SlideShare a Scribd company logo
1 of 91
КЛЕТКА ЖӨНҮНДӨ
40 БАЯН
ХАРУН ЯХЬЯ
(АДНАН ОКТАР)
Bu kitapta kullanılan ayetler, Ali Bulaç'ın hazırladığı
"Kur'an-ı Kerim ve Türkçe Anlamı" isimli mealden alınmıştır.
Birinci Baskı: Kasım 200 5
İkinci Baskı: Eylül 2008
ARAŞTIRMA
YAYINCILIK
Talatpaşa Mah. Emirgazi Caddesi
İbrahim Elmas İş Merkezi Blok Kat 4
Okmeydanı - İstanbul
Tel: (0 212) 222 00 88
Baskı: Seçil Ofset100. Yıl Mahallesi
MAS-SİT Matbaacılar Sitesi
4. Cadde No: 77 Bağcılar-İstanbul
Tel: (0 212) 629 06 15
www.harunya hya.org - www.haruny a hy a . n e t
МАЗМУНУ
Киришүү
Кандагы суюктуктун көлөмүн текшерген көзөмөлдөөчүлөр
Денедеги кемчиликсиз коргонуу системасы
Эненин сүтү жана окситосин гормону
Кальций өлчөгүчтөр
Шекер фабрикасы
Тез жардам: адреналин гормону
Денени тазалаган лизоcома энзимдери
Кандын басымын көзөмөлдөгөн кемчиликсиз система
Чоңойуу гормону
Денебиздеги жаңылбаган саат
Дененин температурасын жөнгө салган кереметтүү молекула
Кереметтүү тактыктагы тең салмактуулук
Наристе үчүн даярданган гормондор -1
Наристе үчүн даярданган гормондор -2
Эркектин көбөйүү системасындагы гормондор
Тестостерон гормонунун башка өзгөчөлүктөрү
Кычкылтек ташыган кереметтүү молекула: гемоглобин
Клеткадагы байланыш системасы
Кабарчы гормондун клетка ичиндеги сапары
Клеткадагы байланыштын көзөмөлдөнүшү
Клеткадагы протеиндердин жолу
Нерв клеткаларындагы химиялык байланыш
Таланттуу кабарчы азот-оксид (NO)
Эндотелий клеткасы = NO (азот-оксид) өндүрүү борбору
Денебиздеги мунайзат (нефть) тазалоочу (иштетүүчү) борбор
Боорго жайгаштырылган «бактерия жок кылуу машиналары»
ДНКнын көчүрүлүшү (копияланышы)
Оңдоочу энзимдер
Протеин өндүрүшү
Протеин өндүрүшүнүн акыркы баскычы
Клетканын кабыкчасы жана уюшулган 100 триллион жумушчу
Угуу учурунда кандай процесстер жүрөт?
Кандын уюшу
Коргонуу системасы
B12 витамининин сапары
Адам денесинин химиги: уйку бези (панкреас)
Клетканын кабыкчасындагы жүк ташыгыч молекулалар
Денени коргоого милдеттендирилген комплеман протеиндери
Кислотага каршы формула чыгарган молекулалар
Жумуртка клеткаларынын акылдуулугу
Жыйынтык
Дарвинизмдин кыйрашы
АВТОР ЖАНА ЭМГЕКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ
Эмгектеринде Харун Яхья атын колдонгон автор (Аднан Октар) 1956-жылы
Анкарада (Түркия) төрөлдү. Башталгыч, орто мектеп жана лицейди Анкарада бүтүрдү.
Андан соң Стамбул Мимар Синан университетинин Көркөм өнөр факультетинде жана
Стамбул университети Философия бөлүмүндө билим алды. 1980-жылдардан бери
ыйман, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектер даярдады. Мындан тышкары,
автордун эволюция теориясынын жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын, алардын
жактаган нерселеринин (эволюция теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин
кандуу идеологиялар менен болгон караңгы (жашыруун) байланыштарын ортого койгон
абдан маанилүү эмгектери бар.
Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 30000 сүрөттү камтыган жалпысы 45000 беттик
бир эмгектер жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы дүйнөнүн 60 тилине
которулган.
Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш тартуучу пикирлерге
каршы күрөшкөн эки пайгамбардын урматына, алардын атын эскерүү үчүн Харун (Муса
пайгамбардын жардамчысы) жана Яхья (Иса пайгамбардын жардамчысы) аттарынан
куралган. Автор тарабынан китептеринин сыртында колдонулган Расулуллахтын
мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси – китептердин мазмуну менен
байланыштуу. Бул мөөр Куран-ы Керимдин Аллахтын акыркы китеби жана акыркы сөзү,
Пайгамбарыбыз (С.А.В.)дын да хатем-ул анбия экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка
чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана Расулуллахтын (С.А.В.) сүннөтүн өзүнө
жол көрсөткүч кылууда. Ушундай жол менен баш тартуучу философия системаларынын
бардык негизги жактаган нерселерин бир бирден жыгууну жана динге каршы
багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун жабуучу «акыркы сөздү» айтууна
максат кылууда. Абдан терең акыл (хикмат) ээси жана идеалдуу инсан Расулуллахтын
(С.А.В.) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары колдонулуп
келүүдө.
Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат – Куранга чакырууну бүт
дүйнөгө жеткирүү, мындай жол менен адамдардын Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы
жана акырет сыяктуу негизги ыйман темалары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү
болуу жана чындыктан (Аллахтан) баш тартуучу системалардын чирик фундаменттерин
жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып, адамзатка көрсөтүү.
Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга,
Польшадан Босния-Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөнүн көптөгөн
өлкөлөрүндө жактырылуу менен окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан,
португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур, индонезия тилдери сыяктуу
көптөгөн тилге которулган бул эмгектер Түркия сыртында да көптөгөн китеп окуучулар
тарабынан окулуп келүүдө.
Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун алган бул
эмгектер көптөгөн адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын
тереңдешине себепчи болууда. Китептерди окуп, анализдеген ар бир адам бул
эмгектердин терең акыл, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана чын жүрөктөн чыккан
сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын байкашууда. Бул эмгектер – ылдам
таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана толук илимий болуу
өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул эмгектерди окуган жана булар жөнүндө терең ойлонгон адамдар
материалисттик философия, атеизм жана ар кандай адашкан ой-пикир жана
философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат. Муну түшүнгөндөн кийин
материализмди жактагандар ызалык, өжөрлүктөрү айынан гана жакташат, себеби
илимий тараптан материализм жокко чыгарылды. Заманыбызда бардык чындыктан баш
тартуучу агымдар Харун Яхья эмгектеринен илимий, идеялык жактан толук жеңилген
абалда.
Шек жок, мындай өзгөчөлүктөр – Курандын терең мазмундуулугу жана өзгөчө
баяндоосунун натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат кылбайт,
жалаң гана Аллахтын адамдарды туура жолго салуусуна себепчи болуу ниетинде.
Мындан тышкары, бул эмгектердин жарыкка чыгып, таралышында акча табуу максат
кылынбайт.
Бул чындыктарды эске алсак, адамдардын байкабаган чындыктарды байкашын
камсыз кылган, алардын туура жолду табышына жардамчы болгон бул эмгектерди
окууга үндөөнүн абдан маанилүү бир кызмат экендиги жакшы түшүнүктүү болот.
Бул баалуу эмгектерди таанытуу ордуна, адамдардын башын айланткан,
пикирлерде кайчылаштыктар, күмөндөр жараткан, ыйманды куткарууда күчтүү жана так
бир таасири болбогон демейки, монотондуу китептерди жайылтуу эмгек жана убакыт
жоготуусуна алып келет. Негизги максат ыйманды куткаруу эмес, автордун адабий күчүн
көрсөтүү болгон эмгектердин күчтүү таасирдүүлүккө жетиши кыйын. Бул бойунча
шектенүү жаралгандар бар болсо, Харун Яхьянын эмгектеринин максатынын динсиздик
менен күрөшүү жана Куран ахлагын жайуу гана экендигин бул кызматтын таасири,
ийгиликтери жана окурмандардын ыраазы болгонунан байкашса болот.
Дүйнөдөгү зулум жана баш аламандыктар, Мусулмандар көрүп жаткан
азаптардын негизги себебинин динсиздик пикирлеринин дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн
натыйжасы экендигин билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн динсиздикти илим менен
жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын ортого койуу жана Куран ахлагын адамдар
түшүнө ала турган деңгээлде түшүндүрүү зарыл. Зулумдук, согуштар күчөгөн азыркы
күндө бул кызматтын колдон келишинче ылдам болушу айдан ачык. Болбосо кеч болуп
калышы мүмкүн.
Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун Яхья эмгектери,
Аллахтын буйругу менен, XXI кылымда дүйнө инсандарын Куранда сүрөттөлгөн
бейпилдик жана тынчтыкка, чынчылдык жана адилеттүүлүккө, сулуулук жана
бактылуулукка жеткирүүгө бир себепчи болмокчу.
ОКУРМАНГА
Автордун эмгектеринде эволюция теориясынын кыйрашына атайын орун
беришинин себеби – бул теориянын ар түрдүү динге каршы бир философиянын негизин
түзүгөндүгүндө. Жаратылуу жана натыйжада Аллахтын бар экендигинен баш тарткан
дарвинизм 140 жылдан бери көптөгөн адамдардын ыйманын жоготушуна же
жүрөктөрүндө күмөн жаралышына себеп болуп келди. Ошондуктан, бул теориянын бир
калп экендигин ачык далилдөө - абдан маанилүү ыймандык милдет. Бул маанилүү
кызматтын бардык адамдарга жеткирилиши зарыл.
Дагы бир белгилей кетчү жагдай – бул китептердин мазмуну менен байланыштуу.
Автордун бардык китептеринде ыйман темалары Куран аяттары негизинде
түшүндүрүлүүдө, адамдар Аллахтын аяттарын үйрөнүүгө жана жашоого чакырылууда.
Аллахтын аяттары менен байланыштуу бардык темалар окурмандын акылында эч
кандай күмөн же суроо белгиси жаралбай турган негизде түшүндүрүлүүдө.
Түшүндүрүүдө колдонулган чынчыл, жөнөкөй баян китептердин жаш-кары дебей
бүт адамдардын оңой түшүнүшүнө шарт түзүүдө. Таасирдүү жана жөнөкөй баян
колдонулган китептер - «бир токтобой окулчу» китеп өзгөчөлүгүнө ээ. Динден баш
тартуу бойунча өжөрлүк көрсөткөн адамдар да бул китептерде түшүндүрүлгөн
чындыктардан таасирленүүдө жана түшүндүрүлгөндөрдү калпка чыгара албай келет.
Бул китеп жана автордун башка эмгектерин окурмандар жалгыз окуса да,
маектешүү чөйрөсүндө окушса да болот. Бул китептенден пайдаланууну каалагандардын
чогуу маек курушу, тажрыйба жана пикирлерин ортого койушу пайдалуу болот.
Ошондой эле, жалаң гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жазылган бул
китептердин таанылышы жана окулушуна себепчи болуу да чоң кызмат болмокчу.
Себеби автордун бардык китептеринде далил жана ишендирүү тарабы абдан күчтүү.
Ушул себептен динди түшүндүрүүнү каалагандар үчүн эң эффективдүү ыкма – бул
китептерди окууга башка адамдарды да үндөө болмокчу.
Бул эмгектерде башка кээ бир эмгектерде байкалчу жазуучунун жекече ойлору,
шектүү булактарга таянган сөздөрү, ыйык нерселерге болгон керектүү адап жана урматка
көңүл бурбаган баяндар, үмүтсүз, күмөн жаратуучу түшүндүрүүлөрдү жолуктурбайсыз.
КИРИШҮҮ
Бир курулуш же чыгармадагы кереметти түшүнө алуу жана баалай алуу үчүн
көбүнчө ал курулуш же чыгарма жөнүндө терең маалымат алуу, ал жөнүндө ойлонуу
керек болот. Мисалы, Египет пирамидалары жөнүндө терең маалыматы болбогон бир
адам аларды болгону чөлдөгү топтолгон таштар катары гана көрүшү мүмкүн, ал тургай
эмне үчүн дүйнөнүн 7 кереметинин бирөөсү экендигин түшүнө албашы мүмкүн. Бирок
бул пирамидалардын ар бири орточо 2,5 тонна оордуктагы дээрлик 2,3 миллион таш
блокторунан тураары, пирамидалардын жерге жайгаштырылышында колдонулган
геометрия билими, таштарды кесүүдөгү тактык, бул курулуштун ири көлөмү жана бул
пирамидалар курулган доордогу шарт жана технология жөнүндө маалымат алынганда,
чындап эле ал пирамидалардын керемет экендиги апачык көрүнөт. Пирамидалардын
ички архитектурасы, ичиндеги коридорлор жана дагы көптөгөн сырлар жөнүндө
маалымат алынганда болсо, ал кереметтерге болгон суктануу андан да өсөт.
Ушул мисалдагы сыяктуу, сырткы көрүнүшүнүн кемчиликсиздиги менен бирге
көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүккө ээ болгон адамдын денесине да бул абал тиешелүү.
Адам эгер майда-бараттар жөнүндө маалымат албай жана алар жөнүндө ойлонбосо,
дайыма өз денесинде, айланасында болуп жаткан кереметтерди байкай албайт.
Чындыгында болсо, алдынан келе жаткан унаа мени сүзөт деп корккондо, тумоого
чалдыкканда, кан басымы көтөрүлгөндө же бир досуна жолугуп саламдашканда, ар бир
адамдын денесинде кереметтүү окуялар ишке ашат. Секундалар, ал тургай көз ирмемдер
ичинде көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон кичинекей молекулалар адамдын ичинде
аарылардай иштешип, адам өзү да түшүнүүдө кыйнала тургандай татаал, жана абдан
көп маалымат жана адистик талап кылган жумуштарды жасашат.
Бүт ааламды, жандууларды жана адамды жараткан Улуу Аллах, албетте, бул
кемчиликсиз системаларды жана кереметтүү таланттары болгон молекулаларды бир
максат менен жараткан. Ошондуктан, акылдуу жана абийирдүү ар бир адам Аллахтын
жаратуу кереметтерин окуп үйрөнүшү жана алар жөнүндө ойлонушу зарыл. Буларды
окуп үйрөнүү мындай кереметтерди жараткан Раббибиздин чексиз күч-кудуретин,
илимин, акылын, улуулугун жана бийиктигин жакшыраак түшүнүшүбүзгө себепчи
болот. Аллах аятында билдиргендей «...Кулд а ры арасынан болсо Аллахтан
жала ң гана илим д ү ү л ө р «ичтери титирөө менен корку ша т. ..»
(Фатыр Сүрөсү, 28)
Бул китеп Рахман жана Рахим болгон Раббибиздин бар экендигинин кээ бир
далилдерин, Анын кемчиликсиз жаратуу чеберчилигин бүт адамдар көрүп түшүнө ала
тургандай жана ал жөнүндө ойлоно ала тургандай деңгээлде түшүндүрүү үчүн
даярдалды. Адам – Аллах жараткан бир жандык. Китеп боюнча да көрүлө тургандай,
атомдоруна, эң кичинекей молекулаларына чейин Аллахтын илими менен кыймылдоодо
жана ааламдагы бүт жандыктар сыяктуу Анын күч-кудуретине моюн сунган абалда.
АКЫЛДУУ ПЛАН, Т.А. ЖАРАТЫЛУУ
Аллах жаратуу үчүн план курууга
муктаж эмес
Китеп боюнча кээ кээде колдонулган «план» сөзүн туура түшүнүү зарыл.
Аллахтын кемчиликсиз бир план менен жараткандыгы Раббибиз алгач план куруп,
андан соң жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби болгон
Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план, долбоор» жасоого муктаж эмес экендигин
билүү керек. Аллахтын пландоосу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай
кемчиликтерден аруу, улук.
Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын болушу үчүн бир
гана «Бол!» деши жетиштүү. Аяттарда мындайча буюрулат:
Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол
замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун
кааласа, ага жалаң гана «БОЛ» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара
Сүрөсү, 117)
КЛЕТКА ЖӨНҮНДӨ 40 БАЯН
1-БАЯН
КАНДАГЫ СУЮКТУКТУН КӨЛӨМҮН
ТЕКШЕРГЕН КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮЛӨР
Адамдын денесиндеги суунун көлөмү абдан маанилүү. Суунун белгилүү бир
деңгээлден төмөн болушу же денеде ашыкча суу топтолушу адамдын жашоосуна кооптуу
натыйжаларды жаратат. Сиз денеңиз үчүн эң идеалуу суу көлөмү канчалык экенин
билесизби? Анан да, дайыма денеңиздеги суунун көлөмүн өлчөп, анын керектүү көлөмдө
болушу үчүн чараларды көрө аласызбы? Албетте, жок. Балким, бул саптарды окуганга
чейин бул жөнүндө эч ойлонгон да эместирсиз. Себеби денеңизде бул маанилүү
кызматты сиздин ордуңузга аткарган кереметтүү бир система бар. Бул системанын
майда-бараттары адамды таң калтырган бир катар жаратылуу кереметтеринен турат.
Эми бул системаны карап көрөлү:
Мээдеги гипоталамус клеткаларынын кабыкчаларында кабылдагычтар бар. Бул
кабылдагычтарга кандагы суюктуктун көлөмүн өлчөө милдети жүктөлгөн.
Байкалгандай, кандагы суюктуктун көлөмүн өлчөөчүлөр – лаборант же докторлор эмес,
көз менен көрө албагандай кичинекей болгон клетканын ипичке кабыкчасындагы абдан
кичинекей кабылдагычтар. Бул кабылдагычтардын кызматынын канчалык чоң бир
маалымат, талант жана техника талап кылаарын түшүнүү үчүн мындай бир салыштыруу
жасайлы: бир адамдын алдына бир шише кан коюлганда, бул кандын ичиндеги
суюктуктун үлүшүн айта албайт. Мындай эсептөөнү жасай алуу үчүн бул темада адис
болушу керек. Бул да жетиштүү эмес. Мындан тышкары, керектүү өлчөөлөрдү жасоо
үчүн бир лабораторияга жана техникалык каражаттарга муктаж. Ал эми, клетка
кабыкчасындагы кабылдагычтар эч кандай маалыматы болбостон, эч кандай техникалык
каражаттарды колдонбостон, адамдын жашоосу боюнча мындай өлчөөнү жасашат.
Бул кичинекей кабылдагычтардын милдети муну менен эле чектелбейт. Эгер
кандагы суюктуктун үлүшү зарыл деңгээлден төмөн экендиги аныкталса, ылдам
керектүү чараларды көрүшөт. Бул кереметтүү бир көрүнүш. Мындан тышкары,
кабылдагычтар бир гана суюктук үлүшүн өлчөп эле тим болушпайт, эң идеалдуу
суюктук үлүшүн да билишип, керек болгондо коңгуроо чалып башташат. Коңгуроо
чалып баштаган кабылдагыч мээнин арка тарабындагы гипофиз безине ылдам кабар
жөнөтөт.
Бул жерде терең ойлоно турган маанилүү суроолор бар. Бул кабылдагычтар
гипофиз безинин ордун жана бар экенин кайдан билишет? Мындан тышкары, коңгуроо
чалганда аларга гипофиз бези жардам берээрин кайдан билишет? Албетте бул
суроолордун жообу Улуу Раббибиздин илхамы. Чексиз күч-кудурет ээси болгон Улуу
Аллах, жараткан ар бир жандыкка илхам кылган сыяктуу, бул кабылдагычтарга да
кемчиликсиз бир илим менен милдеттерин илхам кылууда.
Гипофиз бези кабарды алаар замат өзүндө сакталуу турган вазопрессин аттуу
гормонду кан айлануусуна көбүрөөк көлөмдө берип баштайт. Бул жерде ойлоно турган
бир жагдай бар: гипофиз бези алган кабар кандай түрдө? Башка бир органдан келген бир
кабарды гипофиз бези кантип түшүнө алат жана кабарды кандайча баалап-түшүнүп,
ылдам чара көрүп баштайт? Булар кереметтүү жана Аллахка шүгүр кылууга себепчи
боло турган кереметтер.
Гипофиз бези кан айлануусуна берген вазопрессин болсо гипоталамустагы
клеткалар тарабынан өндүрүлгөн бир гормон. Бираздан соң карай турган абдан
маанилүү кызматтары бар бул гормондун формуласын гипоталамустагы клеткалар
кайдан билишет?
Бул гормондун формуласы ДНКда шифрленген. Албетте, булар – Улуу Аллахтын
кереметтүү жаратуу далилдеринин бирөөсү гана. Мындан тышкары, адамдын
денесиндеги бардык клеткалардын ядросундагы ДНКларда вазопрессин гормонуна
тиешелүү шифрлер бар экендигин эске салуу керек. Бирок бул шифрди боор клеткалары
да, ашказан клеткалары да, булчуң клеткалары да колдонушпайт, бир гана гипоталамус
клеткалары колдонуп, бул гормонду өндүрүшүүдө. Мындай бөлүшүү кандайча
жасалган? Башка клеткаларда бул шифрдин колдонулушуна эмне тоскоол болууда?
Вазопрессин гормону менен байланыштуу кереметтер муну менен эле чектелбейт.
Вазопрессин гормону өндүрүлгөн соң, башка бир протеиндин ичине таңгакталып,
гипофиз безине жөнөтүлөт жана убактысы келгенде колдонуу үчүн ал жерде жыйналып,
сакталат. Кичинекей бир клетка ичинде элестетүүгө да мүмкүн болбогондой майда
түзүлүштөр, эч кемчиликсиз майда-бараттарына чейин уюштурулган бир фабриканын
бөлүктөрү сыяктуу, иштешет.
Кабар келген соң гипофиз безиндеги кампадан кан айлануусуна коюп жиберилген
вазопрессин гормондору ылдам бөйрөккө жетишет. Бул жерде бир нерсени эске салуу
керек, вазопрессин гормондары мээдеги гипофиз безинен жолго чыгышкан жана
бөйрөктөргө жеткенге чейин бир канча органдын жанынан өтүшөт, бирок бул гормондор
каякка кетип баратышканын, жолдорун жана максаттарын билген сыяктуу, эч
