Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
ачык билим берүү ресурстарын жайылтуу боюнча с.нааматов атындагы нарын мамлекеттик университетинин тажрыйбасы (дүйшөнбек ажыбаев нму)
1. Ачык билим берүү
ресурстарын жайылтуу боюнча
С.Нааматов атындагы Нарын
мамлекеттик университетинин
тажрыйбасы
Доклад жазоочу: п.и.к., доцент Д.М. Ажыбаев
Нарын шаары, Борбордук Азия Университети
2017-жыл, 19-21-июль
2. Ачык билим берүү ресурстарын жайылтуу жана илгерилетүү
боюнча С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
(НМУ) 2014-2016 жж. «Сорос Кыргызстан» фонду тарабынан
жарыяланган конкурстан 2 долбоорду жеңип алган:
Грант № 11857 (F) «НМУнун билим берүү WEB-порталы»,
мөөнөтү 1.09.2014 – 31.03.2015 ж., долбоордун бюджети 9 540 $.
Грант № 12136 (F) «Кыргыз тилиндеги ачык маалыматтык
билим берүү чөйрөсү», мөөнөтү 1.09.2014 – 31.05.2015 ж.,
долбоордун бюджети 12 412 $.
Ачык билим берүү ресурстарын илгерилетүү
боюнча НМУнун долбоорлору
3. Долбоордун максаты: билим берүү процессине инновациялык
багыт берүү менен ачык билим берүү ресурстарына баардык
жарандардын эркин жетүүнсүн камсыз кылган билим берүү
веб-порталын иштеп чыгуу.
Бул максатка жетүү үчүн төмөндөгүдөй милдеттер коюлган:
Ачык билим берүү ресурстары боюнча аталитикалык
изилдөө жүргүзүү,
Веб-порталды иштеп чыгуу.
1-долбоор. Грант № 11857 (F)
«НМУнун билим берүү WEB-порталы»
4. Милдеттердин биринчисин аткарууда Кыргызстанын
ачык билим берүү ресурстары жайгашкан Интернеттеги
ресурсары изилденген. Изилдөөнүн жыйынтыктары
макала түрүндө «Высшее образование Кыргызской
Республики» журналынын 2014-жылдагы №4/26 санына
жарыяланган
1-долбоор. Грант № 11857 (F)
«НМУнун билим берүү WEB-порталы»
6. Экинчи милдети аткарууда билим берүүдө колдонулуучу ар кандай
платформалар изилденди. Изилдөөгө тандалып алынган платформалардын
негизги жакшы жактары жана кемчиликтери каралып, билим берүү
порталын уюштуруу максатында Moodle системасы тандалып алынды.
MOODLE (Modular Object-Oriented Dynamic Learning Environment) –
окутуунун объектиге багытталган модулдуу динамикалык чөйрөсү, башкача
айтканда компьютердик жана интернет технологияларына негизделген
окууну башкаруунун автоматташтырылган системасы.
Moodle системасы негизги талаптардын бирине жооп берген, башкача
айтканда бир эле учурда окуу процессин башкарууну жана билим деңгээлин
текшерүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугунда
1-долбоор. Грант № 11857 (F)
«НМУнун билим берүү WEB-порталы»
7. Мындан сырткары Moodle системасы билим берүү порталына тандап алуу боюнча
коюлган төмөндөгү негизги критерийлерге жооп берген:
Функционалдуулук. Платформада керектүү опциялардын болушу: чат, форум, курсту
башкаруу, окуучулардын активдүүлүгүнө анализ жүргүзүү ж.у.с.;
Стабилдүүлүк. Системанын колдонуучулардын активдүүлүгүнө жараша ар кандай
режимде иштөөдөгү жана жүктөлүшүндөгү туруктуу иштөө даражасы;
Колдонуунун ыңгайлүүлугу;
Контентти жаңылоонун жана администрлөөнүн жөнөкөйлүгү жана
ыңгайлүүлугу;
Баасы. Moodle ачык код түрүндөгү (Open Source) программалык каражат катары
GNU PL лицензиясынын негизинде бекер таркатылат;
Модулдуулук. Окуу курстары бир нече блоктордон (микромодуль) түзүлүп, кектүү
учурларда башка курстун курамына дагы кириши мүмкүн;
Мастабдалыныштуулугу. Жаңы курстардын, программалардын кошуулушуна жана
ошондой эле окуучулардын санынын өсүшүнө байланыштуу, система ийкемдүү жана
кеңейүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек;
Мультимедиялык.
