SlideShare a Scribd company logo
1 of 13
Download to read offline
Долбоордун демилгечисинин жооптору:


Эмне үчүн долбоор “Идеялардын Картасы” деп аталат?

«Кыргызстандын Идеялык Картасы» проекти кадимки эле жол көргөзгөн жана багыт
берген «картага» айланып, мамлекеттин «акыл тиреги» болушу керек. Мына ошондуктан
эгерде географиялык карта аркылуу кайсы жерде кандай тоо, тала же суу ж.б боло
тургандыгын, кайсы жерге кантип бара тургандыгыбызды көрө турган болсок, Идеялык
Карта аркылуу коомчулук кайсы жерде кандай идеялар чыгып жана топтолуп жатканын,
кайсыл адамдар кандай идея жана демилгелерди көтөрүп жана ишке ашырып жатканын,
кайсы жерде кандай талкуу аянтчалары, борборлор ж.б. жайгашканын, алар кандай иштеп
жана бири-бири менен кандай байланышканын көрүүсү керек. Демек идеялык карта
атамекендик идея жана демилге өндүрүүчүлөргө кантип өз идея жана демилгелерин
алдыга жылдыруу, мамлекет жана коомчулук менен кантип байланыш куруу, жана кантип
өз идея жана демилгеси аркылуу мамлекеттин өнүгүүсүнө салымын кошо ала тургандыгы
туурасында так түшүнүк берүүсү керек.

   «Идеялардын Картасы» геологиялык карта сыяктуу атуулдарыбыздын билинген жана
билинбеген жашыруун интеллектуалдык, чыгармачылык жана башка жөндөм жана
потенциалдарын изилдөөчү, чыгаруучу жана белгилеп көргөзүүчү карта болушу керек.
Анын негизинде, геологиялык карта кайсы жерде кандай кендер орун алгандыгы жана
алардын санын, сапатын көргөзгөндөй “идеялардын картасы” мамлекетибизде кандай
идея жана демилгелер кайсыл жерде жайгашкандыгын, алардын сапатын, жетүү жолдорун
чагылдырып, өлкөбүздүн илимий жана коомдук потенциалын көргөзүп турушу керек.

Бул идея кайдан келди жана жаралышына эмне түрткү болду?

    Бул идеяны мен мезгилдин талабы жана учурдун зарылдыгы деп билем. Себеби,
мамлекетибиз алдыңкы идеяларга жана иш билги адистерге абдан зарыл болуп турат.
Өлкөдөгү чечилбей жаткан көптөгөн маселелер бизден билимибизди, тажрыйбабызды
жана акылыбызды бириктирип, бирге натыйжалуу чечүү жолдорун иштеп чыгуубузду
талап кылып жатат. Тактап айтканда, коомдук интеллекти мамлекеттин пайдасына
колдонуу учуру бышып жетти. Биздин алдыбызда болгону булактардын көзүн ачып жана
алардын биригип бир дарыяга айланышына шарттарды түзүү зарылдыгы турат. Бул
үчүн коомчулук арасындагы пайдалуу идеялар жана иш билги атуулдарыбызга өнүгүү
жана алдыга чыгуусуна мүмкүнчүлүктөрдү беришибиз керек. Мындай пайдалуу
идеяларды чогултуп, электеп жана аларды даяр коомдук пайдалуу продукцияга (коомдук
стратегиялык документтер жана жол карталарына) айландыруу зарыл. Мына ошондо гана
коомдук интеллектин жемиши болгон жана мамлекетке жол көрсөтө турган алдыңкы
идеялар чагылдырылган атайын документтер жана алардын базасы түзүлүп, өнүгүүгө
жардам болот.

Демек, сиздин пикириңизче коомдук интеллекти натыйжалуу колдонуу менен
мамлекттин өнүгүшүнө жардам берсе болот?
Ооба, чындыгында коллективдик интеллект эбегейсиз чон күчкө ээ, болгону аны колдоно
алуу керек. Жалгыз адам же кандайдыр бир топ чече албаган маселени коллективдик
интеллект аркылуу чечүүгө болот. Себеби коомдо көптөгөн ар кандай маалымат жана
идеяларды алып жүрүүчүлөр бар. Албетте, алардын бардыгы эле алдынкы идея же
маалыматты алып жүрүүчүлөр деп айтууга болбойт. Бирок профессионалдуу көз -караш
менен карап, тигил же бул багыт боюнча алдынкы идеялары же болбосо керектүү
маалыматтары болгон жарандарыбыз көп эле. Алар Кыргызстандын ар кайсы
аймактарында, дүйнөнүн ар кайсы тарабында. Билимин практика менен айкалыштыра
албай жана илимин конкретүү мамлекеттик маселелерди чечүүдө колдоно албай жүргөн
окумуштуу, жаш аспирант жана докторанттар; мамлекетке, коомчулукка өз идеяларын
жеткире албай, далилдей албай жүргөн эксперттер, аналитиктер; ар кандай изилдөөлөрдү,
анализдерди жүргүзүп өнүгүүнүн ар кандай жолдорун куруп жүргөн изилдөө топтору;
реалдуу тажрыйбаны өз ишмердүүлүгү менен көрүп, чыныгы маалыматтын ээси болгон
ишкерлер; чет жердин ийгиликтүү тажрыйбаларын көрүп, мамлекетине жеткире албай
жүргөн чет жерде окуп иштеп жүргөн жарандарыбыз. Булар бир эле багыт боюнча ар
кимиси өзгөчө идея же зарыл болгон маалыматтарды алып жүрүүчүлөр болуп саналышат.
Эгерде мамлекеттик маанилүү документтерди иштеп чыгууда булардын башын бириктире
алсак, анда мыкты өнүгүү документтери орундалмак. Эң негизгиси, бул документтер
элдин көкүрөгүнөн чыккан өз документи болуп, алардын колдоосуна татымак.