жоголбостон же башка бир органга барбастан, түптүз бөйрөктөргө барышат.
«Бөйрөктөргө баргыла» деген буйрукту кандайча алууда жана сөз кылынып жаткан бул
аң-сезимсиз молекулалар бул буйрукту кантип түшүнүп, жолдорун табышууда?
Бөйрөккө жеткен вазопрессин гормондары бөйрөктөгү миллиондогон микро
каналчалардын айланасында жайгашкан кабылдагычтарга кулптанышат. Бул
кабылдагычтар вазопрессиндер үчүн атайын жаратылган жана ачкыч кулпуга туура
келген сыяктуу бири-бирине туура келет. Мындай дал келүүчүлүк кантип ишке ашат?
Бир адам эгер адис болбосо, бири-бирине толук туура келген эки башка калыпты
жасоодо да кыйналышы мүмкүн. Ал эми денеде болсо мунун көптөгөн мисалдары бар.
Мындан тышкары, эки бөлүкчө, т.а. вазопрессин гормону менен бөйрөктөгү
кабылдагычтар дененин толугу менен башка башка жерлериндеги бири-биринен абдан
айырмаланган клеткалар тарабынан жасалууда. Бирок ошого карабастан, кемчиликсиз
бир дал келүүчүлүк бар. Мындай дал келүүчүлүк болсо Раббибиздин пенделерине болгон
бир мээрими.
Мындай кулптануу аркылуу бөйрөккө «заара суюктугундагы суу молекулаларын
карма» буйругу берилген болот. Мындай кабардашуу системасы урматында заарадагы
суу молекулаларынын көпчүлүгү тазаланат жана кайрадан канга аралаштырылат.
Натыйжада заара көлөмү азайтылып, денеге суу берилген болот.
Эгер зарыл көлөмдөн ашыкча суу ичилген болсо, анда бул механизм тескерисинче
иштейт. Кандагы суунун көлөмү көбөйөт. Мындай көбөйүү натыйжасында
гипоталамуста жайгашкан кабылдагычтар вазопрессин гормонунун коюп жиберилүү
процессин жайлатышат. Вазопрессин гормону азайганда, заара суюктугу көбөйөт жана
кандагы суунун көлөмү нормалдуу деңгээлине алып келинген болот.
Мындай кемчиликсиз система денедеги системалардын абдан кичинекей бир
бөлүгү гана, жана бул кичинекей бөлүк дагы эч нерсенин ээнбаш, максатсыз эмес
экендигинин, чексиз акыл, илим жана күч-кудурет ээси болгон Аллахтын бул системаны
дайыма башкарып тургандыгынын далилдеринин бирөөсү гана.
2- БАЯН
ДЕНЕДЕГИ КЕМЧИЛИКСИЗ КОРГОНУУ
СИСТЕМАСЫ
Вазопрессин гормонунун дагы бир өзгөчөлүгү бар; ал кан тамырларын кысат жана
натыйжада кандын басымын көбөйтө алат. Бул да абдан кылдат пландалган бир
коопсуздук-камсыздоо системасы жана адамдын өзгөчө бир жаратылуу менен
жаратылгандыгынын дагы бир далили. Бул коопсуздук-камсыздоо системасынын иштей
алышы үчүн кеңири масштабдуу бир пландоо жасалган. Жүрөктүн көңдөйчө
(предсердие) аймагынын жана жүрөккө келген тамырлардын ичине кан басымын
өлчөөчү атайын кабылдагычтар жайгаштырылган.
Белгилүү болгондой, бир адамдын кан басымын өлчөө үчүн технологиялык бир
аппарат колдонуу керек. Мындай аппараттар көптөгөн ар кайсы тармактагы адистердин
биргелешкен аракети менен иштеп чыгылган жана алдыңкы технологиялар менен
өндүрүлүүдө. Ал эми жүрөгүбүздө болсо ушул эле кызматты куралсыз көз менен көрүүгө
мүмкүн болбогон, абдан кичинекей молекулалар аркалашууда. Бул кабылдагычтар кан
басымын кантип өлчөшөт, басымдагы айырмаларды кантип кабылдашат? Булар –
сезими, сезүү органдары жана ал тургай сезгендерин кабылдай турган аң-сезимдери жок
атомдор. Мындан тышкары, бул кабылдагычтар жүрөккө, дал керектүү жерге кантип
жайгашышкан? Бүт мындай суроолордун жооптору адамга Аллахтын бар экендигин
жана Анын илиминин улуулугун көрсөтүүдө.
Бул кабылдагычтардан чыккан нервдер болсо бир кабель байланышы сыяктуу,
гипофиз безине байланышкан. Нормалдуу кан басымында бул кабылдагычтарга
тынымсыз сигнал барып турат жана бул кабельдер аркылуу гипофиз безине тынымсыз
бир электрдик агым жөнөтүп турушат. Гипофиз бези болсо бул сигналдардын келиши
токтоп калмайынча, вазопрессин гормонунун койо берилишине тоскоол болот. Бул бир
коопсуздук фирмасынын иштөө системасына окшойт. Коопсуздук фирмасынын дайыма
даяр болуп күтүп турган кызматкерлери коңгуроо (сигнализация) системасы курулган
үйдөн оң кабарлардын келиши уланып турганда, эч чара көрүшпөйт.1
Коопсуздук фирмасы, т.а. гипофиз бези качан чара көрүп баштайт? Олуттуу бир
кан жоготуу болгондо, адамдын кан-тамырларында кандын көлөмү азайат. Бул болсо кан
басымынын төмөндөшү дегенди билдирет, кан басымынын төмөндөшү болсо оорулуу
үчүн абдан кооптуу.
Кан басымы төмөндөгөндө, тамырлардын жана жүрөктүн ичинде жайгашкан
кабылдагычтар гипофизге жөнөткөн сигнал да токтойт. Бул болсо гипофиздин
«сигнализациясынын иштешине» жана вазопрессин гормонун коюп жиберишине себеп
болот. Гипофиздин сигналдын токтогонун ылдам байкап, чара көрүшү болсо абдан аң-
сезимдүү, акылдуу бир кыймыл-аракет. Бирок мындай аң-сезимдүү, акылдуу кыймыл-
аракеттердин баары кээ бир атомдордун биригишинен пайда болгон кичинекей
молекулаларга тиешелүү.
Вазопрессин гормону ылдам кан-тамырлардын айланасында жайгашкан
булчуңдардын кысылышына себеп болот жана бул процесс кан басымынын
көтөрүлүшүнө шарт түзөт. Абдан комплекстүү, бири-биринен көз-каранды иштеген жана
бир канча бөлүктөн турган бул системанын ойлонуу керек болгон көптөгөн майда-
бараттары бар.
Вазопрессин гормонун өндүргөн гипоталамус клеткалары өздөрүнөн абдан алыста
жайгашкан тамырлардын айланасындагы булчуң клеткаларынын түзүлүшүн кайдан
билишет?
Кан басымынын көтөрүлүшү үчүн бул тамырлардын кысылышы керек экенин
кайдан билишет?
Бул клеткалардын кысылышын камсыз кылган химиялык формуланы кантип
өндүрө алышууда?
Жүрөк жана гипофиз арасындагы байланыш тармагынын кабельдери төшөлүп
мындай кемчиликсиз бир сигнализация системасы кантип пайда болгон?
Эч шексиз, бул кемчиликсиз бир жаратылуу мисалы. Жана бул адамдын аң-
сезимсиз кокустуктар натыйжасында эмес, Аллахтын жаратуусу менен пайда болгонун
көрсөтүүдө. Эволюционисттердин денедеги байланыш (кабар алышуу) жана
сигнализация системасынын кокусунан пайда болгонун, клеткалардын өз башынча бул
системаны ойлоп чыгарышканын, пландашканын жана жасашканын айтышы болсо эч
логикага сыйбайт. Мындай пикир, «бир талаада чогулган цемент, кирпич, электрдик
кабель сыяктуу нерселер бир бороон натыйжасында алгач кокустан бир бийик мунара
салышты, кийин дагы бир бороон менен бул мунаранын ичине электрдик система
курушту, үчүнчү бир бороондо болсо бул имараттын ичине кемчиликсиз бир коопсуздук
системасын жасашты» деген догмага окшошот. Акылдуу жана абийирдүү эч бир адам
мындай логикага сыйбаган бир догманы кабыл албайт. Бирок эволюционисттердин
догмасы мындан бир топ эсе акылсыз. Улуу Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн
(Аллахты аруулайбыз) болгон аракетин кылган эволюционисттер айткан сөздөрүнүн
канчалык акылга, логикага сыйбас экенин ойлонбостон, эволюция теориясын жакташат.
Чындыгында болсо, Улуу Аллахтын бар экендиги жана асмандан жерге чейин бүт
нерселерди кемчиликсиз бир жаратуу менен жараткандыгы апачык бир чындык.
3- БАЯН
ЭНЕНИН СҮТҮ ЖАНА ОКСИТОСИН ГОРМОНУ
Эненин сүтү – Аллах жараткан сансыз кереметтин бирөөсү гана. Эненин сүтүндө
жаңы төрөлгөн бир наристенин бардык муктаждыктары бар. Болгондо да, наристе
чоңойгон сайын муктаждыктарынын өзгөрүшүнө жараша эненин сүтүнүн курамы да
өзгөрүп турат. Илимпоздор лабораторияларда да ага окшошун өндүрө албаган эне сүтүн
өндүргөндөр болсо – бул эненин көкүрөгүндөгү кээ бир клеткалар. Бул клеткалар эне
сүтүнүн теңдешсиз формуласын билишет жана качан өндүрүп башташы керек экенин,
качан өндүргөн нерсесинин курамын өзгөртүшү керек экенин билишет.
Эненин сүтүнүн өндүрүшү кандайча башталат жана бул өндүрүш кантип
башкарылат? Бул суроонун жообунда да көптөгөн жаратылуу керемети жашырылган.
Сүт өндүрүшүндө гормоналдык система жана нерв системасы ортоктошо кызмат
кылышат. Кемчиликсиз бир маалымат агымы жана пландоо натыйжасында бул өндүрүш
ишке ашат.
Эненин көкүрөгүндө жайгашкан сүт бездерин кыймылдаткан абдан өзгөчө бир
гормон бар. Бул гормон – пролактин гормону. Пролактин гормону гипофиз безинен
чыгарылат.
Бирок кош бойлуулуктун башында пролактин гормонунун чыгарылышын чектеген
кээ бир факторлор бар. Бул факторлорду ылдыйга түшүп бараткан бир унаанын тормоз
баскычына басууга окшоштурууга болот. Унаа ылдый көздөй кыймылдоого ийкемдүү
болот, бирок тормоз тебилип тургандыктан, кыймылдай албайт. Б.а. сүт өндүрүшү
тормоздолгон болот.
Пролактин гормонунун тормоздолушу эң керектүү бир чечим. Себеби наристе али
төрөлө элек болгондуктан, энеден сүт чыгып башташынын эч кажети жок. Кантип
мындай тормоз басылат? Пролактиндин эрте чыгарылып башташына кантип тоскоол
болунат? Бул жерде кемчиликсиз бир система иштейт. Мээнин гипоталамус аймагы
пролактин гормонунун өндүрүшүнө тоскоол болгон бир гормон чыгарат. PIH (Prolaktin
Inhibiting Hormon- Пролактинге тоскоол болуучу гормон) деп аталган бул гормон
пролактин өндүрүшүн жайлатат, б.а. тормоздойт.
Тормозго басуу кандайча ишке ашат? Кош бойлуулук убагында өндүрүлгөн
эстроген аттуу бир гормон гипоталамустун тормозго басышын, б.а. PIH өндүрүшүн
камсыз кылат. Наристе төрөлөөрү менен эстрогендин чыгарылышы азайат. Эстрогендин
азайышы PIHтын азайышына алып келет. Бул процесс буттун тормоздон акырындап
алынышына жана унаанын ылдый көздөй кыймылдап башташына окшошот. Натыйжада
пролактин өндүрүшү акырын акырын көбөйүп баштайт. Пролактин гормондору сүт
бездерин эненин сүтүн өндүрүшү үчүн кыймылга келтирет.
Бул – чыныгы бир жаратылуу керемети. Кош бойлуулуктун алгачкы айларында сүт
өндүрүшү ушул пландалып жаратылган системанын урматында токтотулат. Эми бул
система жөнүндө көңүл коюп ой жүгүртөлү:
Пролактин гормонун өндүргөн гипофиз клеткалары сүт бездерин кайдан
таанышат? Сүт өндүрүү милдетин аркалаган клеткаларга «сүт өндүр» буйругун кайсы
акыл жана аң-сезими менен берүүдө?
Наристе төрөлөөрдөн мурда пролактин өндүрүшүнө тоскоол болгон гормондор али
сүт өндүрүлбөшү керек экенин, дагы бираз күтүү керек экенин кайдан билишет?
Бул гормондор пролактиндин сүт өндүрөөрүн жана сүттүн өндүрүлүшүнө тоскоол
болуу үчүн пролактин гормонунун өндүрүлүшүнө тоскоол болуу керек экенин кайдан
билишет?
Бүт бул кереметтүү системаны жараткан – бул ааламдардын Рабби болгон Аллах.
Жана бүт нерселер Анын илхам кылышы менен кыймылдоодо.
4- БАЯН
КАЛЬЦИЙ ӨЛЧӨГҮЧТӨР
Кандагы кальцийдин көлөмү адамдын өмүрүн уланта алышы үчүн абдан маанилүү
бир фактор. Бир адам өмүрүн улантуу үчүн дем алууга жана суу ичүүгө муктаж болгон
сыяктуу, канында белгилүү көлөмдө кальций болушуна да муктаж. Кандагы кальцийдин
көлөмү зарыл деңгээлден төмөн болуп кеткенде, адам өлөт.
Кальций денебизде көптөгөн абдан маанилүү функциялардын ишке ашырылышын
камсыз кылат. Кальций жок болсо, кан коюлбайт, мындай абалда кичинекей бир жара же
кесилген жер де адамдын кан жоготуудан өлүшүнө себеп болушу мүмкүн. Кальций нерв
сигналдарынын жеткирилишинде да абдан маанилүү ролду аткарат. Кальций ошол эле
учурда булчуңдардын иштешин жана сөөктөрдүн бекемдигин да камсыз кылат. Бойго
жеткен бир адамдын денесинде 2 килограммга жакын кальций болот. Бул кальцийдин
99%ы сөөктөрдө кампаланган. Калганы болсо метаболизм менен байланыштуу
процесстерде колдонулат. Дененин функцияларынын уланышы үчүн да дээрлик 0,5
грамм кальцийдин канда айланышы жетиштүү.2
Эми мындай элестетип көрөлү: алдыңызга атайын бир шише идиш ичинде 1 литр
кан сунулган болсун. Жана сизге «бул канды күтүп жаткан бир оорулууга жеткирүү
керек, бирок бир проблема бар» деп айтышсын. «Бул кандын ичинде кальций жетишсиз,
бирок канчалык жетишсиз экенин аныктай албадык» дешсин. Ошондой эле, сизге
колдонушуңуз үчүн чоң бир капта майда кальций да берилген болсун жана сизден
«жетпеген кальцийди толуктап бериңизчи» деп суранышсын.
Эмне кылмак элеңиз?
Эң алгач, сизге сунулган канда канчалык көлөмдө кальций бар экенин өлчөшүңүз
керек болот. Бирок бул үчүн абдан алдыңкы технологиялык шаймандар керек, бирок ал
учурда сизде буга убакыт да, мүмкүнчүлүк да жок. Натыйжада абдан чарасыз абалда
каласыз.
Бирок бардык адамдардын денесинде дайыма кальцийдин көлөмүн эсептеп,
керектүү чараларды алган кереметтүү бир механизм бар: тироид бези (щитовидная
железа) жана тироид безинин ичине көмүлгөн дагы бир гормоналдык без болгон
паратироид бездери (паращитовидная железа) денеде кальций тең салмактуулугунун
сакталышы үчүн абдан акылдуу бир планга ылайык иштешет. Өзгөчө паратироид
безинин жалгыз милдети – бул өмүрүбүз бою, түнү-күнү каныбызда канчалык кальций
бар экенин өлчөө жана кальцийдин көлөмүн эң идеалдуу көлөмдө кармоо.
Паратироид бези өзү өндүргөн абдан өзгөчө бир жаратылуу менен жаратылган
паратгомрон аркылуу кандагы кальцийдин көлөмүнө кийлигишет. Эгер канда кальций
көлөмү азайса, ошол замат паратгормон чыгарат.3
Паратироид бези кичинекей бир эт бөлүкчөсү гана. Клеткалардын жыйындысынан
турган бир бөлүк эт алдынан аккан кан дарыясынын ичиндеги кальцийдин атомдорун
кантип аныктайт? Көзү, кулагы, колдору жок клеткалар кандагы туз, глюкоза, май,
амино-кислоталар, протеиндер, гормондор, энзимдер, лактоз кислотасы, көмүр кычкыл
газы (карбон-диоксид), азоттуу калдыктар, натрий, калий, заара (моча), заара кислотасы,
темир, бикарбонат сыяктуу миңдеген түрдөгү заттар арасынан кальцийдин атомдорун
кантип ажыратып, айырмалай алат? Клетка кальцийди кантип тааныйт? Кальцийдин
канда канчалык болушу керек экенин кайдан билет? Кальцийдин көлөмүн кайсы аң-
сезими, акылы менен өлчөйт? Кантип «кальций аз экен» же «көп экен» деп чечим
чыгарат?
Бул жерде кайра эске сала кетүү керек, бул клеткалар – акылы жана аң-сезими жок,
миллиметрдин 1%ы чоңдугундагы нерселер. Бул нерселердин биздин жашообуз үчүн
кандагы кальцийдин көлөмүн ийгиликтүү өлчөп жатышы – бул чексиз илим ээси Улуу
Аллахтын жаратуу далилдеринин бирөөсү гана.
Паратироид клеткалары жасаган өлчөөлөрү натыйжасында «кальцийдин көлөмү
азайып кетиптир» деп чечсе, анда ылдам паратгормон чыгарышат. Паратгормон
кальцийдин көлөмүн кантип көбөйтөт? Бул кичинекей молекула кайдан кальций табат?
Паратгормон ар бири үчүн абдан күчтүү биология билими талап кылынган 3 ар башка
жолдон кан үчүн кальций булагын табат:
1. Сөөктөрдө көп өлчөмдө кальций бар. Паратгормон кальцийдин бир бөлүгүн
сөөктөрдөн карызга алат. Сөөк клеткалары кальцийди кампалашат жана нормалдуу
шарттарда бергилери келбейт. Бирок паратгормондун формуласына жолукканда, эч
ойлонбостон белгилүү көлөмдө кальцийди бош койо беришет.
2. Заара менен бирге белгилүү көлөмдө кальций денеден сыртка чыгарылууда.
Заарадагы кальций кайрадан канга аралаштырылышы керек. Бул үчүн болсо, бөйрөк
клеткаларынын заарадагы кальций молекулаларын кармап, артка кайтарышы керек. Бул
жолу паратгормон бөйрөк клеткаларына бул буйрукту берет жана бөйрөк клеткалары бул
буйрукка баш ийип, кальций молекулаларын кайра топтошот.
3. Акыркы ыкма болсо – бул денеге кирген кальцийди максимум колдонууга берүү.
Жеген тамактарыңыздагы кальцийдин канга аралашышы ичке ичегиде ишке ашат. Бирок
кальцийдин кайра сорулушу үчүн ичеги клеткалары активдүү абалдагы D витаминине
муктаж болушат. Бул жерде чоң көйгөй жаралат; себеби сиз жеген тамактар аркылуу
алган D витаминиңиз активдүү абалда эмес.4
Ичегилериңиздин көбүрөөк кальций
сорушу, натыйжада каныңыздагы кальцийдин көлөмүн көбөйтүү үчүн бул көйгөйдү
чечишиңиз керек. Б.а. активдешпеген D витамининин химиялык түзүлүшүн өзгөртө
турган жана активдүү абалга алып келе турган абдан өзгөчө бир молекула табышыңыз
керек. Бул молекула – кайра эле паратгормон.
Эми бул жерде абдан көңүл коюп ойлонуу керек. Кандагы кальцийдин көлөмүнүн
көбөйтүлүшү үчүн бири-биринен көз-карандысыз 3 ар башка жол бар болууда жана
бири-биринен такыр башка бул үч системанын иштеп башташын камсыз кылган ачкыч
бирөө гана. Бул ачкыч үч системанын тең контакттарын буроодо (ачууда). Андан да таң
калыштуусу, бири-биринен абдан айырмалуу түзүлүштөгү жана иштөө калыптары абдан
айырмалуу болгон бул системалардын контакттары буралганда, жетишилген
жыйынтыктын бирдей болушу: «кандагы кальций көлөмүнүн көбөйтүлүшү».
Бул гормондун формуласын паратироид клеткалары кантип табышкан? Бул
молекуланын сөөктөргө, бөйрөктөргө жана D витаминине таасир берээрин кайдан
билишет? Кантип тарых бою жашаган миллиарддаган адамдын паратироид бези –оору
жок учурда- бул туура формуланы өндүрүү ийгилигине жетишкен? Сөөктөрдүн кальций
кампалаарын, заара ичинде сыртка чыгарыла турган кальций бар экенин жана ичке
ичеги клеткаларынын кальций соруу үчүн активдүү D витаминине муктаждыгы бар
экенин паратироид клеткалары кайдан билишет? Бул үч системаны иштете турган
формуланы кантип табышкан? Аң-сезимсиз клеткалар адамдын да алы жетпеген мындай
акылдуулукту кантип жасашат?
Клеткалардагы мындай акыл жана пландоону, клеткаларды да, кальций
молекуласын да, адамды да жоктон жараткан, адамды кальций молекуласына муктаж
бир абалда жаратып, кийин бул муктаждыгынын камсыздалышы үчүн кемчиликсиз бир
система жараткан – бул асмандардын, жердин жана ал экөөсү арасындагылардын Рабби,
Рахман жана Рахим болгон Аллах. Эч шексиз, Аллахтын даңкы абдан Улук.
Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү,
Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар
болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу
ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал
каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт.
Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага
оор эмес. Ал – абдан Улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)
5- БАЯН
ШЕКЕР ФАБРИКАСЫ
Эгер муктаждыгыңыздан бираз көбүрөөк шекердүү тамак жесеңиз, анда
денеңиздеги абдан детальдуу жана кемчиликсиз бир система кандагы шекер көлөмүнүн
жогорулашына тоскоол болуу үчүн аракет кылып баштайт:
1- Эң алгач панкреас клеткалары кан суюктугунун ичиндеги миллиондогон
молекула арасынан шекер молекулаларын табат жана башкаларынан айырмалайт. Анан,
шекер молекулаларын бир-бирден санагандай, бул молекулалардын саны «көп» же «аз»
деп чечим чыгарышат. Көзү, мээси, колдору жок, көзгө көрүнбөгөн кичинекей
клеткалардын бир суюктуктун ичиндеги шекер молекулаларынын көлөмү жөнүндө
маалыматтуу, илимдүү болушу – бул ой жүгүртө турган нерсе.
2- Эгер панкреас клеткалары канда керектүү деңгээлден ашыкча шекер бар деп
аныкташса, анда бул ашыкча шекерди кампага жыйып койолу деп чечишет. Бирок
кампалоо жумушун өздөрү жасашпайт, алардан бир топ алыстагы башка клеткаларга
жасатышат.
3- Алыстагы бул клеткалар аларга башка бир буйрук келмейинче, шекер
кампалагылары келбейт. Ошондуктан, панкреас клеткалары ал клеткаларга «шекер
кампалап баштагыла» деген буйрукту ташыган бир гормонду жөнөтөт. «Инсулин» деп
аталган бул гормондун формуласы панкреас клеткалары алгач пайда болгон учурдан
баштап ДНКларында жазылуу турат.
4- Панкреас клеткаларындагы атайын «энзимдер» (жумушчу протеиндер) бул
формуланы окушат. Окулган формула боюнча инсулин аттуу гормонду өндүрүшөт. Бул
