Successfully reported this slideshow.
We use your LinkedIn profile and activity data to personalize ads and to show you more relevant ads. You can change your ad preferences anytime.

дажжал тажаал-кантип өлдү. кyrgyz (кыргыз)

145 views

Published on

дажжал тажаал-кантип өлдү. кyrgyz (кыргыз)

Published in: Science
  • Be the first to comment

  • Be the first to like this

дажжал тажаал-кантип өлдү. кyrgyz (кыргыз)

  1. 1. ДАЖЖАЛ (ТАЖААЛ) КАНТИП ӨЛДҮ? DECCAL NASIL ÖLDÜ? «150 ЖЫЛГА СОЗУЛГАН ДАРВИНИСТТИК АЛДАМЧЫЛЫКТЫН БҮТҮШҮ» “150 YIL SÜREN DARWİNİST ALDATMACANIN SONU” ХАРУН ЯХЬЯ (АДНАН ОКТАР) HARUN YAHYA (ADNAN OKTAR)
  2. 2. Bu kitapta kullanılan ayetler, Ali Bulaç'ın hazırladığı "Kur'an-ı Kerim ve Türkçe Anlamı" isimli mealden alınmıştır. Birinci Baskı: Aralık 2009 ARAŞTIRMA YAYINCILIK Talatpaşa Mah. Emirgazi Caddesi İbrahim Elmas İş Merkezi A Blok Kat 4 Okmeydanı - İstanbul Tel: (0 212) 222 00 88 Baskı: Kelebek Matbaacılık Litros Yolu No: 4/1A Topkapı-İstanbul Tel: (0 212) 612 43 59 www.harunyahya.org - www.harunyahya.net
  3. 3. МАЗМУНУ Киришүү: Алтын кылым сүйүнчүсү Акыр замандын эң чоң фитнасы дажжал Дажжал системасы – атеист масондук Дарвинисттер көз бойомочулуктар менен дүйнөнү алдашты Дарвинисттердин дүйнөнү алдоо ыкмалары Дарвинизм алдамчылыгы эми бүттү Жыйынтык: бүт жандыктарды Улуу Аллах жараткан Кошумча бөлүм: эволюция калпы
  4. 4. ОКУРМАНГА * Автордун эмгектеринде эволюция теориясынын кыйрашына атайын орун беришинин себеби – бул теориянын ар түрдүү динге каршы бир философиянын негизин түзүгөндүгүндө. Жаратылуу жана натыйжада Аллахтын бар экендигинен баш тарткан дарвинизм 140 жылдан бери көптөгөн адамдардын ыйманын жоготушуна же жүрөктөрүндө күмөн жаралышына себеп болуп келди. Ошондуктан, бул теориянын бир калп экендигин ачык далилдөө - абдан маанилүү ыймандык милдет. Бул маанилүү кызматтын бардык адамдарга жеткирилиши зарыл. * Дагы бир белгилей кетчү жагдай – бул китептердин мазмуну менен байланыштуу. Автордун бардык китептеринде ыйман темалары Куран аяттары негизинде түшүндүрүлүүдө, адамдар Аллахтын аяттарын үйрөнүүгө жана жашоого чакырылууда. Аллахтын аяттары менен байланыштуу бардык темалар окурмандын акылында эч кандай күмөн же суроо белгиси жаралбай турган негизде түшүндүрүлүүдө. * Түшүндүрүүдө колдонулган чынчыл, жөнөкөй баян китептердин жаш-кары дебей бүт адамдардын оңой түшүнүшүнө шарт түзүүдө. Таасирдүү жана жөнөкөй баян колдонулган китептер - «бир токтобой окулчу» китеп өзгөчөлүгүнө ээ. Динден баш тартуу бойунча өжөрлүк көрсөткөн адамдар да бул китептерде түшүндүрүлгөн чындыктардан таасирленүүдө жана түшүндүрүлгөндөрдү калпка чыгара албай келет. * Бул китеп жана автордун башка эмгектерин окурмандар жалгыз окуса да, маектешүү чөйрөсүндө окушса да болот. Бул китептенден пайдаланууну каалагандардын чогуу маек курушу, тажрыйба жана пикирлерин ортого койушу пайдалуу болот. * Ошондой эле, жалаң гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жазылган бул китептердин таанылышы жана окулушуна себепчи болуу да чоң кызмат болмокчу. Себеби автордун бардык китептеринде далил жана ишендирүү тарабы абдан күчтүү. Ушул себептен динди түшүндүрүүнү каалагандар үчүн эң эффективдүү ыкма – бул китептерди окууга башка адамдарды да үндөө болмокчу. * Бул эмгектерде башка кээ бир эмгектерде байкалчу жазуучунун жекече ойлору, шектүү булактарга таянган сөздөрү, ыйык нерселерге болгон керектүү адап жана урматка көңүл бурбаган баяндар, үмүтсүз, күмөн жаратуучу түшүндүрүүлөрдү жолуктурбайсыз.
  5. 5. АВТОР ЖАНА ЭМГЕКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ Эмгектеринде Харун Яхья атын колдонгон автор (Аднан Октар) 1956-жылы Анкарада (Түркия) төрөлдү. Башталгыч, орто мектеп жана лицейди Анкарада бүтүрдү. Андан соң Стамбул Мимар Синан университетинин Көркөм өнөр факультетинде жана Стамбул университети Философия бөлүмүндө билим алды. 1980-жылдардан бери ыйман, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектер даярдады. Мындан тышкары, автордун эволюция теориясынын жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын, алардын жактаган нерселеринин (эволюция теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин кандуу идеологиялар менен болгон караңгы (жашыруун) байланыштарын ортого койгон абдан маанилүү эмгектери бар. Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 30000 сүрөттү камтыган жалпысы 45000 беттик бир эмгектер жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы дүйнөнүн 60 тилине которулган. Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш тартуучу пикирлерге каршы күрөшкөн эки пайгамбардын урматына, алардын атын эскерүү үчүн Харун (Муса пайгамбардын жардамчысы) жана Яхья (Иса пайгамбардын жардамчысы) аттарынан куралган. Автор тарабынан китептеринин сыртында колдонулган Расулуллахтын мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси – китептердин мазмуну менен байланыштуу. Бул мөөр Курани Керимдин Аллахтын акыркы китеби жана акыркы сөзү, Пайгамбарыбыз (С.А.В.)дын да хатем-ул анбия экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана Расулуллахтын (С.А.В.) сүннөтүн өзүнө жол көрсөткүч кылууда. Ушундай жол менен баш тартуучу философия системаларынын бардык негизги жактаган нерселерин бир бирден жыгууну жана динге каршы багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун жабуучу «акыркы сөздү» айтууна максат кылууда. Абдан терең акыл (хикмат) ээси жана идеалдуу инсан Расулуллахтын (С.А.В.) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары колдонулуп келүүдө. Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат – Куранга чакырууну бүт дүйнөгө жеткирүү, мындай жол менен адамдардын Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу негизги ыйман темалары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү болуу жана чындыктан (Аллахтан) баш тартуучу системалардын чирик фундаменттерин жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып, адамзатка көрсөтүү. Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга, Польшадан Босния-Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жактырылуу менен окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур, индонезия тилдери сыяктуу көптөгөн тилге которулган бул эмгектер Түркия сыртында да көптөгөн китеп окуучулар
  6. 6. тарабынан окулуп келүүдө. Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун алган бул эмгектер көптөгөн адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын тереңдешине себепчи болууда. Китептерди окуп, анализдеген ар бир адам бул эмгектердин терең акыл, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана чын жүрөктөн чыккан сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын байкашууда. Бул эмгектер – ылдам таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана толук илимий болуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул эмгектерди окуган жана булар жөнүндө терең ойлонгон адамдар материалисттик философия, атеизм жана ар кандай адашкан ой-пикир жана философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат. Муну түшүнгөндөн кийин материализмди жактагандар ызалык, өжөрлүктөрү айынан гана жакташат, себеби илимий тараптан материализм жокко чыгарылды. Заманыбызда бардык чындыктан баш тартуучу агымдар Харун Яхья эмгектеринен илимий, идеялык жактан толук жеңилген абалда. Шек жок, мындай өзгөчөлүктөр – Курандын терең мазмундуулугу жана өзгөчө баяндоосунун натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат кылбайт, жалаң гана Аллахтын адамдарды туура жолго салуусуна себепчи болуу ниетинде. Мындан тышкары, бул эмгектердин жарыкка чыгып, таралышында акча табуу максат кылынбайт. Бул чындыктарды эске алсак, адамдардын байкабаган чындыктарды байкашын камсыз кылган, алардын туура жолду табышына жардамчы болгон бул эмгектерди окууга үндөөнүн абдан маанилүү бир кызмат экендиги жакшы түшүнүктүү болот. Бул баалуу эмгектерди таанытуу ордуна, адамдардын башын айланткан, пикирлерде кайчылаштыктар, күмөндөр жараткан, ыйманды куткарууда күчтүү жана так бир таасири болбогон демейки, монотондуу китептерди жайылтуу эмгек жана убакыт жоготуусуна алып келет. Негизги максат ыйманды куткаруу эмес, автордун адабий күчүн көрсөтүү болгон эмгектердин күчтүү таасирдүүлүккө жетиши кыйын. Бул бойунча шектенүү жаралгандар бар болсо, Харун Яхьянын эмгектеринин максатынын динсиздик менен күрөшүү жана Куран ахлагын жайуу гана экендигин бул кызматтын таасири, ийгиликтери жана окурмандардын ыраазы болгонунан байкашса болот. Дүйнөдөгү зулум жана баш аламандыктар, Мусулмандар көрүп жаткан азаптардын негизги себебинин динсиздик пикирлеринин дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн натыйжасы экендигин билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн динсиздикти илим менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын ортого койуу жана Куран ахлагын адамдар түшүнө ала турган деңгээлде түшүндүрүү зарыл. Зулумдук, согуштар күчөгөн азыркы күндө бул кызматтын колдон келишинче ылдам болушу айдан ачык. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн. Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун Яхья эмгектери, Аллахтын буйругу менен, XXI кылымда дүйнө инсандарын Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик жана тынчтыкка, чынчылдык жана адилеттүүлүккө, сулуулук жана бактылуулукка жеткирүүгө бир себепчи болмокчу.
