SlideShare a Scribd company logo
1 of 2
Download to read offline
Жаркын келечек үчүн кызматташтыкка чакыруу



                                             «Коомчулукту бийлеген күчтүү бийлик,
                                                 бул сөз эмес, идея» В.Г. Белинский.

                        «Жалпы массага сиңген гана идея күч боло алат» В.И. Ленин.

                                                   «Коомчулук деградацияга түшөт,
                                             эгер инсандардан импульс, дем болбосо;
                                                      импульс деградацияга түшөт,
                                          эгер коомчулуктун колдоосуна ээ болбосо».
                                                                  Уильям Джеймс.


      Биздин коомдо баш аламандык көп, бирок эң коркунучтуу баш аламандык –
бул, коомдун аң-сезиминде орун алганы. Бүгүнкү күнгө чейин биздин коомдун аң-
сезимине негизсиз, пайдасыз, далилсиз идеялар толуп, эл «Кетсин!!!» деген аң-сезимге
кабылып, өзү да регресске кетүү жолунда турат. Эл ар түркүн идеялардан чындыгында
тажады. Жана бардык нерсеге кайдыгерлик, ишенбөөчүлүк менен мамиле кыла
баштаганын тануу мүмкүн эмес. Аң-сезимдеги ишенбөө жана кымгууттан айрылуу эң
кыйын нерсе…

      Ар бир жоопкерчиликтүү жаран өзүнө «Мамлекеттеги абалды кантип өзгөртүү
мүмкүн?» деген суроону берип келген, албетте бул суроонун жообун тапкан бирөө
болбогон. Себеби, ал өзгөрүш жолу ар түрдүү жана эң негизгиси жыйындуу эмес.
Ошондуктан, коомдун «Кандай өзгөрүү бизге керек?» деген талабына эч ким негиздүү
жооп бере албаган. Мына ушундан улам коомдо башка чет элдик идеяларга болгон көз
карандылык келип чыккан. Албетте, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы да баалуу, бирок
биздин өз лидерлерибиз, жол көрсөтүүчү акылыбыз жокпу деген да суроолор
жаралбай койбойт…

      Албетте, биздин жергиликтүү прогрессивдүү идея өндүрүүчүлөрүбүз сөзсүз түрдө
бар. ЖОЖдор, консалтинг компаниялары, жигердүү жеке жана юридикалык тараптар,
бактыбызга өнүгүү идеяларын сунуштап келишет, бирок (түгөнгүс «бирок») алардын
продукту бардык элге жеткиликтүү эмес. Элдин түпкү талабы, жаңы өзгөчө
прогрессивдүү идеяларга болгон моокуму дагы деле канбай келет. Биздин коомдо
пайдалуу идеялар бар, бирок (баягы эле «бирок») алар угулбай, көмүскөдө, тепсендиде
калып келүүдө.

      Бизге максаттуу, жыйындуу жана туура түзүлгөн прогрессивдүү идеялардын
башкаруу системасы керек. Бул биздин идеялардын белгилүү бир максатка умтулуусуна
турткү болот. Ошол себептүү Прогрессивдүү Демилгелер Фонду конкреттүү аянттарды
сунуштайт: виртуалдуу жана реалдуу. Кварталдык конкурсттардын негизинде, адилеттүү
баа менен эң пайдалуу прогрессивдүү идеяларды топтоп, аларды коомчулукка алып
чыгып, журналдагы жана сайттагы публикациялар, Фонддун телепроектинде жайылтууну
сунуштайт. Жеңген көз карашты, идеяны пропагандалоо б.а. анализденген, негиздүү
моралды коомго жайылтуудан жалпы улуу идеология жаралат. Коомдо баш
аламандык таркап, аң-сезимдеринде конкреттүү идеологиянын так конкреттүү келбети
чийилип, эл ошол идеологиянын аркасынан жүрөт.

      Прогрессивдүү идеялардын өндүрүүчүлөрүнүн эки багыт боюнча жигердүү
катышуусу эл жана өздөрүнүн өнүгүү боюнча көз караштарын бири-бирине жеткирүүнү
шарттайт. Ал эми жогорку деңгээлдеги конкуренция идеянын сапатын да жогорулатып, ал
идеялардын авторлоруна коомчулуктун сый-урматын жана таанып билүүсүн,
кадырлоосун берет, албетте, бул да абдан маанилүү.

      Биз дайыма бизден көп нерсе көз каранды деп келебиз. Силер да, биз да коомдун
бөлүгү экенибизди толук билип турабыз. Келгиле, бардык аракетибиз менен
прогрессивдүү идеяларды топтоп, эң мыктыларын алып чыгабыз. Келечекте бул
идеялар коомубузду жана айланыбызда чоң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн!

