SlideShare a Scribd company logo
1 of 8
Download to read offline
Стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат:


      Экономика жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө стратегиялык документтерди иштеп чыгуу Прогрессивдүү Демилгелер
Фондунун эң негизги тапшырмаларынан болуп саналат (мындан кийин-Фонд). Бул багыттагы Фонддун максаттары: мамлекетти
өнүктүрүүчү стратегиялык документтерди даярдоо, жергиликтүү илим жаатын колдоо жана стратегиялык изилдөө жаатында мыкты
адистерди даярдоо.
      Стратегиялык документтерди даярдоо жарандык коомдун идея, демилгелеринин консолидациясын шарттайт: эксперттердин,
адистердин, илимпоздордун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн биригүүсүн, аны менен бирге мамлекеттик институттардын жигердүү
кызматташтыгын шарттайт.

                             Стратегиялык документтерди даярдоо процесси үч этаптан турат:

      - биринчи этапта (пассивдүү бөлүк катары)- Фонддун эксперттик кеңеши изилдөө темасын белгилейт жана изилдөөнүн негизги
багыттарын аныктайт;
      - экинчи этапта (активдүү бөлүк катары)- Фонддун эксперттик кеңеши тарабынан белгиленген тема краудсорсинг аркылуу өтөт.
Башкача айтканда бул процесс 1,5 айда теманын айланасындагы идеяларды, конкреттүү сунуштарды жана көз караштарды топтоо жана
топтолгон идея, демилгелерди виртуалдык аянттарда талкулоо, баалоо мезгили болуп саналат. Бул краудсорсинг процесси бардык
кызыгуучу адистер, илимпоздор, эксперттер жана бизнес өкүлдөрү үчүн ачык. Краудсорсингдин бүтүшүндө эң мыкты идея жана
демилгелер жана активдүү катышуучулардын арасынан бул маселе боюнча эң мыкты адистер да аныкталат (алар акчалай сыйлыктарга ээ
болушат);
      - үчүнчү этаптта (финалдык бөлүк) – эң мыкты деп табылган адистер, илимпоздор, эксперттер» стратегиялык документти даярдоо
үчүн «иш тобуна чакырылат (командада иштөө чыгашалары толук каржыланат). 1,5 айдын ичинде «иш тобу» анализ кылуу,
талкуулоо жана белгилүү маселе боюнча стратегиялык документти даярдоо боюнча иштейт. Үчүнчү этапта белгиленген темага арналган
форум болот. Команда иштеп чыккан стратегиялык документти ачып, мамлекеттин, бийликтин, бизнес чөйрөсүнүн жана илимий эксперттик
коомдун талкуусуна сунуштайт.




                                                    Иштин үзгүлтүксүз улануусу:

      Стратегиялык документти даярдоо – бул чексиз процесс. Биринчи документ теманы аныктоо жана багыттарды белгилөө учурунда
болсо, экинчи документ биринчи этапты өтүп, краудсорсинг процессинде болот, ал эми үчүнчү документ, краудсорсингден өтүп,
стратегиялык документти даярдап жаткан команданын колунда болот. Бир эле учурда үч багытта иш алып барып, бир жылдын ичинде
мамлекеттик саясаттын маселелери боюнча эң аз 5 стратегиялык документти даярдоого мүмкүн болот.

                                                        Ишке ашыруу методу:

      Стратегиялык документти даярдоо, жергиликтүү идея жана демилге ээлеринин идея жана демилгелерин консолидациялоо аркылуу
коллективдик же жалпы коомдун интеллектине таянуу менен мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууга
максатталган. Ошондуктан, бул багыт – баардык кызыкдар жергиликтүү идея жана демилге өндүрүүчүлөргө стратегиялык документтерди
иштеп чыгууга катышууга шарттарды түзүүгө багытталган. Негизги иш виртуалдык аянтта жүргүзүлөт б.а. бул порталда тез жана терең
талкуу болот, белгиленген темага баа берилет жана бул теманын алкагында негизги идея, демилгелер жаралат.