өндүрүштү жасоодо ар башка кызматты аткарган жүздөгөн энзим иштейт.
5- Өндүрүлгөн инсулин гормону эң ишенимдүү жана эң ылдам жетүү тармагы
болгон кан аркылуу максатталган клеткаларга жеткирилишет. Бул максатталган
клеткалардын бири – бул боор клеткалары.
6- Инсулин гормонунда жазылган «шекер кампалагыла» буйругун окуган боор
клеткалары болсо бул буйрукка кың дебестен баш ийишет. Шекер молекулаларынын
клеткалардын ичине өтүшүн камсыз кылуучу эшиктер ачылат.
7- Бирок бул эшиктер туш келе ачылбайт. Боордогу кампа клеткалары кандагы
жүздөгөн ар түрдүү молекула арасынан бир гана шекер молекулаларын айырмалайт,
кармайт жана өз ичине камашат.
8- Боор клеткалары аларга келген буйрукка эч качан тоң моюндук кылышпайт. Бул
буйрукту туура эмес түшүнүшпөйт, туура эмес заттарды кармап, керектүү деңгээлден
ашыкча шекер кампалап баштабайт. Абдан так бир дисциплина менен иштешет.
Натыйжада сиз ашыкча шекердүү бир чай ичкениңизде, ушундай кереметтүү
система чара көрөт жана ашыкча шекерди денеңизде кампалайт. Эгер бул система
иштебегенде, анда шекер ылдам жогорулап, натыйжада адамдын комага кабылып,
өлүмүнө алып келет эле. Бул зарыл болгондо тескерисинче да иштей ала турган
кемчиликсиз бир система. Эгер кандагы шекер нормадан төмөн түшүп кетсе, анда
панкреас клеткалары такыр башка бир гормон болгон «глюкагонду» өндүрүшөт.
Глюкагон мурда шекер кампалаган клеткаларга эми «канга шекер аралаштыргыла»
буйругун жеткирет. Бул буйрукка да баш ийген клеткалар кампалаган шекерди кайра
койо беришет.
Кандайча болуп, бир мээси, нерв системасы, көзү, кулагы болбогон клеткалар
ушунчалык так эсептерди жана жумуштарды кемчиликсиз аткарышууда? Протеиндер
жана май клеткаларынын катарга тизилишинен куралган мындай аң-сезимсиз нерселер
кантип адамдар да жасай албаган чоң иштерди жасай алышат? Аң-сезимсиз
молекулалардын мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракетинин булагы эмне? Албетте, бул
окуялар – бизге бүт ааламга жана бүт жандууларга өкүмдарлык кылган Аллахтын бар
экенин жана күч-кудуретин көрсөткөн сансыз далилдердин бир канчасы гана. Аллах
аяттарында мындайча буйурат:
Шек жок, жерде жана асманда Аллахка эч нерсе жашыруун калбайт.
Жатындарда силерге каалагандай келбет берген – Ал. Андан башка Илах (Кудай)
жок; (Ал) улук жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси. (Али Имран Сүрөсү, 5-6)
6- БАЯН
ТЕЗ ЖАРДАМ: АДРЕНАЛИН ГОРМОНУ
Кооптуу же бир коркуу учурунда ар бир адамга жардам берген бир молекула бар:
адреналин гормону. Бул гормон, мисалы айдап бараткан учагы бузулган бир учкучтун
мээ клеткаларынын сигналын иштетет, мээсине көбүрөөк кан жана шекер жөнөтөт жана
учкучтун жакшыраак көңүл коюшун камсыз кылат. Ошол эле учурда учкучтун
жүрөгүнүн согушун жана кан басымын жогорулатат, натыйжада көбүрөөк кычкылтек
алышын жана булчуң жана мээ клеткаларына көбүрөөк кандын барышын камсыз кылат.
Скелетти жана булчуңдарды күчтүүрөөк кысат, кандагы шекер көлөмүн көбөйтөт жана
натыйжада учкуч муктаж болгон демейкиден көбүрөөк энергияны алышына
мүмкүнчүлүк берет.
Бөйрөк үстүндөгү бездер өндүргөн жана кампалаган бул кереметтүү гормон
көптөгөн өзгөчөлүккө ээ жана Аллахтын улуу илиминин жана кемчиликсиз
жаратышынын бир далили.
Эң алгач адреналиндин жогоруда саналган таасирлерди кандайча пайда кылганын
карап көрөлү. Коркунуч болоор замат денеде сигнализация баскычы басылат. Мээ
бөйрөк үстү бездерге чагылгандай бир буйрук жөнөтөт. Бөйрөк үстү безинин ич
тарабында жайгашкан клеткалар сигнализация абалына өтөт жана тездик менен
адреналин гормонун чыгарат. Адреналин молекулалары канга аралашат жана дененин ар
кайсы тараптарына таркайт.
Чыгарылган адреналин молекулалары мээ, жүрөк жана булчуңдар сыяктуу абдан
маанилүү органдарга баруучу тамырларды кеңейтет, натыйжада бул органдар муктаж
болгон ашыкча кан камсыз кылынган болот.5
Адреналин молекулалары кылган иш-аракет жүрөккө, мээге жана булчуңдарга
баруучу тамырларды кеңейтип жатканда, боорго жана териге баруучу тамырларды
кысышат.
Ушундайча дене үчүн муктаж болгон колдоо эң жакшы негизде көрсөтүлгөн болот.
Териге аз кан жөнөтүлүшүнүн дагы бир себеби бар: мунун урматында кокус
жарадар болуп калса кан жоготуу риски минимум кылынган болот. Ашыкча толкундануу
учурунда териде байкалган бозоруунун (кубаруунун) себеби да ошол учурда териге
азыраак кан жөнөтүлүп жаткандыгында.6
Эч качан жаңылыштык менен жүрөккө же мээге баруучу тамырлар кысылып,
боорго же териге баруучу тамырлар кеңейтилбейт. Адреналин молекуласы эмне кылышы
керек экенин абдан жакшы билет. Денеңиздеги жүздөгөн тамырдын масштабы жана бул
тамырлардын каякка, канчалык кан жөнөтөөрү көзгө көрүнбөгөн, кичинекей бир гормон
тарабынан жөнгө салынууда.
Адреналин молекулалары ар бир орган үчүн башка башка маанини билдирет;
тамырга барганда тамырды кеңейтүүчү адреналин молекуласы, жүрөккө барганда болсо
жүрөк клеткаларынын кысылышын ылдамдатат. Натыйжада жүрөк батыраак согот жана
булчуңдарга ашыкча күч ала алуу үчүн муктаждык болгон кан жөнөтүлгөн болот.
Адреналин молекуласы булчуң клеткаларына жеткенде болсо, булчуңдардын
күчтүүрөөк кысылышын камсыз кылат. Боорго жеткен адреналин молекулалары ал
жердеги клеткаларга канга көбүрөөк шекер аралаштырышын буйрук кылат. Натыйжада
кандагы шекер көлөмү көбөйөт жана булчуңдар муктаж боло турган энергия камсыз
кылынган болот.
Бул кичинекей молекула качан, эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билет
жана муктаждык болмоюнча адамдын денесин эч качан сигнализация абалына
киргизбейт. Мындан тышкары, кайсы клеткаларга барышы керек экенин, кайсынысына
кандай буйрук бериши керек экенин да абдан жакшы билүүдө жана муну эч унутпоодо.
Ошондой эле, булардын баары анын клеткаларды, органдарды жана алардын
функцияларын да абдан жакшы таанып, билгенин да көрсөтүүдө. Дененин качан мындай
абалдан чыгарылышы керек экендиги жөнүндө да эч качан жаңылбоодо.
Антпесе, б.а. мындай бир ката жасалган болсо, анда денеде оңдоого мүмкүн
болбогондой зыяндарга алып келиши мүмкүн. Бирок бул кичинекей молекулалар чоң бир
жоопкерчиликти сезүү менен иштешүүдө. Бир канча атомдун белгилүү бир системада
биригишинен пайда болгон, жансыз, аң-сезимсиз, мээси жана көзү жок бир молекуланын
ушунчалык акылдуу, уюшкан жана кезектүү бир абалда кыймыл-аракет жасашы
мүмкүнбү? Булардын баарын ушул, көзгө көрүнбөй тургандай аз көлөмдөгү суюктуктун
өз акылы жана эрки менен ишке ашырышы мүмкүнбү? Албетте, жок.
Бул жерде баяндалгандардын баары – денебиздеги ар бир молекуланы Аллахтын
жараткандыгын жана булардын жашообуз боюнча дайыма Улуу Аллахтын күч-кудурети,
эрки, көзөмөлү жана буйругу менен кыймыл-аракет кылып жатканын көрсөткөн
далилдердин бирөөсү гана. Улуу Аллахтын күчү, кудурети, жаратуусундагы улуу илим
жана акыл дайыма, бүт жерде көрүнүүдө. Куранда билдирилгендей, «Асмандарда жана
жерде эмне бар болсо, баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат.»
(Ниса Сүрөсү, 126)
7- БАЯН
ДЕНЕНИ ТАЗАЛАГАН ЛИЗОСОМА ЭНЗИМДЕРИ
Денебизде күн сайын биз байкабаган көптөгөн процесстер ишке ашат.
Кемчиликсиз абалда ишке ашкан бул процесстерди клеткаларыбыз жасашат. Саны 100
триллиондой болгон бул клеткалардын арасында өз кызматын абдан жакшы билген
көптөгөн түзүлүштөр бар. Кээ бири энергия, кээ бири протеин өндүрөт, кээ бири ташуу
ишин аткарат, кээ бири болсо кампа катары колдонулат.
Клетканын ичиндеги мындай түзүлүштөрдүн бири – бул лизосома. Лизосоманы
клетканын майдалоочу машинасы деп атоого болот. Бул органикалык зат чыгарган
энзимдер урматында денеде көптөгөн «кыйратуу» процесси ишке ашат. Лизосома
энзимдери ишке жараксыз болуп калган клеткаларды кыйратып, майдалашат; бир
түзүлүштүн айланасын курчаган кабыкчаны майдалап, тешишет; ошондой эле, денеде
тынымсыз өсүүсүн уланткан кээ бир клеткаларды да майдалашат. Лизосома энзимдери
аткарган мындай кыйратуу процесси дене үчүн абдан маанилүү.
Мисалы, кош бойлуу аялдарда наристенин өрчүшү менен бирге жатын
нормалдууга салыштырмалуу абдан чоңойот. Бул ден-соолугу жайында бир наристенин
төрөлүшү үчүн зарыл болгон бир процесс. Бирок наристе төрөлгөн соң мынчалык чоң
жатынга муктаждык жоголот. Бул учурда ашыкча кеңейген бул органды кайра эски
калыбына кайтаруу керек болот. Мына ушул процессти ишке ашыруучу – бул лизосома
энзимдери. Төрөө процесси бүткөндө белгилүү клеткалардын лизосомалары бул
жөнүндө кабар алышкан сыяктуу, жана эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билүү
менен ошол замат керектүү энзимдерди чыгарып башташат. Бул энзимдер дененин ден-
соолугу үчүн кош бойлуулуктан кийинки 10 күн ичинде абдан бат кыйратуу менен
жатынды 1/40 көлөмүндө кичирейтишет. Ушундайча жатын мурдакы көлөмүнө кайтып
баштайт.
Лизосомалар, мындан тышкары, сперманын баш тарабында да болот. Сперма
жумурткага жеткенде, аны орогон кабыкты тешүү үчүн үстүндө ташыган лизосома
энзимдерин колдонот. Кыйратуучу таасирге ээ бул энзимдер жумуртканы коргоочу
кабыкты тешүү менен сперманын жумуртканы төлдөтүшүн камсыз кылышат.
Бул мисалдардан да апачык байкалгандай, денебиздеги ар бир механизм бири-
бирин толуктоочу негизде иштейт. Кош бойлуулук учурунда жатындын чоңойушун
камсыз кылган система менен бирге аны мурдакы абалына кайтаруучу система да бар.
Ошол сыяктуу бекем бир кабык менен корголгон жумуртканы теше ала турган энзим да
сперманын ичине атайын максатта жайгаштырылган.
Дарвинисттер болсо ушундай бири-бири менен абдан тыгыз байланыштагы
системалар кээ бир кокустуктар натыйжасында пайда болду жана кемчиликсиз абалда
иштөөсүн улантты деп айта турганчалык деңгээлде акыл жана логикадан алысташкан.
Өз ичтеринде да кемчиликсиз иштеген мындай механизмдердин бүт денедеги системалар
менен да төп келишип иштеши – Аллахтын кемчиликсиз жаратуу далилдеринин
бирөөсү. Хашр Сүрөсүндөгү бир аятта мындайча буйурулууда:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет»
берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны
тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
8- БАЯН
КАНДЫН БАСЫМЫН КӨЗӨМӨЛДӨГӨН
КЕМЧИЛИКСИЗ СИСТЕМА
Денебизде кан басымы түшкөндө, чара көргөн кемчиликсиз бир система бар. Өрт
сигнализациясынын кабылдагычтары өрттөн чыккан түтүндү аныктай турган абалда
атайын жасалган сыяктуу, бул система да сигнализация учурунда гана, т.а. кан басымы
түшкөндө гана чара көрүп баштайт.
Кан басымынын төмөндөшү адам үчүн абдан кооптуу бир абал жаратышы
мүмкүн. Ошондуктан сигнализация иштегенде кан басымын көтөрүү үчүн бир катар
чараларды көрүү керек болот. Бул чараларды төмөнкүдөй катарга койсок болот;
1. Кан тамырлар кысылышы керек. (Мындай кысылуу, уч тарабы сыгылган суу
шлангасынын күчтүүрөөк басым менен суу чачыратканы сыяктуу кандын басымын
жогорулатат.)
2. Бөйрөктөрдөн көбүрөөк суу сиңирилип, канга аралаштырылышы зарыл.
3. Адам ылдам суу ичиши керек.
Булардын баары кандайча ишке ашырылат? Дагы бир теңдешсиз система ар бир
адамдын денесине төрөлгөндө эле терең жайгаштырылган.
Бул система мындайча иштейт: кан басымы төмөндөгөндө (же болбосо кандагы
натрий көлөмү азайганда), бөйрөктөрдөгү кээ бир клеткалар абалды байкашат. Булар
сигнал берүүчүлөр болгон «juxtaglomerular» (JGA) клеткалары. Бул клеткалар «ренин»
аттуу абдан өзгөчө бир зат чыгарышат.7
Клеткалардын кан басымынын же болбосо натрий көлөмүнүн азайганын аныктай
алышы эле өзүнчө бир керемет. Бирок андан да маанилүүсү – бул клеткалардын ренин
чыгарышы. Себеби «ренин» - көп баскычтуу бир өндүрүш тизмегинин алгачкы баскычы.
Кандын плазмасында жайгашкан жана кадимки шартта канда айланганына
карабастан эч кандай таасири болбогон бир протеин бар. Бул протеин – боордо
өндүрүлгөн «ангиотензиноген» протеини. Таң калтырган бир пландын алгачкы баскычы
ушул жерде башталат. Себеби өзү жалгыз эч бир ишке жарабаган «ангиотензиноген»
жана «ренин» түпкүрүндө бири-бири менен биригүү үчүн атайын пландалышкан. Бир
белгинин (логотиптин) бөлүктөрүнүн бири-бирине кийилиши үчүн бири-бирине ылайык
жасалганы сыяктуу.
Бул жерде бир нерсе жөнүндө ойлонуу керек: бөйрөк клеткалары жана боор
клеткалары дененин ичинде бири-биринен алыста жайгашышкан. Кандайча болуп,
бирөө логотиптин бир бөлүгүн (ренин) өндүрүп, экинчиси бул бөлүккө толук туура
келген экинчи бөлүктү (ангиотензиноген) өндүрөт жана кандайча болуп булар бири-
бирине толук туура келишет? Мунун, эволюционисттер жактагандай, кокустук
натыйжасында пайда болушу эч мүмкүн эмес. Эч шексиз, ар бири Улуу Аллахтын чексиз
илими менен жаратылган.
Ренин ангиотензиноген молекуласынын түзүлүшүн өзгөртөт жана жаңы бир
молекула «ангиотензин I» пайда болот:
Р е н и н + А н г и о т е н з и н о г е н - >
А н г и о т е н з и н - I
Пайда болгон бул жаңы молекуланын да эч кандай таасири жок; себеби өндүрүш
тизмеги али бүтө элек. Эми өпкөдөгү «ACE» аттуу, бир гана «ангиотензин I»
молекуласын майдалоого жараган бир энзим ишке киришет. Бул энзим урматында
«ангиотензин I» башкача бир молекула болгон «ангиотензин II» молекуласына айланат:
А н г и о т е н з и н - I + A C E Э н з и м и - >
А н г и о т е н з и н - I I
Бул жерде дагы ойлонуу керек: бөйрөк жана боор клеткалары өндүргөн эки башка
молекула реакцияга кирип, жаңы бир молекула пайда болду. Бөйрөк жана боор
клеткалары менен эч кандай мамилеси болбогон өпкө клеткалары болсо бул жаңы
молекула толук бириге турган бир энзимди өндүрүүдө. Болгондо да бул энзимди аталган
молекулалар биригишинен бир топ мурда өндүрүүдө. Кандайча болуп, өпкө клеткалары
али ишке аша элек бир окуя жана али өндүрүлө элек бир затка эң ылайыктуу энзимди
өндүрө алууда? Бул затты башка бир затка айланта турган энзимдин формуласын кайдан
билет? Албетте, өпкө клеткаларына бул маалыматтарды илхам кылган – бул теңдеши
жана Ага окшошу жок Улуу Аллах.
Ангиотензин-II аттуу энзимдин эки абдан маанилүү кызматы бар: булардын
биринчиси – кан тамырлардын кысылышын камсыз кылуу. Ангиотензин-II энзими кан
тамырлардын айланасындагы булчуңдарга сигнал берет жана алардын кысылышын
камсыз кылган мехинизмди кыймылдатат. (Бул механизм да Аллахтын кемчиликсиз
жаратуусунун бир далили). Ушундайча булчуңдар кысылып, тамырды кысат жана кан
басымы жогорулатылган болот. Бул максат кылынган биринчи жыйынтык.
Ангиотензин-II затынын экинчи маанилүү кызматы болсо – бул кереметтүү бир
гормон болгон «альдостеронду» кызматка чакыруу. Ангиотензин-II заты бөйрөк үстү
клеткаларга жетет жана бул клеткаларга «альдостерон» чыгаруу буйругун берет. Бул
дагы пландын кемчиликсиздигинин дагы бир далили. Себеби альдостерон бөйрөктөргө
таасир берет жана бөйрөктөр заарадагы сууну кайра сиңирип, канга аралаштырат.
Натыйжада кандын басымы көтөрүлөт. Бул болсо максат кылынган экинчи жыйынтык.
Бөйрөк, боор жана өпкөнүн ортоктошо иштеши натыйжасында өндүрүлгөн
«ангиотензин-II» затынын абдан маанилүү дагы бир кызматы бар: мээнин атайын бир
аймагына жетүү жана ал аймакты кыймылга келтирүү. Бул аймак суусоо сезимин
ойготуучу «суусоо аймагы».
Бирок «ангиотензин-II» затынын алдында бир тоскоолдук бар. Себеби мээни
коргоо үчүн кандан мээ кыртышына өтүүнү абдан кыйындаткан, абдан тандоочу бир
система бар жана бул «кан-мээ барьери» деп аталат. Бул система мээде 1-2 чекитте жок
жана бул чекиттердин бири – бул «суусоо аймагы». Мындай өзгөчө жаратылуу
урматында мээнин суусоо аймагына сигнал берилет жана адамда суу ичүү каалоосу
пайда болот.8
Бөйрөктөр, өпкө жана боор тарабынан бир план ичинде, ортоктошо өндүрүлгөн
заттар бир система ичинде биригишип, аягында кан басымынын көтөрүлүшүнө себеп
болгон бир гормондун чыгарылышын камсыз кылышты. Бул үчүн бөйрөк клеткалары,
өпкө клеткалары жана боор клеткалары биригип, бир коалиция түзүшү керек.
Бул коалиция эң алгач кан басымы төмөндөгөндө эмне кылуу керек экенин
изилдөөгө мажбур. Бул изилдөө натыйжасында коалиция эң идеалдуу чечүү жолун
тандашы зарыл: бул идеалдуу жол «кан тамырларды кысуу» жана «альдостерон
гормонунун чыгарылышын камсыз кылуу».
Андан соң кайра чогулуп, көпкө изилдөөлөр жүргүзүп, бөйрөк үстү бездеринин
жана тамыр булчуңу клеткаларынын анатомияларын, иштөө системаларын анализ
кылуулары зарыл. Кийин бул тамырлардын кысылышы жана бөйрөк үстү бездеринин
альдостерон чыгарышы үчүн кереметтүү бир формуланы, т.а. «ангиотензин-II» затынын
молекулярдык проектин аныктоолору зарыл.
Эң аягында бул молекуланы кантип өндүрүүгө болоорун аныктоо керек. Ар бир
орган бул молекуланын өндүрүш баскычында бир милдет алышы зарыл. Жасалган
өндүрүш планы негизинде үч баскычтуу бир монтаж системасы ылайыктуу көрүлүп, ар
бир органга бир милдет берилиши керек. Бөйрөк клеткалары «ренин» өндүрүүнү, боор
клеткалары «ангиотензиноген» өндүрүүнү, өпкө клеткалары болсо «ACE» өндүрүүнү
чечишип, ушундайча жумуштарды бөлүштүрүү иши бүткөрүлгөн болушу керек. Андан
соң чогулуш аяктап, клеткалар өз ордуларына кайтышы зарыл.
Бул системанын ар бир бөлүгү терең ойлонуу керек болгон кереметтерге толо.
Адамдын денесиндеги ар бир клетка атайын бир кызмат үчүн жаратылып, атайын
сыпаттар менен камсыздалган жана кызматын аткаруучу ордуна пландуу
жайгаштырылган. Адамдын денесиндеги бардык окуяларды Раббибиз жараткан жана
адамдын денесиндеги ар бир деталь Анын чексиз илиминин далилдеринен бир канчасы
гана. Улуу Аллах Куранда билдиргендей:
Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Аллах) Өзүнө бала тутпаган,
мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен
жараткан Зат. (Фуркан Сүрөсү, 2)
9- БАЯН
ЧОҢОЙУУ ГОРМОНУ
Орточо 3 кг салмак жана 50 см бою менен жаңы төрөлгөн бир наристенин 20-25
жыл ичинде 80 кг салмак, 1,80 м бойлуу бойго жеткен бир адам болушун камсыз кылган
эмне?
Бул суроонун жообу гипофиз безинен чыгарылган кереметтүү бир молекулада,
чоңойуу гормонунда катылуу.
Чоңойуу процесси эки жол менен ишке ашат. Кээ бир клеткалар көлөмдөрүн
чоңойтушат. Кээ бир клеткалар болсо бөлүнүп көбөйүшөт. Бул эки процессти тең ишке
ашырган жана башкарган – бул чоңойуу гормону.
Чоңойуу гормону гипофиз безинен чыгарылат жана бүт дененин клеткаларына
таасир берет. Ар бир клетка гипофиз безинен ага келген кабардын маанисин билет. Эгер
чоңойушу керек болсо, чоңойот, бөлүнүп көбөйүшү керек болсо бөлүнүп көбөйөт.
Мисалы, жаңы төрөлгөн бир наристенин жүрөгү бойго жеткен абалынын дээрлик
1/16 бөлүгүнө барабар. Бирок, ушуга карабастан, клеткаларынын жалпы саны бойго
жеткендин жүрөгүндөгү клеткалардын санына барабар. Чоңойуу гормону өнүгүү
убагында жүрөк клеткаларына бир-бирден таасир берет. Ар бир клетка чоңойуу гормону
ага буйрук кылганчалык чоңойот. Ушундайча жүрөк да чоңойуп, бойго жеткен бир
адамдын жүрөгү абалына келет.
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)
клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)