      Эгер биздин сунуштарды дагы да тагыраак ача турган жана Силердин
кызыгууңарды арттыра турган болсок, ачык жана чын дилибизден айткыбыз келет, бул
консолидация бардыгыбызга керек жана пайдалуу. Тандалган идеялар Республика боюнча
жайылып, алардын авторлору баалуу белектер менен да сыйланат. Демек, коомдун
сынынан өтүп, көпчүлүктүн алдында өз идеясын негиздеп, аргументтер менен далилдеп
берүү мүмкүнчүлүгүн алат. Анткени ар бир идеянын автору өз идеясынын жашап
кетүүсүн эңсейт жана жашоого сиңирилбеген идея жөн гана самындын көбүгү болуп
саналат, бар да жок. Ал эми коомго кирген идея ишке ашкан идея.

       Адамдар идея үчүн жанын берип келген, бул акталган өлүм болуп, идея жанынан
артык болгон. Ал эми биз жөн гана реалдуу түрдө керектүү идеяларды Сиздер менен
бирге иш жүзүнө ашырууну көздөйбүз. Биз жалгыз эч нерсе кыла албайбыз. Биз бири-
бирибизге керекпиз. Биздин идеяларыбыз жетилип бышып, элдин өзүнө сездирбей туруп,
алга сүрөөсү зарыл. Ошондо өз нугу менен жалпы коомдун улуу идеологиясы жаралат.
Идеологиясы бар жана ага бекем турган эл эч качан жеңилбейт!

      Чындыгында, биздин     эл көптү     башынан     өткөрдү, биздин   эл
кыйынчылыктарга каршы иммунитетке ээ болду, болгону алдыңкы идеяларды
алып чыгып, жайылтып, жан дилибизге сиңирип, аларды бирдикте ишке ашырууга
мезгил жетти!!!

More Related Content

More from fpi

акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуакыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуfpi
 
акыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуакыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуfpi
 
идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргfpi
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крfpi
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связиfpi
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных темfpi
 
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалыматстратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалыматfpi
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапыfpi
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные рискиfpi
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымиfpi
 
акыл кубаты программасы
акыл кубаты программасыакыл кубаты программасы
акыл кубаты программасыfpi
 
энергия мысли кырг
энергия мысли кыргэнергия мысли кырг
энергия мысли кыргfpi
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мыслиfpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мыслиfpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мыслиfpi
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектаfpi
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативыfpi
 
идеялык карта1111
идеялык карта1111идеялык карта1111
идеялык карта1111fpi
 
идеялык карта
идеялык картаидеялык карта
идеялык картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 

More from fpi (20)

акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуакыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
 
акыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуакыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсу
 
идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кырг
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида кр
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связи
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных тем
 
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалыматстратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапы
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные риски
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетными
 
акыл кубаты программасы
акыл кубаты программасыакыл кубаты программасы
акыл кубаты программасы
 
энергия мысли кырг
энергия мысли кыргэнергия мысли кырг
энергия мысли кырг
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проекта
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативы
 
идеялык карта1111
идеялык карта1111идеялык карта1111
идеялык карта1111
 
идеялык карта
идеялык картаидеялык карта
идеялык карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 

