SlideShare a Scribd company logo
1 of 3
Жер жөнүндөгү илимдер жана "Манас"
Жер жөнүндөгү илимдер жана "Манас" — табияттын кубулуштарын байкап,
ой жүгүрткөн адамдарды эзелтен бери жер бетинин түзүлүшү, анын өзгөчөлүктөрү кайдыгер
калтырган эмес. Байыркы кыргыздардын жер кыртышынын кыймылдары жөнүндө ой
жүгүртүүлөрү "Манас" эпосунун ыр саптарында кезигет:
Тоо бузулуп сай болду,
Сай козголуп тоо болду.
Аты калып өзү жок,
Ар канча деңиз жоголду (Курама варианты, 1. 2—3).
Ошол күндөн ушул күн,
Төккөн кумдай күн өттү,
Түгөнбөс нечен түн өттү,
Эсеп жеткис жыл өттү,
Сай ташындай жан өттү,
Санаттагы кан өттү,
Санжыргалуу эл өттү,
Ошол күндөн ушул күн,
Коо бузулуп сай болду,
Асты үстүнө айланып,
Сай бузулуп тоо болду.
Калдайып жаткан бул жердин,
Кайсы жери соо болду?!
Ошол күндөн ушул күн,
Деңиз кургап чөп болду,
Чөл бузулуп көл болду
Түз бузулуп төр болду.
Чокусу көктү тиреген,
Зоо бузулуп саз болду,
Каз-өрдөгү ойногон
Какыр жерге көл бүттү (Курама варианты, "Семетей", 3-4).
Жер жөнүндөгү илимдер менен терең тааныш эмес адамдар бул мисалдарды "Манастагы" көп
апыртмалардын бири, эпостогу негизги окуяларды кооздоо үчүн гана айтылган сөз ыкмалары
деп коюшу ыктымал. Бирок, "Манас" эпосунун ушул саптары аркылуу табият чындыгы, жер
жөнүндөгү илимдер тарабынан аныкталган процесстер баяндалган. "Манас" эпосунун
материалдарына таянып төмөнкүдөй илимий маселелерди кароого болот: 1) жер бетинин
өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар; 2) өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы; 3)
мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр; 4) өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу; 5) мезгил жана табият.
1. Жер бетинин өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар. Эпостогу ырлардын
жалпы мазмуну — жер бетинин түзүлүшү түбөлүк бир калыпта турбайт, дайыма бузулуп,
өзгөрүлүп турат деген маанини түшүндүрөт. Бул — илимий чындык жана маанилүү жыйынтык.
Мындай өзгөрүүлөр жер кыртышынын өйдө-ылдый кыймылдары (жердин ички процесстери,
башкача айтканда эндогендик процесстер) жана сырткы геологиялык процесстер (суу, шамал,
мөңгү жана башкалар тектерди талкалап, үбөлөнтөт, ал үбөлөндү чөгүндүгө айланат) менен
байланышкан. Деңиз жээктеринен мындай кыймылдар өзгөчө жакшы байкалат. Мурун кургак
жерде салынган курулуштар кийин, жер кыртышы чөгүп кеткендиктен, суунун астында калган
учурлар көп. Мисалы, Кара деңиздеги Сухуми булуңунда байыркы гректердин колониясынын
курулуштары суунун түбүндө калган. Азов деңизинин түндүк жээктеринде байыркы
скифтердин мүрзөлөрү азыр деңиз менен жабылып турат. Ысык-Көлдүн түбүндө калган шаар