  7. 7. КИРИШҮҮ АЛТЫН КЫЛЫМ СҮЙҮНЧҮСҮ Пайгамбарыбыз (сав) мындан 1400 жыл мурда акыр заманда, б.а. биз жашап жаткан учурда, боло турган окуяларды абдан кеңири кабар берген жана аны кеңири сүрөттөгөн. Акыр заманда адамдар Куран ахлагынан алыстаган бир доор болоорун; дүйнө жүзүндө чоң бир бузукулук, фитна, согуш, каргаша жана адеп-ахлактык бузулуулар болоорун кабар берген. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде билдиргендей, Аллах ушул доордо Аз. Иса (а.с.) жана Раббибиздин Хади (хидаят (туура жол) берүүчү) сыпатына ээ Аз. Мехди (а.с.)ды жөнөтөт. Аз. Иса (а.с.) жана Аз. Мехди (а.с.) чыга турган бул куттуу доордо каапыр философия жана идеологиялар бүтүндөй жок болуп, дүйнөнүн төрт тарабында уланып жаткан зулумдук жана каргашалар толугу менен токтойт. Аз. Иса (а.с.) жана Аз. Мехди (а.с.) доорунда Аллах ишеними Пайгамбарыбыз (сав) доорундагыдай орун алып, Куран ахлагы бүт тарапка жайылып, дүйнө жүзү бакубаттык жана тынчтык мекенине айланат. Жер бетинде эч кандай согуш, карама-каршылык болбойт, курал-жарактар жок кылынып, бир адамдын да мурду канабайт. Өтмүштө болгон уятсыздыктар, басымдар, зулумдуктар, жакырчылык, адилетсиздиктер жана адеп-ахлактык бузулуу бул куттуу доордо жоголуп, бүт кыйынчылыктардын ордуна береке, молчулук, байлык, сулуулук, тынчтык жана бейпилдик келет. Технологияда абдан зор өнүгүүлөр болот жана алар бүт адамдардын жакшылыгы жана бейпилдиги үчүн колдонулат. Искусство жана кооздук багытында да абдан сонун өнүгүүлөр болуп, бул доор Улуу Раббибиздин каалоосу менен «Алтын кылым (доор)» катары эскерилет. Раббибиз бул дүйнөдө сыноонун бир шарты катары бүт жакшы нерселер менен бирге алардын карама-каршысы болгон терс күчтөрдү да жаратат. Ар доордо пайгамбарлардын жана ыйман келтиргендердин алдынан терс күчтөр, б.а. каапырлар (Аллахтын жокко чыгаруучулар) чыккан жана алар Аллах ишенимине жана жакшы адеп- ахлакка каршы күрөшүшкөн. Бул Аллахтын бир мыйзамы. Аз. Муса доорунда Фараондун, Аз. Ибрахим доорунда Немруддун, Аз. Мухаммед (сав) доорунда Эбу Лехебдин жана Меккелик мушриктердин бар болушу – ушул Аллахтын мыйзамынын бир көрүнүшү. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде кабар берилгендей, Аз. Иса (а.с.)дын түшүшү жана Аз. Мехди (а.с.)дын чыгышы күтүлүп жаткан акыр заманда чыга турган терс күч болсо «дажжал (тажаал)» болот. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде айтылган акыр заман алааматтарынын дээрлик баары хижрий календарь боюнча 1400-жылдан бери, б.а. дал Пайгамбарыбыз (сав) айткан убакта ишке ашты. Жүздөгөн алааматтын ишке ашкан болушу – акыр
  8. 8. замандын биз жашап жаткан доор экенин көрсөткөн жана ошондой эле Алтын кылымдын абдан жакын экенин сүйүнчүлөгөн абдан маанилүү бир маалымат. Биз жашап жаткан акыр заманда дажжал фитнасы да чыкты. Абдан көп адамдарды динсиздикке (атеизмге) түрткөн, дүйнөгө адам өлтүрүү, согуштарды алып келген, коомдорду адеп- ахлактык бузулууга, анархияга, бузукулукка жана кылмыштарга түрткөн дажжалдын чоң фитнасы – бул дарвинизм. Дарвинизм, эч кандай илимий таянычы жок туруп, 150 жыл ичинде элдерге мажбурдуу түрдө сиңирилип, адамдар бул чоң калпка массалык түрдө алданышты жана кээ бир коомдор дарвинисттик идеологияга таянуу менен согуштарга, киши өлтүрүүлөргө, террорго, анархияга түртүлүштү. Дажжализм дарвинизм фитнасы менен бүт дүйнөнү каптап, эч кандай илимий далилге таянбаганына карабастан, жалган (жасалма) сөздөр жана далилдер менен кээ бир мамлекеттердин расмий коргоосуна алынган. Дарвинисттик идеология акыр замандын эң чоң фитнасы болгондуктан, кыска убакыт ичинде жасалма бир ийгиликке жетип, тарыхтагы эң чоң массалык жалганчылык катары тарых беттеринен орун алды. Бирок албетте башка чоң фитналар сыяктуу, дажжалдын бул чоң фитнасы да кулап жок болуу алдында. Акыр замандын куттуу доору Алтын кылым дажжалдын фитнасы токтоп, согуштар жана уруштар бүткөн, адамзатка чоң балээлерди алып келген динсиз идеологиялар тарыхтын караңгылыктарына көмүлгөн жана дүйнө молчулук, берекет жана адилеттикке толуп ташкан бир доор болот. Бул доордо Ислам ахлагы бүт дүйнөгө жайылып, адамдар топ топ болуп Аллах ишенимине багытталышат. Мына ушул куттуу доор абдан жакындады. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистери боюнча, Аз. Мехди (а.с.) чыкты. Адамдар аны тааный турган убакыт да абдан жакын. Ошондой эле хадистерден көрүнүп тургандай, Аз. Иса (а.с.)дын түшүшү да абдан жакынкы убакта болот. Дүйнө жүзүндө дажжал системасынын эң чоң фитнасы болгон дарвинизм болсо тарыхында эң чоң жеңилүүгө дуушар болду. Дажжал эми өлдү. Абдан жакын калган Алтын кылымдын береке жана молчулугу, бейпилдик жана тынчтыгы Аллахтын буйругу менен бүт адамзатка жайылып, бүт дүйнөнү каптайт. Улуу Раббибиз бир аятында мындайча буюрат: Аллах жазып койгон: «Ант болсун, Мен жеңишке жетишем жана элчилерим да.» Чындыгында, Аллах – эң улук күч-кубат ээси, күчтүү жана баарынан жогору. (Мүжаделе Сүрөсү, 21)
  9. 9. 1-БӨЛҮМ АКЫР ЗАМАНДЫН ЭҢ ЧОҢ ФИТНАСЫ ДАЖЖАЛ Бул дүйнө жашоосу жакшылар менен жамандар, жакшылыктар менен жамандыктар болуп турчу, адамдар кылгандары менен сыналчу, ыйман келтиргендер менен келтирбегендер сыналчу убактылуу бир мекен. Бүт баарын жана бул сыноо чөйрөсүн жараткан Улуу Аллах сыноонун бир шарты катары ар доордо ыйман келтиргендерге каршы каапыр, кылмышкер-күнөөкөр бир душман жараткан. Ар доордо пайгамбарларга жана ыйман келтиргендерге каршы чыккан мындай каапыр, Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистери боюнча, Аз. Иса (а.с.)дын кайра дүйнөгө келиши күтүлгөн, Аз. Мехди (а.с.)дын болсо чыгаар убактысында, б.а. акыр заманда келе турган «дажжал» болот. Дажжал арап тилиндеги бир сөз, «дежл» сөзүнөн келип чыккан. Сөздүктөрдөгү мааниси боюнча, дажжал «калпычы, тузакчы, акылдарды, көңүлдөрдү, жакшы менен жаманды, акыйкат менен жалганды аралаштырган, бир нерсени кооздоп чыныгы жүзүн жашырган, кадам кадам бүт тарапты кыдырган мүфсид (бөлүүчү, бузуучу, жаман кылуучу) жана меълун (наалат алган, куулган)» бир жандык. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде дажжал акыр заманда (дүйнөнүн акыркы доорлорунда) чыга турган эң чоң терс күч катары кабар берилген. Акыр замандай кереметтүү окуялар болуп жаткан бир доордо Аллахтын буйругу менен абдан жакында чыга турган Аз. Иса (а.с.) жана Аз. Мехди (а.с.)га душмандык кылып бүт дүйнөгө шайтандын системасын жайууга аракет кыла турган дажжал балким тарыхтын эң күчтүү каапырларынан бири чыгаар. Пайгамбарыбыз (сав) дажжалдын фитнасынын чоңдугун мындайча сүрөттөгөн: Адам жаратылгандан кыяматка чейин өткөн убакыт ичинде дажжалдан чоңураак бир окуя жок.1 Дажжал, риваяттар боюнча, туураны туура эмес, туура эмести туура; жакшыны жаман, жаманды жакшы көрсөткөн бир бузуку. «Шексиз жанында бир бейиш жана бир тозок (деп атаган эки дарыя) болушу да анын фитнасы. Чынында тозогу бир бейиш, бейиши болсо бир тозок...»2 хадисинде да айтылгандай, ал жакшы, туура деп чакыргандарынын баары адамга балээ алып келе турган жамандыктар. Адамдарга жамандай көрсөткөн баалуулуктар болсо чынында адамдарга жакшылык жана алардын пайдасына. Бирок кээ бир адамдар окуяларды Куран ахлагына жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнө жараша баалабагандыктан, дажжал чакырган нерселерге алданып аны ээрчишет жана чыныгы моюн сунушу керек болгон Аллахтын табиятынан капылеттик менен жүз бурушат. Мунун канчалык чоң жаңылыштык экенин болсо