                                                              Катышуу:

      Бул проектке бардык кызыкдар жарандар: эксперттер, адистер, илимпоздор, бизнес чөйрөсүнүн жана мамлекеттик бийликтин
өкүлдөрү катыша алат. Катышуу үчүн алгач порталда керектүү анкеталарды толтуруп, каттоодон өтүү зарыл. Мындан кийин
администратолор бир күн ичинде стратегиялык документти даярдоого катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. Өз логин жана паролду
колдонуу менен бул проектке катышуучу болуу башталат: өз идея, демилгелерди жиберүү жана башка катышуучулардын идея,
демилгелерин баалоо, талкулоо мүмкүн болот. Краудсорсинг процесси план боюнча болуп, катышуучулар кадам кадам таштап олтуруп,
белгиленген теманын, конкреттүү бир маселенин тегерегинде коллективдүү бир көз карашты пайда кылышат. Мыкты катышуучулар
(идеясы катышуучулар тарабынан эң көп колдоого ээ болгон катышуучу жана жигердүү катышуучу) краудсорсингдин уюштуруучулары
тарабынан аныкталып, стратегиялык документти даярдоого чакырылат.




                                                      Катышуунун артыкчылыгы:

      Биринчиден, катышуу эч кандай акча жана көп убакытты талап кылбайт, эч кандай бюрократия жок болгондуктан оңой түрдө
стратегиялык документти даярдоого катышуу мүмкүнчүлүгү турат. Ошондой эле, прогрессивдүү идея, демилгелердин чоң талкуусуна
катышуу менен бирге өз идеяларын бөлүшүү жана алар тууралуу эксперттердин, адистердин, илимпоздордун көз караштарын угуу
мүмкүнчүлүгү ачылууда. Бул жол порталда керектүү анкеталарды толтуруп, каттоодон өтүүдөн башталат. Эң мыкты идеялар жана алардын
авторлору чоң форматтагы талкууга катышуу мүмкүнчүлүгүн алат (мамлекеттин, бийликтин, бизнес чөйрөсүнүн жана илимий эксперттик
коомдун катышуусу менен ар бир квартал сайын боло турган иштерде). Экинчиден, эң мыкты идеялар жана алардын авторлору, активдүү
жана туруктуу катышуучулар материалдык сыйлыктарды алышат. Эксперттердин да, адистердин да, илимпоздордун да идея жана
демилгелери сыйланат. Үчүнчүдөн, өз идея жана демилгелери керектүү жана пайдалуу экенин далилдеген катышуучулар элдин колдоосуна,
сый-урматына татыктуу болот.

                                                            Сыйлык берүү:

     Виртуалдык аянтта идея, демилгелерди топтоо жана талкулоо бүткөн соң (б.а. конкреттүү бир теманын крадусорсинги бүткөн соң) эң
мыкты катышуучулар аныкталат жана бир нече номинациялар менен сыйланып, Фонддун атынан баалуу белектер ыйгарылат.
Прогрессивдүү идеяларды топтоо боюнча кыскача маалымат:



      Прогрессивдүү идеяларды топтоо, экономика жана мамлекеттик башкаруу жаатындагы жергиликтүү идея жана демилге ээлеринин
бул жааттагы маселелерди чечүүгө максатталган аналитикалык-изилдөөчүлүк иштерин чогултууга багытталган. Тактап айтканда,
белгиленген эки багыттагы маселелердин чечүүнүн жолдору туурасындагы оригиналдуу идеяларды топтоо болуп саналат.

                                  Прогрессивдүү идеяларды топтоонун максаттары:

      Практикалык жактан баалуу документтерди иштеп чыгууга коомчулукту тартуу, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө
багытталган жергиликтүү изилдөөлөргө, жергиликтүү идея жана демилгелерди өндүрүүчүлөрдү колдоого жана бул идея, демилгелерди алга
сүрөөгө жол ачат.