урандылары, ошондой эле карапалар, бышкан кыштар, куурлар да көпчүлүккө белгилүү.
Арийне, мурунку турган деңгээлинен өйдө көтөрүлүп кеткен жерлер да көп учурайт: Жаңы-Жер
аралында мурун жээкте салынган балыкчылардын тамдары жана кайык байлоочу мамылары
азыр деңиз деңгээлинен бир топ бийиктикке көтөрүлүп калган. Суусамыр өрөөнүндөгү Айгыр-
Жал деген дөңсөөгө мурда арык менен суу чыгарылып, айдоо жерлер сугарылчу.
Кийинчерээк, ал жер тектирче болуп, өйдө жылып кетип, арыктагы суу бөгөлүп, айдоого
жетпей калды. Азыр Айгыр-Жалда кайрак эгин айдалат.
Биз узагыраак геологиялык мезгил ичинде камтылган окуяларды алсак, эпостогу келтирилген
ойлордун анык экенин даанараак көрөбүз. Палеогон жана бор мезгилдеринде (мындан 37 —
137 млн жылдар мурун) биздин жерде азыркы аркайган кыргыз тоолору пайда боло элек,
мелтиреген түз талаа жаткан. Климаты ысык жана кургак келип, өсүмдүктөр жок, азыркы
Казакстандын Батпак Талаасы сыяктуу какыраган чөл болгон. Ал эми Фергана өрөөнү тарапта
толкуган "көк деңиз" орун алган. Андан мурунураак, юра мезгилине (мындан 137 —197 млн
жыл мурун) көз чаптырсак, климат нымдуу жана жылуу болгондуктан, субтропикалык
өсүмдүктөр дүркүрөп өсүп турганын билебиз. Көп жерлерде чытырман токой, былкылдак саз,
майда көлдөр, суулар болгон. Ал эми пермь мезгилинде жана карбон мезгилинин аягында
(мындан 240—325 млн жылдар мурун) Орто Азияда мурункудан башкача жалпак тоолор,
атылып турган жанар тоолор болгон. Улам өткөн доорлордун түпкүрүнө жылган сайын биздин
жерибизде ар түрдүү тоолор, мелтиреген түздөр, чалкып жаткан деңиздер, какыраган чөлдөр
орун алмашып, жер бети ала чакмак болуп өзгөрүп турганын геологиялык изилдөөлөр
аныктоодо. Академик В. Е. Хаин мындай деп жазат: "Бардык жерде, ар убакта жер кыртышы
тынымсыз кыймылдап турат: токумдай жер бети да кыймылсыз тынч турбайт жана турган
эмес" ("Общая геотектоника", М., 1964).
2. Өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы. "Элүү жылда эл жаңы, Жүз жылда болот жер жаңы", — деп
"Манаста" айтылат. Элге караганда жер кыртышында болгон окуялар өтө жай өтөт деген
түшүнүк берилип жатат. Бул да чындык. Маселен, (тиешелүү аспаптар менен) көптөгөн
атайын илимий өлчөөлөрдүн натыйжасында Вильнюс шаары жылына 3,8 мм, Курск —
3,6 мм, Харьков—3,9 мм, Донбасстын аймагы —10 мм өйдө көтөрүлүп, ал эми Витебск —
1,4 мм, Москва —3,7 мм, Ленинград —2 мм ылдый чөгүп жатканы аныкталган. Жер кыртышы
үчүн жылына 1—3 смге жеткен кыймылдар өтө катуу кыймыл катары эсептелинет. Ошентип,
жердин жаңыланышы өтө акырындык менен жүргөнүнө карабастан акылга сыярлык көрүнүш.