  10. 10. дажжал түзгөн зулумдук чөйрөсүнөн улам түшүнүшөт. Ушул себептен, Пайгамбарыбыз (сав) адамдарды эскерткен жана дажжал жаман деп көрсөткөн нерсенин жакшы экенин билүү керек деген: Дажжал чыгат. Жанында суу менен от бар. Адамдарга суу көрүнгөнү күйгүзүүчү бир от. Адамдарга от көрүнгөнү болсо муздак жана даамдуу бир суу. Силерден ким муну көрсө отту тандасын; өзүн отко таштасын. Чынында ал даамдуу жана сонун бир суу.3 Биз жашап жаткан доор хадистерде кабар берилген абдан көп алааматтардан көрүнүп тургандай, «акыр заман». Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринен түшүнгөнүбүздөй, акыр заман азыр болуп жатат жана Аз. Иса (а.с.)дын жер бетине келиши жана Аз. Мехди (а.с.)дын чыгышы Аллахтын каалоосу менен, ушул доордо күтүлүүдө. Ошондой эле, хадистерде кабар берилгендей, учурда өкүм сүрүп жаткан акыр заман ичинде дажжалдын фитнасы да сезилип, сүйүүсүздүк, баш көтөрүүчүлүк, жамандык, бөлүнүүчүлүк, уруштар жана бузукулук дүйнөнүн бүт тарабына жайылууда. Адамдардын өтө көпчүлүгү дажжалдын фитнасын ээрчип, сонун ахлактан алысташып, жер бетинде каапырчылыкка таянган шайтандык бир системаны кабыл алышкан. Дажжалдын учурдагы акыр заманда идеологиялык тараптан эң чоң фитнасы болсо дарвинизм болгон. 19-кылымдын эң чоң жомогу болгон дарвинисттик идеология башында терс реакцияга кабылса да, 20-кылымда калк арасында жайылып, массаларды ээрчитип, көптөгөн тараптарларга ээ болуп, мектеп китептерине, илимий адабиятка кирди. Чоң бир калп болгонуна, илимге жамынып, бирок илимий бир дагы далил тарабынан колдоо таппаганына карабастан, дажжалдын таасири менен бүт дүйнөнү алдай алды. Хадистерде билдирилгендей, дажжалдын таасири менен адамдар жок бир нерсени бардай кабыл алып, илим менен эч байланышы жок бир теорияны «жашоонун келип чыгышынын бир түшүндүрмөсү» катары кабыл алышты. Жаш балдар башталгыч класстардан баштап мектептерде Дарвиндин эволюция теориясын окуп баштап, эң көп көрүүчүсү бар дарвинизм тараптары телевизор каналдары эволюция жөнүндө жалган сценарийлерди «илимий эмгек» катары жарыялап, университет профессорлору бул көз бойомочулукту болгон күчү менен жактай турган абалга келишти. Бул батыл (жалган) бир ишеним системасы. Дарвинизм батыл (жалган, далилсиз) бир дин катары пайда болгон; адамдар болсо бул батыл динге эч далилсиз ишендирилүүгө аракет кылынып, ишенбегендер четке түртүлүп, ооздору жаптырылган. Эволюция теориясын колдой турган бир дагы илимий далил жок. Болушу да мүмкүн эмес. Бирок дарвинизм жалган бир ишеним системасы болгондуктан, эволюция теориясы үчүн тынымсыз жасалма далилдер чыгарылып, эволюцияны кыйраткан чыныгы илимий далилдер болсо жаап- жашырылууда. Бул көз бойомочулуктун масштабы чындап эле абдан чоң. Дарвинизм Аллахты жокко чыгарууга таянган, адашкан, жалган бир ишеним системасы болушу жагынан дажжалдын белгилүү жана хадистер боюнча акыр заманда күтүлгөн чоң оюну. Жандыктар кокустан пайда болгон деп жактаган, адамдын маймыл аталары болгон деген, адамды жер бетинде жоопкерчиликсиз, ээн баш бир айбансың деп ишендирүүгө аракеттенген, күчтүүнүн алсызды эзиши сыяктуу бузуку бир пикирге таянып массаларды
  11. 11. өлтүргөн, согуштарды баштаган, адамдарды майда жана төмөн көргөн бул жалган ишеним системасы – дажжалдын эң чоң оюндарынын бири дарвинизм. Бирок 150 жылдан бери уланып келе жаткан бул оюн 21-кылымдын баштары менен эми кыйрады. Дажжалдын оюну бүттү. Дажжал эми өлдү. Массалык алдамчылык бүттү. Батыл (жалган) бир дин катары кабыл алынган бул идеология Аллахтын акыйкат дини алдында жер менен жексен болду. Аллах албетте Өз динин жогору кылуучу. Улуу Раббибиз бир аятында мындайча буюрат: Аллах, кылмышкер-күнөөкөрлөр каалабаса да, акыйкатты (чындап) Өз сөздөрү менен ишке ашырат. (Йунус Сүрөсү, 82) Кылымдын эң бузуку дажжалдык системасы: дарвинизм Учурдагы жер бетинде динге каршы эң чоң фитналардын бири – бул материализм жана материализмден чыккан ар түрдүү бузуку идеологиялар менен агымдар. Бүт бул агымдарды камтыган, баарынын «илимий» таянычы жана чыгуу чекити болгон көз- караш болсо – бул дарвинизм. Дарвинизм чыккандан бери материалист жана динге каршы идеология, агымдардын негизине айланып, бул идеологияларды жактагандар тарабынан дээрлик бир динге айлантылган. Дарвинизмдин акыр заманда дажжалдын динине айлантылаарына улуу Ислам аалымы Бедиүззаман Саид Нурси азрети мындайча көңүл бурган: Табиятчылык (дарвинизм) жана материализм философиясынан чыккан немрудане (баш көтөрүүчү) бир агым акыр заманда философия аркылуу барган сайын таркап күчтөнүп, өзүн кудай жарыялай турган бир даражага чыгат.4 (Аллахты аруулайбыз) Бедиүззаман «табиятчылык (дарвинизм) жана материализм философиясынын чыккан немрудане (баш көтөрүүчү) бир агым» деп айткандай, дарвинизм – бул табиятка өз алдынча бир күч таңуулаган, бүт жандыктар сокур кокустуктардын натыйжасы, алар жаратылган эмес деген (Аллахты аруулайбыз), адамдарды Аллахка ыймандан алыстатууга аракеттенген бир окуу. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистери чогултулган жана хадис түшүндүрмөлөрү орун алган Kütüb-i Sitte Muhtasarı Tercüme ve şerhi (Күтүби Ситте Мухтасары котормо жана түшүндүрмөсү) аттуу китепте болсо бул мындайча жоромолдонгон: Дажжал жол ачкан акыр заман фитнасынын эң ачык жана эң негизги өзгөчөлүгү – бул динге каршы болушу. Акыр заманда чыга турган бир катар гуманисттик көз- караштар менен баалуулуктар диндин ордун ээлегенге аракет кылат. Бул жаңы дин адамдардагы Кудайга болгон ар түрдүү моюн сунуучулукту жок кылуу үчүн Аллахты жокко чыгарууну өзүнө негиз алат... Түпкү кудайы зат менен адам болгон динден тышкары бир дин.5 (Аллахты аруулайбыз.) Дарвинисттер эволюция теориясын дайыма жалган далилдер менен илимий көрсөтүүгө аракет кылышкан. Жандуулардын жансыз заттардан пайда болгонун жана