More Related Content

What's hot

What's hot (20)

адам болуу-дини. кyrgyz (кыргыз)
адам болуу-дини. кyrgyz (кыргыз)адам болуу-дини. кyrgyz (кыргыз)
адам болуу-дини. кyrgyz (кыргыз)
 
мунарадагы кичинекей адам. кyrgyz (кыргыз)
мунарадагы кичинекей адам. кyrgyz (кыргыз)мунарадагы кичинекей адам. кyrgyz (кыргыз)
мунарадагы кичинекей адам. кyrgyz (кыргыз)
 
караңгы коркунуч. фанатизм. кyrgyz (кыргыз)
караңгы коркунуч. фанатизм. кyrgyz (кыргыз)караңгы коркунуч. фанатизм. кyrgyz (кыргыз)
караңгы коркунуч. фанатизм. кyrgyz (кыргыз)
 
убакыттын жоктугу жана тагдыр. кyrgyz (кыргыз)
убакыттын жоктугу жана тагдыр. кyrgyz (кыргыз)убакыттын жоктугу жана тагдыр. кyrgyz (кыргыз)
убакыттын жоктугу жана тагдыр. кyrgyz (кыргыз)
 
расулуллахтын (сав) сүрөттөөсү боюнча бейиш. кyrgyz (кыргыз)
расулуллахтын (сав) сүрөттөөсү боюнча бейиш. кyrgyz (кыргыз)расулуллахтын (сав) сүрөттөөсү боюнча бейиш. кyrgyz (кыргыз)
расулуллахтын (сав) сүрөттөөсү боюнча бейиш. кyrgyz (кыргыз)
 
элестин башка бир аты, зат. кyrgyz (кыргыз)
элестин башка бир аты, зат. кyrgyz (кыргыз)элестин башка бир аты, зат. кyrgyz (кыргыз)
элестин башка бир аты, зат. кyrgyz (кыргыз)
 
кан жана жүрөктөгү. кyrgyz (кыргыз)
кан жана жүрөктөгү. кyrgyz (кыргыз)кан жана жүрөктөгү. кyrgyz (кыргыз)
кан жана жүрөктөгү. кyrgyz (кыргыз)
 
түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)
түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)
түбөлүк жашоо башталды. кyrgyz (кыргыз)
 
молекула керемети. кyrgyz (кыргыз)
молекула керемети. кyrgyz (кыргыз)молекула керемети. кyrgyz (кыргыз)
молекула керемети. кyrgyz (кыргыз)
 
дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)
дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)
дарвин днкны билгенде. кyrgyz (кыргыз)
 
эч унутпаңыз. кyrgyz (кыргыз)
эч унутпаңыз. кyrgyz (кыргыз)эч унутпаңыз. кyrgyz (кыргыз)
эч унутпаңыз. кyrgyz (кыргыз)
 
дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)
дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)
дарвиндин туюгу, рух. кyrgyz (кыргыз)
 
бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
бал аарыдагы керемет. кyrgyz (кыргыз)
 
шайтандын тымызын бир оюну адамдарга сыйынуу дини. кyrgyz (кыргыз)
шайтандын тымызын бир оюну адамдарга сыйынуу дини. кyrgyz (кыргыз)шайтандын тымызын бир оюну адамдарга сыйынуу дини. кyrgyz (кыргыз)
шайтандын тымызын бир оюну адамдарга сыйынуу дини. кyrgyz (кыргыз)
 
христиандар аз. исаны угушсун. кyrgyz (кыргыз)
христиандар аз. исаны угушсун. кyrgyz (кыргыз)христиандар аз. исаны угушсун. кyrgyz (кыргыз)
христиандар аз. исаны угушсун. кyrgyz (кыргыз)
 
жеңилдиктер дини ислам. кyrgyz (кыргыз)
жеңилдиктер дини ислам. кyrgyz (кыргыз)жеңилдиктер дини ислам. кyrgyz (кыргыз)
жеңилдиктер дини ислам. кyrgyz (кыргыз)
 
дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
 
атом керемети. кyrgyz (кыргыз)
атом керемети. кyrgyz (кыргыз)атом керемети. кyrgyz (кыргыз)
атом керемети. кyrgyz (кыргыз)
 
социалдык курал дарвинизм. кyrgyz (кыргыз)
социалдык курал дарвинизм. кyrgyz (кыргыз)социалдык курал дарвинизм. кyrgyz (кыргыз)
социалдык курал дарвинизм. кyrgyz (кыргыз)
 
аллах сүйүүсү. кyrgyz (кыргыз)
аллах сүйүүсү. кyrgyz (кыргыз)аллах сүйүүсү. кyrgyz (кыргыз)
аллах сүйүүсү. кyrgyz (кыргыз)
 

Similar to клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)

Similar to клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз) (11)

денедеги электрдик ток керемети. кyrgyz (кыргыз)
денедеги электрдик ток керемети. кyrgyz (кыргыз)денедеги электрдик ток керемети. кyrgyz (кыргыз)
денедеги электрдик ток керемети. кyrgyz (кыргыз)
 
жаныбарлардагы жан аябастыктар жана акылдуу кыймыл аракеттер. кyrgyz (кыргыз)
жаныбарлардагы жан аябастыктар жана акылдуу кыймыл аракеттер. кyrgyz (кыргыз)жаныбарлардагы жан аябастыктар жана акылдуу кыймыл аракеттер. кyrgyz (кыргыз)
жаныбарлардагы жан аябастыктар жана акылдуу кыймыл аракеттер. кyrgyz (кыргыз)
 
уруктагы кереметтер. кyrgyz (кыргыз)
уруктагы кереметтер. кyrgyz (кыргыз)уруктагы кереметтер. кyrgyz (кыргыз)
уруктагы кереметтер. кyrgyz (кыргыз)
 
биомиметика технология табиятты өрнөк алууда. кyrgyz (кыргыз)
биомиметика технология табиятты өрнөк алууда. кyrgyz (кыргыз)биомиметика технология табиятты өрнөк алууда. кyrgyz (кыргыз)
биомиметика технология табиятты өрнөк алууда. кyrgyz (кыргыз)
 
бүт нерсенин жакшы тарабын көрүү. кyrgyz (кыргыз)
бүт нерсенин жакшы тарабын көрүү. кyrgyz (кыргыз)бүт нерсенин жакшы тарабын көрүү. кyrgyz (кыргыз)
бүт нерсенин жакшы тарабын көрүү. кyrgyz (кыргыз)
 
шайтандын бир куралы романтизм. кyrgyz (кыргыз)
шайтандын бир куралы романтизм. кyrgyz (кыргыз)шайтандын бир куралы романтизм. кyrgyz (кыргыз)
шайтандын бир куралы романтизм. кyrgyz (кыргыз)
 
жашыл керемет. фотосинтез. кyrgyz (кыргыз)
жашыл керемет. фотосинтез. кyrgyz (кыргыз)жашыл керемет. фотосинтез. кyrgyz (кыргыз)
жашыл керемет. фотосинтез. кyrgyz (кыргыз)
 
терең ой жүгүртүү. кyrgyz (кыргыз)
терең ой жүгүртүү. кyrgyz (кыргыз)терең ой жүгүртүү. кyrgyz (кыргыз)
терең ой жүгүртүү. кyrgyz (кыргыз)
 
ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)
 
иммундук система керемети. кyrgyz (кыргыз)
иммундук система керемети. кyrgyz (кыргыз)иммундук система керемети. кyrgyz (кыргыз)
иммундук система керемети. кyrgyz (кыргыз)
 
дажжал тажаал-кантип өлдү. кyrgyz (кыргыз)
дажжал тажаал-кантип өлдү. кyrgyz (кыргыз)дажжал тажаал-кантип өлдү. кyrgyz (кыргыз)
дажжал тажаал-кантип өлдү. кyrgyz (кыргыз)
 

клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)