Менин түшүнүгүмдө долбоордун маңызы коллективдик интеллекти мамлекеттин
пайдасына колдонуу турбайбы?

Жөн эле коллективдик интеллекти мамлекеттин пайдасына колдонуу эмес, аны
күчтөндүрүү менен мамлекетке болгон пайдасын арттыруу болуп саналат. Коллективдик
интеллект – пайдалуу алдыңкы идеялардын жана аларды алып жүрүүчү иш билги
атуулдардын саны жана сапаты менен бааланат. Канчалык алар көп жана сапаттуу
болсо, ошончолук коллективдик интеллект жогору болуп, түшүмдүү болот. Мына
ошондуктан долбоордо краудсорсинг технологиясынын негизинде иштеген виртулдык
аянтча аркылуу көптөгөн компетентүү атуулдардын башын бириктирүү каралган. Мындан
тышкары идеялардын ортосунда таза таймаш, ал эми иш билги атуулдар арасында
жогорку атаандаштык орнотуу менен жаңы алдыңкы идеялардын жана иш билги өзгөчө
атуулдардын көбөйүшүнө түрткү берүү дагы каралган.

Демек, сиз бул долбоор аркылуу мамлекетте алдыңкы идея жана иш билги
атуулдардын көбөйүшүнө, коллективдик интеллектин жогорулашына жана аны
мамлекеттин пайдасына колдонулушуна салымыңызды кошууну каалап жатасыз?

Менин тилегеним дал ушул болуп жатат. Бул долбоор аркылуу көздөгөнүм, саясий
элитаны - ар дайым иш билги азаматтар менен жаңылап жана күчтөндүрүп турган
заводду,   идеялык казынабызды - керектүү жаратман, оригиналдуу идея жана
демилгелер менен толуктап турган фабриканы, коомдук интеллекти - мамлекеттин
пайдасына бириктирип жана эффективдүү колдоно турган, ошондой эле атуулдардын
аракетин - бириктирип, жалпы бир жаратман ишке жумшай турган механизмди түзүү
болуп жатат.
Албетте, булардын бардыгы колдоого татырлык, бирок баарынан кызыгы мунун
ишке ашуусу. Ошондуктан бул долбоорду ишке ашыруунун механизмдери туурасында
айтып берсеңиз?

Биринчиден, идеялардын көптүгүн жана ар тараптуулугун эске алып, биз аларды атайын
багыттарга бөлдүк. Мисалы: экономика жана мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик
коопсуздук жана коргонуу, маданият жана идеология, социалдык жана коомдук
тармак деп. Демек, ар кандай идеялар эмес, ар бир багыттарга жараша темалар
белгиленип алар боюнча атайын суроолор коюлуп анын негизинде керектүү идеялар
ирээти жана кезеги менен топтолот. Булардын бардыгы аныкталган мөөнөттөр жана
форматарга ылайык жүргүзүлөт.

Экинчиден, идеялардын чачырандылыгын же идея алып жүрүүчүлөрдүн ар жакта
экендигин эске алып, алардын башын бириктирүүчү виртуалдык аянтча түздүк. Демек,
идея берүүчүлөр каалаган убактысында иштеген/жашаган жеринен чыкпастан
белгиленген маселелер боюнча идеяларын сунуштап, башка идеяларды талкуулап жана
сын-пикирин же колдоосун берүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Үчүнчүдөн, идеялардын көтөрүлгөн маселеге ылайыктуулугун, кайталанбастыгын,
конструктивдүүлүгүн, ошондой эле алар боюнча объективдүү гана сын-пикир жана
сунуштардын болушун көзөмөлдөө үчүн атайын виртуалдык аянтчалардын
фасилитаторлору (модераторлору) болот. Алар, идеялардын бурмаланышына,
уурдалышына, негизсиз критикаланышына, байкалбай калышына жана башка ушул
сыяктууларга жол беришпейт.

Төртүнчүдөн, аянтчаны чыныгы иш билгилердин идеяларынын чордонуна айланту үчүн
кызыкдарларды “катышуучулар” жана “коноктор” деген эки статуска бөлүү каралган.
Катышуучулар, булар идея берүүчүлөр болуп, алар атайын каттоодон өтүп, жеке
виртуалдык кабинетке ээ болушуп, идеяларын сунуштоого, башка идеяларга сын-пикир
жана сунуш берүүгө, аларды баалоого мүмкүнчүлүгү алышат. Алар, тажрыйбалуу
ишкерлер, адистер, эксперттер, окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер, аспирант,
доктаранттар, коомдук ишмерлер, чет мамлекетте окуп жүргөндөр ж.б.у.с. Коноктор
болсо, жогорудагы категория тышындагы калктын катмары болуп, сунушталып жаткан
идеяларды байкап жана баамдап, керектүү сын-пикир жана ойлорун атайын
билдирүүлөрдү сайтка таштоо аркылуу жасай алышат. Демек, билген жана билбегени деле
кирип алып, каалаганын жазып, ар кандай идеяларды сунуштап, аянтчаны керексиз
идеяларга толтурууга жол берилбейт.

Бешинчиден, идеяларды адилеттүү баалап жана туура тандоо үчүн коомчулуктун өзү
сындап жана тандоосуна шарттар каралган. Тактап айтканда, идеялардын мыктысын жана
пайдалуусун идея берүүчүлөр (катышуучулар) сунуш жана пикирлерин берүү, ошондой
эле баалоо, ал эми аларга көз салып тургандар (коноктор) атайын билдирүүлөрүн сайтка
таштоо аркылуу аныкташат. Демек, кандайдыр бир топ же адамдарга жаккан эмес,
көпчүлүк катышуучулар жана конокторго жаккан жана жогорку упай топтогон идеялар
мыкты деп табылат.