  12. 12. эволюциялашып өнүккөнүн, бүт жандык түрлөрүнүн бир-биринен баскыч баскыч келип чыкканын айтышат. Бирок дарвинизм бул пикиринин бир баскычын дагы далилдей албаган, ошого карабастан илимий катары сиңирилиши улантылган бузуку бир ишеним системасы. Дарвинизм пикири боюнча, мындай ойдон чыгарылган өнүгүүнүн эң чоң механизми – бул «кокустуктар». Кокустуктар дарвинизмдин жалган кудайы. Дарвинисттердин ою боюнча, бул жалган кудай мүмкүн эмес нерселерди жасоо күчүнө ээ. Дарвинисттердин ою боюнча, бул жалган кудай бир ылай суудан жандуу клетка пайда кылат, балыкты кабыланга айлантат, аюулардан киттерди пайда кылып аларда жок жерден өпкөлөрдү жасайт. Дарвинисттердин ою боюнча, бул жалган кудай адамды маймылдан чыккан бир жандык деп кабыл алып, адамга акыл, эс тутум, жөндөмдүүлүк сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү берип, жер бетинде эч тууроо мүмкүн болбогон адам аң- сезимин жоктон пайда кылат. Болгондо да, кокустуктар булардын баарын «жасап жатканда» кандай болсо да, пландуу, көзөмөлдүү, акылдуу кыймыл-аракет кылып, ката кетирбейт, ал тургай, керектүү учурларда ыкчам чара көрөт. Дарвиндин эволюция теориясы боюнча кокустуктар акылы жана көзөмөлдөө күчү бар бир жалган жаратуучу болуп саналат. (Аллахты аруулайбыз.) Кокустуктарды кудай тутунган бул бузуку теория ушундай акылга жана логикага сыйбас пикирлери менен ар кандай демагогия жана көз бойомочулуктар аркылуу массаларды алдады. Мунун себеби болсо дажжал. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде бул алдамчылыктын булагынын дажжал экени билдирилген. Дажжалды баяндаган көп хадистерде көптөгөн окшотуулар менен сүрөттөлгөн өзгөчөлүктөр бир идеологиянын өзгөчөлүктөрү катары каралганда, абал андан да айкын болуп калат. Бул боюнча, логикасыз жана негизсиз пикирлер менен пайда болгон, адамдарды каапырдыкка түрткөн, дин ахлагынан алыстаткан, адамдар арасында фитна жана каргаша чыгышына шарт түзгөн ар түрдүү идеология жана пикир системасы дажжалды көрсөтөт. Дарвинизм хадистерде айтылган ушул дажжалдык системага туура келген эң башкы идеология. Улуу Раббибиз Аллах бир аятында дажжалдын бузуку системасын ээрчигендерди мындайча сүрөттөйт: Эч күмөнсүз, кылмышкер-күнөөкөрлөр бир адашуучулукта жана акылдан азуу ичинде. (Камер Сүрөсү, 47) Дарвинизм дүйнөнү алдоого, адамдарды Аллах ишениминен алыстатууга таянган бир идеология болгондуктан, дажжалдын тараптарлары үчүн кандай гана болбосун бул жалган динди сактап калуу маанилүү. Мына ушул себептен дажжалдын колтугуна жашынган бир катар кишилер бул идеологияны сактап калуу үчүн бүт ыкмаларды колдонушууда. Бир дагы илимий далили болбосо да, эволюция теориясын бүт дүйнөгө далилденген бир теория сымал пропаганда кылышты. Жок далилдерди бардай көрсөтүшүп, фоссилдерди өз теорияларына ылайыкташтыруу үчүн көз бойомочулуктан тартынышкан эмес. Бир дагы ортоңку форма мисалы болбосо да, ойдон чыгарылган
  13. 13. ортоңку формаларды жасашып, көз бойомочулук кылышып, аларды окуу китептеринде илимий далил катары окутушкан. Эволюцияга каршы табылган сансыз далилди четке коюп, атайылап жашырышып, көрмөксөн болушуп, адамдардан жашырышкан. Теорияларын колдой турган бир далил болбогондуктан, жасалма фоссилдерди жасашып, аларды дүйнөнүн эң атактуу музейлеринде ондогон жыл бою көргөзмөгө коюшкан. Көз бойомочулуктары билинип калганда уялуунун ордуна, алдамай ыкмаларын улантышып, жаңы көз бойомочулуктарды чыгаруудан жана аларды жактоодон тартынышкан эмес. Бир даана протеиндин да кокустан пайда боло албашы илимий далилденсе да, жашоо башында бир ылай сууда кокустан башталган деген пикирин өжөрдүк менен улантышкан. (Ишке жарай турган бир даана протеиндин кокустан пайда болуу ыктымалдыгы 10950 дөн бир, б.а. нөл. Бирок эң негизгиси бир протеин ал жерде башка протеиндер бар болмоюнча пайда боло албайт.) Жасалма далилдерди гезиттерде, илимий журналдарда, телевизорлордо жарыялоодон тартынышпай, аны сабак катары жылдар бою окуучуларга түшүндүрүүдөн уялышкан эмес. Дарвинизм – көз бойомочулук, алдамчылык жана калпка таянган бир ишеним системасы. Дарвинизм илим эмес. Дарвиндин эволюция теориясы чыккан алгачкы күнүнөн баштап илгерки путпарасттардын кызматын аткарып, адамдарды путпараст кылууга, Аллах ишениминен алыстатууга аракеттенген. 150 жыл бою адамдарды алдап, 150 жыл бою адамдарды бир жалганга ишендирүүгө аракет кылган. Дарвинизм – жок болбош үчүн көз бойомочулуктарга муктаж болгон, тараптарларды топтоо үчүн калп айткан, дарвинизмдин калп экенин айткандарды четке түртүп салууга аракет кылган адашкан бир дин. Аллах бир аятында мындайча буюрат: Айткын: «Аллах Кабатында «анык бир жаза катары» мындан да жаманын кабар берейинби? Аллах ага каргыш айткан, ага ачууланган жана аларды маймылдар менен доңуздарга айланткандар менен тагутка сыйынгандар; мына ушулар мекендери жаманыраак жана түптүз жолдон көбүрөөк адашышкан.» (Маида Сүрөсү, 60) Кадимки шарттарда адамдардын мынчалык тантык бир идеологиянын артынан чуркашы, албетте, логикасыз. Бирок кээ бир адамдар дажжал курган тузакка түшүп, сезбестен, кандай болгонун түшүнбөстөн бул жалганга алданышкан. Себеби дажжал тымызын бир ыкма колдонгон. Дарвинизм дүйнөнү алдап жатканда, бир тараптан дажжалдын бул тымызын жана түрү суук кызматын аркалап, жасалма жана жалганчы ыкмалар менен адамдарга жеткен. Бирок, албетте, ар бир жалган диндеги сыяктуу бул динде да Аллахка каршы курулган бүт тымызын тузактар текке кетти. Аллах аяттарында бул чындыкты билдирет: Чынында алар бир тузак пландап жасашууда; Мен дагы бир план куруп
  14. 14. даярдап жатам. Сен каапырларга бир мөөнөт бер, аз бир убакыт бер. (Тарык Сүрөсү, 15-17)
  15. 15. 2-БӨЛҮМ ДАЖЖАЛ СИСТЕМАСЫ – АТЕИСТ МАСОНДУК Аллахты жокко чыгаруу үчүн пайда болгон, адамдарга Аллахтын алдында жоопкерчиликтүү эмес, ээн баш айбансыңар деген пропаганданы сиңирген, бүт баары кокустан пайда болгон деген пикирди элдер арасында жайып, табигый тандалуу пикири менен бүт дүйнөгө алсыздар жок болуп, күчтүүлөр жашашы керек деген көз-карашты жайылтып, 20-кылымдын башынан баштап бүт дүйнөнү зулумдукка, адеп-ахлактык бузулууга, массалык киши өлтүрүүлөргө, согуштарга түрткөн эволюция теориясынын чыныгы коргоочусу, чыныгы колдоочусу – бул атеист масондук. Эволюция теориясын учурдагы көрүнүшү менен чыгарган жана бул калптын массаларга жайылышына алгачкы кадам жасаган Чарльз Дарвиндин чоң атасы Эразм Дарвин Шотландияда Canongate Kilwinning №2-ложасына тиешелүү, белгилүү бир атеист масон. Чарльз Дарвин да чоң атасы менен бир ложадан жана 27-даражадагы масон. Чарльз Дарвиндин бир туугандары да ошол сыяктуу масон.6 Дарвиндин көз-караштарынын жайылышынан кийинки 150 жыл бою бүт дүйнөдө Аллах ишениминин алсыздашынын, атеисттердин көбөйүшүнүн, дүйнөнүн чоң бир башаламандык жана адеп-ахлактык