  • 1. КЛЕТКА ЖӨНҮНДӨ 40 БАЯН ХАРУН ЯХЬЯ (АДНАН ОКТАР)
  • 2. Bu kitapta kullanılan ayetler, Ali Bulaç'ın hazırladığı "Kur'an-ı Kerim ve Türkçe Anlamı" isimli mealden alınmıştır. Birinci Baskı: Kasım 200 5 İkinci Baskı: Eylül 2008 ARAŞTIRMA YAYINCILIK Talatpaşa Mah. Emirgazi Caddesi İbrahim Elmas İş Merkezi Blok Kat 4 Okmeydanı - İstanbul Tel: (0 212) 222 00 88 Baskı: Seçil Ofset100. Yıl Mahallesi MAS-SİT Matbaacılar Sitesi 4. Cadde No: 77 Bağcılar-İstanbul Tel: (0 212) 629 06 15 www.harunya hya.org - www.haruny a hy a . n e t
  • 3. МАЗМУНУ Киришүү Кандагы суюктуктун көлөмүн текшерген көзөмөлдөөчүлөр Денедеги кемчиликсиз коргонуу системасы Эненин сүтү жана окситосин гормону Кальций өлчөгүчтөр Шекер фабрикасы Тез жардам: адреналин гормону Денени тазалаган лизоcома энзимдери Кандын басымын көзөмөлдөгөн кемчиликсиз система Чоңойуу гормону Денебиздеги жаңылбаган саат Дененин температурасын жөнгө салган кереметтүү молекула Кереметтүү тактыктагы тең салмактуулук Наристе үчүн даярданган гормондор -1 Наристе үчүн даярданган гормондор -2 Эркектин көбөйүү системасындагы гормондор Тестостерон гормонунун башка өзгөчөлүктөрү Кычкылтек ташыган кереметтүү молекула: гемоглобин Клеткадагы байланыш системасы
  • 4. Кабарчы гормондун клетка ичиндеги сапары Клеткадагы байланыштын көзөмөлдөнүшү Клеткадагы протеиндердин жолу Нерв клеткаларындагы химиялык байланыш Таланттуу кабарчы азот-оксид (NO) Эндотелий клеткасы = NO (азот-оксид) өндүрүү борбору Денебиздеги мунайзат (нефть) тазалоочу (иштетүүчү) борбор Боорго жайгаштырылган «бактерия жок кылуу машиналары» ДНКнын көчүрүлүшү (копияланышы) Оңдоочу энзимдер Протеин өндүрүшү Протеин өндүрүшүнүн акыркы баскычы Клетканын кабыкчасы жана уюшулган 100 триллион жумушчу Угуу учурунда кандай процесстер жүрөт? Кандын уюшу Коргонуу системасы B12 витамининин сапары Адам денесинин химиги: уйку бези (панкреас) Клетканын кабыкчасындагы жүк ташыгыч молекулалар Денени коргоого милдеттендирилген комплеман протеиндери
  • 5. Кислотага каршы формула чыгарган молекулалар Жумуртка клеткаларынын акылдуулугу Жыйынтык Дарвинизмдин кыйрашы
  • 6. АВТОР ЖАНА ЭМГЕКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ Эмгектеринде Харун Яхья атын колдонгон автор (Аднан Октар) 1956-жылы Анкарада (Түркия) төрөлдү. Башталгыч, орто мектеп жана лицейди Анкарада бүтүрдү. Андан соң Стамбул Мимар Синан университетинин Көркөм өнөр факультетинде жана Стамбул университети Философия бөлүмүндө билим алды. 1980-жылдардан бери ыйман, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектер даярдады. Мындан тышкары, автордун эволюция теориясынын жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын, алардын жактаган нерселеринин (эволюция теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин кандуу идеологиялар менен болгон караңгы (жашыруун) байланыштарын ортого койгон абдан маанилүү эмгектери бар. Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 30000 сүрөттү камтыган жалпысы 45000 беттик бир эмгектер жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы дүйнөнүн 60 тилине которулган. Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш тартуучу пикирлерге каршы күрөшкөн эки пайгамбардын урматына, алардын атын эскерүү үчүн Харун (Муса пайгамбардын жардамчысы) жана Яхья (Иса пайгамбардын жардамчысы) аттарынан куралган. Автор тарабынан китептеринин сыртында колдонулган Расулуллахтын мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси – китептердин мазмуну менен байланыштуу. Бул мөөр Куран-ы Керимдин Аллахтын акыркы китеби жана акыркы сөзү, Пайгамбарыбыз (С.А.В.)дын да хатем-ул анбия экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана Расулуллахтын (С.А.В.) сүннөтүн өзүнө жол көрсөткүч кылууда. Ушундай жол менен баш тартуучу философия системаларынын бардык негизги жактаган нерселерин бир бирден жыгууну жана динге каршы багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун жабуучу «акыркы сөздү» айтууна максат кылууда. Абдан терең акыл (хикмат) ээси жана идеалдуу инсан Расулуллахтын (С.А.В.) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары колдонулуп келүүдө. Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат – Куранга чакырууну бүт дүйнөгө жеткирүү, мындай жол менен адамдардын Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу негизги ыйман темалары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү болуу жана чындыктан (Аллахтан) баш тартуучу системалардын чирик фундаменттерин жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып, адамзатка көрсөтүү. Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга, Польшадан Босния-Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жактырылуу менен окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур, индонезия тилдери сыяктуу көптөгөн тилге которулган бул эмгектер Түркия сыртында да көптөгөн китеп окуучулар тарабынан окулуп келүүдө.
  • 7. Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун алган бул эмгектер көптөгөн адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын тереңдешине себепчи болууда. Китептерди окуп, анализдеген ар бир адам бул эмгектердин терең акыл, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана чын жүрөктөн чыккан сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын байкашууда. Бул эмгектер – ылдам таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана толук илимий болуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул эмгектерди окуган жана булар жөнүндө терең ойлонгон адамдар материалисттик философия, атеизм жана ар кандай адашкан ой-пикир жана философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат. Муну түшүнгөндөн кийин материализмди жактагандар ызалык, өжөрлүктөрү айынан гана жакташат, себеби илимий тараптан материализм жокко чыгарылды. Заманыбызда бардык чындыктан баш тартуучу агымдар Харун Яхья эмгектеринен илимий, идеялык жактан толук жеңилген абалда. Шек жок, мындай өзгөчөлүктөр – Курандын терең мазмундуулугу жана өзгөчө баяндоосунун натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат кылбайт, жалаң гана Аллахтын адамдарды туура жолго салуусуна себепчи болуу ниетинде. Мындан тышкары, бул эмгектердин жарыкка чыгып, таралышында акча табуу максат кылынбайт. Бул чындыктарды эске алсак, адамдардын байкабаган чындыктарды байкашын камсыз кылган, алардын туура жолду табышына жардамчы болгон бул эмгектерди окууга үндөөнүн абдан маанилүү бир кызмат экендиги жакшы түшүнүктүү болот. Бул баалуу эмгектерди таанытуу ордуна, адамдардын башын айланткан, пикирлерде кайчылаштыктар, күмөндөр жараткан, ыйманды куткарууда күчтүү жана так бир таасири болбогон демейки, монотондуу китептерди жайылтуу эмгек жана убакыт жоготуусуна алып келет. Негизги максат ыйманды куткаруу эмес, автордун адабий күчүн көрсөтүү болгон эмгектердин күчтүү таасирдүүлүккө жетиши кыйын. Бул бойунча шектенүү жаралгандар бар болсо, Харун Яхьянын эмгектеринин максатынын динсиздик менен күрөшүү жана Куран ахлагын жайуу гана экендигин бул кызматтын таасири, ийгиликтери жана окурмандардын ыраазы болгонунан байкашса болот. Дүйнөдөгү зулум жана баш аламандыктар, Мусулмандар көрүп жаткан азаптардын негизги себебинин динсиздик пикирлеринин дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн натыйжасы экендигин билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн динсиздикти илим менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын ортого койуу жана Куран ахлагын адамдар түшүнө ала турган деңгээлде түшүндүрүү зарыл. Зулумдук, согуштар күчөгөн азыркы күндө бул кызматтын колдон келишинче ылдам болушу айдан ачык. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн. Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун Яхья эмгектери, Аллахтын буйругу менен, XXI кылымда дүйнө инсандарын Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик жана тынчтыкка, чынчылдык жана адилеттүүлүккө, сулуулук жана бактылуулукка жеткирүүгө бир себепчи болмокчу.
  • 8. ОКУРМАНГА Автордун эмгектеринде эволюция теориясынын кыйрашына атайын орун беришинин себеби – бул теориянын ар түрдүү динге каршы бир философиянын негизин түзүгөндүгүндө. Жаратылуу жана натыйжада Аллахтын бар экендигинен баш тарткан дарвинизм 140 жылдан бери көптөгөн адамдардын ыйманын жоготушуна же жүрөктөрүндө күмөн жаралышына себеп болуп келди. Ошондуктан, бул теориянын бир калп экендигин ачык далилдөө - абдан маанилүү ыймандык милдет. Бул маанилүү кызматтын бардык адамдарга жеткирилиши зарыл. Дагы бир белгилей кетчү жагдай – бул китептердин мазмуну менен байланыштуу. Автордун бардык китептеринде ыйман темалары Куран аяттары негизинде түшүндүрүлүүдө, адамдар Аллахтын аяттарын үйрөнүүгө жана жашоого чакырылууда. Аллахтын аяттары менен байланыштуу бардык темалар окурмандын акылында эч кандай күмөн же суроо белгиси жаралбай турган негизде түшүндүрүлүүдө. Түшүндүрүүдө колдонулган чынчыл, жөнөкөй баян китептердин жаш-кары дебей бүт адамдардын оңой түшүнүшүнө шарт түзүүдө. Таасирдүү жана жөнөкөй баян колдонулган китептер - «бир токтобой окулчу» китеп өзгөчөлүгүнө ээ. Динден баш тартуу бойунча өжөрлүк көрсөткөн адамдар да бул китептерде түшүндүрүлгөн чындыктардан таасирленүүдө жана түшүндүрүлгөндөрдү калпка чыгара албай келет. Бул китеп жана автордун башка эмгектерин окурмандар жалгыз окуса да, маектешүү чөйрөсүндө окушса да болот. Бул китептенден пайдаланууну каалагандардын чогуу маек курушу, тажрыйба жана пикирлерин ортого койушу пайдалуу болот. Ошондой эле, жалаң гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жазылган бул китептердин таанылышы жана окулушуна себепчи болуу да чоң кызмат болмокчу. Себеби автордун бардык китептеринде далил жана ишендирүү тарабы абдан күчтүү. Ушул себептен динди түшүндүрүүнү каалагандар үчүн эң эффективдүү ыкма – бул китептерди окууга башка адамдарды да үндөө болмокчу. Бул эмгектерде башка кээ бир эмгектерде байкалчу жазуучунун жекече ойлору, шектүү булактарга таянган сөздөрү, ыйык нерселерге болгон керектүү адап жана урматка көңүл бурбаган баяндар, үмүтсүз, күмөн жаратуучу түшүндүрүүлөрдү жолуктурбайсыз. КИРИШҮҮ
  • 9. Бир курулуш же чыгармадагы кереметти түшүнө алуу жана баалай алуу үчүн көбүнчө ал курулуш же чыгарма жөнүндө терең маалымат алуу, ал жөнүндө ойлонуу керек болот. Мисалы, Египет пирамидалары жөнүндө терең маалыматы болбогон бир адам аларды болгону чөлдөгү топтолгон таштар катары гана көрүшү мүмкүн, ал тургай эмне үчүн дүйнөнүн 7 кереметинин бирөөсү экендигин түшүнө албашы мүмкүн. Бирок бул пирамидалардын ар бири орточо 2,5 тонна оордуктагы дээрлик 2,3 миллион таш блокторунан тураары, пирамидалардын жерге жайгаштырылышында колдонулган геометрия билими, таштарды кесүүдөгү тактык, бул курулуштун ири көлөмү жана бул пирамидалар курулган доордогу шарт жана технология жөнүндө маалымат алынганда, чындап эле ал пирамидалардын керемет экендиги апачык көрүнөт. Пирамидалардын ички архитектурасы, ичиндеги коридорлор жана дагы көптөгөн сырлар жөнүндө маалымат алынганда болсо, ал кереметтерге болгон суктануу андан да өсөт. Ушул мисалдагы сыяктуу, сырткы көрүнүшүнүн кемчиликсиздиги менен бирге көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүккө ээ болгон адамдын денесине да бул абал тиешелүү. Адам эгер майда-бараттар жөнүндө маалымат албай жана алар жөнүндө ойлонбосо, дайыма өз денесинде, айланасында болуп жаткан кереметтерди байкай албайт. Чындыгында болсо, алдынан келе жаткан унаа мени сүзөт деп корккондо, тумоого чалдыкканда, кан басымы көтөрүлгөндө же бир досуна жолугуп саламдашканда, ар бир адамдын денесинде кереметтүү окуялар ишке ашат. Секундалар, ал тургай көз ирмемдер ичинде көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон кичинекей молекулалар адамдын ичинде аарылардай иштешип, адам өзү да түшүнүүдө кыйнала тургандай татаал, жана абдан көп маалымат жана адистик талап кылган жумуштарды жасашат. Бүт ааламды, жандууларды жана адамды жараткан Улуу Аллах, албетте, бул кемчиликсиз системаларды жана кереметтүү таланттары болгон молекулаларды бир максат менен жараткан. Ошондуктан, акылдуу жана абийирдүү ар бир адам Аллахтын жаратуу кереметтерин окуп үйрөнүшү жана алар жөнүндө ойлонушу зарыл. Буларды окуп үйрөнүү мындай кереметтерди жараткан Раббибиздин чексиз күч-кудуретин, илимин, акылын, улуулугун жана бийиктигин жакшыраак түшүнүшүбүзгө себепчи болот. Аллах аятында билдиргендей «...Кулд а ры арасынан болсо Аллахтан жала ң гана илим д ү ү л ө р «ичтери титирөө менен корку ша т. ..» (Фатыр Сүрөсү, 28) Бул китеп Рахман жана Рахим болгон Раббибиздин бар экендигинин кээ бир далилдерин, Анын кемчиликсиз жаратуу чеберчилигин бүт адамдар көрүп түшүнө ала тургандай жана ал жөнүндө ойлоно ала тургандай деңгээлде түшүндүрүү үчүн даярдалды. Адам – Аллах жараткан бир жандык. Китеп боюнча да көрүлө тургандай, атомдоруна, эң кичинекей молекулаларына чейин Аллахтын илими менен кыймылдоодо жана ааламдагы бүт жандыктар сыяктуу Анын күч-кудуретине моюн сунган абалда.
  • 10. АКЫЛДУУ ПЛАН, Т.А. ЖАРАТЫЛУУ Аллах жаратуу үчүн план курууга муктаж эмес Китеп боюнча кээ кээде колдонулган «план» сөзүн туура түшүнүү зарыл. Аллахтын кемчиликсиз бир план менен жараткандыгы Раббибиз алгач план куруп, андан соң жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби болгон Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план, долбоор» жасоого муктаж эмес экендигин билүү керек. Аллахтын пландоосу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу, улук. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын болушу үчүн бир гана «Бол!» деши жетиштүү. Аяттарда мындайча буюрулат: Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82) Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун кааласа, ага жалаң гана «БОЛ» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
  • 11. КЛЕТКА ЖӨНҮНДӨ 40 БАЯН 1-БАЯН КАНДАГЫ СУЮКТУКТУН КӨЛӨМҮН ТЕКШЕРГЕН КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮЛӨР Адамдын денесиндеги суунун көлөмү абдан маанилүү. Суунун белгилүү бир деңгээлден төмөн болушу же денеде ашыкча суу топтолушу адамдын жашоосуна кооптуу натыйжаларды жаратат. Сиз денеңиз үчүн эң идеалуу суу көлөмү канчалык экенин билесизби? Анан да, дайыма денеңиздеги суунун көлөмүн өлчөп, анын керектүү көлөмдө болушу үчүн чараларды көрө аласызбы? Албетте, жок. Балким, бул саптарды окуганга чейин бул жөнүндө эч ойлонгон да эместирсиз. Себеби денеңизде бул маанилүү кызматты сиздин ордуңузга аткарган кереметтүү бир система бар. Бул системанын майда-бараттары адамды таң калтырган бир катар жаратылуу кереметтеринен турат. Эми бул системаны карап көрөлү: Мээдеги гипоталамус клеткаларынын кабыкчаларында кабылдагычтар бар. Бул кабылдагычтарга кандагы суюктуктун көлөмүн өлчөө милдети жүктөлгөн. Байкалгандай, кандагы суюктуктун көлөмүн өлчөөчүлөр – лаборант же докторлор эмес, көз менен көрө албагандай кичинекей болгон клетканын ипичке кабыкчасындагы абдан кичинекей кабылдагычтар. Бул кабылдагычтардын кызматынын канчалык чоң бир маалымат, талант жана техника талап кылаарын түшүнүү үчүн мындай бир салыштыруу жасайлы: бир адамдын алдына бир шише кан коюлганда, бул кандын ичиндеги суюктуктун үлүшүн айта албайт. Мындай эсептөөнү жасай алуу үчүн бул темада адис болушу керек. Бул да жетиштүү эмес. Мындан тышкары, керектүү өлчөөлөрдү жасоо үчүн бир лабораторияга жана техникалык каражаттарга муктаж. Ал эми, клетка кабыкчасындагы кабылдагычтар эч кандай маалыматы болбостон, эч кандай техникалык каражаттарды колдонбостон, адамдын жашоосу боюнча мындай өлчөөнү жасашат. Бул кичинекей кабылдагычтардын милдети муну менен эле чектелбейт. Эгер кандагы суюктуктун үлүшү зарыл деңгээлден төмөн экендиги аныкталса, ылдам керектүү чараларды көрүшөт. Бул кереметтүү бир көрүнүш. Мындан тышкары, кабылдагычтар бир гана суюктук үлүшүн өлчөп эле тим болушпайт, эң идеалдуу суюктук үлүшүн да билишип, керек болгондо коңгуроо чалып башташат. Коңгуроо чалып баштаган кабылдагыч мээнин арка тарабындагы гипофиз безине ылдам кабар жөнөтөт. Бул жерде терең ойлоно турган маанилүү суроолор бар. Бул кабылдагычтар гипофиз безинин ордун жана бар экенин кайдан билишет? Мындан тышкары, коңгуроо чалганда аларга гипофиз бези жардам берээрин кайдан билишет? Албетте бул суроолордун жообу Улуу Раббибиздин илхамы. Чексиз күч-кудурет ээси болгон Улуу
  • 12. Аллах, жараткан ар бир жандыкка илхам кылган сыяктуу, бул кабылдагычтарга да кемчиликсиз бир илим менен милдеттерин илхам кылууда. Гипофиз бези кабарды алаар замат өзүндө сакталуу турган вазопрессин аттуу гормонду кан айлануусуна көбүрөөк көлөмдө берип баштайт. Бул жерде ойлоно турган бир жагдай бар: гипофиз бези алган кабар кандай түрдө? Башка бир органдан келген бир кабарды гипофиз бези кантип түшүнө алат жана кабарды кандайча баалап-түшүнүп, ылдам чара көрүп баштайт? Булар кереметтүү жана Аллахка шүгүр кылууга себепчи боло турган кереметтер. Гипофиз бези кан айлануусуна берген вазопрессин болсо гипоталамустагы клеткалар тарабынан өндүрүлгөн бир гормон. Бираздан соң карай турган абдан маанилүү кызматтары бар бул гормондун формуласын гипоталамустагы клеткалар кайдан билишет? Бул гормондун формуласы ДНКда шифрленген. Албетте, булар – Улуу Аллахтын кереметтүү жаратуу далилдеринин бирөөсү гана. Мындан тышкары, адамдын денесиндеги бардык клеткалардын ядросундагы ДНКларда вазопрессин гормонуна тиешелүү шифрлер бар экендигин эске салуу керек. Бирок бул шифрди боор клеткалары да, ашказан клеткалары да, булчуң клеткалары да колдонушпайт, бир гана гипоталамус клеткалары колдонуп, бул гормонду өндүрүшүүдө. Мындай бөлүшүү кандайча жасалган? Башка клеткаларда бул шифрдин колдонулушуна эмне тоскоол болууда? Вазопрессин гормону менен байланыштуу кереметтер муну менен эле чектелбейт. Вазопрессин гормону өндүрүлгөн соң, башка бир протеиндин ичине таңгакталып, гипофиз безине жөнөтүлөт жана убактысы келгенде колдонуу үчүн ал жерде жыйналып, сакталат. Кичинекей бир клетка ичинде элестетүүгө да мүмкүн болбогондой майда түзүлүштөр, эч кемчиликсиз майда-бараттарына чейин уюштурулган бир фабриканын бөлүктөрү сыяктуу, иштешет. Кабар келген соң гипофиз безиндеги кампадан кан айлануусуна коюп жиберилген вазопрессин гормондору ылдам бөйрөккө жетишет. Бул жерде бир нерсени эске салуу керек, вазопрессин гормондары мээдеги гипофиз безинен жолго чыгышкан жана бөйрөктөргө жеткенге чейин бир канча органдын жанынан өтүшөт, бирок бул гормондор каякка кетип баратышканын, жолдорун жана максаттарын билген сыяктуу, эч жоголбостон же башка бир органга барбастан, түптүз бөйрөктөргө барышат. «Бөйрөктөргө баргыла» деген буйрукту кандайча алууда жана сөз кылынып жаткан бул аң-сезимсиз молекулалар бул буйрукту кантип түшүнүп, жолдорун табышууда? Бөйрөккө жеткен вазопрессин гормондары бөйрөктөгү миллиондогон микро каналчалардын айланасында жайгашкан кабылдагычтарга кулптанышат. Бул кабылдагычтар вазопрессиндер үчүн атайын жаратылган жана ачкыч кулпуга туура келген сыяктуу бири-бирине туура келет. Мындай дал келүүчүлүк кантип ишке ашат? Бир адам эгер адис болбосо, бири-бирине толук туура келген эки башка калыпты жасоодо да кыйналышы мүмкүн. Ал эми денеде болсо мунун көптөгөн мисалдары бар. Мындан тышкары, эки бөлүкчө, т.а. вазопрессин гормону менен бөйрөктөгү