                                       Прогрессивдүү идеяларды топтоо процесси:

      Прогрессивдүү идеяларды топтоо процесси төмөнкү этаптардан турат:
     - Биринчи этапта конкурс жарыяланып, идеялар топтолот. Процесстин оңой болушу үчүн каалоочулар өз идеяларын электрондук
версияда биздин порталга жөнөтө алышат. Ал үчүн конкурстун талаптарын жооп берип, керектүү документтердин да электрондук
версиясын жөнөтүүсү зарыл. Изилдөө иши жөнөтүлгөн соң Прогрессивдүү Демилгелер Фонду катышуучунун талаптарга жооп беришин
жана ишин текшеришет;
     - Экинчи этапта эксперттик кеңеш топтолгон иштердин биринчи экспертизасын жүргүзөт. Бул экспертиза топтолгон иштердин жалпы
анализи жана иштердин мааниси, толуктугу боюнча группаларга бөлүштүрүлүшү болуп саналат. Эң жогорку баага татыктуу изилдөө иштер
комплекстүү экспертизага жөнөтүлөт.
- Үчүнчү этапта идеялар комплекстүү экспертизаны б.а авторлордун чоң аудиториянын (эксперттер, адистер, илимпоздор, бизнес
чөйрөсүнүн жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүнүн) алдында өз иштерин таныштыруусун же презентациясын жасашат. Эң жогорку
баага, упайга ээ болгон иштер конкурстун жеңүүчүлөрү деп табылып, баалуу белектер менен сыйланышат.
     - Төртүнчү этапта мыкты иштер атайын журналга басылып чыгат.

                                                    Иштин үзгүлтүксүз улануусу:

     Аналитикалык-изилдөөчү иштерди топтоо ар бир квартал сайын болот. Ар бир квартал сайын эң мыкты идеялар табылып, сыйланып
турат.

                                                    Ишке ашыруу методу:
     Аналитикалык-изилдөөчүлүк иштерди топтоо конкурсттук форматта болуп, ар бир кварталдын башында конкурс жарыяланып,
акырында мыкты иштер белгиленип турат.

                                                    Катышуунун артыкчылыгы:

      Аналитикалык-изилдөөчүлүк иштердин авторлору бир тараптан мыкты деп табылып, акчалай сыйлыктарга ээ болуу, экинчи тараптан
өз ишин алдыга сүрөө: презентация жана журналда басып чыгаруу мүмкүнчүктөрүнө ээ болушат.

                                                           Сыйлык берүү:

     Конкурстун жеңүүчүлөрүнө төмөнкүдөй сыйлыктар берилет:
    - Эң мыкты эмгек –500 доллар премия, диплом, атайын журналда эмгекти басып чыгаруу;
    - Жакшы эмгек – 250 доллар премия, диплом, атайын журналда эмгекти басып чыгаруу.
Жаратмандык демилгелерди топтоо боюнча кыскача маалымат:


     Жаратмандык демилгелерди топтоо коомдук долбоорлорду колдоого, аларды пропагандалоого, коомчулукту жаратмандыкка
чакырууга багытталат жана өлкөдөгү негативдүү, терс көрүнүштөр (трайбализм, коррупция, карама-каршылыктар, радикализм ж.б.у.с)
менен күрөшүүгө чакырат. Жогоруда белгиленген маселелерди чечүү үчүн ар түрдүү өзгөчө идея жана ыкмалар күтүлөт (социалдык
роликтер, коомдук-маданий иш-чаралар ж.б.).

                                Жаратмандык демилгелерди топтоонун максаттары:

     Коомдун аң-сезиминде жоопкерчилик, жаратмандык, биримдүүлүк сезимдерин ойготуу, коомго мамлекетке жардам берүүнүн
альтернативалык жолдорун көрсөтүү, жогорудагы терс көрүнүштөр менен күрөшүү үчүн бардык аракетти бириктирүү жана прогрессивдүү,
жаратмандык күчтөрдү (өзгөчө жаштарды), алардын жаратмандык демилгелерин колдоо негизги максаттар болуп саналат.