Алтынчыдан, идеяларды коомдук пайдалуу продукцияга айландыруу үчүн белгиленген
темалар боюнча топтолгон идеяларды стратегиялык документтерге жана жол
карталарына айландырууну сунуштап жатабыз. Ал үчүн виртуалдык аянтчадан кийин
жумушчу топ иштей турган реалдуу аянтчалар түзүлөт. Виртуалдык аянтчада мыкты деп
табылган идеялар стратегиялык документтердин жана жол карталарынын негизи болсо,
аларды сунуштагандар жумушчу топко кирип мындай документтерди иштеп чыгышат.
Иштелип чыккан документтер атайын уюштурулган чоң форумда коомчулукка
тааныштырылып жана колдонууга рекомендация кылынат. Демек, мамлекеттик орчундуу
бир маселени чечүү боюнча коомдук документ пайда болот.

Жетинчиден, катышуучуларды алдыңкы идеяларды берүүгө, жаңы өзгөчөлөрүн иштеп
чыгууга кызыкдар кылуу жана жумушчу топко кирип коомдук стратегиялык
документтерди же жол карталарын иштеп чыгуусу үчүн мыкты деп табылган идеяларды
материалдык сыйлыктар менен сыйлоо, аларды андан ары сүрөө, коомчулукка таанытуу
каралган. Биз мыкты идеяларды жана татыктуу иш билги инсандарды адилетүү баалап,
колдоп, сүрөп жана алдыга чыгар албасак, анда эч качан идеялардын таза таймашын жана
иш билги атуулдардын ортосунда атаандаштык жарата албайбыз. Мыкты идеяларды
бергендер гана эмес, ал идеяларга конструктивдүү сын-пикирин же пайдалуу сунушун
берип, идеяларды баалоого активдүү катышкан катышуучулар дагы колдоого ээ болуусу
керек. Ошондо гана идеялар коомчулуктун чоң элегинен, адилеттүү бааланышынан жана
талкуусунан өтөт.

Сегизинчиден, мамлекетке пайдалуу идеяларын коомдук продукцияга же илимий
иштерге айландырууга даяр идея берүүчүлөрдү колдоо үчүн мыкты илимий-изилдөөчүлүк
иштердин жарышы да каралган. Бул багыт, өзгөчө жаңы өсүп келе жаткан жаш
окумуштуу, аналитик жана эксперттердин профессионалдардын катарына кошулуп,
коомдук интеллекти күчтөндүрүүсүнө түрткү берүүгө максатталган.

Тогузунчудан, коомчулук арасындагы мыкты жаратман демилгелерди элдин руханий
баюуу жана маданий өнүгүүсүнө жумшоо каралган. Менин оюмча, биз сиңимдүү
ураандар, таасирдүү сөздөр жана кызыктуу максаттар чагылдырылган идеологиянын
жазылышын күтпөшүбүз керек. Биз, коомчулукту жана ар бир адамды талкалап жаткан
жалган түшүнүк, сокур сезим жана жаман адаттар менен күрөшүүдө биригип, туруктуу
жана пландуу иш алып барышыбыз керек. Мындай жаман көрүнүштөр менен биригип,
туруктуу жана пландуу күрөшүүнүн өзү – чоң идеология болсо керек. Ошондуктан ар
квартал сайын таза жарыштардын негизинде атайын багыттарда өзгөчө демилгелерди
топтоп жана чогуу ишке ашырууну дагы сунуштап жатабыз. Демек, коомдогу мыкты
демилгелерди колдоо аркылуу атуулдарыбыз мамлекетке жаратман иштери менен пайда
бере алат.

Идеяларды виртуалдык площадкада топтоо менен эле стратегиялык документтерди
түзүп койсо болобу? Идеялар менен эле мамлекетке жардам бере алабызбы? Аларды
топтоонун зарылчылдыгы эмнеде?