бузулуу ичине киришинин, дүйнөлүк согуштардын чыгышынын, элдердин ичинде жек көрүү жана кекенүүнүн көбөйүшүнүн, массалык кыргындардын, кылмыштардын көбөйүшүнүн, геноцид, расизм сыяктуу элдерди балээге алып барган көз-караштардын жайылышынын себеби – бул калптын атеист масондук астындагы бир дарвинист диктаторлук көзөмөлү менен дүйнөнүн дээрлик бүт уюмуна, окуу жайларына жана мамлекеттик башкарууларга жайгашышы. Канкор коммунист жана фашист лидерлер Дарвиндин эволюция теориясына болгон жакындыгы жана суктануусу менен белгилүү. Бул кишилер дүйнөдө фитна, бузукулук, зулумдук системасын куруп жатып, өздөрүнө эволюция теориясын булак катары алганын айтуудан эч тартынышкан эмес. Мындан тышкары, ал канкор лидерлердин баары тең атеист масон ложаларына тиешелүү масондор. Массаларды канга булаган коммунизмдин куруучусу Карл Маркс Дарвиндин китеби Түрлөрдүн келип чыгышы жөнүндө «биздин көз-караштарыбыздын табигый тарых пайдубалын камтыган китеп мына ушул» деп Дарвиндин эволюция теориясына таянганын апачык айткан.7 Маркс 32-даражадагы Германия Grand Orient ложасына тиешелүү бир масон. Атеист экени белгилүү болгон Маркс тамырынын еврей экенин дайыма жактырган эмес жана Еврейлер жок бир дүйнө аттуу китебинде еврейлерге жана Аллах ишенимине болгон ачуусун апачык айткан.8 Маркстын көз-караштарын өздөрүнө негиз туткан жана миллиондогон адамдын
  16. 16. өлтүрүлүшүнө себеп болгон жана Дарвин менен эволюция теориясына суктануусу менен белгилүү болгон Ленин менен Сталин да атеист масон болушкан. Ленин Grand Orient ложасына, Сталин болсо розенкрейцер ложасына тиешелүү.9 Сталин, 60 миллион адамдын өлүмүнө себеп болгону болжолдонгон башкаруу мөөнөтү бою, эволюция пропагандасына абдан маани берген. Автобиографиясында мындай сөздөр орун алган: Мектептердеги окуучуларыбыздын мээсин жаратылуу (Жаратуучуунун жаратканы жөнүндөгү) пикиринен тазалоо үчүн аларга үч нерсени өзгөчө окутушубуз керек: дүйнөнүн өмүрүн, геологиялык башталышын жана Дарвиндин доктриналарын.10 Коммунисттик революциянын Ленин менен бирге куруучуларынын бири Лев Троцкий болсо «Дарвиндин ачылышы бүт органикалык зат тармагында диалектиканын (диалектикалык материализм) эң чоң жеңиши болду» деп айткан дагы бир дарвинист.11 Лев Троцкий да ошол сыяктуу Grand Orient ложасына тиешелүү бир масон. Троцкий Россиядан сүргүнгө айдалып, Түштүк Америкага жайгашкан соң Латын жана Түштүк Америка аймактарында Grand Orient ложаларын бириктирүү кызматын аткарган. Бүгүнкү күнгө чейин Куба да кошо Түштүк Америкадагы коммунисттик көтөрүлүштөрдүн баары ошол ложалар тарабынан уюштурулган.12 Ошол сыяктуу, Кытай коммунизминин куруучусу Мао Цзедун дагы «Кытай социализминин пайдубалын Дарвинге жана эволюция теориясына таяганын» апачык айткан канкор бир коммунист лидер. Жана Мао Цзедун дагы Grand Orient ложасына тиешелүү атеист бир масон.13 Мао Цзедун Дарвинге таяган Кытай социализми тарыхтын эң эзүүчү жана эң канкор режимдеринин бири. Ал доордо Кытай сансыз саясий өлүм жазасын көргөн. Кийинки жылдары болсо Мао «кызыл гвардиячылар» деп атаган жаш согушкерлер өлкөнү бүтүндөй бир террор чөйрөсүнө түртүшкөн. Кытай дагы эле ошол кир коммунисттик системанын таасиринде, ошол эле канкор диктатураны улантууда. Акыркы убактарда Кытайда уйгурларга карата жасалган тарыхтын эң чоң геноциди жана андан келген коркунучтуу кыргындар Мао айткан Дарвиндин эволюция теориясына таянган, ошол эле бузуку жана кир системанын таасиринин уланып жатканын апачык көрсөтүүдө. Бул кишилердин баары дарвинист жана атеист масон. Бул кишилер Куран, Тоорот жана Инжилге каршы чыккан, Аллахка баш көтөргөн дажжал комитетин түзөт. Дүйнөнү атеизмге, адеп-ахлактык бузулууга, жек көрүү жана максатсыздыкка, согуштарга түрткөн Дарвин, анын көз-карашынын атасы болгон чоң атасы Эразм Дарвин, миллиондогон адамдын өлүмүнө себеп болгон жана дарвинизмди колдогон коммунисттик идеологиянын канкор лидерлери – баары жогорку даражадагы атеист масондор. Учурда эч бир илимий далили болбосо да эволюция теориясы дүйнө жүзүндө мыйзамдар менен корголуп, колдоого алынууда. Жаштар бул бузуку теорияны үйрөнүүгө, мугалимдер болсо аны жактоого мажбур. Эволюция теориясына каршы чыккандар ылдам ишинен айдалып, оозу жабылууда. Себеби дүйнөнү канга булаган, элдерге атеисттикти сиңирүүгө аракет кылган бул бузуку идеология дажжалдын, б.а. атеист масондуктун эң негизги сепили. Канкор коммунист жана фашист лидерлердин бул
  17. 17. теорияны чечкиндүүлүк менен ээрчигени жана Дарвиндин пикирлерин ишке ашыруу менен миллиондогон адамдын канын төккөнү эске алынганда, бул дажжал комитетинин дүйнө жүзүндөгү таасири жакшы байкалат. Атеист масондуктун негизги философиясы дарвинизм Дарвинизм – атеист масондуктун негизги философиясы. Себеби дарвинизм атеист масондор дүйнөдө курууга аракет кылган дажжалдык системанын чирик пайдубалын түзөт. Адамдарды Аллах ишениминен алыстатууну көздөп, жер бетиндеги зулумдук системанын бузуку жана жалган пикирдик таянычын түзүүдө. Мына ушул себептен атеист масондор түзгөн уюм – эволюция теориясын элдерге кабыл алдыруу багытында эң көп аракет кылган уюм. Mason Dergisi (Масон журналы) атеист масондордун эволюция идеологиясына эмне үчүн баш ийишин мындайча баяндайт: Дарвиндин эволюция теориясы табияттагы көптөгөн кубулуштун Теңирдин эмгеги эмес экенин көрсөттү.»14 (Аллахты аруулайбыз) Атеист масондор мына ушул чоң калпты сактап калуу жана дүйнөгө жайылтуу үчүн эволюция теориясын илимий бир теориядай сунууга аракеттенишет. Бирок чындыгында атеист масондор алдыңкы планга чыгарган эволюция теориясы – бир дагы илимий далил тарабынан колдоо таппаган, жаратылууну далилдеген 350 миллион фоссил жана башка илимий ачылыштар тарабынан бүтүндөй кыйратылган тарыхтын эң чоң көз бойомочулугу, илимди жамынган эң чоң алдамчылык. Дагы бир «масон маалымат каражаты» болгон Mimar Sinan журналында болсо атеист масондуктун дарвинизмге көз-карашы мындайча баяндалган: Учурда эми эң цивилизациялуу өлкөлөрдөн эң артта калганына чейин жалгыз жарактуу илимий теория – Дарвиндики жана аны ээрчигендердики.15 Атеист масондор дарвинизмди илимий бир теориядай көрсөтүүгө жана бул эң туура жол деген пикирди берүүгө аракеттенишет. Себеби дарвинизм атеист масондук борборлордун алдын ачуучу бузуку пикир системасын жайуу үчүн колдонулууда. Ошондуктан атеист масондор бул теорияны пропагандалоону да өздөрүнүн негизги милдеттеринен деп санашат. Mason Dergisi бул «милдетти» мындайча баяндайт: Баарыбыздын эң чоң адамдык жана масондук милдетибиз – позитивдүү илимден ... айрылбаш, мунун эволюцияда эң жакшы жана жалгыз жол экенин кабыл алуу менен бул ишенимибизди адамдар арасында жайылтуу, элди позитивдүү илимдер менен (дарвинизм менен) окутуу.16 Бир атеист жана жогорку даражадагы масон Селами Ышындаг (Selami Işındağ) болсо Masonluktan Esinlenmeler (Масондуктан таасирленүүлөр) аттуу китебинде атеист масондуктун жалган эволюция ишенимине ылайык адамга көз-карашын мындайча баян кылат: Адам эволюция жагынан караганда айбандан башкача эмес. Адамдын пайда болушу жана эволюциясы үчүн айбандар баш ийген күчтөрдөн тышкары, өзгөчө күчтөр