                                    Жаратмандык демилгелерди топтоо процесси:

    Жаратмандык демилгелерди топтоо төмөнкү этаптардан турат:
       1- Конкурсту жарыялоо жана жаратмандык демилгелерди топтоо;
       2- Топтолгон долбоорлордун биринчи экспертизасы жана комплекстүү экспертизада презентация кылууга сунуштала турган
          долбоорлорду аныктоо;
       3- Комплекстүү экспертиза жана финансылык колдоо көрсөтүүгө татыктуу долбоорлорду аныктоо;
       4- Финансылык колдоо жана долбоорлорду ишке ашыруу;
       5- Жыйынтык чыгаруу( ишке ашырылган долбоорлордун эффективдүүлүгү жана отчеттордун толуктугу).
Иштин үзгүлтүксүз улануусу:

      Жаратмандык демилгелерди топтоо жана ишке ашыруу ар бир квартал сайын болуп, конкурс жарыяланып, эң мыкты оригиналдуу
(эффективдүү жана тез максатка жетүүчү) жана эффективдүү (чыгаша, убакыт жана натыйжалуулугу жагынан караганда) демилгелер
аныкталып турат.
                                                       Ишке ашыруу методу:

      Конкурстун негизинде эң мыкты демилгелер табылып, аларды ишке ашыруу үчүн финансылык жана башка уюштуруучулук жактан
колдоо көрсөтүлүп турат.
                                                    Катышуунун артыкчылыгы:

      Оригиналдуу демилгелердин инициаторлору коомдогу проблемаларды чечүүгө биздин Фонд аркылуу өз салымын кошушат жана
коомчулуктун ишенимине кирет, жарандык жигердүүлүк жана жоопкерчиликти арттырышат.

                                                          Сыйлык берүү:

      Конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор, долбоорду ишке ашырууга бериле турган каражатты алуу сертификаттары берилет. Долбоор
ишке ашкан соң ыраазычылык каттары менен да сыйланышат.
Стратегиялык документти иштеп чыгуу.

Максат: мамлекеттин өнүгүү страгетиялык документтерин даярдоо, жергиликтүү илим жаатын колдоо, мыкты адистерди даярдоо.;

Иштеп чыгуу форматы: белгиленген тематика, убакыт жана принциптердин, нормалардын чегинде;

Катышуучулар: тиешелүү билими бар кызыктар жарандардын баары.

Иштеп чыгуучулар: конкурстун негизинде түзүлгөн команда;

Иштеп сыгуу процесси: анализ жүргүзүү, изилдөө, эксперттер, аналитиктер менен талкулоо жана Жоопкерчиликтүү Жарандар Клубуна сунуштоо;

Бир документти иштеп чыгуу мөөнөтү: бир жыл;

Финансылык колдоо: иштеп чыгуучулардын чыгашаларын тейлөө.

More Related Content

Similar to стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат

жобо кыргызча
жобо кыргызчажобо кыргызча
жобо кыргызчаfpi
 
жол картасы для сайта
жол картасы для сайтажол картасы для сайта
жол картасы для сайтаfpi
 
жол картасы для сайта
жол картасы для сайтажол картасы для сайта
жол картасы для сайтаfpi
 
идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргfpi
 
акыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуакыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуfpi
 
долбоор жонундо кыскача маалымат
долбоор жонундо кыскача маалыматдолбоор жонундо кыскача маалымат
долбоор жонундо кыскача маалыматfpi
 
брошюра кыр
брошюра кырброшюра кыр
брошюра кырfpi
 

Similar to стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат (9)

жобо кыргызча
жобо кыргызчажобо кыргызча
жобо кыргызча
 
жол картасы для сайта
жол картасы для сайтажол картасы для сайта
жол картасы для сайта
 
