SlideShare a Scribd company logo
1 of 3
Download to read offline
Жобо

         Ар бир кварталда боло турган коомдук долбоорлор конкурсу

                     «Жаратман Демилгелердин Лидери»



                              1. Негизги жоболор

Конкурстун уюштуруучусу «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» болуп саналат.

Конкурстун максаты – жоопкерчиликти пропагандалоо, жаратман ишмердүүлүккө
чакыруу, жаратмандык демилгелерди ишке ашыруу үчүн коомчулуктун аракет жана
мүмкүнчүлүгүн бириктирүү.

Долбоорлого коюлган критерийлер:

Конкурстун максаттарына туура келүү, долбоорду иш жүзүнө аткаруунун реалдуулугу,
иш-чаранын маштабдуулугу, долбоорду ишке ашыруу жана максаттарына жетүүнүн
тездиги, чыгашалардын эффективдүүлүгү.

Катышуучулар:

Конкурска жаштардын уюмдары, партия, коомдук фонд, институттар, мамлекеттик эмес
уюмдар жана ЖОЖдун студенттик кеңештери катыша алат. Бир мекеме бир гана
долбоору менен катыша алат.

Негизги талаптар:

Долбоорлордун максаты жоопкерчиликти пропагандалоо жана жаратмандык
ишмердүүлүккө чакыруу болгондуктан төмөнкү багыттарда болуусу керек:

 Мамлекеттин конституциясын, мыйзамдарын, мамлекеттик символдорду урматтоо
  жана территориялык бүтүндүктү сактоо пропагандасы;
 Коомчулуктун (өзгөчө жаштардын) мамлекеттик тил жана тарыхка болгон кызыгуусун
  арттыруу;
 Элди биримдикке чакыруу;
 Улуттар аралык мамилелерди бекемдөөгө шарттарды түзүү;
 Жаштардын патриоттук сезимдерин күчөтүү;
 Мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн бардык аракет, энергия жана мүмкүнчүлүктөрдү
  топтоо;
 Аймактык бөлүнүүнү, диний фанатизмди, саясий радикализмди, улуттук, диний жана
  саясий көз караштары боюнча бөлүнүүнү сындоого жана чечүүгө багытталган иш-
  чаралар.



Долбоордун структура жана мазмуну атайын коомдук долбоорлор үчүн бекитилген
талаптарга жооп бериш керек. Бекитилген талаптарды WWW.fpi.kg сайтынын
«жаратмандык демилгелер» бөлүмүнөн алууга болот.
Жогорудагы талаптарга жооп бербеген долбоорлор кабыл алынбайт.

Проект белгилүү бир тармактын адистерине гана түшүнүктүү тилде эмес, козголгон
маселени талкууга ала турган жалпы коомчулукка түшүнүктүү жөнөкөй тилде жазылыш
керек.

Кыргыз жана орус тилиндеги долбоорлор кабыл алынат.

                        2. Конкурсту уюштуруу тартиби.

Катышуу билдирүүлөрү жана керектүү документтер:

Катышуу билдирүүлөр конкурстун официалдуу түрдө жарыяланышынан баштап кабыл
алынат.

Катышуу билдирүүлөр жана долбоорлор электрондук форматта редакциянын төмөнкү
электрондук адреси аркылуу кабыл алынат:www.fpi.kg (жаратман демилгелер – долбоор
сунуштоо)

Керектүү документтер:

1) Компьютерде Microsoft Word программасында жазылган жана бардык талаптарга жооп
   берген долбоордун өзү;
2) Microsoft Microsoft Excel программасында жасалган долбоордун бюджети;
3) Microsoft PowerPoint программасында жасалган долбоордун презентациясы 5-
   мүнөттүк болуусу керек.


Төмөнкү жоболорго жооп бербеген конкурстук билдирүүлөр жана катышуучулар
конкурстан четтетилет:

      Мөөнөтүнөн кечигип берилген катышуу билдирүүсү;
      Конкурстук документтерге жооп бербеген катышуу билдирүүсү;
      Керектүү документтердин толук жана далил эместиги.


Конкурсту уюштуруу этаптары жана мөөнөттөрү:

Конкурс ар бир квартал сайын, 2013-жылдын март айынан декабрь айына карай
өткөрүлөт.

Конкурстук билдирүүлөр – конкурс жарыяланган кварталдын биринчи айынын биринен
кийинки айдын бирине чейин кабыл алынат.

Конкурстун жыйынтыктары, экспертизасы жана сыйлыктарын тапшыруу – конкурстун
башталышынан тартып кварталдын экинчи айынын экинчи жарымына чейин аныкталат.

Конкурс тууралуу жана жыйынтыктар боюнча толук маалымат – www.fpi.kg веб-
сайтынын («Жаратмандык демилгелер» бөлүмүндө) жарыяланат.