  • 13. кабылдагычтар дененин толугу менен башка башка жерлериндеги бири-биринен абдан айырмаланган клеткалар тарабынан жасалууда. Бирок ошого карабастан, кемчиликсиз бир дал келүүчүлүк бар. Мындай дал келүүчүлүк болсо Раббибиздин пенделерине болгон бир мээрими. Мындай кулптануу аркылуу бөйрөккө «заара суюктугундагы суу молекулаларын карма» буйругу берилген болот. Мындай кабардашуу системасы урматында заарадагы суу молекулаларынын көпчүлүгү тазаланат жана кайрадан канга аралаштырылат. Натыйжада заара көлөмү азайтылып, денеге суу берилген болот. Эгер зарыл көлөмдөн ашыкча суу ичилген болсо, анда бул механизм тескерисинче иштейт. Кандагы суунун көлөмү көбөйөт. Мындай көбөйүү натыйжасында гипоталамуста жайгашкан кабылдагычтар вазопрессин гормонунун коюп жиберилүү процессин жайлатышат. Вазопрессин гормону азайганда, заара суюктугу көбөйөт жана кандагы суунун көлөмү нормалдуу деңгээлине алып келинген болот. Мындай кемчиликсиз система денедеги системалардын абдан кичинекей бир бөлүгү гана, жана бул кичинекей бөлүк дагы эч нерсенин ээнбаш, максатсыз эмес экендигинин, чексиз акыл, илим жана күч-кудурет ээси болгон Аллахтын бул системаны дайыма башкарып тургандыгынын далилдеринин бирөөсү гана. 2- БАЯН ДЕНЕДЕГИ КЕМЧИЛИКСИЗ КОРГОНУУ СИСТЕМАСЫ Вазопрессин гормонунун дагы бир өзгөчөлүгү бар; ал кан тамырларын кысат жана натыйжада кандын басымын көбөйтө алат. Бул да абдан кылдат пландалган бир коопсуздук-камсыздоо системасы жана адамдын өзгөчө бир жаратылуу менен жаратылгандыгынын дагы бир далили. Бул коопсуздук-камсыздоо системасынын иштей алышы үчүн кеңири масштабдуу бир пландоо жасалган. Жүрөктүн көңдөйчө (предсердие) аймагынын жана жүрөккө келген тамырлардын ичине кан басымын өлчөөчү атайын кабылдагычтар жайгаштырылган. Белгилүү болгондой, бир адамдын кан басымын өлчөө үчүн технологиялык бир аппарат колдонуу керек. Мындай аппараттар көптөгөн ар кайсы тармактагы адистердин биргелешкен аракети менен иштеп чыгылган жана алдыңкы технологиялар менен өндүрүлүүдө. Ал эми жүрөгүбүздө болсо ушул эле кызматты куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон, абдан кичинекей молекулалар аркалашууда. Бул кабылдагычтар кан басымын кантип өлчөшөт, басымдагы айырмаларды кантип кабылдашат? Булар – сезими, сезүү органдары жана ал тургай сезгендерин кабылдай турган аң-сезимдери жок атомдор. Мындан тышкары, бул кабылдагычтар жүрөккө, дал керектүү жерге кантип жайгашышкан? Бүт мындай суроолордун жооптору адамга Аллахтын бар экендигин жана Анын илиминин улуулугун көрсөтүүдө.
  • 14. Бул кабылдагычтардан чыккан нервдер болсо бир кабель байланышы сыяктуу, гипофиз безине байланышкан. Нормалдуу кан басымында бул кабылдагычтарга тынымсыз сигнал барып турат жана бул кабельдер аркылуу гипофиз безине тынымсыз бир электрдик агым жөнөтүп турушат. Гипофиз бези болсо бул сигналдардын келиши токтоп калмайынча, вазопрессин гормонунун койо берилишине тоскоол болот. Бул бир коопсуздук фирмасынын иштөө системасына окшойт. Коопсуздук фирмасынын дайыма даяр болуп күтүп турган кызматкерлери коңгуроо (сигнализация) системасы курулган үйдөн оң кабарлардын келиши уланып турганда, эч чара көрүшпөйт.1 Коопсуздук фирмасы, т.а. гипофиз бези качан чара көрүп баштайт? Олуттуу бир кан жоготуу болгондо, адамдын кан-тамырларында кандын көлөмү азайат. Бул болсо кан басымынын төмөндөшү дегенди билдирет, кан басымынын төмөндөшү болсо оорулуу үчүн абдан кооптуу. Кан басымы төмөндөгөндө, тамырлардын жана жүрөктүн ичинде жайгашкан кабылдагычтар гипофизге жөнөткөн сигнал да токтойт. Бул болсо гипофиздин «сигнализациясынын иштешине» жана вазопрессин гормонун коюп жиберишине себеп болот. Гипофиздин сигналдын токтогонун ылдам байкап, чара көрүшү болсо абдан аң- сезимдүү, акылдуу бир кыймыл-аракет. Бирок мындай аң-сезимдүү, акылдуу кыймыл- аракеттердин баары кээ бир атомдордун биригишинен пайда болгон кичинекей молекулаларга тиешелүү. Вазопрессин гормону ылдам кан-тамырлардын айланасында жайгашкан булчуңдардын кысылышына себеп болот жана бул процесс кан басымынын көтөрүлүшүнө шарт түзөт. Абдан комплекстүү, бири-биринен көз-каранды иштеген жана бир канча бөлүктөн турган бул системанын ойлонуу керек болгон көптөгөн майда- бараттары бар. Вазопрессин гормонун өндүргөн гипоталамус клеткалары өздөрүнөн абдан алыста жайгашкан тамырлардын айланасындагы булчуң клеткаларынын түзүлүшүн кайдан билишет? Кан басымынын көтөрүлүшү үчүн бул тамырлардын кысылышы керек экенин кайдан билишет? Бул клеткалардын кысылышын камсыз кылган химиялык формуланы кантип өндүрө алышууда? Жүрөк жана гипофиз арасындагы байланыш тармагынын кабельдери төшөлүп мындай кемчиликсиз бир сигнализация системасы кантип пайда болгон? Эч шексиз, бул кемчиликсиз бир жаратылуу мисалы. Жана бул адамдын аң- сезимсиз кокустуктар натыйжасында эмес, Аллахтын жаратуусу менен пайда болгонун көрсөтүүдө. Эволюционисттердин денедеги байланыш (кабар алышуу) жана сигнализация системасынын кокусунан пайда болгонун, клеткалардын өз башынча бул системаны ойлоп чыгарышканын, пландашканын жана жасашканын айтышы болсо эч логикага сыйбайт. Мындай пикир, «бир талаада чогулган цемент, кирпич, электрдик кабель сыяктуу нерселер бир бороон натыйжасында алгач кокустан бир бийик мунара
  • 15. салышты, кийин дагы бир бороон менен бул мунаранын ичине электрдик система курушту, үчүнчү бир бороондо болсо бул имараттын ичине кемчиликсиз бир коопсуздук системасын жасашты» деген догмага окшошот. Акылдуу жана абийирдүү эч бир адам мындай логикага сыйбаган бир догманы кабыл албайт. Бирок эволюционисттердин догмасы мындан бир топ эсе акылсыз. Улуу Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн (Аллахты аруулайбыз) болгон аракетин кылган эволюционисттер айткан сөздөрүнүн канчалык акылга, логикага сыйбас экенин ойлонбостон, эволюция теориясын жакташат. Чындыгында болсо, Улуу Аллахтын бар экендиги жана асмандан жерге чейин бүт нерселерди кемчиликсиз бир жаратуу менен жараткандыгы апачык бир чындык. 3- БАЯН ЭНЕНИН СҮТҮ ЖАНА ОКСИТОСИН ГОРМОНУ Эненин сүтү – Аллах жараткан сансыз кереметтин бирөөсү гана. Эненин сүтүндө жаңы төрөлгөн бир наристенин бардык муктаждыктары бар. Болгондо да, наристе чоңойгон сайын муктаждыктарынын өзгөрүшүнө жараша эненин сүтүнүн курамы да өзгөрүп турат. Илимпоздор лабораторияларда да ага окшошун өндүрө албаган эне сүтүн өндүргөндөр болсо – бул эненин көкүрөгүндөгү кээ бир клеткалар. Бул клеткалар эне сүтүнүн теңдешсиз формуласын билишет жана качан өндүрүп башташы керек экенин, качан өндүргөн нерсесинин курамын өзгөртүшү керек экенин билишет. Эненин сүтүнүн өндүрүшү кандайча башталат жана бул өндүрүш кантип башкарылат? Бул суроонун жообунда да көптөгөн жаратылуу керемети жашырылган. Сүт өндүрүшүндө гормоналдык система жана нерв системасы ортоктошо кызмат кылышат. Кемчиликсиз бир маалымат агымы жана пландоо натыйжасында бул өндүрүш ишке ашат. Эненин көкүрөгүндө жайгашкан сүт бездерин кыймылдаткан абдан өзгөчө бир гормон бар. Бул гормон – пролактин гормону. Пролактин гормону гипофиз безинен чыгарылат. Бирок кош бойлуулуктун башында пролактин гормонунун чыгарылышын чектеген кээ бир факторлор бар. Бул факторлорду ылдыйга түшүп бараткан бир унаанын тормоз баскычына басууга окшоштурууга болот. Унаа ылдый көздөй кыймылдоого ийкемдүү болот, бирок тормоз тебилип тургандыктан, кыймылдай албайт. Б.а. сүт өндүрүшү тормоздолгон болот. Пролактин гормонунун тормоздолушу эң керектүү бир чечим. Себеби наристе али төрөлө элек болгондуктан, энеден сүт чыгып башташынын эч кажети жок. Кантип мындай тормоз басылат? Пролактиндин эрте чыгарылып башташына кантип тоскоол болунат? Бул жерде кемчиликсиз бир система иштейт. Мээнин гипоталамус аймагы пролактин гормонунун өндүрүшүнө тоскоол болгон бир гормон чыгарат. PIH (Prolaktin Inhibiting Hormon- Пролактинге тоскоол болуучу гормон) деп аталган бул гормон
  • 16. пролактин өндүрүшүн жайлатат, б.а. тормоздойт. Тормозго басуу кандайча ишке ашат? Кош бойлуулук убагында өндүрүлгөн эстроген аттуу бир гормон гипоталамустун тормозго басышын, б.а. PIH өндүрүшүн камсыз кылат. Наристе төрөлөөрү менен эстрогендин чыгарылышы азайат. Эстрогендин азайышы PIHтын азайышына алып келет. Бул процесс буттун тормоздон акырындап алынышына жана унаанын ылдый көздөй кыймылдап башташына окшошот. Натыйжада пролактин өндүрүшү акырын акырын көбөйүп баштайт. Пролактин гормондору сүт бездерин эненин сүтүн өндүрүшү үчүн кыймылга келтирет. Бул – чыныгы бир жаратылуу керемети. Кош бойлуулуктун алгачкы айларында сүт өндүрүшү ушул пландалып жаратылган системанын урматында токтотулат. Эми бул система жөнүндө көңүл коюп ой жүгүртөлү: Пролактин гормонун өндүргөн гипофиз клеткалары сүт бездерин кайдан таанышат? Сүт өндүрүү милдетин аркалаган клеткаларга «сүт өндүр» буйругун кайсы акыл жана аң-сезими менен берүүдө? Наристе төрөлөөрдөн мурда пролактин өндүрүшүнө тоскоол болгон гормондор али сүт өндүрүлбөшү керек экенин, дагы бираз күтүү керек экенин кайдан билишет? Бул гормондор пролактиндин сүт өндүрөөрүн жана сүттүн өндүрүлүшүнө тоскоол болуу үчүн пролактин гормонунун өндүрүлүшүнө тоскоол болуу керек экенин кайдан билишет? Бүт бул кереметтүү системаны жараткан – бул ааламдардын Рабби болгон Аллах. Жана бүт нерселер Анын илхам кылышы менен кыймылдоодо. 4- БАЯН КАЛЬЦИЙ ӨЛЧӨГҮЧТӨР Кандагы кальцийдин көлөмү адамдын өмүрүн уланта алышы үчүн абдан маанилүү бир фактор. Бир адам өмүрүн улантуу үчүн дем алууга жана суу ичүүгө муктаж болгон сыяктуу, канында белгилүү көлөмдө кальций болушуна да муктаж. Кандагы кальцийдин көлөмү зарыл деңгээлден төмөн болуп кеткенде, адам өлөт. Кальций денебизде көптөгөн абдан маанилүү функциялардын ишке ашырылышын камсыз кылат. Кальций жок болсо, кан коюлбайт, мындай абалда кичинекей бир жара же кесилген жер де адамдын кан жоготуудан өлүшүнө себеп болушу мүмкүн. Кальций нерв сигналдарынын жеткирилишинде да абдан маанилүү ролду аткарат. Кальций ошол эле учурда булчуңдардын иштешин жана сөөктөрдүн бекемдигин да камсыз кылат. Бойго жеткен бир адамдын денесинде 2 килограммга жакын кальций болот. Бул кальцийдин 99%ы сөөктөрдө кампаланган. Калганы болсо метаболизм менен байланыштуу процесстерде колдонулат. Дененин функцияларынын уланышы үчүн да дээрлик 0,5 грамм кальцийдин канда айланышы жетиштүү.2 Эми мындай элестетип көрөлү: алдыңызга атайын бир шише идиш ичинде 1 литр
  • 17. кан сунулган болсун. Жана сизге «бул канды күтүп жаткан бир оорулууга жеткирүү керек, бирок бир проблема бар» деп айтышсын. «Бул кандын ичинде кальций жетишсиз, бирок канчалык жетишсиз экенин аныктай албадык» дешсин. Ошондой эле, сизге колдонушуңуз үчүн чоң бир капта майда кальций да берилген болсун жана сизден «жетпеген кальцийди толуктап бериңизчи» деп суранышсын. Эмне кылмак элеңиз? Эң алгач, сизге сунулган канда канчалык көлөмдө кальций бар экенин өлчөшүңүз керек болот. Бирок бул үчүн абдан алдыңкы технологиялык шаймандар керек, бирок ал учурда сизде буга убакыт да, мүмкүнчүлүк да жок. Натыйжада абдан чарасыз абалда каласыз. Бирок бардык адамдардын денесинде дайыма кальцийдин көлөмүн эсептеп, керектүү чараларды алган кереметтүү бир механизм бар: тироид бези (щитовидная железа) жана тироид безинин ичине көмүлгөн дагы бир гормоналдык без болгон паратироид бездери (паращитовидная железа) денеде кальций тең салмактуулугунун сакталышы үчүн абдан акылдуу бир планга ылайык иштешет. Өзгөчө паратироид безинин жалгыз милдети – бул өмүрүбүз бою, түнү-күнү каныбызда канчалык кальций бар экенин өлчөө жана кальцийдин көлөмүн эң идеалдуу көлөмдө кармоо. Паратироид бези өзү өндүргөн абдан өзгөчө бир жаратылуу менен жаратылган паратгомрон аркылуу кандагы кальцийдин көлөмүнө кийлигишет. Эгер канда кальций көлөмү азайса, ошол замат паратгормон чыгарат.3 Паратироид бези кичинекей бир эт бөлүкчөсү гана. Клеткалардын жыйындысынан турган бир бөлүк эт алдынан аккан кан дарыясынын ичиндеги кальцийдин атомдорун кантип аныктайт? Көзү, кулагы, колдору жок клеткалар кандагы туз, глюкоза, май, амино-кислоталар, протеиндер, гормондор, энзимдер, лактоз кислотасы, көмүр кычкыл газы (карбон-диоксид), азоттуу калдыктар, натрий, калий, заара (моча), заара кислотасы, темир, бикарбонат сыяктуу миңдеген түрдөгү заттар арасынан кальцийдин атомдорун кантип ажыратып, айырмалай алат? Клетка кальцийди кантип тааныйт? Кальцийдин канда канчалык болушу керек экенин кайдан билет? Кальцийдин көлөмүн кайсы аң- сезими, акылы менен өлчөйт? Кантип «кальций аз экен» же «көп экен» деп чечим чыгарат? Бул жерде кайра эске сала кетүү керек, бул клеткалар – акылы жана аң-сезими жок, миллиметрдин 1%ы чоңдугундагы нерселер. Бул нерселердин биздин жашообуз үчүн кандагы кальцийдин көлөмүн ийгиликтүү өлчөп жатышы – бул чексиз илим ээси Улуу Аллахтын жаратуу далилдеринин бирөөсү гана. Паратироид клеткалары жасаган өлчөөлөрү натыйжасында «кальцийдин көлөмү азайып кетиптир» деп чечсе, анда ылдам паратгормон чыгарышат. Паратгормон кальцийдин көлөмүн кантип көбөйтөт? Бул кичинекей молекула кайдан кальций табат? Паратгормон ар бири үчүн абдан күчтүү биология билими талап кылынган 3 ар башка жолдон кан үчүн кальций булагын табат: 1. Сөөктөрдө көп өлчөмдө кальций бар. Паратгормон кальцийдин бир бөлүгүн
  • 18. сөөктөрдөн карызга алат. Сөөк клеткалары кальцийди кампалашат жана нормалдуу шарттарда бергилери келбейт. Бирок паратгормондун формуласына жолукканда, эч ойлонбостон белгилүү көлөмдө кальцийди бош койо беришет. 2. Заара менен бирге белгилүү көлөмдө кальций денеден сыртка чыгарылууда. Заарадагы кальций кайрадан канга аралаштырылышы керек. Бул үчүн болсо, бөйрөк клеткаларынын заарадагы кальций молекулаларын кармап, артка кайтарышы керек. Бул жолу паратгормон бөйрөк клеткаларына бул буйрукту берет жана бөйрөк клеткалары бул буйрукка баш ийип, кальций молекулаларын кайра топтошот. 3. Акыркы ыкма болсо – бул денеге кирген кальцийди максимум колдонууга берүү. Жеген тамактарыңыздагы кальцийдин канга аралашышы ичке ичегиде ишке ашат. Бирок кальцийдин кайра сорулушу үчүн ичеги клеткалары активдүү абалдагы D витаминине муктаж болушат. Бул жерде чоң көйгөй жаралат; себеби сиз жеген тамактар аркылуу алган D витаминиңиз активдүү абалда эмес.4 Ичегилериңиздин көбүрөөк кальций сорушу, натыйжада каныңыздагы кальцийдин көлөмүн көбөйтүү үчүн бул көйгөйдү чечишиңиз керек. Б.а. активдешпеген D витамининин химиялык түзүлүшүн өзгөртө турган жана активдүү абалга алып келе турган абдан өзгөчө бир молекула табышыңыз керек. Бул молекула – кайра эле паратгормон. Эми бул жерде абдан көңүл коюп ойлонуу керек. Кандагы кальцийдин көлөмүнүн көбөйтүлүшү үчүн бири-биринен көз-карандысыз 3 ар башка жол бар болууда жана бири-биринен такыр башка бул үч системанын иштеп башташын камсыз кылган ачкыч бирөө гана. Бул ачкыч үч системанын тең контакттарын буроодо (ачууда). Андан да таң калыштуусу, бири-биринен абдан айырмалуу түзүлүштөгү жана иштөө калыптары абдан айырмалуу болгон бул системалардын контакттары буралганда, жетишилген жыйынтыктын бирдей болушу: «кандагы кальций көлөмүнүн көбөйтүлүшү». Бул гормондун формуласын паратироид клеткалары кантип табышкан? Бул молекуланын сөөктөргө, бөйрөктөргө жана D витаминине таасир берээрин кайдан билишет? Кантип тарых бою жашаган миллиарддаган адамдын паратироид бези –оору жок учурда- бул туура формуланы өндүрүү ийгилигине жетишкен? Сөөктөрдүн кальций кампалаарын, заара ичинде сыртка чыгарыла турган кальций бар экенин жана ичке ичеги клеткаларынын кальций соруу үчүн активдүү D витаминине муктаждыгы бар экенин паратироид клеткалары кайдан билишет? Бул үч системаны иштете турган формуланы кантип табышкан? Аң-сезимсиз клеткалар адамдын да алы жетпеген мындай акылдуулукту кантип жасашат? Клеткалардагы мындай акыл жана пландоону, клеткаларды да, кальций молекуласын да, адамды да жоктон жараткан, адамды кальций молекуласына муктаж бир абалда жаратып, кийин бул муктаждыгынын камсыздалышы үчүн кемчиликсиз бир система жараткан – бул асмандардын, жердин жана ал экөөсү арасындагылардын Рабби, Рахман жана Рахим болгон Аллах. Эч шексиз, Аллахтын даңкы абдан Улук. Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү,
  • 19. Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан Улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255) 5- БАЯН ШЕКЕР ФАБРИКАСЫ Эгер муктаждыгыңыздан бираз көбүрөөк шекердүү тамак жесеңиз, анда денеңиздеги абдан детальдуу жана кемчиликсиз бир система кандагы шекер көлөмүнүн жогорулашына тоскоол болуу үчүн аракет кылып баштайт: 1- Эң алгач панкреас клеткалары кан суюктугунун ичиндеги миллиондогон молекула арасынан шекер молекулаларын табат жана башкаларынан айырмалайт. Анан, шекер молекулаларын бир-бирден санагандай, бул молекулалардын саны «көп» же «аз» деп чечим чыгарышат. Көзү, мээси, колдору жок, көзгө көрүнбөгөн кичинекей клеткалардын бир суюктуктун ичиндеги шекер молекулаларынын көлөмү жөнүндө маалыматтуу, илимдүү болушу – бул ой жүгүртө турган нерсе. 2- Эгер панкреас клеткалары канда керектүү деңгээлден ашыкча шекер бар деп аныкташса, анда бул ашыкча шекерди кампага жыйып койолу деп чечишет. Бирок кампалоо жумушун өздөрү жасашпайт, алардан бир топ алыстагы башка клеткаларга жасатышат. 3- Алыстагы бул клеткалар аларга башка бир буйрук келмейинче, шекер кампалагылары келбейт. Ошондуктан, панкреас клеткалары ал клеткаларга «шекер кампалап баштагыла» деген буйрукту ташыган бир гормонду жөнөтөт. «Инсулин» деп аталган бул гормондун формуласы панкреас клеткалары алгач пайда болгон учурдан баштап ДНКларында жазылуу турат. 4- Панкреас клеткаларындагы атайын «энзимдер» (жумушчу протеиндер) бул формуланы окушат. Окулган формула боюнча инсулин аттуу гормонду өндүрүшөт. Бул өндүрүштү жасоодо ар башка кызматты аткарган жүздөгөн энзим иштейт. 5- Өндүрүлгөн инсулин гормону эң ишенимдүү жана эң ылдам жетүү тармагы болгон кан аркылуу максатталган клеткаларга жеткирилишет. Бул максатталган клеткалардын бири – бул боор клеткалары. 6- Инсулин гормонунда жазылган «шекер кампалагыла» буйругун окуган боор клеткалары болсо бул буйрукка кың дебестен баш ийишет. Шекер молекулаларынын клеткалардын ичине өтүшүн камсыз кылуучу эшиктер ачылат. 7- Бирок бул эшиктер туш келе ачылбайт. Боордогу кампа клеткалары кандагы жүздөгөн ар түрдүү молекула арасынан бир гана шекер молекулаларын айырмалайт,