  18. 18. жок.17 Дажжал системасы болгон атеист масондук адамды кокустан пайда болгон бир айбандай көргөн дарвинизм аркылуу бүт максаттарына оңой гана жете алчу жасалма бир таянычка ээ болгон. Дарвинизм дажжалдын бардык бузуку пикир системасын отургуза алчу бузуку бир идеология катары атеист масондор тарабынан чыгарылып, атеист масондор тарабынан колдоо көрүп, илимдей көрсөтүлгөн жана атеист масондор тарабынан корголгон. Дагы эле ушул дажжал системасы бул бузуку идеологияны кысымчылык, мажбурлоо, зордук жана көз бойомочулук аркылуу коргоону улантууда. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн дажжал системасы болгон атеист масондуктун Дарвин убагында бул бузуку идеологияны кантип колдоп, алдыңкы планга чыгарганын карап чыгуу туура болот. Атеист масондор тарабынан колдоо көргөн Дарвин Бир масон чогулушунда атеисттер тарабынан алынган чечим дарвинизмдин атеист масондуктун эң чоң оюндарынын бири экенин көрсөткөн маанилүү бир мисал боло алат. Париждеги 33-даража Мицраим масондук жогорку кеңешине тиешелүү кеңеш мүчөлөрү чогулушунда эволюциянын бир илим катары колдоого алынышы керек экени жөнүндө чечим алып жатышып, чынында бир тараптан өздөрү ал теорияны шылдыңдашкан: Мына ушул [эволюция теориясы илимий деген] көз-карашты колдонуу аркылуу биз эч токтобостон, маалымат каражаттарыбыз аркылуу бул теорияларга ойлонбой ишенүүнү камсыздайбыз. Интеллектуалдар... илимдери менен өздөрүн макташат жана кандайдыр бир логикалык тастыктоого муктаж болбостон илимден ала алган бүт маалыматты ишке ашырышат, өкүлчүлүктөрүбүздөгү адистер алардын мээлерин биз каалаган багытта окута алышыбыз үчүн бүт бөлүктөрдү айлакерлик менен бириктиришти. Бир саамга да булардын бош сөз экенин ойлонбогула: дарвинизм үчүн пландаган ийгиликтерибиз жөнүндө жакшылап ойлонгула...18 Америкадагы атеист масондук система дагы Мицраимдин бул чечимин көп өтпөстөн кабыл алган. New Age журналы 1922-жылы мартта атеист масондуктун өкүмдарлыгынын «эволюция» жана адамдын өздүк өнүгүшү урматында курулаарын айткан. Көңүл бурулган болсо, эволюция теориясынын учурдагы жасалма илимий көрүнүшү – 33-даража атеист масон ложаларында аныкталып чечим чыгарылган бир оюн. Атеист масондор өздөрү да күлгөн бул калпты илимий кооздоо үчүн алар каалагандай болгон илимпоздорду, өздөрү багыттай турган маалымат каражаттарын колдоноорун апачык көрсөтүшкөн. Атеист масондор дарвинизм үчүн жете турган ийгилигин айтып жатканда, негизи бир калптын университеттерге, мектептерге, окуу китептерине, бүт маалымат каражаттарына бир чындыктай киришин, анти-дарвинисттик сөз айткандардын оозунун жабылышын, анти-дарвинисттик иш-аракеттердин кысымчылык аркылуу токтотулушун айтышууда. Атеист масондор дарвинизм үчүн
  19. 19. жасаган бул жасалма «ийгиликтер» учурда ушундай бир чекке жеткендиктен, Англия чиркөөсү Дарвинден кечирим суроого, Папа өз үйүндө дарвинизмди жактаган конференцияларды берүүгө мажбурланды. Дүйнөгө өкүмдарлык кылган дажжалдын системасы атеист масондук бир ложада чечим чыгарып, ишке ашырган бул бузуку система мына ушунчалык натыйжалуу болууда. Атеист масондуктун дарвинизм менен болгон байланышынын дагы бир маанилүү далилин болсо Дарвин убагында Дарвинге эң көп колдоо көрсөткөн жана Дарвиндин бульдогу деген ат менен эскерилген Томас Хакслинин (Thomas Huxley) иштеринен түшүнүүгө болот. Хаксли Англиянын эң маанилүү илимий мекемелеринин бири Royal Society'нин (Хандык академиясы) бир мүчөсү эле жана бул мекеменин бардык башка мүчөлөрү сыяктуу даражалуу бир масон эле.19 Royal Society же узун аталышы боюнча The Royal Society of London for The Improvement of Natural Knowledge (Табигый илимди өнүктүрүү үчүн Лондон хандык академиясы) 1662-жылы түзүлгөн. Мекеменин бүт мүчөлөрү сөзсүз масондордон түзүлчү.20 Эч кандай жекече ийгилиги болбогонуна карабастан, абдан жаш кезинде Royal Society'ге мүчө кылынган Томас Хакслини көпчүлүгү атеисттер түзгөн бул масондук уюм жагынан маанилүү кылган нерсе – бул Дарвиндин жакын адамы жана эң чоң колдоочусу болушу эле. Royal Society'нин башка мүчөлөрү да китеби чыга электе да, чыккан соң да Дарвинге көп колдоо жана салымдарды кошушкан. Өзгөчө атеисттерден турган бул масондук уюм Дарвинге жана дарвинизмге ушунчалык ээ чыккандыктан, белгилүү мөөнөттөн соң Нобель сыйлыгы сыяктуу, жыл сайын ийгиликтүү деп эсептелген илимпоздорго «Дарвин медалын» берип баштады. Кыскасы өзү да бир масон болгон Дарвин жалгыз эмес эле. Теориясын чыгаргандан баштап «уюшкан» абалда колдоо көрдү. Мындай уюшкан колдоо ядросун атеист масондор түзгөн социалдык класс жана топтордон келген. Марксист ойчул Антон Паннекук (Anton Pannekoek) Marxism And Darwinism (Марксизм жана дарвинизм) аттуу китебинде бул маанилүү чындыктан сөз кылат жана буржуазиянын, б.а. Европалык бай капиталист класстын дарвинизмди колдошун мындайча баяндайт: Марксизмдин маанисинин жана позициясынын пролетар таптык күрөшүндөгү ролуна гана карыздар экенин баары билет... Дарвинизмдин да марксизм менен бир тажрыйбаларды өткөргөнүн көрүү оор эмес. Дарвинизм илим дүйнөсү тарабынан объективдүү бир подход менен талкууланып жана текшерилип (тест кылынып) кабыл алынган абстракттуу бир теория эмес. Жок, дарвинизм биринчи кадамын таштаар замат кубанган колдоочулары жана күчтүү душмандары болгон. Дарвиндин ысмы анын теориясын аз гана түшүнгөн адамдар тарабынан даңкталган... Дарвинизм да таптык күрөштө бир рол ойногон жана бул рол урматында ылдам таркап, күчтүү тараптарлар менен күчтүү душмандар топтогон.21 Бул сөз атеист масондордун эволюция теориясына эмне үчүн маани бергенин апачык көрсөтүүдө. Алардын максаты – адам жана бүт жашоо кокустан пайда болгон