Конкурстун жеңүүчүлөрү жана катышуучулары дипломдор жана долбоорду ишке ашыруу
үчүн гранттар менен сыйланат.
Конкурстук иштердин экспертизасы жана жеңүүчүлөрдү аныктоо:

Конкурстук иштердин экспертизасы эки этаптан турат:
    Алгачкы экспертиза: тематика, мазмуну жагынан талаптарга жооп бериши;
    Комплекстүү экспертиза: конкурстук иштердин мазмунунун критерийлерге жооп
      бериши.

Алгачкы экспертизаны Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун эксперттик группасы жана
чакырылган эксперттер жүргүзөт.

Комплекстүү экспертизаны атайын конкурс үчүн түзүлгөн коомдук комиссия жүргүзөт.
Коомдук комиссия алгачкы экспертизадан өткөн гана иштерди талкуулайт. Белгилүү
критерийлердин негизинде конкурстун жеңүүчүлөрүн аныкташат.

Коомдук долбоорлор төмөнкү критерийлердин негизинде бааланат:
    Долбоордун конкурстун максаттарына туура келиши – 20 упай;
    Долбоордун ишке ашуу реалдуулугу – 20 упай;
    Долбоордун маштабдуулугу – 20 упай;
    Долбоорду ишке ашыруу жана максаттарына жетүүнүн тездиги- 20 упай;
    Чыгашалардын акталышы - 20 упай



                               Кулактандыруу!

Конкурстун шарттарына толук жооп берген гана катышуу билдирүүлөрү каралат.
Конкурстун шарттарына жооп бербеген иштер каралбайт.

Конкурска жөнөтүлгөн иштер кайтарылбайт.

Конкурстун жыйынтыгында берилүүчү апелляция кабыл алынбайт.

Конкурстун жыйынтыгында максималдуу 5 жеңүүчү белгиленип, долбоорлорун ишке
ашыруу үчүн гранттар менен сыйланат.

Гранттын жалпы суммасы 5 миң. долларды ашпайт. Ал эми долбоордун жалпы
суммасынын 10 пайызын Грант алуучу өзү камсыздоосу керек.

More Related Content

More from fpi

идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кырг
fpi
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида кр
fpi
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связи
fpi
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных тем
fpi
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапы
fpi
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные риски
fpi
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетными
fpi
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мысли
fpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
fpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
fpi
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проекта
fpi
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативы
fpi
 
идеялык карта
идеялык картаидеялык карта
идеялык карта
fpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
fpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
fpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
fpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
fpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
fpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
fpi
 
положение о порядке проведения конкурса
положение о порядке проведения  конкурсаположение о порядке проведения  конкурса
положение о порядке проведения конкурса
fpi
 

More from fpi (20)

идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кырг
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида кр
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связи
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных тем
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапы
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные риски
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетными
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проекта
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативы
 
идеялык карта
идеялык картаидеялык карта
идеялык карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
положение о порядке проведения конкурса
положение о порядке проведения  конкурсаположение о порядке проведения  конкурса
положение о порядке проведения конкурса
 