    Абдан жакшы суроо бердиңиз. Биринчиден, идея дегенди биз туура түшүнүүбүз
керек. Идеяны, атуулдарыбыздын кандайдыр бир маселе боюнча берген өзгөчө көз
караштары, сунуштары, пикирлери жана кеңештери десек болот. Алар, коюлган маселе
боюнча так, туура, толук түшүнүк жана маалымат алууга, ошондой эле аны чечүү боюнча
конкреттүү жолду көрүүгө жардам берет. Демек, белгиленген маселе боюнча алдыңкы
идеялар жана баалуу маалыматтарды топтоо коомдук документтерди иштеп чыгууда
зарыл болуп саналат. Ансыз, биз маселени толук жана туура түшүнө албай, эффективдүү
чечүү жолдорун сунуштай албайбыз. Экинчиден, стратегиялык документтерди жана жол
карталарын түзүү виртуалдык площадкада идеяларды топтоо менен эле бүтпөйт.
Топтолгон мыкты алдыңкы идеялар жана маалыматтардын негизинде коомдук
документтердин макети же өзөгү даяр болот. Андан кийин, коомдук документтердин
негизи боло турган идея жана маалыматтарды бергендер жумушчу тобуна чакырылып
реалдуу площадкада топтолгон идея жана маалыматтардын негизинде коомдук
документтерди иштеп чыгышат. Башкача айтканда мыкты деп табылгандар топтолгон
идея жана маалыматтарды жакшылап бышырып, анан коомдук продукцияга
айландырышат.
     Демек, виртуалдык площадкада топтолгон идея жана маалыматтар коюлган маселе
боюнча толук картинаны көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул деген коюлган маселе
боюнча мыкты документтерди иштеп чыгууга себепкер болот. Эгерде биз ар бир маселе
боюнча ушундай жол менен керектүү алдыңкы идеяларды жана баалуу маалыматтарды
топтоп жана аларды сунуштаган мыктыларга коомдук документтерди иштеп чыгууга
мүмкүнчүлүк берсек, анда мамлекетибизде ар кандай маселелер боюнча эффективдүү
чечүү жолдору пайда болот. Булар, мамлекеттик саясатта катачылык кетирүүгө, туура
эмес чечим кабыл алууга жолтоо болуп, эффективдүүлүктү арттырат.
    Бул айтылгандарга АКШнын тажрыйбасы жана саясаты далил болуп саналат. Себеби,
алар конкреттүү жана эффективдүү плансыз бир дагы кадам жасашпайт. Аларда
мамлекеттик маанилүү документтер коомчулуктун активдүү катышуусу менен иштелип
чыгарылат. Идея жана маалыматарды дүйнө жүзү боюнча топтошуп, мыктыларды
душмандарынын арасынан болсо дагы таап чыгып жана тартышат. Мамлекет, акыл
фабрикалары болгон жеке жана эл аралык изилдөө мекемелери, аналитик, эксперт жана
окумуштуулар менен тыгыз байланышта иштешет. Мына ошондуктан АКШ коллективдик
интеллекти жогорку деңгээлде колдонгондуктан алдыңкы идеяларды иштеп чыгуучу
мамлекетке айланып, дүйнө жүзүн башкарып келе жатат. Алар, дүйнөдө алдыңкы идея
жана баалуу маалыматка ээ болгондор гана күчтүү боло тургандыгын далилдеп коюшту.

  Мына ошондуктан, биз дагы керектүү баардык алдыңкы идеяларды жана баалуу
маалыматтарды дүйнө жүзү боюнча топтоп, алардын негизинде мыкты коомдук
документтерди иштеп чыгара алсак, анда мамлекетибиздеги көйгөйлөрдү туура жана
толук түшүнүп, көзүбүз ачылып, чечүү жолдорун көрүп жана туура эффективдүү
пландарды иштеп чыкмакпыз.

Сиз Кыргызстандын коллективдик интеллектине канчалык ишенесиз жана ага
таянып сиз айткандай эффективдүү коомдук документтерди иштеп чыгуу
мүмкүнбү?

Биринчиден, белгилеп кеткениңиздей коллективдик интеллекти биз коомдук
документтерди иштеп чыгууга колдонууну сунуштап жатабыз. Демек, биз жаңы бир
теория, техника же продукция иштеп чыгууну сунуштап жатпагандыктан, бизге өзүбүздүн
окумуштуу, эксперт, адис жана аналитиктерибиздин интеллектуалдык потенциалы
жетиштүү деп ойлойм. Болгону алардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү
керек. Белгилеп кетчү нерсе бул коомдук өнүгүү документтери мамлекеттин өнүгүшү
үчүн зарыл болуп жатат. Себеби, өлөкөнүн өнүгүшү эффективдүү мамлекеттик саясаттан
көз каранды. Ал эми мамлекеттик саясаттын эффективдүүлүгү туура план жана
натыйжалуу програмалардан көз каранды. Биз дал ушул туура пландардын жана
эффективдүү программалардын кабыл алынышына жардам берүүнү сунуштап жатабыз.

Экинчиден, эффективдүү коомдук документтерди иштеп чыгууга керек болгон коомдук
интеллект кеңири деңгээлде түшүнүүбүз керек. Тактап айтканда коллективдик интеллект
дегенде эле, окумуштуу жана эскперттерди эле элестетпешибиз керек. Себеби, ар бир
коюлган маселе боюнча баалуу маалыматтарды алып жүрүүчүлөр жана алдыңкы
идеяларды сунуштоочулар окумуштуу жана эксперттердин арасында гана болушу мүмкүн
эмес. Өзүнүн күнүмдүк жашоосунда күбө болуп тажрыйбаны жана реалдык процессти
билгендер баалуу маалыматтарды алып жүрүүчүлөр болуп, алдыңкы идеяларды бере
алышат. Мисалы, коррупциянын кандай жолдор менен жүрүп жаткандыгын, ага
кабылгандар, медицинадагы тейлөөдөгү көйгөйлөрдү оорулуулар, чет мамлекттеги
элчиликтердин ишинин натыйжалуулугун ал жерде иштеп жаткандар жакшыраак билешет
да. Дал ушулар бул маселелр боюнча компетентүүлөр болуп саналат да. Демек,
коллективдик интеллекти жалпы жонунан эмес, ар бир маселеге жараша баалаганыбызда,
анын күчүн көрө алабыз.