  20. 20. деген пикирди аң-сезимдерге сиңирүү, ушундайча адамдарга бул бузуку материалист философияны чындыктай көрсөтө алуу. Аллахты жокко чыгаруунун (Аллахты аруулайбыз) жана кокустуктарды жалган кудай катары адамдарга кабыл алдыруунун жалгыз жолу болсо – алардын ою боюнча, эволюция теориясы. Мына ушул себептен атеист масондук кандай гана болбосун эволюция теориясын колдоп, жактайт, элдерге жайууга аракет кылат жана көз бойомочук же зомбулук менен болсо да сөзсүз коргойт. Дүйнөдө бул калптын өжөрдүк менен жана фанатизм менен корголушунун жана дүйнөнү каптаган бир дарвинист диктаторлуктук курулуп калганынын себеби мына ушунда. Жалган дарвинизм идеологиясынын колдоочулары дайыма атеист масондор болгон Жогоруда терең каралгандай, атеист масондуктун түпкү философиясы дарвинизмге таянат. Себеби дарвинизм – атеист масондук таянган чекиттерди, б.а. атеизмди, максатсыздыкты, согуштарды жана адеп-ахлактык бузулууну, б.а. дажжал системасын кадимки нерседей көрсөтүү үчүн чыгарылган жана эч илимий тарабы болбогонуна карабастан, илимийдей көрсөтүлүүгө аракет кылынган калп бир идеология. Жогорку даражадагы бир масон Селами Ышылдаг (Selami Işıldağ) атеист масондуктун эволюцияны кыңк этпестен кабыл алаарын мындайча айткан: Кыскача, болгондо да абдан кыскача кээ бир масондук принциптерге, пикир жана тажрыйбаларга да токтолгум келет: (Атеист) масондук боюнча жашоо бир клеткадан башталат, өзгөрүү, айлануу жана эволюция (өнүгүү) менен адамга чейин келет. Башталгычтын маңызы, себептери, максаты жана шарттары белгисиз. Жашоо материя-энергиядан чыккан жана ага айланат. Ааламдын Улуу Архитектору улуу бир принцип, жакшылыктар жана сулуулуктардын чексиз горизонту, эволюциянын чокусу, эң жогорку баскычы, адамзат идеалы катары ойлонулуп кабыл алынса, персоналдаштырылбаса гана догматизмден кутулуу мүмкүнчүлүгү бар.22 (Аллахты аруулайбыз) Бул сөздөрдөгү «Ааламдын Улуу Архитектору» деп аталган масондук түшүнүк атеист масондор сыйынган шайтанды түшүндүрөт. (Аллахты аруулайбыз.) Башка бир булакта атеист масондуктун эволюция пикири менен байланышы апачык айтылат жана Дарвиндин чоң атасы Эразм Дарвиндин эволюция пикирин атеист масондукка таяныч үчүн гана чыгарганы баяндалат: New Age'дин универсалдуулук, сыйкыр жана эволюция сыяктуу доктриналарынын көпчүлүгү (атеист) масон ложасында орун алат. Ушул себептен Эразм Дарвин сыяктуу масондор менен башкалары да эволюция пикирин кабыл алышкан. ... Эволюция реинкарнация менен байланыштуу бир мистикалык дин. Мына ушул себептен New Age жолун жолдоочулары да эволюция доктриналарына ишенишет. Эволюция табигый тандалуунун бүт жандыктарды азыраак өнүккөндөн комплекстүүгө айлантканын айтат (адам болсо миллиарддаган жылга созулган кокустуктарга толо бул
  21. 21. баскычтуу өнүгүүнүн акыркы продукту). Реинкарнация дагы адам кемчиликсиздикке жеткенге чейин бир топ жашоону жашап, чексиз эволюциялашат деп окутат.23 Дарвинизмдин атеист масондукка таянган бир теория экени Джордж Штейнмецтин Freemasonry: Its Hidden Meaning (Масондуктун жашыруун мааниси) аттуу китебинде мындайча айтылган. Масондук аллегорияда жана символдордо жашырылган бул байыркы жана жашыруун окуу эволюцияны Дарвин азыркыга чейин окуткандай түшүндүрөт: реинкарнация жана карма илимий астрологиянын бир бөлүгү.24 Жазуучу Филипп Д. Коллинс атеист масондук системаны чечмелеген The Ascendancy of the Scientific Dictatorship (Илимий диктаторлуктун үстөмдүгү) аттуу макаласында дарвинизмдин чынында кандайча атеисттер түзгөн бир масондук калпка таянаарын мындайча айтат: Дарвинизм теориясы «изм»дердин, акырын жашырылган сыйкырчылык менен байланыштуу түшүнүктөрдүн, философиялык доктриналардын жана идеологиялардын коюу бир аралашмасы. Тенненбаумдун дарвинизм «абсурд (акылга сыйбас) даражасында логикасыз пикирлерге таянат, булар илимий байкоолордон алынган эмес, жасалма түрдө сырттан, саясий жана идеологиялык себептер менен чыгарылган» деген сөзү нуска жана туура.25 Атеист масондуктун дарвинизмди алдыңкы планга чыгаруу аркылуу дүйнөлүк согуштарды чыгарышы, массалык кыргындарды жасашы, геноцид, расизм сыяктуу зулумдук системаларын жайылтышы да оор болгон эмес. Атеист масондук ар кандай жогорку даражадагы атеист масондорду алдыңкы планга чыгаруу аркылуу, дарвинист идеологияны бир таянычка айлантуу аркылуу жана бул идеология менен адамдардын мээлерин чайкоо аркылуу дүйнөгө коркунучтуу бир балээ алып келди. 350 миллиондон ашуун адам бул коркунучтуу оюн натыйжасында шейит болуп же каза болуп, адамдар эмне экенин түшүнбөстөн эки чоң дүйнөлүк согуштун запкыларын тартышты. Филипп Д. Коллинс бул чындык жөнүндө мындай дейт: The Secret Cult of the Order (Түзүлүштүн жашыруун культу) аттуу эмгегинде Энтони Саттон мындай дейт: «Маркс менен Гитлер, экөөнүн тең философиялык тамырлары Гегельге таянат. Дарвин, Маркс жана Гитлер жолуккан Гегельдик байланыш чекити мына ушунда. Ницшеизм, дарвинизм жана марксизм баары чогуу Сиондун акылдуу адамдары протоколунда орун алганы эске алынганда, бул бир кокустук эмес. Нацизм (фашизмдин бир түрү) ницшеизмден чыккан. Коммунизм марксизмден чыккан. Экөөсү тең Гегельдик принциптерге таянат. Ал тургай, экөөсү тең дарвинизм «илими менен» кадыресеге айлантылган «илимий диктаторлук». Гитлер менен Маркстын, экөөсүнүн тең дарвинист эволюцияга болгон жакындыгы тарыхый бир чындык. Лондондо жашаган кезде Карл Маркс Т. Х. Хаксли тарабынан берилген эволюция теориясы конференцияларына катышкан. Коммунизмдин таптык күрөш түшүнүгү менен Дарвиндин табигый тандалуу принциби арасындагы таң калыштуу окшоштукту байкаган Маркс Дарвинге 1873-
  22. 22. жылы Das Kapital (Капитал) китебинин бир копиясын жөнөткөн. Эволюция пикиринен сыйкырланган Маркс кийинки томду Дарвиндин ага арнашын суранган.26 Изилдөөчү Иан Тейлор (Ian Taylor) бул жөнүндө мындай дейт: Фашизм же марксизм, оң канат же сол - ... албетте бул жолдордун пайдубалы Дарвиндин эволюция теориясы.27 Филипп Д. Коллинстин бул жөнүндөгү башка аныктоолору төмөнкүдөй: Evolution and Ethics (Эволюция жана этика) аттуу китебинде Кейт апачык мындай дейт: «мен дайыма айткандай, немец фюрер (Гитлер) бир эволюционист: Германиядагы иш-чаралардын эволюция теориясына ылайыктуу болушун атайын максаттаган.28 Mein Kampf китебин анализ кылган Вернер Мазер Гитлердин «биология, сыйынуу, күч жана күрөш сыяктуу түшүнүктөрүнө жана анын тарыхта адеп-ахлак шарты көз-караштарын четке кагышына» Дарвин жооптуу экенин айткан.29 Коммунизм жана нацизм иш-аракеттеринин экөөсүндө тең абдан көп кан төгүлгөн. Бул дарвинисттик көз-караштын табигый натыйжасы эле жана «илимий диктаторлуктун» бир мурасы эле.30 Дарвиндин пикирлерин ишке ашырган коммунисттер менен фашисттер миллиондогон адамды өлтүрүшкөн. Бул топтордун экөө тең элиталар (иллюминати) арасынан чыгат жана бүгүнкү күндө да ошол эле максатты улантышууда. Дарвинисттик «күчтүүнүн жашашы» пикири боюнча жеңишке жетүү үчүн кан төгүү шарт.31 Атеист масондук, б.