жол картасы для сайта
жол картасы для сайтажол картасы для сайта
жол картасы для сайта
 
жол картасы для сайта
жол картасы для сайтажол картасы для сайта
жол картасы для сайта
 
идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кырг
 
акыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуакыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсу
 
акыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуакыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсу
 
долбоор жонундо кыскача маалымат
долбоор жонундо кыскача маалыматдолбоор жонундо кыскача маалымат
долбоор жонундо кыскача маалымат
 
брошюра кыр
брошюра кырброшюра кыр
брошюра кыр
 

More from fpi

акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуакыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуfpi
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крfpi
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связиfpi
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных темfpi
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапыfpi
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные рискиfpi
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымиfpi
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мыслиfpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мыслиfpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мыслиfpi
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектаfpi
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативыfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
положение о порядке проведения конкурса
положение о порядке проведения  конкурсаположение о порядке проведения  конкурса
положение о порядке проведения конкурсаfpi
 
положение о порядке проведения конкурса
положение о порядке проведения  конкурсаположение о порядке проведения  конкурса
положение о порядке проведения конкурсаfpi
 

More from fpi (20)

акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуакыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида кр
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связи
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных тем
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапы
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные риски
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетными
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проекта
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативы
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
положение о порядке проведения конкурса
положение о порядке проведения  конкурсаположение о порядке проведения  конкурса
положение о порядке проведения конкурса
 
положение о порядке проведения конкурса
положение о порядке проведения  конкурсаположение о порядке проведения  конкурса
положение о порядке проведения конкурса
 

стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат

  • 1. Стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат: Экономика жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө стратегиялык документтерди иштеп чыгуу Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун эң негизги тапшырмаларынан болуп саналат (мындан кийин-Фонд). Бул багыттагы Фонддун максаттары: мамлекетти өнүктүрүүчү стратегиялык документтерди даярдоо, жергиликтүү илим жаатын колдоо жана стратегиялык изилдөө жаатында мыкты адистерди даярдоо. Стратегиялык документтерди даярдоо жарандык коомдун идея, демилгелеринин консолидациясын шарттайт: эксперттердин, адистердин, илимпоздордун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн биригүүсүн, аны менен бирге мамлекеттик институттардын жигердүү кызматташтыгын шарттайт. Стратегиялык документтерди даярдоо процесси үч этаптан турат: - биринчи этапта (пассивдүү бөлүк катары)- Фонддун эксперттик кеңеши изилдөө темасын белгилейт жана изилдөөнүн негизги багыттарын аныктайт; - экинчи этапта (активдүү бөлүк катары)- Фонддун эксперттик кеңеши тарабынан белгиленген тема краудсорсинг аркылуу өтөт. Башкача айтканда бул процесс 1,5 айда теманын айланасындагы идеяларды, конкреттүү сунуштарды жана көз караштарды топтоо жана топтолгон идея, демилгелерди виртуалдык аянттарда талкулоо, баалоо мезгили болуп саналат. Бул краудсорсинг процесси бардык кызыгуучу адистер, илимпоздор, эксперттер жана бизнес өкүлдөрү үчүн ачык. Краудсорсингдин бүтүшүндө эң мыкты идея жана демилгелер жана активдүү катышуучулардын арасынан бул маселе боюнча эң мыкты адистер да аныкталат (алар акчалай сыйлыктарга ээ болушат); - үчүнчү этаптта (финалдык бөлүк) – эң мыкты деп табылган адистер, илимпоздор, эксперттер» стратегиялык документти даярдоо
  • 2. үчүн «иш тобуна чакырылат (командада иштөө чыгашалары толук каржыланат). 1,5 айдын ичинде «иш тобу» анализ кылуу, талкуулоо жана белгилүү маселе боюнча стратегиялык документти даярдоо боюнча иштейт. Үчүнчү этапта белгиленген темага арналган форум болот. Команда иштеп чыккан стратегиялык документти ачып, мамлекеттин, бийликтин, бизнес чөйрөсүнүн жана илимий эксперттик коомдун талкуусуна сунуштайт. Иштин үзгүлтүксүз улануусу: Стратегиялык документти даярдоо – бул чексиз процесс. Биринчи документ теманы аныктоо жана багыттарды белгилөө учурунда болсо, экинчи документ биринчи этапты өтүп, краудсорсинг процессинде болот, ал эми үчүнчү документ, краудсорсингден өтүп, стратегиялык документти даярдап жаткан команданын колунда болот. Бир эле учурда үч багытта иш алып барып, бир жылдын ичинде мамлекеттик саясаттын маселелери боюнча эң аз 5 стратегиялык документти даярдоого мүмкүн болот. Ишке ашыруу методу: Стратегиялык документти даярдоо, жергиликтүү идея жана демилге ээлеринин идея жана демилгелерин консолидациялоо аркылуу коллективдик же жалпы коомдун интеллектине таянуу менен мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууга максатталган. Ошондуктан, бул багыт – баардык кызыкдар жергиликтүү идея жана демилге өндүрүүчүлөргө стратегиялык документтерди иштеп чыгууга катышууга шарттарды түзүүгө багытталган. Негизги иш виртуалдык аянтта жүргүзүлөт б.а. бул порталда тез жана терең талкуу болот, белгиленген темага баа берилет жана бул теманын алкагында негизги идея, демилгелер жаралат. Катышуу: Бул проектке бардык кызыкдар жарандар: эксперттер, адистер, илимпоздор, бизнес чөйрөсүнүн жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катыша алат. Катышуу үчүн алгач порталда керектүү анкеталарды толтуруп, каттоодон өтүү зарыл. Мындан кийин администратолор бир күн ичинде стратегиялык документти даярдоого катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. Өз логин жана паролду колдонуу менен бул проектке катышуучу болуу башталат: өз идея, демилгелерди жиберүү жана башка катышуучулардын идея, демилгелерин баалоо, талкулоо мүмкүн болот. Краудсорсинг процесси план боюнча болуп, катышуучулар кадам кадам таштап олтуруп,