Үчүнчүдөн, бул багыттан алганда Кыргызстандын коллективдик интеллекти жогорку
натыйжаларды бериши мүмкүн. Себеби, мамлекетибизде нечен деген кыйынылыктарды
башынан өткөзүп жана тоскоолдуктарга карабай өлкөнүн ичинде эмес, тышында дагы
натыйжалуу ишмердик кылып келе жаткан канчалаган ишкерлерибиз жана атуулдарыбыз
бар. Алардын тажрыйбалары жана көз караштары реалдуу абалды түшүнүүгө жана зарыл
болуп жаткан чечимдерди билүүгө жардам берет. Мындан тышкары чет мамлекеттерде
билим алып жүргөн жана чоң компанияларда иштеп жүргөн канчалаган мыкты
адистерибиз бар. Алар бизге новатордук көз караштарын, дүйнөлүк тажрыйбаны жана
жаңыча пикирлерди бере алышат да. Ал эми мамлекетибиздин ичинде канчалаган
эксперттерибиз, окумуштууларыбыз жана аспиранттарыбыз бар. Алардын баардыгысы
мекенине кандайдыр бир деңгээлде жардамын беришип, анын өнүгүшү үчүн аракеттерин
кылып жатышат. Булар, мамлекетке алдыңкы идеяларын, жакшы анализдерин жана
керектүү маалыматтарын бере алышмак. Ал эми мамлекеттик кызматта деле мекенчил
жана иш билги адистерибиз аз эмес. Алар, мамлекеттик саясат жана анын
жетишпегендиктери туурасында жакындан тааныш. Демек, биз булардын башын
бириктире алсак, анда ар кимиси ар бир багыты боюнча мыкты идея жана баалуу
маалыматтарын берип жатышып, күчтүү документтеридин иштелип чыгарылышына
себепкер болушмак.

Виртуалдык аянтчада кантип идеялар топтолуп, электенип жана сорттолот?

Бул үчүн өнүккөн мамлекеттерде абдан жемиштүү колдонулуп келе жаткан жана чоң
ийгиликтерге себеп болгон краудсорсинг технологиясы колдонулат. Краудсорсинг
коюлган тапшырманы же маселени көптөгөн компетентүүлөрдү жана энтузиасттарды
тартуу менен чечүү болуп саналат. Ошондой эле көпчүлүктүн белгилүү билимдерин
колдонууга, билинбегендерин сууруп чыгууга, ошондой эле баалуу идеяларды жана
жөндөмдүү адамдарды таап чыгып жана өнүктүрүүдө кеңири колдонулат.

Краудсорсинг технологиясы акыркы убактарда дүйнөдө абдан кеңири колдонулуп жатат.
Мындай технологияны колдонуу аркылуу Америка миллиондогон каражаттарды жана
жылдаган убакыттарды сарптабай эле 3-айдын ичинде энтузиасттардын негизинде жаңы
БТРди иштеп чыгып коюшту. Ал жерде согуштук техникаларды жана саясий чечимдерди
кабыл алууда краудсорсинг абдан кеңири колдонула башталды. Ал эми орусияда болсо,
краудсорсинг президент Путиндин буйругу менен ишке киришип, 2012-жылы
коллективдик интеллекти колдонуу менен 12-жол карталарын иштеп чыгышты. Бул
технологияны ар багыттарда көптөгөн мамлекеттер колдонуп, чоң ийгиликтерге жетип
жатышат. Себеби, бул технологиянын өзгөчөлүгү коллективдик интеллекти бириктирүү
менен көптөгөн каражаттар жана убакыттарды талап кылган тапшырмаларды бираз
чыгым менен эле бат жана эффективдүү чечип коюуусу. Ал эми Кыргызстан үчүн бул
нерсе жаңылык жана зарыл нерсе болуп жатат.

Краудсорсинг тууралуу дагы кененирээк айтып берсеңиз?

Краудсорсингдин негизинде жалгыз адамдын, ал тургай гениалдуу инсандардын
интеллектине (же акылына) караганда коллективдик интеллект ар дайым жемиштүү,
болот деген идея жатат. Чындыгында өнүккөн мамлекеттерде энтузиаст ыктыярчылардын
жетишкендиктери мыкты эксперт жана адистердикинен ашып кеткен учурлар абдан көп
болуп жатат. Алар айлап жылдап жана канчалаган каражат кетирип жасай албай жаткан
нерселерди краудсорсинг технологиясы аркылуу бириккен энтузиасттар бир нече айда,
болбогон акчага жана жогорку деңгээлде аткарып жаткандыктан бул технологиянын жана
коллективдик интеллектин ролу дүйнө жүзүндө абдан жогорулап жатат. Краудсорсингдин
үзүрүн жана мүмкүнчүлүгүн көргөн Россиянын Сбербанкынын башчысы Г. Греф ага “21-
кылымдагы башкаруучулуктун эң чоң жетишкендиги ” деген баасын берип олтурат. Ал
эми краудсорсинг терминин киргизип, бул техологиянын эффективдүүлүгүн жана
коллективдик интеллектин кудуретин изилдеп жазып чыккан Джефф Хей “краудсорсинг -
керексиздердин ичинен бриллиантарды таап гана чыкпастан, мындай таланттарды
өстүрүп жана алдыга сүрөп, коллективдик интеллекти күчтөндүрө турган механизм”
деген.

 “Массалык кызматташтык” болгон краудсорсингде ким тапшырманы жогорку деңгээлде
жана биринчи болуп аткарса, ошол сыйланууга татыктуу болот. Бул жерде эң негизги
мотивация өзүн-өзү өнүктүрүү, талантын чыгаруу, лидерликке жетүү, ойлогондорунун
ишке ашышы болуп, материалдык кызыкчылык мааниге ээ эмес. Краудсорсингди
идеяларды гана чогултуу үчүн гана эмес, коомчулуктун ар кандай маселелер боюнча
баасын, көз карашын, пикирин жана каалоолорун топтоо жана анализдөө үчүн да
колдонуп келишет.

Сиздер краудсорсинг аркылуу кантип коомдук документтерди иштеп чыгасыздар,
конкреттүү бир мисал менен айтып бере аласызбы?