а. дажжализм дарвинизм көрүнүшү менен массаларга сиңип, миллиондогон адамдын өлтүрүлүшүнө жол ачты. Бул дажжалдык система өлкөлөрдү кыйратып, ыймандууларга багытталган кыргындардын биринчи жооптуусу болгон. Жана бул дажжалдык системанын ыкмалары дайыма адамдарга кадыресе көрсөтүлүүгө аракет кылынып, эволюция кейпи менен камуфляж кылынып илимий бир таянычы бардай көрсөтүлгөн. Чынында болсо эволюция теориясын илимий бир дагы далил колдобойт жана илимий ар бир ачылыш бул теорияны кайра кайра кыйратууда. Дарвинизмдин чоң бир алдамчылык экени анык, далилдүү бир чындык. Адамдардын апачык бир жалганга мынчалык ойлонбостон ишенип, жармашышы, дүйнөлүк масштабда бул жалгандын таркашы жана адамдарга, коомдорго, өлкөлөргө таасир бериши – албетте, ишенүү кыйын болгон бир көрүнүш. Бирок бул массалык алдамчылыктын атеист масондордун монополиясында экени эске алынганда, мындай алдануунун себеби да түшүнүктүү болот. Атеист масондордун оюну – жабык эшик артындагы атеист ложалардан бүт дүйнөгө колу жете турган натыйжалуу бир оюн. Алар бир коомду же бүт дүйнөнү алдагысы келгенде, эволюция теориясы мисалындагы сыяктуу, өлкөлөрдү, мамлекеттик мекемелерди, кишилерди, маалымат каражаттарын, б.а. өз гегемониясындагы бүт жолдорду колдонуу менен аны каалагандай жасашат. Шайтандын кылганы сөзсүз бузулуп
  23. 23. жок болот Шайтанга сыйынган дажжал системасы атеист масондук дайыма Аллах тараптарларынан жеңилет. Учурда шайтанга сыйынган масон уюму дүйнө жүзүндө күчтүүдөй көрүнүүдө. Бирок бул жаңылыштык. Шайтандын чоң өкмөттөрүнүн, улуттук саясаттарынын, атайын кызмат уюмдарынын (КГБ сыяктуу) болушунун эч мааниси жок. Бул чирик система Аллахтын каалоосу менен бир жумада, бир күндө, ал тургай, бир заматта кыйрай турган бир система. Шайтандын системасы канчалык күчтүү көрүнбөсүн, Аллахтын каалоосу менен сөзсүз жер менен жексен боло тургандай жаратылган. Бул чындыкты тарыхтан көрүүгө болот. Шайтанга сыйынган, атеист масон лидерлер башкарган ири мамлекеттер Аллахтын каалоосу менен бир заматта кыйрап жок болгон. Мисалы, Гитлер бир сатанист жана атеист бир масон эле. Анын бир мамлекеттик саясаты бар эле. Жашыруун кызматтары, жашыруун полициясы, укмуштуу уюмдары бар эле. Бирок ал өзүнө шайтанды жалган кудай тутунганы үчүн, шайтанды ээрчип күчтүү болом деп ойлогону үчүн, шайтан анын өкмөтүн кыйраттырды, аны байкушка айлантты. Коммунист диктатор Ленин шайтандын буйруктарын ишке ашыруу менен мамлекеттерге буйрук берген күчтүү бир лидер көрүнүшүндө эле. Бирок аягында акылдан азып, байкуш кейпинде өлдү. Саддам Хусейн дагы шайтандын буйруктарын аткарган атеист бир масон эле. Анын доорунда Ирак армиясы дүйнөнүн эң күчтүү армиясы эле. Бирок армия бир күндө чөлдүн ичинде жок болду. Саддам болсо дүйнөгө күчүн мактангандан бир аздан соң байкуш кейпинде өлдү. Булардын баары бир күндө же бир заматта болгон. Күчтүү көрүнгөн ар бир шайтан тараптары Аллахтын аларга шайтанды түздөн-түз аралаштырышы менен бир заматта бүт күчүн жоготуп, кыйрашкан. Ал кишилер шайтандын бир күчү бар деп ишенип жаңылышкан. Чынында болсо шайтандын тузагы алсыз. Бүт күч Аллахка гана тиешелүү. Мына ушул себептен Аллахтын тараптарлары гана жеңишке жетет. Шайтандын армиясы Пайгамбарлардан дайыма жеңилишкен. Пайгамбарыбыз (сав) Аллах тараптары болгондуктан, аны эч жеңе алышкан эмес. Аз. Муса (а.с.) ошол доордун чоң күчкө ээ лидери жана ошол эле учурда атеист бир масон болгон Фараон менен күрөшкөн, бирок Фараон Аллах тараптары Аз. Муса (а.с.)ды жеңе алган эмес. Эгер байкалса, чоң салтанат сүрүп жашаган Фараон кийинки коомдор үчүн бир сабак боло турган абалда өлгөн. Ошол сыяктуу Аз. Сулайман (а.с.) дагы атеист масондук уюшуулардын баарын жеңген. Аллах тараптарлары тарыхтын эч бир доорунда жеңилишкен эмес жана жеңилишпейт дагы. Аллахты жүрөктөн сүйгөн, абдан ыкластуулук менен Ага багытталган бүт адамдар сөзсүз дажжал системасын жеңет. Дүйнөнү башкарган дажжалдык система, б.а. атеист масондук дагы учурда шайтандын өтмүштөгү тараптарларына окшош жагдайда. Дажжал күчтүүдөй көрүнсө да, шайтандын тараптары болгондуктан, аны Раббибизден келчү чоң жаза күтүүдө. Аллахтын тараптары болгон акыр замандын эки улуу адамы Аз. Иса (а.с.) менен Аз. Мехди (а.с.) шайтанды сөзсүз
  24. 24. жеңет. Дажжалдын пикир системасы, Аллахтын буйругу менен, бүтүндөй кыйрап жок болот.
  25. 25. 3-БӨЛҮМ ДАРВИНИСТТЕР КӨЗ БОЙОМОЧУЛУКТАР МЕНЕН ДҮЙНӨНҮ АЛДАШТЫ Илимий бир теорияны, мисалы Биг Бенг (Big Bang – Чоң жарылуу) теориясын карайлы. Бул теория Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясына таянуу менен алгач бир күмөн же гипотеза катары айтылган. Андан соң бул чоң жарылуунун ишке ашканын көрсөтүшү керек болгон далилдер изделип башталды. Андай далилдер чындап эле бар эле. Ал жарылууну тастыктаган радиация аныкталып, ааламдын изотопиялык өзгөчөлүгү (бүт космостун –270o C экени) табылган. Ааламдын барган сайын кеңейип баратканы да илимий далилденген. Бул ал теорияны далилдеген дагы бир маанилүү жана анык далил эле. Ошентип Биг Бенг теориясы көз-караштардын баары тест кылынып (текшерилип), тастыкталган жана натыйжада далилденген бир теорияга айланды. Дарвиндин эволюция теориясы дагы «гипотеза» катары чыгарылган. (Негизи эволюция теориясынын чыгарылыш себеби толугу менен идеологиялык эле, бирок илимий бир теориядай адамдарга таанытылган.) Бул теория жарактуу болушу үчүн да, Биг Бенг сыяктуу теориянын көз-караштары далилдениши керек эле. Ал үчүн эң биринчиден ойдон чыгарылган эволюция механизмдеринин эволюция кылып кылбашы каралышы керек эле. 20-кылым илиминин өнүгүшү Дарвиндин ойдон чыгарылган эволюция механизми «табигый тандалуунун» эволюциялоочу эч бир ролу жок экенин далилдеген. Генетика илими болсо ойдон чыгарылган бир эволюция механизми болгон табигый тандалуудан үмүтүн үзгөн жана мунун ордуна мутацияларды бир эволюция механизми катары көрсөтүүгө аракеттенген жаңы дарвинисттерди кыйратты. Мутациялардын да эволюциялоочу бир таасиринин жок экени аныкталган соң кезек Дарвиндин жана дарвинисттердин эң чоң күтүүсү болгон фоссил калдыктарына келген эле. Фоссил калдыктары алып келген жыйынтык болсо дарвинисттер үчүн чындап зор бир шок эле! Жылдар бою изделип келген ортоңку форма фоссилдери дүйнө жүзүнүн эч жеринде жок эле. Изилдөөлөрдүн тереңдеши да бул жыйынтыкты өзгөрткөн жок. Бүгүнкү күнгө чейин жасалган бүт изилдөөлөр натыйжасында бир даана дагы фоссил мисалы табыла алган жок. Өздөрүнүн жалган дининен баш тарткысы келбеген дарвинисттердин дарвинизмге далил табуу күтүүсү көп жылдарга созулду. Бирок күтүлгөн кыялдагы далилдер эч качан табылган жок. Бирок ошого карабастан, дарвинисттик калптар токтогон жок, дарвинизмди жактаган демагогия өжөрлүк менен улантылды. Эң кызыгы, арадан 150 жыл өткөнүнө, бир дагы далил табылбаганына жана ал тургай, фоссил калдыктары менен генетика илими ортого койгон жыйынтыктар жаратылууну (Жаратуучу жаратканын) далилдегенине карабастан, дарвинисттер бул жалган динди сактап кала алабыз деп

×