк мамилелерде катышууга, ошол эле учурда катышпоого тийиш. Адилеттик жана мамлекет Азыркы баардык демократиялык мамлекеттер өз конституцияларында жана тармактык мыйзамдарында адилеттик принцибин жарыялашат. Мамлекет менен атуулдун өз ара мамилесинде адилеттик башкы принцип катары кызмат кылат. Мамлекеттик кызматкерлердин начар моралдык даярдыгы жана этикалык сапаттарды натыйжалуу көзөмөлдөөнүн жоктугу мамлекетте коррупциянын жайылышына өбөлгө түзөт. Коррупция – адилеттиктин антиподу. Сөз, мыйзам менен иштин ортосундагы ажырым эл тарабынан адилетсиздик катары кабыл алынат. Мамлекеттин мыйзамдарын аткарбоонун негизинде коомдун этикалык нормаларынын деңгээлинин төмөндүгү жатат. “Ак ийилет, бирок сынбайт”, “”Ачык сүйлөп, ак жүр”, “Шибегени капка ката албайсың”, “Кыңыр иш кырк жылда билинет”. 12
  • 13. Коомдук жыргалчылык Коомдук жыргалчылык – мамлекет тарабынан өз атуулдарына бирдей укукта сунуш кылынуучу товарлар жана кызматтар. Бул айрым адамдарга өзүнчө сунуш кылынышы мүмкүн болбогон, бардыгына бирдей сунуш кылынуучу жыргалчылыктар: − бардык индивиддер пайдалана алуучу жыргалчылыктар; − керектөөчүлөрдүн катарынан чыгарып салууга мүмкүн эместик жана керектөөгө атаандашсыздык шарттары менен мүнөздөлгөн адамдын керектөөлөрүн канааттандыруунун сиситемасы. Коомдук жыргалчылыктар же коллективдүү керектөөдөгү жыргалчылыктар төмөнкүдөй өзгөчөлүктөргө ээ: − чыгарып салынбастык белгиси – адамды бул жыргалчылыкты керектөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарып салууга такыр мүмкүн эмес; − керектөөдөгү атаандашсыздык белгиси – жыргалчылыкты бир адамдын колдонушу башкалардын аны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтпайт. Материалдык объектилер Буга жолдор, коомдук транспорт, көчөлөрдү жарыктандыруу, китепканалар, музейлер, театрлар, тарыхый эстеликтер кирет. Ушул эле топко таза суу, дарыялардагы, деңиздердеги жана океандардагы жаныбарлар да киришет. Рухий объектилер Бул топко: адабият, поэзия, жомоктор, эпостор, уламыштар ж.б. түрдөгү элдик оозеки чыгармачылык, билим жана илим, маалымат, ойлоп табуулар, компьютердик программалар кирет. Кызматтар Кызматтардын классикалык мисалы болуп мамлекет тарабынан камсыздалуучу улуттук коргонуу, билим берүү жана саламаттык сактоо системалары, электрондук системалар, теле, радио берүү, интернет, байланыш кызматтары эсептелет. Көпчүлүк суверендүү мамлекеттер демократиянын жана рынок мамилелерин өнүктүрүүнүн туусу алдында коррупцияланган режимдерге айланып жатышат. Коррупцияланган мамлекеттик аппарат өз өлкөсүндө коомдук жыргалчылыктардын системасын өнүктүрүүгө жөндөмсүз, анткени, коомдук жыргалчылыктарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар бийликтеги коррупция үчүн каражат болуп кала берет. Тынчтыкты колдоо, курчап турган чөйрөнү сактоо, калктын жакыр катмарларынын абалын жеңилдетүү, эмгек шарттарын жана саламаттык сактоо системаларын жакшыртуу, ошондой эле адам укуктарын коргоо сыяктуу коомдук жыргалчылыктарды камсыз кылууга адистешкен эл аралык уюмдар өздөрүнүн финансы бөлүштүрүү ыкмаларынын айынан улам натыйжасы азайып, БУУ жана башка уюмдардан улам азыраак каржыланып барат. 13
  • 14. Өлкөлөр өз улуттук эрежелерин жана салыктарын орнотууда донор өлкөлөрдүн каалоосу менен эсептешүүгө мажбур, анткени донор өлкөнүн коомдук жыргал чылыктардын инфракструктурасын калыптандырууга бөлүнгөн капиталы өлкөдөн жөн эле чыгып кетиши мүмкүн. Кыргызстанда калктын өзүн-өзү уюштуруусунун аксакалдар, жамааттар түрүндөгү этникалык системасы калыптанган. Булар өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген нукура кыргыз структуралары. Алар аймактык жана уруулук принциптер боюнча курулушат. Тилекке каршы, мамлекет да, эл аралык уюмдар да бул уюмдарга заманбап билимдерди инвестиция кылышпайт. Коомдук жыргалчылык – коомдун ар бир мүчөсү пайдалана турган жакшылык, ал атуулдук топтордун, бизнес-структуралардын, бийликтин жергиликтүү органдарынын жана мамлекеттин өзүнүн салымдарынын эсебинен көбөйүүгө тийиш. 14