Краудсорсингдин ийгиликтүүлүгү эффективдүү жүргүзүлгөн “акыл чабуулунан”
(мозговой штурмга) көз каранды. Ал эми акыл чабуулунун эффективдүүлүгү болсо,
коюлган тапшырманын так жана түшүнүктүүлүгүнөн, күтүлгөн жыйынтыктын
реалдуулугу жана пайдалуулугунан, краудсорсинге кызыкдар баардык энтузиасттардын
жана компетентүүлөрдүн тартылышынан, алардын ишмердигин эффективдүү
кардинацияланышынан, ошондой эле мотивациянын болушунан жана бурмалоо, басым
кылуу, бир жакка тартуу сыяктуулардын болбошунан көз каранды. Булардын баарын
жана дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, биз өзүбүздүн Кыргызстандын краудсорсинг
механизмин иштеп чыктык. Эми, анын иштөө механизмин конкреттүү мисалдын жардамы
менен түшүндүрүп берсем.

Коррупция менен байланыштуу бир коомдук документти иштеп чыгууну пландап
жатабыз дейлик. Бул үчүн биздин виртуалдык площадкада бизнесмен, экперттер,
окумуштуулар, чет мамлекетте билим алгандар, мамлекеттик кызматкерлер чогулушту
дейли. Алардан так жана керектүү идея жана маалыматтарды алуу үчүн коррупция
темасында так суроолорду коюуу керек. Мисалы, биринчи Кыргызстандагы коррупция
каякта жана кандай жолдор менен ишке ашып жатат деген суроону койдук дейли. Бул
суроого эки жума бердик дейли. Бул убакыт ичинде бизнесмендер ар кайсыл тармактар
боюнча коррупция кандай жүрүп жаткандыгы туурасында маалымат беришти. Демек, биз
коррупция каякта жана кантип ишке ашып жаткандыгы туурасында толук маалымат алган
болобуз. Андан соң, бул белгиленген коррупциялык механизмдерди чечүү боюнча
дүйнөлүк коомчулук кандай иштерди жасагандыгы туурасында суроо таштадык. Бул
суроого эки жума ичинде чет мамлекетте окугандар, иштегендер жана чет мамлекеттик
эксперттер өз ойлорун айтып, бизге багыт беришти дейли. Андан кийин бул механизм
жана чет мамлекеттик тажрыйбаларды эске алып кандай сунуштарды бере аласыздар
деген суроону коюуп, дагы эки жума бердик дейли. Анын негизинде ар кайсыл
окумуштуу, эксперт жана аналитиктер ар бир механизм боюнча өз ойлорун билдиришти
дейли. Жана алар бири-биринин сунуштарын талкулашып жана баалашып олтуруп, 1, 2
жана 3 чү суроолор боюнча эң мыкты идеяларды аныкташты дейли. Бул идеялардын
ээлери жеңүүчүлөр деп табылып жана баалуу сыйлыктар менен сыйланып, алар жумушчу
топко чакырылат. Бул жумушчу топ, топтолгон алдыңкы идеялар жана баалуу
маалыматтар негизинде түзүлгөн өрнөктүү документ боюнча бир жарым айдын ичинде
коомдук документти иштеп чыгып, коомчулуктун талкуусуна, андан соң мамлекеттин
кароосуна сунуштамакчы.

Долбоор абдан масштабдуу экен, бирок          муну   толук   ишке   ашыруу    үчүн
мүмкүнчүлүгүңүз жана күчүңүз жетеби?

Ооба, абдан масштабдуу болгондуктан көптөгөн эмгек жана финансы ресурстарына,
ошондой эле конкреттүү планга муктаж. Мына ошондуктан долбоордун минималдык
жана максималдык планы жана алар боюнча атайын этаптары каралган. Минималдык
план –долбоорду ишке ашыруунун алгачкы кадамдары болуп, өзүбүздүн күчүбүз жана
мүмкүнчүлүгүбүзгө ылайыкташтырылган. Ошондуктан биз бул жылдын аягына чейин
экономика жана башкаруу багытындагы гана идеяларды топтоп, алардын негизинде жок
дегенде 1-2 стратегиялык документ жана 2-3 жол карталарын, ошондой эле 20-чукул бул
багыттардагы мыкты илимий иштердин иштеп чыгарууну, ошондой эле 10 жакын
руханий-маданий өнүгүүгө максатталган атайын жаратман демилгелерди топтоп жана
ишке ашырууну пландап жатабыз.

Максималдык план – коомчулуктун активдүү катышуусу жана күчү менен ишке
ашырылуучу долбоордун калган негизги максат жана тапшырмалары десем болот. Эгер,
коомчулук туура түшүнүп, бул долбоор алкагынды аракет жана мүмкүнчүлүктөрүн
бириктирсе, анда коомчулуктун чоң элеги жана талкуусунан өткөн, алардын оригиналдуу
идеялары жана пайдалуу сунуштары эске алынган канчалаган стратегиялык документтер,
жол карталары, илимий иштер жана алардын казынасы пайда болот эле. Демек,
мамлекетке жол көргөзө турган ар кайсыл багыттарда өздүк коомдук өнүгүү
документтерибиз орун алмак. Эң негизгиси, аларды түзүү процессинде канчалаган иш
билги атуулдар жана алдыңкы идеялар колдоого ээ болуп, алардын өнүгүшүнө жана
жаңыларынын пайда болушуна түрткү болмок. Акырындык менен коомубузда күчтүү
идеялардын казынасын жана иш билги атуулдардын коомун чагылдырган “Акыл
Тирегибиз” пайда болуп, өз тагдырын өзү аныктаган жана башкалардан акылына көз
каранды болбогон улуу элге айланмакпыз. Ошондой эле канчалаган жаратман демилгелер
ишке ашырылып, элдин аң сезиминде чоң бурулуш жасалып, элдин биримдиги,
мамлекеттин бүтүндүгү, атуулдарыбыздын руханий-маданий өнүгүүсү жогоруламак.