Элдин жаңыланышы бөлсө, жашоонун өлбөстүгү, түбөлүктүүлүгү менен мүнөздөлөт.
1. Мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр. Эпос "бардан жок болбойт" деген жаратылыш
мыйзамы менен үндөшүп турат. Жогоруда келтирилген мисалдардын ар бир сабында
мурунку жерлер өйдө көтөрүлдү да (сай — тоого, деңиз — чөлгө, түз — төргө), ошол
эле көтөрүлгөн жерлер кайрадан ойдуң түзгө (тоо — коого, чөл — көлгө, зоолор —
сазга) айланды деп аныкталат. Бул азыркы түшүнүк менен айтканда жер кыртышынын
кыймылындагы биримдүүлүктү жана ритмдүүлүктү көрсөтүп турат деп айтсак болот.
Жер жөнүндөгү илимдердин илимий тыянагы буларды ырастайт.
2. Өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу. "Манастын" табиятты сүрөттөгөн ыр саптары, жер
кыртышындагы өзгөрүүлөр асты-үстүнө айлануу жолу менен өтөт деген маанини
берет. Бул жыйынтык геология илиминин азыркы учурдагы "жер кыртышынын
кыймылы дайыма багытын өзгөртүп турат" — деген негизги тыянактарынын бирине
туура келет. Терең чөккөн коо же сай бийик көтөрүлүп, тоо болорун билдирген
жаратылыштык кубулуш геология илиминде "инверсия" деп аталат.
3. Мезгил жана табият. Убакыт жөнүндө ар бир адам же илимпоз ар башка түшүнүктөрдө
болот. Алсак, адамдын жашын бир нече жылдан ондогон жылдар менен гана
эсептейт. Тарыхчылар тарых жөнүндө сөз болгондо убакытты мындан 25, 50, 100, 150
жыл мурун деп санашат. Ал эми археологдор болсо убакытты кылымдар же маданият
доорлору менен эсептешет. Геологдор болсо убакытты миллиондогон жылдар менен
эсептешет. 19-кылымдын башында эле Европанын көпчүлүк окумуштуулары Библияда
көрсөтүлгөн бар болгону 6000 жылды жер жаралгандан берки убакыт деп эсептешкен.
Кийинчерээк, геология, физика илимдеринин өнүгүшүнүн натыйжасында убакыт
чынында абдан узак экендиги, жердин жаралышынан бери 4,5—5,5 млрд жыл
өткөндүгү аныкталды. Мунун өзү манасчы лардын "Төккөн кумдай күн өттү, Түгөнбөс
эчен түн өттү, Эсеп жеткис жыл өттү", — деп мезгилдин эсеп жеткис узактыгын
баяндаган ыр саптарынын табигый ырастыгын айгинелейт.
"Манас" эпосунда айтылган жер жөнүндөгү ойлор терең мааниде экендиги кийинки илимий
ачылыштардын жыйынтыгынан улам билинип турат. Жалаң гана геологиялык баян эмес,
илимдин башка тармактары (биология, физика, медицина жана башкалар) боюнча да кызык
маалыматтар бул залкар эпостон табылышы мүмкүн. Бул келечектин иши. Илгерки
замандардан бери кыргыз элинин ичинде табиятка көз карашы, дили реалдуу болуп, жер
кыртышында жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө дайыма байкоо жүргүзүп келген инсандар болгонун
"Манас" эпосу да ырастап турат.