1-долбоор. Грант № 11857 (F)
«НМУнун билим берүү WEB-порталы»
8. Билим берүүдө колдонулуучу ар кандай платформаларды изилдөөнүн
жыйынтыктары дагы илимий журналдарга макала түрүндө
жарыяланган:
Ажыбаев Д.М. LMS Moodle – платформа для организации
электронного обучения // Вестник БГУ. – Бишкек. - №2(28), 2014. –
С.24 – 26.
Ажыбаев Д.М., Атанаев Т.Б., Бекежанов М.М.,Токтомамбетов К.И.
Выбор платформы для организации образовательного портала //
Наука и новые технологии. – Бишкек. - №5, 2014. – С.200 – 203.
1-долбоор. Грант № 11857 (F)
«НМУнун билим берүү WEB-порталы»
9. Ачык билим берүү ресурстарын жайылтуу максатында НМУнун
профессордук-окутуучулук курамына семинар-тренингдер өткөрүлдү
1-долбоор. Грант № 11857 (F)
«НМУнун билим берүү WEB-порталы»
10. Тандалып алынган Moodle системасынын негизинде НМУнун билим берүү порталы
2015-жыл март айынан баштап ишке киргизилип апробациядан өткөрүлө баштаган
1-долбоор. Грант № 11857 (F)
«НМУнун билим берүү WEB-порталы»
11. 2015-жылдын сентябрь айынан баштап НМУ экинчи долбоорду ишке ашырууну
баштаган. Бул долбоордун негизги максаты кыргыз тилиндеги ачык билим берүү
ресурстарын Интернет тармагына жайгашыруу, башкача айтканда НМУнун билим берүү
порталынын контентин толтуруу. Бул долбоорду ишке ашырууда төмөндөгүдөй иш
чаралар өткөрүлгөн:
Билим берүү порталынын колдонуучуларына жан курстарды иштеп чыгуучуларга
Интернетти (Wi-Fi) эркин колдонуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн,
Ачык билим берүү ресурстары, окуу курстарды иштеп чыгуу жана аны НМУнун
Билим берүү порталына жайгаштыруу боюнча С.Нааматов атындагы НМУнун,
К.Тыныстанов атындагы ИМУнун окутуучуларына семинар-тренингдер өткөрүлдү.
НМУнун Билим берүү порталына жайгаштыруу үчүн 25 окуу курстары тандалып
алынып жана 100дөн ашык электрондук материалдар санарип форматына которулуп
алар порталга жайгаштырылды.
2-долбоор. Грант № 12136 (F)
«Кыргыз тилиндеги ачык маалыматтык билим берүү чөйрөсү»
22. НМУнун билим берүү порталына кыргыз тилиндеги диссертациялар,
авторефераттар жана илимий макалалар жайгаштырулууда
Долбоорлордун улантылышы
23. Жыйынтыктап айта кеткек Moodle билим берүү чөйрөсү интерактивдүү
мультимедиялык каражаттарды камтыган толук окуу курстарын жана окуу-
усулдук комплекстерин түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Moodle системасы
мындан сырткары көптөгөн сандагы ресурстар менен жабдылган жана
алардын жардамы менен түздөн-түз файлдарды түзүүгө жана даяр
файлдарды жүктөөгө жана ошондой эле Web-баракчалардын жана
каталогдордун шилтемелерин колдонууга болот. Булардын баары иштелип
чыккан билим берүү порталынын маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүн
кеңейтет. Ошондой эле Moodle системасынын негизинде түзүлгөн
маалыматтык билим берүү чөйрөсүнүн керектүү компоненти катары
колдонуучулардын үзгүлтүксүз бири-бири менен болгон байланышын
кароого болот. Студенттердин окутуучу жана бири-бири менен
байланышы, Moodle системасынын чат, форум, электорндук почта, өздүк
билдирүү жана каражаттарынын жардамы менен уюштурулат.
Жыйынтык
24. КӨҢҮЛ
БУРГАНЫҢЫЗДАР
ҮЧҮН ЧОҢ РАКМАТ
С.Нааматов атындагы
Нарын мамлекеттик университети
тел./факс: (03522) 50814
E-Mail: nsu@ktnet.kg
http://nsu.kg
http://edu.nsu.kg
Ажыбаев Дуйшенбек Мокешович
тел.: (0702) 128820
E-Mail: azhybaev@gmail.com