Өзүңүз билгендей бүт нерсе акчага такалат, долбоор көп каражатты талап кылат
окшойт. Каражат булагы кандай болот?

Биринчиден, долбоор миллиондогон доллар каражаттарды талап кылган жок. Алсак,
максималдык план боюнча долбоордун жылдык бюджетин 1 млн. долларга чейин
жеткизүү каралган. Албетте, буга акырындык менен коомчулуктун активдүү колдоосу
аркылуу жетүүгө болот. Биз, эң негизгиси каражаттарды эффективдүү колдоно алышыбыз
керек. Ошондо аз каражат менен чоң ийгиликтерге жетүүбүз мүмкүн. Мындан тышкары
мамлекеттин өнүгүшүнө абдан кызыкдар болуп, өз салымын кошууга аракет кылып
жүргөн канчалаган мекенчилдерибиз бар. Алар, бул долбоор аркылуу мамлекеттин
өнүгүшүнө реалдуу салым кошо ала тургандыктарын түшүнүшсө, долбоорду колдон
буттан алып кетишет деп ойлойм. Демек, көп иштер көпчүлүк аркылуу аз каражаттар
менен бүтүп кылышы мүмкүн. Биз, мындай потенциалыбызды колдоно билишибиз керек.
Бүгүн мамлекет, өнүгүү эмес, кантип сакталып калат экен деген маселе турганда,
атуулдарыбыз акчалай гана кызыкчылыктарды ээрчибейт болуш керек.

Экинчиден, “коюлуп жаткан максаттардын жумшала турган каражаттарды толугу менен
актап бере алат” деп толук ишенем. Себеби, долбоор мамлекеттик деңгээлдеги чоң
максаттарды коюп, өлкөнүн келечегине жана коомчулуктун пайдасына гана максатталган.
Биз эгерде сиздер массалык маалымат каражаттары жардам берсеңиздер, буларды
коомчулукка жеткизе алсак, анда кайдыгер карап турбай, долбоорду колдоп кете турган
азаматтарыбыз көп эле болот деген үмүттөбүз. Чындыгында, азыркы учурда мамлекеттик
документтерди иштеп чыгууда ишкерлердин, эскперттердин жана жөнөкөй
атуулдарыбыздын пикирлери жана үндөрү угулбай калып, алардын кызыкчылыктары
жана талаптары угулбай калып жатат. Биз, сунуштап жаткан механизм дал ушуларды
жоюууга багытталган. Демек, ишкерлер жана атуулдар өздөрүнүн талаптары жана
каалоолору, эскперттердин пикирлери жана сунуштары эске алына турган документтер
иштелип чыга турган болсо, алар материалдык жана башка колдоолорун аябайт деп
ойлойм.

Үчүнчүдөн, долбоордун маңызын калкка жеткизүү менен атайын “Салым” деген улуттук
эндаумент фондун түзүүнү пландаштырып жатабыз. Эндаумент фонддор ыктыярдуу
берилген максаттуу капиталдын фонду болуп, чет мамлекетте абдан кеңири колдонулуп,
калктын өз мекенинин жана өзүнүн келечегине болгон салымы болуп саналат. Мен
ишенем, Кыргызстанда азыр мындай фондду түзүүгө баардык мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Себеби, мамлекетибизде өлкөсүн көтөрүп кете ала турган ишкерлерибиз жана чет
мамлекетте ийгиликтүү иштеп жүргөн атуулдарыбыз жетиштүү эле. Болгону, аларга
алардын бул фондко сала турган бир аз (мисалы, бир айда 600 доллар, демек жылына 5
миң доллар каражат) акчасы менен канчалаган коомдук документтерди иштеп чыгып,
канчалаган таланттарды өстүрүп, келечек муунга жакшы салт калтырып кете
тургандыгыбызды түшүндүрүшүбүз керек. Биздин жеңиш мүмкүнчүлүктөрүбүздү
бириктиргенибизде. Эгерде бул долбоорду колдоо үчүн “Салым” фондуна жылына 5 миң
эле доллардан 100 мекенчил ишкерлерибиз которо турган болсо 500 миң доллар болуп
жатпайбы. Демек, эгер урматтуу төртүнчү бийликтин өкүлдөрү сиздер бул долбоорду
колдоп жана калкка туура жеткизүүгө жардам берсеңиздер, бул долбоордун финансылык
кыйынчылыгы болбойт деп ойлойм.

Минималдык план боюнча сиз өзүңүз канча каражат жумшоону пландап жатасыз?

Ар бир коомдук стратегиялык документ боюнча проектин болжолдуу наркы 20 миң
доллар болуп жатат. Мен өз каражатыман эң жок дегенде 1-2 стратегиялык документ
жана 2-3 жол карталарын каржылоону пландап жатам. Мындан тышкары, жогоруда
айткандай 20-чукул мыкты илимий иштерди каржылоону жана 10 жакын коомдук иш
чараларды уюштурууну пландам жатам.

Стратегиялык документтер жана жол карталары деген эмне? Жана булар
президент сунуштаган өнүгүү стратегиясына альтернатива болуп саналабы?

Стратегиялык документтер – бул мамлекеттеги орчундуу маселелерди чечүүгө
максатталган ар кандай багыттардагы атайын өнүктүрүү программалары. Тактап айтканда
коомдук жашоонун көптөгөн тармактарын камтыган жана көпчүлүк субъекттердин
кызыкчылыктарына төп келген мамлекеттик деңгээлдеги негизги маселелер. Мисалы,
экономикалык, саясий жана коомдук жашоо системабыз, бажы союзундагы
кыргызстандын ролу, улуттук идеологиябыз кандай болушу керектиги сыяктуу маселелер
боюнча коомчулуктун алдыңкы идеяларынын жыйындысы жана ой бирдиги десек болот.