  • 3. белгиленген теманын, конкреттүү бир маселенин тегерегинде коллективдүү бир көз карашты пайда кылышат. Мыкты катышуучулар (идеясы катышуучулар тарабынан эң көп колдоого ээ болгон катышуучу жана жигердүү катышуучу) краудсорсингдин уюштуруучулары тарабынан аныкталып, стратегиялык документти даярдоого чакырылат. Катышуунун артыкчылыгы: Биринчиден, катышуу эч кандай акча жана көп убакытты талап кылбайт, эч кандай бюрократия жок болгондуктан оңой түрдө стратегиялык документти даярдоого катышуу мүмкүнчүлүгү турат. Ошондой эле, прогрессивдүү идея, демилгелердин чоң талкуусуна катышуу менен бирге өз идеяларын бөлүшүү жана алар тууралуу эксперттердин, адистердин, илимпоздордун көз караштарын угуу мүмкүнчүлүгү ачылууда. Бул жол порталда керектүү анкеталарды толтуруп, каттоодон өтүүдөн башталат. Эң мыкты идеялар жана алардын авторлору чоң форматтагы талкууга катышуу мүмкүнчүлүгүн алат (мамлекеттин, бийликтин, бизнес чөйрөсүнүн жана илимий эксперттик коомдун катышуусу менен ар бир квартал сайын боло турган иштерде). Экинчиден, эң мыкты идеялар жана алардын авторлору, активдүү жана туруктуу катышуучулар материалдык сыйлыктарды алышат. Эксперттердин да, адистердин да, илимпоздордун да идея жана демилгелери сыйланат. Үчүнчүдөн, өз идея жана демилгелери керектүү жана пайдалуу экенин далилдеген катышуучулар элдин колдоосуна, сый-урматына татыктуу болот. Сыйлык берүү: Виртуалдык аянтта идея, демилгелерди топтоо жана талкулоо бүткөн соң (б.а. конкреттүү бир теманын крадусорсинги бүткөн соң) эң мыкты катышуучулар аныкталат жана бир нече номинациялар менен сыйланып, Фонддун атынан баалуу белектер ыйгарылат.
  • 4. Прогрессивдүү идеяларды топтоо боюнча кыскача маалымат: Прогрессивдүү идеяларды топтоо, экономика жана мамлекеттик башкаруу жаатындагы жергиликтүү идея жана демилге ээлеринин бул жааттагы маселелерди чечүүгө максатталган аналитикалык-изилдөөчүлүк иштерин чогултууга багытталган. Тактап айтканда, белгиленген эки багыттагы маселелердин чечүүнүн жолдору туурасындагы оригиналдуу идеяларды топтоо болуп саналат. Прогрессивдүү идеяларды топтоонун максаттары: Практикалык жактан баалуу документтерди иштеп чыгууга коомчулукту тартуу, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү изилдөөлөргө, жергиликтүү идея жана демилгелерди өндүрүүчүлөрдү колдоого жана бул идея, демилгелерди алга сүрөөгө жол ачат. Прогрессивдүү идеяларды топтоо процесси: Прогрессивдүү идеяларды топтоо процесси төмөнкү этаптардан турат: - Биринчи этапта конкурс жарыяланып, идеялар топтолот. Процесстин оңой болушу үчүн каалоочулар өз идеяларын электрондук версияда биздин порталга жөнөтө алышат. Ал үчүн конкурстун талаптарын жооп берип, керектүү документтердин да электрондук версиясын жөнөтүүсү зарыл. Изилдөө иши жөнөтүлгөн соң Прогрессивдүү Демилгелер Фонду катышуучунун талаптарга жооп беришин жана ишин текшеришет; - Экинчи этапта эксперттик кеңеш топтолгон иштердин биринчи экспертизасын жүргүзөт. Бул экспертиза топтолгон иштердин жалпы анализи жана иштердин мааниси, толуктугу боюнча группаларга бөлүштүрүлүшү болуп саналат. Эң жогорку баага татыктуу изилдөө иштер комплекстүү экспертизага жөнөтүлөт.