More Related Content

Viewers also liked

SUNILKUMAR_NEWCV02
SUNILKUMAR_NEWCV02SUNILKUMAR_NEWCV02
SUNILKUMAR_NEWCV02Sunil Kumar
 
Porque você precisa de uma estratégia de QA e precisa disso AGORA!
Porque você precisa de uma estratégia de QA e precisa disso AGORA!Porque você precisa de uma estratégia de QA e precisa disso AGORA!
Porque você precisa de uma estratégia de QA e precisa disso AGORA!Daniel Carvalhinho
 
Презентация "Зимнее время года"
Презентация "Зимнее время года"Презентация "Зимнее время года"
Презентация "Зимнее время года"презентация
 
жер жөнүндөгү илимдер жана
жер жөнүндөгү илимдер жанажер жөнүндөгү илимдер жана
жер жөнүндөгү илимдер жанаatay99AA
 
Конференция «валютные контракты в новых экономических реалиях. последнее обно...
Конференция «валютные контракты в новых экономических реалиях. последнее обно...Конференция «валютные контракты в новых экономических реалиях. последнее обно...
Конференция «валютные контракты в новых экономических реалиях. последнее обно...Василий Прохоревич
 

Viewers also liked (6)

SUNILKUMAR_NEWCV02
SUNILKUMAR_NEWCV02SUNILKUMAR_NEWCV02
SUNILKUMAR_NEWCV02
 
Richard CV Dec 2016
Richard CV Dec 2016Richard CV Dec 2016
Richard CV Dec 2016
 
Porque você precisa de uma estratégia de QA e precisa disso AGORA!
Porque você precisa de uma estratégia de QA e precisa disso AGORA!Porque você precisa de uma estratégia de QA e precisa disso AGORA!
Porque você precisa de uma estratégia de QA e precisa disso AGORA!
 
Презентация "Зимнее время года"
Презентация "Зимнее время года"Презентация "Зимнее время года"
Презентация "Зимнее время года"
 
жер жөнүндөгү илимдер жана
жер жөнүндөгү илимдер жанажер жөнүндөгү илимдер жана
жер жөнүндөгү илимдер жана
 
Конференция «валютные контракты в новых экономических реалиях. последнее обно...
Конференция «валютные контракты в новых экономических реалиях. последнее обно...Конференция «валютные контракты в новых экономических реалиях. последнее обно...
Конференция «валютные контракты в новых экономических реалиях. последнее обно...
 