кайрылуу кыргызча

  • 1. Жаркын келечек үчүн кызматташтыкка чакыруу «Коомчулукту бийлеген күчтүү бийлик, бул сөз эмес, идея» В.Г. Белинский. «Жалпы массага сиңген гана идея күч боло алат» В.И. Ленин. «Коомчулук деградацияга түшөт, эгер инсандардан импульс, дем болбосо; импульс деградацияга түшөт, эгер коомчулуктун колдоосуна ээ болбосо». Уильям Джеймс. Биздин коомдо баш аламандык көп, бирок эң коркунучтуу баш аламандык – бул, коомдун аң-сезиминде орун алганы. Бүгүнкү күнгө чейин биздин коомдун аң- сезимине негизсиз, пайдасыз, далилсиз идеялар толуп, эл «Кетсин!!!» деген аң-сезимге кабылып, өзү да регресске кетүү жолунда турат. Эл ар түркүн идеялардан чындыгында тажады. Жана бардык нерсеге кайдыгерлик, ишенбөөчүлүк менен мамиле кыла баштаганын тануу мүмкүн эмес. Аң-сезимдеги ишенбөө жана кымгууттан айрылуу эң кыйын нерсе… Ар бир жоопкерчиликтүү жаран өзүнө «Мамлекеттеги абалды кантип өзгөртүү мүмкүн?» деген суроону берип келген, албетте бул суроонун жообун тапкан бирөө болбогон. Себеби, ал өзгөрүш жолу ар түрдүү жана эң негизгиси жыйындуу эмес. Ошондуктан, коомдун «Кандай өзгөрүү бизге керек?» деген талабына эч ким негиздүү жооп бере албаган. Мына ушундан улам коомдо башка чет элдик идеяларга болгон көз карандылык келип чыккан. Албетте, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы да баалуу, бирок биздин өз лидерлерибиз, жол көрсөтүүчү акылыбыз жокпу деген да суроолор жаралбай койбойт… Албетте, биздин жергиликтүү прогрессивдүү идея өндүрүүчүлөрүбүз сөзсүз түрдө бар. ЖОЖдор, консалтинг компаниялары, жигердүү жеке жана юридикалык тараптар, бактыбызга өнүгүү идеяларын сунуштап келишет, бирок (түгөнгүс «бирок») алардын продукту бардык элге жеткиликтүү эмес. Элдин түпкү талабы, жаңы өзгөчө прогрессивдүү идеяларга болгон моокуму дагы деле канбай келет. Биздин коомдо пайдалуу идеялар бар, бирок (баягы эле «бирок») алар угулбай, көмүскөдө, тепсендиде калып келүүдө. Бизге максаттуу, жыйындуу жана туура түзүлгөн прогрессивдүү идеялардын башкаруу системасы керек. Бул биздин идеялардын белгилүү бир максатка умтулуусуна турткү болот. Ошол себептүү Прогрессивдүү Демилгелер Фонду конкреттүү аянттарды сунуштайт: виртуалдуу жана реалдуу. Кварталдык конкурсттардын негизинде, адилеттүү баа менен эң пайдалуу прогрессивдүү идеяларды топтоп, аларды коомчулукка алып чыгып, журналдагы жана сайттагы публикациялар, Фонддун телепроектинде жайылтууну сунуштайт. Жеңген көз карашты, идеяны пропагандалоо б.а. анализденген, негиздүү
  • 2. моралды коомго жайылтуудан жалпы улуу идеология жаралат. Коомдо баш аламандык таркап, аң-сезимдеринде конкреттүү идеологиянын так конкреттүү келбети чийилип, эл ошол идеологиянын аркасынан жүрөт. Прогрессивдүү идеялардын өндүрүүчүлөрүнүн эки багыт боюнча жигердүү катышуусу эл жана өздөрүнүн өнүгүү боюнча көз караштарын бири-бирине жеткирүүнү шарттайт. Ал эми жогорку деңгээлдеги конкуренция идеянын сапатын да жогорулатып, ал идеялардын авторлоруна коомчулуктун сый-урматын жана таанып билүүсүн, кадырлоосун берет, албетте, бул да абдан маанилүү. Биз дайыма бизден көп нерсе көз каранды деп келебиз. Силер да, биз да коомдун бөлүгү экенибизди толук билип турабыз. Келгиле, бардык аракетибиз менен прогрессивдүү идеяларды топтоп, эң мыктыларын алып чыгабыз. Келечекте бул идеялар коомубузду жана айланыбызда чоң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн! Эгер биздин сунуштарды дагы да тагыраак ача турган жана Силердин кызыгууңарды арттыра турган болсок, ачык жана чын дилибизден айткыбыз келет, бул консолидация бардыгыбызга керек жана пайдалуу. Тандалган идеялар Республика боюнча жайылып, алардын авторлору баалуу белектер менен да сыйланат. Демек, коомдун сынынан өтүп, көпчүлүктүн алдында өз идеясын негиздеп, аргументтер менен далилдеп берүү мүмкүнчүлүгүн алат. Анткени ар бир идеянын автору өз идеясынын жашап кетүүсүн эңсейт жана жашоого сиңирилбеген идея жөн гана самындын көбүгү болуп саналат, бар да жок. Ал эми коомго кирген идея ишке ашкан идея. Адамдар идея үчүн жанын берип келген, бул акталган өлүм болуп, идея жанынан артык болгон. Ал эми биз жөн гана реалдуу түрдө керектүү идеяларды Сиздер менен бирге иш жүзүнө ашырууну көздөйбүз. Биз жалгыз эч нерсе кыла албайбыз. Биз бири- бирибизге керекпиз. Биздин идеяларыбыз жетилип бышып, элдин өзүнө сездирбей туруп, алга сүрөөсү зарыл. Ошондо өз нугу менен жалпы коомдун улуу идеологиясы жаралат. Идеологиясы бар жана ага бекем турган эл эч качан жеңилбейт! Чындыгында, биздин эл көптү башынан өткөрдү, биздин эл кыйынчылыктарга каршы иммунитетке ээ болду, болгону алдыңкы идеяларды алып чыгып, жайылтып, жан дилибизге сиңирип, аларды бирдикте ишке ашырууга мезгил жетти!!!