  • 20. кармайт жана өз ичине камашат. 8- Боор клеткалары аларга келген буйрукка эч качан тоң моюндук кылышпайт. Бул буйрукту туура эмес түшүнүшпөйт, туура эмес заттарды кармап, керектүү деңгээлден ашыкча шекер кампалап баштабайт. Абдан так бир дисциплина менен иштешет. Натыйжада сиз ашыкча шекердүү бир чай ичкениңизде, ушундай кереметтүү система чара көрөт жана ашыкча шекерди денеңизде кампалайт. Эгер бул система иштебегенде, анда шекер ылдам жогорулап, натыйжада адамдын комага кабылып, өлүмүнө алып келет эле. Бул зарыл болгондо тескерисинче да иштей ала турган кемчиликсиз бир система. Эгер кандагы шекер нормадан төмөн түшүп кетсе, анда панкреас клеткалары такыр башка бир гормон болгон «глюкагонду» өндүрүшөт. Глюкагон мурда шекер кампалаган клеткаларга эми «канга шекер аралаштыргыла» буйругун жеткирет. Бул буйрукка да баш ийген клеткалар кампалаган шекерди кайра койо беришет. Кандайча болуп, бир мээси, нерв системасы, көзү, кулагы болбогон клеткалар ушунчалык так эсептерди жана жумуштарды кемчиликсиз аткарышууда? Протеиндер жана май клеткаларынын катарга тизилишинен куралган мындай аң-сезимсиз нерселер кантип адамдар да жасай албаган чоң иштерди жасай алышат? Аң-сезимсиз молекулалардын мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракетинин булагы эмне? Албетте, бул окуялар – бизге бүт ааламга жана бүт жандууларга өкүмдарлык кылган Аллахтын бар экенин жана күч-кудуретин көрсөткөн сансыз далилдердин бир канчасы гана. Аллах аяттарында мындайча буйурат: Шек жок, жерде жана асманда Аллахка эч нерсе жашыруун калбайт. Жатындарда силерге каалагандай келбет берген – Ал. Андан башка Илах (Кудай) жок; (Ал) улук жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси. (Али Имран Сүрөсү, 5-6) 6- БАЯН ТЕЗ ЖАРДАМ: АДРЕНАЛИН ГОРМОНУ Кооптуу же бир коркуу учурунда ар бир адамга жардам берген бир молекула бар: адреналин гормону. Бул гормон, мисалы айдап бараткан учагы бузулган бир учкучтун мээ клеткаларынын сигналын иштетет, мээсине көбүрөөк кан жана шекер жөнөтөт жана учкучтун жакшыраак көңүл коюшун камсыз кылат. Ошол эле учурда учкучтун жүрөгүнүн согушун жана кан басымын жогорулатат, натыйжада көбүрөөк кычкылтек алышын жана булчуң жана мээ клеткаларына көбүрөөк кандын барышын камсыз кылат. Скелетти жана булчуңдарды күчтүүрөөк кысат, кандагы шекер көлөмүн көбөйтөт жана натыйжада учкуч муктаж болгон демейкиден көбүрөөк энергияны алышына мүмкүнчүлүк берет. Бөйрөк үстүндөгү бездер өндүргөн жана кампалаган бул кереметтүү гормон
  • 21. көптөгөн өзгөчөлүккө ээ жана Аллахтын улуу илиминин жана кемчиликсиз жаратышынын бир далили. Эң алгач адреналиндин жогоруда саналган таасирлерди кандайча пайда кылганын карап көрөлү. Коркунуч болоор замат денеде сигнализация баскычы басылат. Мээ бөйрөк үстү бездерге чагылгандай бир буйрук жөнөтөт. Бөйрөк үстү безинин ич тарабында жайгашкан клеткалар сигнализация абалына өтөт жана тездик менен адреналин гормонун чыгарат. Адреналин молекулалары канга аралашат жана дененин ар кайсы тараптарына таркайт. Чыгарылган адреналин молекулалары мээ, жүрөк жана булчуңдар сыяктуу абдан маанилүү органдарга баруучу тамырларды кеңейтет, натыйжада бул органдар муктаж болгон ашыкча кан камсыз кылынган болот.5 Адреналин молекулалары кылган иш-аракет жүрөккө, мээге жана булчуңдарга баруучу тамырларды кеңейтип жатканда, боорго жана териге баруучу тамырларды кысышат. Ушундайча дене үчүн муктаж болгон колдоо эң жакшы негизде көрсөтүлгөн болот. Териге аз кан жөнөтүлүшүнүн дагы бир себеби бар: мунун урматында кокус жарадар болуп калса кан жоготуу риски минимум кылынган болот. Ашыкча толкундануу учурунда териде байкалган бозоруунун (кубаруунун) себеби да ошол учурда териге азыраак кан жөнөтүлүп жаткандыгында.6 Эч качан жаңылыштык менен жүрөккө же мээге баруучу тамырлар кысылып, боорго же териге баруучу тамырлар кеңейтилбейт. Адреналин молекуласы эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билет. Денеңиздеги жүздөгөн тамырдын масштабы жана бул тамырлардын каякка, канчалык кан жөнөтөөрү көзгө көрүнбөгөн, кичинекей бир гормон тарабынан жөнгө салынууда. Адреналин молекулалары ар бир орган үчүн башка башка маанини билдирет; тамырга барганда тамырды кеңейтүүчү адреналин молекуласы, жүрөккө барганда болсо жүрөк клеткаларынын кысылышын ылдамдатат. Натыйжада жүрөк батыраак согот жана булчуңдарга ашыкча күч ала алуу үчүн муктаждык болгон кан жөнөтүлгөн болот. Адреналин молекуласы булчуң клеткаларына жеткенде болсо, булчуңдардын күчтүүрөөк кысылышын камсыз кылат. Боорго жеткен адреналин молекулалары ал жердеги клеткаларга канга көбүрөөк шекер аралаштырышын буйрук кылат. Натыйжада кандагы шекер көлөмү көбөйөт жана булчуңдар муктаж боло турган энергия камсыз кылынган болот. Бул кичинекей молекула качан, эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билет жана муктаждык болмоюнча адамдын денесин эч качан сигнализация абалына киргизбейт. Мындан тышкары, кайсы клеткаларга барышы керек экенин, кайсынысына кандай буйрук бериши керек экенин да абдан жакшы билүүдө жана муну эч унутпоодо. Ошондой эле, булардын баары анын клеткаларды, органдарды жана алардын функцияларын да абдан жакшы таанып, билгенин да көрсөтүүдө. Дененин качан мындай абалдан чыгарылышы керек экендиги жөнүндө да эч качан жаңылбоодо.
  • 22. Антпесе, б.а. мындай бир ката жасалган болсо, анда денеде оңдоого мүмкүн болбогондой зыяндарга алып келиши мүмкүн. Бирок бул кичинекей молекулалар чоң бир жоопкерчиликти сезүү менен иштешүүдө. Бир канча атомдун белгилүү бир системада биригишинен пайда болгон, жансыз, аң-сезимсиз, мээси жана көзү жок бир молекуланын ушунчалык акылдуу, уюшкан жана кезектүү бир абалда кыймыл-аракет жасашы мүмкүнбү? Булардын баарын ушул, көзгө көрүнбөй тургандай аз көлөмдөгү суюктуктун өз акылы жана эрки менен ишке ашырышы мүмкүнбү? Албетте, жок. Бул жерде баяндалгандардын баары – денебиздеги ар бир молекуланы Аллахтын жараткандыгын жана булардын жашообуз боюнча дайыма Улуу Аллахтын күч-кудурети, эрки, көзөмөлү жана буйругу менен кыймыл-аракет кылып жатканын көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана. Улуу Аллахтын күчү, кудурети, жаратуусундагы улуу илим жана акыл дайыма, бүт жерде көрүнүүдө. Куранда билдирилгендей, «Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат.» (Ниса Сүрөсү, 126) 7- БАЯН ДЕНЕНИ ТАЗАЛАГАН ЛИЗОСОМА ЭНЗИМДЕРИ Денебизде күн сайын биз байкабаган көптөгөн процесстер ишке ашат. Кемчиликсиз абалда ишке ашкан бул процесстерди клеткаларыбыз жасашат. Саны 100 триллиондой болгон бул клеткалардын арасында өз кызматын абдан жакшы билген көптөгөн түзүлүштөр бар. Кээ бири энергия, кээ бири протеин өндүрөт, кээ бири ташуу ишин аткарат, кээ бири болсо кампа катары колдонулат. Клетканын ичиндеги мындай түзүлүштөрдүн бири – бул лизосома. Лизосоманы клетканын майдалоочу машинасы деп атоого болот. Бул органикалык зат чыгарган энзимдер урматында денеде көптөгөн «кыйратуу» процесси ишке ашат. Лизосома энзимдери ишке жараксыз болуп калган клеткаларды кыйратып, майдалашат; бир түзүлүштүн айланасын курчаган кабыкчаны майдалап, тешишет; ошондой эле, денеде тынымсыз өсүүсүн уланткан кээ бир клеткаларды да майдалашат. Лизосома энзимдери аткарган мындай кыйратуу процесси дене үчүн абдан маанилүү. Мисалы, кош бойлуу аялдарда наристенин өрчүшү менен бирге жатын нормалдууга салыштырмалуу абдан чоңойот. Бул ден-соолугу жайында бир наристенин төрөлүшү үчүн зарыл болгон бир процесс. Бирок наристе төрөлгөн соң мынчалык чоң жатынга муктаждык жоголот. Бул учурда ашыкча кеңейген бул органды кайра эски калыбына кайтаруу керек болот. Мына ушул процессти ишке ашыруучу – бул лизосома энзимдери. Төрөө процесси бүткөндө белгилүү клеткалардын лизосомалары бул жөнүндө кабар алышкан сыяктуу, жана эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билүү менен ошол замат керектүү энзимдерди чыгарып башташат. Бул энзимдер дененин ден- соолугу үчүн кош бойлуулуктан кийинки 10 күн ичинде абдан бат кыйратуу менен
  • 23. жатынды 1/40 көлөмүндө кичирейтишет. Ушундайча жатын мурдакы көлөмүнө кайтып баштайт. Лизосомалар, мындан тышкары, сперманын баш тарабында да болот. Сперма жумурткага жеткенде, аны орогон кабыкты тешүү үчүн үстүндө ташыган лизосома энзимдерин колдонот. Кыйратуучу таасирге ээ бул энзимдер жумуртканы коргоочу кабыкты тешүү менен сперманын жумуртканы төлдөтүшүн камсыз кылышат. Бул мисалдардан да апачык байкалгандай, денебиздеги ар бир механизм бири- бирин толуктоочу негизде иштейт. Кош бойлуулук учурунда жатындын чоңойушун камсыз кылган система менен бирге аны мурдакы абалына кайтаруучу система да бар. Ошол сыяктуу бекем бир кабык менен корголгон жумуртканы теше ала турган энзим да сперманын ичине атайын максатта жайгаштырылган. Дарвинисттер болсо ушундай бири-бири менен абдан тыгыз байланыштагы системалар кээ бир кокустуктар натыйжасында пайда болду жана кемчиликсиз абалда иштөөсүн улантты деп айта турганчалык деңгээлде акыл жана логикадан алысташкан. Өз ичтеринде да кемчиликсиз иштеген мындай механизмдердин бүт денедеги системалар менен да төп келишип иштеши – Аллахтын кемчиликсиз жаратуу далилдеринин бирөөсү. Хашр Сүрөсүндөгү бир аятта мындайча буйурулууда: Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24) 8- БАЯН КАНДЫН БАСЫМЫН КӨЗӨМӨЛДӨГӨН КЕМЧИЛИКСИЗ СИСТЕМА Денебизде кан басымы түшкөндө, чара көргөн кемчиликсиз бир система бар. Өрт сигнализациясынын кабылдагычтары өрттөн чыккан түтүндү аныктай турган абалда атайын жасалган сыяктуу, бул система да сигнализация учурунда гана, т.а. кан басымы түшкөндө гана чара көрүп баштайт. Кан басымынын төмөндөшү адам үчүн абдан кооптуу бир абал жаратышы мүмкүн. Ошондуктан сигнализация иштегенде кан басымын көтөрүү үчүн бир катар чараларды көрүү керек болот. Бул чараларды төмөнкүдөй катарга койсок болот; 1. Кан тамырлар кысылышы керек. (Мындай кысылуу, уч тарабы сыгылган суу шлангасынын күчтүүрөөк басым менен суу чачыратканы сыяктуу кандын басымын жогорулатат.) 2. Бөйрөктөрдөн көбүрөөк суу сиңирилип, канга аралаштырылышы зарыл. 3. Адам ылдам суу ичиши керек.
  • 24. Булардын баары кандайча ишке ашырылат? Дагы бир теңдешсиз система ар бир адамдын денесине төрөлгөндө эле терең жайгаштырылган. Бул система мындайча иштейт: кан басымы төмөндөгөндө (же болбосо кандагы натрий көлөмү азайганда), бөйрөктөрдөгү кээ бир клеткалар абалды байкашат. Булар сигнал берүүчүлөр болгон «juxtaglomerular» (JGA) клеткалары. Бул клеткалар «ренин» аттуу абдан өзгөчө бир зат чыгарышат.7 Клеткалардын кан басымынын же болбосо натрий көлөмүнүн азайганын аныктай алышы эле өзүнчө бир керемет. Бирок андан да маанилүүсү – бул клеткалардын ренин чыгарышы. Себеби «ренин» - көп баскычтуу бир өндүрүш тизмегинин алгачкы баскычы. Кандын плазмасында жайгашкан жана кадимки шартта канда айланганына карабастан эч кандай таасири болбогон бир протеин бар. Бул протеин – боордо өндүрүлгөн «ангиотензиноген» протеини. Таң калтырган бир пландын алгачкы баскычы ушул жерде башталат. Себеби өзү жалгыз эч бир ишке жарабаган «ангиотензиноген» жана «ренин» түпкүрүндө бири-бири менен биригүү үчүн атайын пландалышкан. Бир белгинин (логотиптин) бөлүктөрүнүн бири-бирине кийилиши үчүн бири-бирине ылайык жасалганы сыяктуу. Бул жерде бир нерсе жөнүндө ойлонуу керек: бөйрөк клеткалары жана боор клеткалары дененин ичинде бири-биринен алыста жайгашышкан. Кандайча болуп, бирөө логотиптин бир бөлүгүн (ренин) өндүрүп, экинчиси бул бөлүккө толук туура келген экинчи бөлүктү (ангиотензиноген) өндүрөт жана кандайча болуп булар бири- бирине толук туура келишет? Мунун, эволюционисттер жактагандай, кокустук натыйжасында пайда болушу эч мүмкүн эмес. Эч шексиз, ар бири Улуу Аллахтын чексиз илими менен жаратылган. Ренин ангиотензиноген молекуласынын түзүлүшүн өзгөртөт жана жаңы бир молекула «ангиотензин I» пайда болот: Р е н и н + А н г и о т е н з и н о г е н - > А н г и о т е н з и н - I Пайда болгон бул жаңы молекуланын да эч кандай таасири жок; себеби өндүрүш тизмеги али бүтө элек. Эми өпкөдөгү «ACE» аттуу, бир гана «ангиотензин I» молекуласын майдалоого жараган бир энзим ишке киришет. Бул энзим урматында «ангиотензин I» башкача бир молекула болгон «ангиотензин II» молекуласына айланат: А н г и о т е н з и н - I + A C E Э н з и м и - > А н г и о т е н з и н - I I Бул жерде дагы ойлонуу керек: бөйрөк жана боор клеткалары өндүргөн эки башка молекула реакцияга кирип, жаңы бир молекула пайда болду. Бөйрөк жана боор клеткалары менен эч кандай мамилеси болбогон өпкө клеткалары болсо бул жаңы
  • 25. молекула толук бириге турган бир энзимди өндүрүүдө. Болгондо да бул энзимди аталган молекулалар биригишинен бир топ мурда өндүрүүдө. Кандайча болуп, өпкө клеткалары али ишке аша элек бир окуя жана али өндүрүлө элек бир затка эң ылайыктуу энзимди өндүрө алууда? Бул затты башка бир затка айланта турган энзимдин формуласын кайдан билет? Албетте, өпкө клеткаларына бул маалыматтарды илхам кылган – бул теңдеши жана Ага окшошу жок Улуу Аллах. Ангиотензин-II аттуу энзимдин эки абдан маанилүү кызматы бар: булардын биринчиси – кан тамырлардын кысылышын камсыз кылуу. Ангиотензин-II энзими кан тамырлардын айланасындагы булчуңдарга сигнал берет жана алардын кысылышын камсыз кылган мехинизмди кыймылдатат. (Бул механизм да Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун бир далили). Ушундайча булчуңдар кысылып, тамырды кысат жана кан басымы жогорулатылган болот. Бул максат кылынган биринчи жыйынтык. Ангиотензин-II затынын экинчи маанилүү кызматы болсо – бул кереметтүү бир гормон болгон «альдостеронду» кызматка чакыруу. Ангиотензин-II заты бөйрөк үстү клеткаларга жетет жана бул клеткаларга «альдостерон» чыгаруу буйругун берет. Бул дагы пландын кемчиликсиздигинин дагы бир далили. Себеби альдостерон бөйрөктөргө таасир берет жана бөйрөктөр заарадагы сууну кайра сиңирип, канга аралаштырат. Натыйжада кандын басымы көтөрүлөт. Бул болсо максат кылынган экинчи жыйынтык. Бөйрөк, боор жана өпкөнүн ортоктошо иштеши натыйжасында өндүрүлгөн «ангиотензин-II» затынын абдан маанилүү дагы бир кызматы бар: мээнин атайын бир аймагына жетүү жана ал аймакты кыймылга келтирүү. Бул аймак суусоо сезимин ойготуучу «суусоо аймагы». Бирок «ангиотензин-II» затынын алдында бир тоскоолдук бар. Себеби мээни коргоо үчүн кандан мээ кыртышына өтүүнү абдан кыйындаткан, абдан тандоочу бир система бар жана бул «кан-мээ барьери» деп аталат. Бул система мээде 1-2 чекитте жок жана бул чекиттердин бири – бул «суусоо аймагы». Мындай өзгөчө жаратылуу урматында мээнин суусоо аймагына сигнал берилет жана адамда суу ичүү каалоосу пайда болот.8 Бөйрөктөр, өпкө жана боор тарабынан бир план ичинде, ортоктошо өндүрүлгөн заттар бир система ичинде биригишип, аягында кан басымынын көтөрүлүшүнө себеп болгон бир гормондун чыгарылышын камсыз кылышты. Бул үчүн бөйрөк клеткалары, өпкө клеткалары жана боор клеткалары биригип, бир коалиция түзүшү керек. Бул коалиция эң алгач кан басымы төмөндөгөндө эмне кылуу керек экенин изилдөөгө мажбур. Бул изилдөө натыйжасында коалиция эң идеалдуу чечүү жолун тандашы зарыл: бул идеалдуу жол «кан тамырларды кысуу» жана «альдостерон гормонунун чыгарылышын камсыз кылуу». Андан соң кайра чогулуп, көпкө изилдөөлөр жүргүзүп, бөйрөк үстү бездеринин жана тамыр булчуңу клеткаларынын анатомияларын, иштөө системаларын анализ кылуулары зарыл. Кийин бул тамырлардын кысылышы жана бөйрөк үстү бездеринин альдостерон чыгарышы үчүн кереметтүү бир формуланы, т.а. «ангиотензин-II» затынын
  • 26. молекулярдык проектин аныктоолору зарыл. Эң аягында бул молекуланы кантип өндүрүүгө болоорун аныктоо керек. Ар бир орган бул молекуланын өндүрүш баскычында бир милдет алышы зарыл. Жасалган өндүрүш планы негизинде үч баскычтуу бир монтаж системасы ылайыктуу көрүлүп, ар бир органга бир милдет берилиши керек. Бөйрөк клеткалары «ренин» өндүрүүнү, боор клеткалары «ангиотензиноген» өндүрүүнү, өпкө клеткалары болсо «ACE» өндүрүүнү чечишип, ушундайча жумуштарды бөлүштүрүү иши бүткөрүлгөн болушу керек. Андан соң чогулуш аяктап, клеткалар өз ордуларына кайтышы зарыл. Бул системанын ар бир бөлүгү терең ойлонуу керек болгон кереметтерге толо. Адамдын денесиндеги ар бир клетка атайын бир кызмат үчүн жаратылып, атайын сыпаттар менен камсыздалган жана кызматын аткаруучу ордуна пландуу жайгаштырылган. Адамдын денесиндеги бардык окуяларды Раббибиз жараткан жана адамдын денесиндеги ар бир деталь Анын чексиз илиминин далилдеринен бир канчасы гана. Улуу Аллах Куранда билдиргендей: Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Аллах) Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат. (Фуркан Сүрөсү, 2) 9- БАЯН ЧОҢОЙУУ ГОРМОНУ Орточо 3 кг салмак жана 50 см бою менен жаңы төрөлгөн бир наристенин 20-25 жыл ичинде 80 кг салмак, 1,80 м бойлуу бойго жеткен бир адам болушун камсыз кылган эмне? Бул суроонун жообу гипофиз безинен чыгарылган кереметтүү бир молекулада, чоңойуу гормонунда катылуу. Чоңойуу процесси эки жол менен ишке ашат. Кээ бир клеткалар көлөмдөрүн чоңойтушат. Кээ бир клеткалар болсо бөлүнүп көбөйүшөт. Бул эки процессти тең ишке ашырган жана башкарган – бул чоңойуу гормону. Чоңойуу гормону гипофиз безинен чыгарылат жана бүт дененин клеткаларына таасир берет. Ар бир клетка гипофиз безинен ага келген кабардын маанисин билет. Эгер чоңойушу керек болсо, чоңойот, бөлүнүп көбөйүшү керек болсо бөлүнүп көбөйөт. Мисалы, жаңы төрөлгөн бир наристенин жүрөгү бойго жеткен абалынын дээрлик 1/16 бөлүгүнө барабар. Бирок, ушуга карабастан, клеткаларынын жалпы саны бойго жеткендин жүрөгүндөгү клеткалардын санына барабар. Чоңойуу гормону өнүгүү убагында жүрөк клеткаларына бир-бирден таасир берет. Ар бир клетка чоңойуу гормону ага буйрук кылганчалык чоңойот. Ушундайча жүрөк да чоңойуп, бойго жеткен бир адамдын жүрөгү абалына келет.