жер жөнүндөгү илимдер жана

  • 1. Жер жөнүндөгү илимдер жана "Манас" Жер жөнүндөгү илимдер жана "Манас" — табияттын кубулуштарын байкап, ой жүгүрткөн адамдарды эзелтен бери жер бетинин түзүлүшү, анын өзгөчөлүктөрү кайдыгер калтырган эмес. Байыркы кыргыздардын жер кыртышынын кыймылдары жөнүндө ой жүгүртүүлөрү "Манас" эпосунун ыр саптарында кезигет: Тоо бузулуп сай болду, Сай козголуп тоо болду. Аты калып өзү жок, Ар канча деңиз жоголду (Курама варианты, 1. 2—3). Ошол күндөн ушул күн, Төккөн кумдай күн өттү, Түгөнбөс нечен түн өттү, Эсеп жеткис жыл өттү, Сай ташындай жан өттү, Санаттагы кан өттү, Санжыргалуу эл өттү, Ошол күндөн ушул күн, Коо бузулуп сай болду, Асты үстүнө айланып, Сай бузулуп тоо болду. Калдайып жаткан бул жердин, Кайсы жери соо болду?! Ошол күндөн ушул күн, Деңиз кургап чөп болду, Чөл бузулуп көл болду Түз бузулуп төр болду. Чокусу көктү тиреген, Зоо бузулуп саз болду, Каз-өрдөгү ойногон Какыр жерге көл бүттү (Курама варианты, "Семетей", 3-4). Жер жөнүндөгү илимдер менен терең тааныш эмес адамдар бул мисалдарды "Манастагы" көп апыртмалардын бири, эпостогу негизги окуяларды кооздоо үчүн гана айтылган сөз ыкмалары деп коюшу ыктымал. Бирок, "Манас" эпосунун ушул саптары аркылуу табият чындыгы, жер жөнүндөгү илимдер тарабынан аныкталган процесстер баяндалган. "Манас" эпосунун материалдарына таянып төмөнкүдөй илимий маселелерди кароого болот: 1) жер бетинин өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар; 2) өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы; 3) мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр; 4) өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу; 5) мезгил жана табият. 1. Жер бетинин өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар. Эпостогу ырлардын жалпы мазмуну — жер бетинин түзүлүшү түбөлүк бир калыпта турбайт, дайыма бузулуп, өзгөрүлүп турат деген маанини түшүндүрөт. Бул — илимий чындык жана маанилүү жыйынтык. Мындай өзгөрүүлөр жер кыртышынын өйдө-ылдый кыймылдары (жердин ички процесстери, башкача айтканда эндогендик процесстер) жана сырткы геологиялык процесстер (суу, шамал, мөңгү жана башкалар тектерди талкалап, үбөлөнтөт, ал үбөлөндү чөгүндүгө айланат) менен байланышкан. Деңиз жээктеринен мындай кыймылдар өзгөчө жакшы байкалат. Мурун кургак
  • 2. жерде салынган курулуштар кийин, жер кыртышы чөгүп кеткендиктен, суунун астында калган учурлар көп. Мисалы, Кара деңиздеги Сухуми булуңунда байыркы гректердин колониясынын курулуштары суунун түбүндө калган. Азов деңизинин түндүк жээктеринде байыркы скифтердин мүрзөлөрү азыр деңиз менен жабылып турат. Ысык-Көлдүн түбүндө калган шаар урандылары, ошондой эле карапалар, бышкан кыштар, куурлар да көпчүлүккө белгилүү. Арийне, мурунку турган деңгээлинен өйдө көтөрүлүп кеткен жерлер да көп учурайт: Жаңы-Жер аралында мурун жээкте салынган балыкчылардын тамдары жана кайык байлоочу мамылары азыр деңиз деңгээлинен бир топ бийиктикке көтөрүлүп калган. Суусамыр өрөөнүндөгү Айгыр- Жал деген дөңсөөгө мурда арык менен суу чыгарылып, айдоо жерлер сугарылчу. Кийинчерээк, ал жер тектирче болуп, өйдө жылып кетип, арыктагы суу бөгөлүп, айдоого жетпей калды. Азыр Айгыр-Жалда кайрак эгин айдалат. Биз узагыраак геологиялык мезгил ичинде камтылган окуяларды алсак, эпостогу келтирилген ойлордун анык экенин даанараак көрөбүз. Палеогон жана бор мезгилдеринде (мындан 37 — 137 млн жылдар мурун) биздин жерде азыркы аркайган кыргыз тоолору пайда боло элек, мелтиреген түз талаа жаткан. Климаты ысык жана кургак келип, өсүмдүктөр жок, азыркы Казакстандын Батпак Талаасы сыяктуу какыраган чөл болгон. Ал эми Фергана өрөөнү тарапта толкуган "көк деңиз" орун алган. Андан мурунураак, юра мезгилине (мындан 137 —197 млн жыл мурун) көз чаптырсак, климат нымдуу жана жылуу болгондуктан, субтропикалык өсүмдүктөр дүркүрөп өсүп турганын билебиз. Көп жерлерде чытырман токой, былкылдак саз, майда көлдөр, суулар