жобо кырг

  • 1. Жобо Ар бир кварталда боло турган коомдук долбоорлор конкурсу «Жаратман Демилгелердин Лидери» 1. Негизги жоболор Конкурстун уюштуруучусу «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» болуп саналат. Конкурстун максаты – жоопкерчиликти пропагандалоо, жаратман ишмердүүлүккө чакыруу, жаратмандык демилгелерди ишке ашыруу үчүн коомчулуктун аракет жана мүмкүнчүлүгүн бириктирүү. Долбоорлого коюлган критерийлер: Конкурстун максаттарына туура келүү, долбоорду иш жүзүнө аткаруунун реалдуулугу, иш-чаранын маштабдуулугу, долбоорду ишке ашыруу жана максаттарына жетүүнүн тездиги, чыгашалардын эффективдүүлүгү. Катышуучулар: Конкурска жаштардын уюмдары, партия, коомдук фонд, институттар, мамлекеттик эмес уюмдар жана ЖОЖдун студенттик кеңештери катыша алат. Бир мекеме бир гана долбоору менен катыша алат. Негизги талаптар: Долбоорлордун максаты жоопкерчиликти пропагандалоо жана жаратмандык ишмердүүлүккө чакыруу болгондуктан төмөнкү багыттарда болуусу керек:  Мамлекеттин конституциясын, мыйзамдарын, мамлекеттик символдорду урматтоо жана территориялык бүтүндүктү сактоо пропагандасы;  Коомчулуктун (өзгөчө жаштардын) мамлекеттик тил жана тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу;  Элди биримдикке чакыруу;  Улуттар аралык мамилелерди бекемдөөгө шарттарды түзүү;  Жаштардын патриоттук сезимдерин күчөтүү;  Мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн бардык аракет, энергия жана мүмкүнчүлүктөрдү топтоо;  Аймактык бөлүнүүнү, диний фанатизмди, саясий радикализмди, улуттук, диний жана саясий көз караштары боюнча бөлүнүүнү сындоого жана чечүүгө багытталган иш- чаралар. Долбоордун структура жана мазмуну атайын коомдук долбоорлор үчүн бекитилген талаптарга жооп бериш керек. Бекитилген талаптарды WWW.fpi.kg сайтынын «жаратмандык демилгелер» бөлүмүнөн алууга болот.
  • 2. Жогорудагы талаптарга жооп бербеген долбоорлор кабыл алынбайт. Проект белгилүү бир тармактын адистерине гана түшүнүктүү тилде эмес, козголгон маселени талкууга ала турган жалпы коомчулукка түшүнүктүү жөнөкөй тилде жазылыш керек. Кыргыз жана орус тилиндеги долбоорлор кабыл алынат. 2. Конкурсту уюштуруу тартиби. Катышуу билдирүүлөрү жана керектүү документтер: Катышуу билдирүүлөр конкурстун официалдуу түрдө жарыяланышынан баштап кабыл алынат. Катышуу билдирүүлөр жана долбоорлор электрондук форматта редакциянын төмөнкү электрондук адреси аркылуу кабыл алынат:www.fpi.kg (жаратман демилгелер – долбоор сунуштоо) Керектүү документтер: 1) Компьютерде Microsoft Word программасында жазылган жана бардык талаптарга жооп берген долбоордун өзү; 2) Microsoft Microsoft Excel программасында жасалган долбоордун бюджети; 3) Microsoft PowerPoint программасында жасалган долбоордун презентациясы 5- мүнөттүк болуусу керек. Төмөнкү жоболорго жооп бербеген конкурстук билдирүүлөр жана катышуучулар конкурстан четтетилет:  Мөөнөтүнөн кечигип берилген катышуу билдирүүсү;  Конкурстук документтерге жооп бербеген катышуу билдирүүсү;  Керектүү документтердин толук жана далил эместиги. Конкурсту уюштуруу этаптары жана мөөнөттөрү: Конкурс ар бир квартал сайын, 2013-жылдын март айынан декабрь айына карай өткөрүлөт. Конкурстук билдирүүлөр – конкурс жарыяланган кварталдын биринчи айынын биринен кийинки айдын бирине чейин кабыл алынат. Конкурстун жыйынтыктары, экспертизасы жана сыйлыктарын тапшыруу – конкурстун башталышынан тартып кварталдын экинчи айынын экинчи жарымына чейин аныкталат. Конкурс тууралуу жана жыйынтыктар боюнча толук маалымат – www.fpi.kg веб- сайтынын («Жаратмандык демилгелер» бөлүмүндө) жарыяланат. Конкурстун жеңүүчүлөрү жана катышуучулары дипломдор жана долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттар менен сыйланат.
  • 3. Конкурстук иштердин экспертизасы жана жеңүүчүлөрдү аныктоо: Конкурстук иштердин экспертизасы эки этаптан турат:  Алгачкы экспертиза: тематика, мазмуну жагынан талаптарга жооп бериши;  Комплекстүү экспертиза: конкурстук иштердин мазмунунун критерийлерге жооп бериши. Алгачкы экспертизаны Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун эксперттик группасы жана чакырылган эксперттер жүргүзөт. Комплекстүү экспертизаны атайын конкурс үчүн түзүлгөн коомдук комиссия жүргүзөт. Коомдук комиссия алгачкы экспертизадан өткөн гана иштерди талкуулайт. Белгилүү критерийлердин негизинде конкурстун жеңүүчүлөрүн аныкташат. Коомдук долбоорлор төмөнкү критерийлердин негизинде бааланат:  Долбоордун конкурстун максаттарына туура келиши – 20 упай;  Долбоордун ишке ашуу реалдуулугу – 20 упай;  Долбоордун маштабдуулугу – 20 упай;  Долбоорду ишке ашыруу жана максаттарына жетүүнүн тездиги- 20 упай;  Чыгашалардын акталышы - 20 упай Кулактандыруу! Конкурстун шарттарына толук жооп берген гана катышуу билдирүүлөрү каралат. Конкурстун шарттарына жооп бербеген иштер каралбайт. Конкурска жөнөтүлгөн иштер кайтарылбайт. Конкурстун жыйынтыгында берилүүчү апелляция кабыл алынбайт. Конкурстун жыйынтыгында максималдуу 5 жеңүүчү белгиленип, долбоорлорун ишке ашыруу үчүн гранттар менен сыйланат. Гранттын жалпы суммасы 5 миң. долларды ашпайт. Ал эми долбоордун жалпы суммасынын 10 пайызын Грант алуучу өзү камсыздоосу керек.