2. ЮНЕСКО 2012-ж.
Дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү мамлекет тарабынан
каржыланган материалдарды ачык лицензиялоого
чакырган АББ боюнча декларация кабыл алган.
3. Ачык билим булактары (АББ)
(Open Educational Resources, OER)
АББ термини ЮНЕСКО тарабынан 2002-ж. киргизилген
«Ачык билим булактары – ачык жеткиликтүү болгон же
аларды үчүнчү тараптарга акысыз колдонууга жана
өзгөртүүгө уруксат берген лицензиялардын
шарттарында чыгарылган билим жана илим булактары.
4. Ачык билим булактары (АББ)
(Open Educational Resources, OER)
АББ ЖОЖдорго тийгизген таасири – аралыктан
(дистанттык) окутуунун негизги бөлүгү
Эвропа биримдиги 2020-ж. бардык илимий макалаларды
эркин жеткиликтүү кылууга багыт алды
NASA - Pubspace сайтында изилдөө материалдарын ачык
жарыялайт
Киберленинка – РФ мамлекеттик китепканасынын
материалдары
5. Эркин лицензиялар
Эркин лицензия — бул укук ээсинин колдонуучуга анын чыгармасын
пайдалануу шарттарын так аныктап берген лицензиялык келишим.
Эркин лицензия колдонуучуга төрт негизги эркиндикти камсыздайт:
1. каалаган максатта колдонуу жана изилдөө
2. көчүрүү жана аны таратуу
3. чыгарманы өзгөртүү
4. өзгөртүүлгөн чыгарманы жарыялоо жана таратуу
6. Эркин лицензиялар
• Адатта эркин лицензиялардын мөөнөтү, таратуу аймагы чектелген эмес,
өзгөчө укуктарды камсыздабайт жана кайтарып алма эмес.
• Эркин лицензиялар автордук укуктарга каршы келбейт, тескерисинче
анын терминдерин колдонот. Чыгарманын автору көрсөтүлөт.
• Юридикалык эмес көз караштан алганда, эркин лицензиялар
колдонуучулардын укуктарын коргойт.
• Эркин лицензиялар бир эле нерсени чыгарууга көп ресурстардын
кайталанып колдонула берилбешин камсыздайт.
7. Эркин лицензиялар
• Creative Commons 2002 жылы авторлор өз укуктарын ийкемдүү башкара
алуучу бир нече лицензияларды иштеп чыгып, аларды бекер
колдонууга берген.
• Бул лицензиялар авторлорго кайсы укуктардан баш тартып, кайсы
укуктарды өзүнө калтыра тургандыгын көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берет.
• Creative Commons лицензияларынын жаңылыгы, автордук укуктар
тууралуу маалыматтарды компүтерлер окуй ала тургандай жана юрист
эместтер үчүн максималдуу жөнөкөйлөштүрүлгөндүгүндө. “Кыскача
баяндама” менен коштолгон атайын белги сүрөттөр киргизилген.
8. Эркин лицензиялар
Эң популярдуу эркин лицензиялар болуп булар саналат:
• «CC Attribution» - автору көрсөтүлсүн
• «CC Attribution-ShareAlike» - автору көрсөтүлсүн, лицензиянын шарттары
сакталсын.
10. Ачык билим коалициясы (АБК)
АБК Кыргызстанда 2015-ж. 12-февралда «Роза Отунбаеванын демилгеси»
эл аралык коомдук фонду жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун демилгеси
менен түзүлгөн. Коалициянын биринчи төрагасы Р. Отунбаева.
АБК - илим, билим, маданият жана маалымат-коммуникациялык
технологиялар тармагында иштеген жеке жарандардын жана юридикалык
тараптардын ыктыярдуу биригүүсү.
Юридикалык уюм эмес жана коалициянын максаттарын жана милдеттерин
ишке ашыруу максатында белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн.
12. Төмөнкү багыттагы
иштерди алып барууну көздөйт
1. Бирикме мүчөлөрүнүн кызматташуусун ж-а шериктештигин чыңдоо;
2. АББ жана билимдин эркин жеткиликтүүлүк идеясын таанытуу иш-чараларын
өткөзүү;
3. АББ жана маалыматка ачык жетишүүлүктү камсыздаган долбоорлорду колдоо;
4. Учурдагы билим берүү жаатындагы мыйзамдарды иштеп чыгууга катышуу,
билимге жана маалыматка ачык жана акысыз жетишүүнү көздөгөн саясаттын
таламын талашуу;
5. Ачык Билим, илим жана маданият суроолору боюнча калкка кеңеш жана адистик
колдоо көрсөтүү.
13. АББ коалициянын ишмердиги
1. Автордук укук мыйзамына өзгөртүү киргизүү
2. Ачык билим булактарынын кампасын түзүү – lib.kg