болгон. Ал эми пермь мезгилинде жана карбон мезгилинин аягында (мындан 240—325 млн жылдар мурун) Орто Азияда мурункудан башкача жалпак тоолор, атылып турган жанар тоолор болгон. Улам өткөн доорлордун түпкүрүнө жылган сайын биздин жерибизде ар түрдүү тоолор, мелтиреген түздөр, чалкып жаткан деңиздер, какыраган чөлдөр орун алмашып, жер бети ала чакмак болуп өзгөрүп турганын геологиялык изилдөөлөр аныктоодо. Академик В. Е. Хаин мындай деп жазат: "Бардык жерде, ар убакта жер кыртышы тынымсыз кыймылдап турат: токумдай жер бети да кыймылсыз тынч турбайт жана турган эмес" ("Общая геотектоника", М., 1964). 2. Өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы. "Элүү жылда эл жаңы, Жүз жылда болот жер жаңы", — деп "Манаста" айтылат. Элге караганда жер кыртышында болгон окуялар өтө жай өтөт деген түшүнүк берилип жатат. Бул да чындык. Маселен, (тиешелүү аспаптар менен) көптөгөн атайын илимий өлчөөлөрдүн натыйжасында Вильнюс шаары жылына 3,8 мм, Курск — 3,6 мм, Харьков—3,9 мм, Донбасстын аймагы —10 мм өйдө көтөрүлүп, ал эми Витебск — 1,4 мм, Москва —3,7 мм, Ленинград —2 мм ылдый чөгүп жатканы аныкталган. Жер кыртышы үчүн жылына 1—3 смге жеткен кыймылдар өтө катуу кыймыл катары эсептелинет. Ошентип, жердин жаңыланышы өтө акырындык менен жүргөнүнө карабастан акылга сыярлык көрүнүш. Элдин жаңыланышы бөлсө, жашоонун өлбөстүгү, түбөлүктүүлүгү менен мүнөздөлөт. 1. Мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр. Эпос "бардан жок болбойт" деген жаратылыш мыйзамы менен үндөшүп турат. Жогоруда келтирилген мисалдардын ар бир сабында мурунку жерлер өйдө көтөрүлдү да (сай — тоого, деңиз — чөлгө, түз — төргө), ошол эле көтөрүлгөн жерлер кайрадан ойдуң түзгө (тоо — коого, чөл — көлгө, зоолор — сазга) айланды деп аныкталат. Бул азыркы түшүнүк менен айтканда жер кыртышынын кыймылындагы биримдүүлүктү жана ритмдүүлүктү көрсөтүп турат деп айтсак болот. Жер жөнүндөгү илимдердин илимий тыянагы буларды ырастайт. 2. Өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу. "Манастын" табиятты сүрөттөгөн ыр саптары, жер кыртышындагы өзгөрүүлөр асты-үстүнө айлануу жолу менен өтөт деген маанини берет. Бул жыйынтык геология илиминин азыркы учурдагы "жер кыртышынын кыймылы дайыма багытын өзгөртүп турат" — деген негизги тыянактарынын бирине туура келет. Терең чөккөн коо же сай бийик көтөрүлүп, тоо болорун билдирген жаратылыштык кубулуш геология илиминде "инверсия" деп аталат. 3. Мезгил жана табият. Убакыт жөнүндө ар бир адам же илимпоз ар башка түшүнүктөрдө болот. Алсак, адамдын жашын бир нече жылдан ондогон жылдар менен гана эсептейт. Тарыхчылар тарых жөнүндө сөз болгондо убакытты мындан 25, 50, 100, 150 жыл мурун деп санашат. Ал эми археологдор болсо убакытты кылымдар же маданият доорлору менен эсептешет. Геологдор болсо убакытты миллиондогон жылдар менен эсептешет. 19-кылымдын башында эле Европанын көпчүлүк окумуштуулары Библияда көрсөтүлгөн бар болгону 6000 жылды жер жаралгандан берки убакыт деп эсептешкен. Кийинчерээк, геология, физика илимдеринин өнүгүшүнүн натыйжасында убакыт
  • 3. чынында абдан узак экендиги, жердин жаралышынан бери 4,5—5,5 млрд жыл өткөндүгү аныкталды. Мунун өзү манасчы лардын "Төккөн кумдай күн өттү, Түгөнбөс эчен түн өттү, Эсеп жеткис жыл өттү", — деп мезгилдин эсеп жеткис узактыгын баяндаган ыр саптарынын табигый ырастыгын айгинелейт. "Манас" эпосунда айтылган жер жөнүндөгү ойлор терең мааниде экендиги кийинки илимий ачылыштардын жыйынтыгынан улам билинип турат. Жалаң гана геологиялык баян эмес, илимдин башка тармактары (биология, физика, медицина жана башкалар) боюнча да кызык маалыматтар бул залкар эпостон табылышы мүмкүн. Бул келечектин иши. Илгерки замандардан бери кыргыз элинин ичинде табиятка көз карашы, дили реалдуу болуп, жер кыртышында жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө дайыма байкоо жүргүзүп келген инсандар болгонун "Манас" эпосу да ырастап турат.