  • 5. - Үчүнчү этапта идеялар комплекстүү экспертизаны б.а авторлордун чоң аудиториянын (эксперттер, адистер, илимпоздор, бизнес чөйрөсүнүн жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүнүн) алдында өз иштерин таныштыруусун же презентациясын жасашат. Эң жогорку баага, упайга ээ болгон иштер конкурстун жеңүүчүлөрү деп табылып, баалуу белектер менен сыйланышат. - Төртүнчү этапта мыкты иштер атайын журналга басылып чыгат. Иштин үзгүлтүксүз улануусу: Аналитикалык-изилдөөчү иштерди топтоо ар бир квартал сайын болот. Ар бир квартал сайын эң мыкты идеялар табылып, сыйланып турат. Ишке ашыруу методу: Аналитикалык-изилдөөчүлүк иштерди топтоо конкурсттук форматта болуп, ар бир кварталдын башында конкурс жарыяланып, акырында мыкты иштер белгиленип турат. Катышуунун артыкчылыгы: Аналитикалык-изилдөөчүлүк иштердин авторлору бир тараптан мыкты деп табылып, акчалай сыйлыктарга ээ болуу, экинчи тараптан өз ишин алдыга сүрөө: презентация жана журналда басып чыгаруу мүмкүнчүктөрүнө ээ болушат. Сыйлык берүү: Конкурстун жеңүүчүлөрүнө төмөнкүдөй сыйлыктар берилет: - Эң мыкты эмгек –500 доллар премия, диплом, атайын журналда эмгекти басып чыгаруу; - Жакшы эмгек – 250 доллар премия, диплом, атайын журналда эмгекти басып чыгаруу.
  • 6. Жаратмандык демилгелерди топтоо боюнча кыскача маалымат: Жаратмандык демилгелерди топтоо коомдук долбоорлорду колдоого, аларды пропагандалоого, коомчулукту жаратмандыкка чакырууга багытталат жана өлкөдөгү негативдүү, терс көрүнүштөр (трайбализм, коррупция, карама-каршылыктар, радикализм ж.б.у.с) менен күрөшүүгө чакырат. Жогоруда белгиленген маселелерди чечүү үчүн ар түрдүү өзгөчө идея жана ыкмалар күтүлөт (социалдык роликтер, коомдук-маданий иш-чаралар ж.б.). Жаратмандык демилгелерди топтоонун максаттары: Коомдун аң-сезиминде жоопкерчилик, жаратмандык, биримдүүлүк сезимдерин ойготуу, коомго мамлекетке жардам берүүнүн альтернативалык жолдорун көрсөтүү, жогорудагы терс көрүнүштөр менен күрөшүү үчүн бардык аракетти бириктирүү жана прогрессивдүү, жаратмандык күчтөрдү (өзгөчө жаштарды), алардын жаратмандык демилгелерин колдоо негизги максаттар болуп саналат. Жаратмандык демилгелерди топтоо процесси: Жаратмандык демилгелерди топтоо төмөнкү этаптардан турат: 1- Конкурсту жарыялоо жана жаратмандык демилгелерди топтоо; 2- Топтолгон долбоорлордун биринчи экспертизасы жана комплекстүү экспертизада презентация кылууга сунуштала турган долбоорлорду аныктоо; 3- Комплекстүү экспертиза жана финансылык колдоо көрсөтүүгө татыктуу долбоорлорду аныктоо; 4- Финансылык колдоо жана долбоорлорду ишке ашыруу; 5- Жыйынтык чыгаруу( ишке ашырылган долбоорлордун эффективдүүлүгү жана отчеттордун толуктугу).
  • 7. Иштин үзгүлтүксүз улануусу: Жаратмандык демилгелерди топтоо жана ишке ашыруу ар бир квартал сайын болуп, конкурс жарыяланып, эң мыкты оригиналдуу (эффективдүү жана тез максатка жетүүчү) жана эффективдүү (чыгаша, убакыт жана натыйжалуулугу жагынан караганда) демилгелер аныкталып турат. Ишке ашыруу методу: Конкурстун негизинде эң мыкты демилгелер табылып, аларды ишке ашыруу үчүн финансылык жана башка уюштуруучулук жактан колдоо көрсөтүлүп турат. Катышуунун артыкчылыгы: Оригиналдуу демилгелердин инициаторлору коомдогу проблемаларды чечүүгө биздин Фонд аркылуу өз салымын кошушат жана коомчулуктун ишенимине кирет, жарандык жигердүүлүк жана жоопкерчиликти арттырышат. Сыйлык берүү: Конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор, долбоорду ишке ашырууга бериле турган каражатты алуу сертификаттары берилет. Долбоор ишке ашкан соң ыраазычылык каттары менен да сыйланышат.
  • 8. Стратегиялык документти иштеп чыгуу. Максат: мамлекеттин өнүгүү страгетиялык документтерин даярдоо, жергиликтүү илим жаатын колдоо, мыкты адистерди даярдоо.; Иштеп чыгуу форматы: белгиленген тематика, убакыт жана принциптердин, нормалардын чегинде; Катышуучулар: тиешелүү билими бар кызыктар жарандардын баары. Иштеп чыгуучулар: конкурстун негизинде түзүлгөн команда; Иштеп сыгуу процесси: анализ жүргүзүү, изилдөө, эксперттер, аналитиктер менен талкулоо жана Жоопкерчиликтүү Жарандар Клубуна сунуштоо; Бир документти иштеп чыгуу мөөнөтү: бир жыл; Финансылык колдоо: иштеп чыгуучулардын чыгашаларын тейлөө.