Жол карталары – бул конкреттүү бир тармактагы же багыттарга тиешелүү маселелерди
чечүүнүн деталдаштырылган планы. Мисалы, кантип бюджетти толтурса, шаардын
инфраструктурасын жакшыртса, банк секторун өнүктүрсө, ишкердикке болгон
тоскоолодуктарды жойсо, улуттук баалулуктарды сактаса, мамлекеттик тилдин баркын
чыгарса болот деген сыяктуу суроолорго коомчулуктун берген алдыңкы идеяларынын
негизинде иштелип чыккан пландар.

Демек, мамлекеттик саясаттын эффективдүү жүргүзүлүшү үчүн зарыл болгон изилдөөлөр,
эффективдүү программа жана пландар иштелип чыгарылып, алардын базасын түзүлөт.
Мына ошондуктан стратегиялык документтер жана жол карталары кабыл алынган
стратегияга альтернатива эмес, аны күчтөндүрүү жана толуктоо, анда каралбаган көптөгөн
маселелер жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштоо болуп саналат.

Иштелип чыгарыла турган стратегиялык документтер жана жол карталарынын,
буга чейин сунуштап келе жаткан эл аралык уюмдардын, мамлекеттин, ар кандай
саясий жана башка топтордун документтеринен кандай өзгүчүлүгү бар?

Биринчиден,     стратегиялык   документтердин,  жол    карталарынын,    отчеттук
документтердин “коомдук” статуска ээ болушу. Себеби, документтер кеңири калктын
катмарынын катышуусу менен алардын алдыңкы идея жана баалуу маалыматтарына
негизделип түзүлүшү каралып жатпайбы.

Экинчиден, бүткүл дүйнө боюнча атуулдарыбыздын алдыңкы идеяларын жана баалуу
маалыматтарын топтоо аркылуу түзүлүшү. Демек, кызыкдар жана компетентүү баардык
атуулдарыбыздын идея жана маалыматтарынын эске алынышына мүмкүнчүлүктүн
болушу.
Үчүнчүдөн, атуулдарыбыздын коллективдик интелллектинин жемиши болгон улуттук
өздүк документ болушу. Себеби, документтер негизинен атуулдарыбыздын билиминин,
тажрыйбасынын жана акылынын биригишинин негизинде түзүлүшү каралып жатпайбы.
Демек, өз тагдырыбызды өзүбүз аныктаган документтер болот.

Төртүнчүдөн, эң мыкты алдыңкы идеялар жана абдан баалуу маалыматтардын гана
негизинде түзүлүшү. Себеби, идеяларды тандоо алардын арасындагы таза таймаштын гана
негизинде болот. Демек, коомдук мындай документтер коомдук пикирдин лидерлери
катары табылган чыныгы компетенттүү атуулдарыбыздын эмгегинин жыйынтыгы болот.

Бешинчиден, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, айрым саясий жана
башка топтордун басымы жана лоббилерисиз түзүлүшү. Башкача айтканда таңулоодон
жана бурмалоодон алыс болгон, коомдук пикир жана тилектер эске алынган документ
болушу.

   Демек, көптөгөн тармактар жана багыттар боюнча атуулдарыбыздын
коллективдик интеллектинин жемиши жана коомдук пикирдин күзгүсү болгон өздүк
документтер жана алардын казынасы түзүлө тургандыгынын өзүн уникалдуу жана
өзгөчө деп ойлойм.

Ал эми бул иштелип чыккан коомдук документтерди ишке ашыруунун
механизмдери каралды беле? Алардын ишке ашырышын ким мониторинг кылып
турат? Себеби, алар ишке ашырылбаса, анда мамлекетке кандай пайдасы болот?

Биринчиден, бул документтердин ишке ашырылышы бийлик менен байланыштуу. Мына
ошондуктан, бул документтердин баардыгысы тиешелүү мамлекеттик институттардын
катышуусу менен иштелип чыгарылышы каралган. Албетте, алар макул жана кызыкдар
болушса. Эгерде, андай болбосо, биз бул документтерди бийликке коомчулуктун атынан
сунуштамакчыбыз. (Биз, дегенде фонддун эксперттик кеңеши жана жумушчу топ).

Экинчиден, биз биригип мыкты документтерди иштеп чыкканды үйрөнөлүчү, анан
көрөбүз бийликтегилерди кабыл алабы же жок пу. Түзө элек жатып эле, бийлик кабыл
алышы керек, же болбосо иштеп чыкпайбыз деген туура эмес го. Эгерде коомчулук биз
ойлогондой билимин, тажрыйбасын жана акылын жөндөмүн бириктирип бирдиктүү жана
мыкты документ иштеп чыкса, менин оюмча бийликтегилер аларды колдонууга даяр
болушу керек. Себеби, мамлекеттик саясатты эффективдүү жүргүзүү үчүн мыкты
иштелип чыгарылган документтер керек да.

Үчүнчүдөн, эң негизгиси жана мамлекетке пайдалуусу бул документтерди иштеп чыгуу
процесси. Себеби, аны иштеп чыгууда, биз биригип жана бир чечимге келүүнү, өзүбүздөн
чыккан алдыңкы идеяларды жана таланттарды колдоону, чет мамлекеттерди карабай өз
тагдырыбызды өзүбүз аныктоону, улам барган сайын мыкты документтерди иштеп
чыгууну, мамлекетибиздеги ар бир орчундуу маселелер боюнча чечүү жолдорун бирдикте
иштеп чыгууну үйрөнө жана салтка айландыра баштайбыз.

Чет мамлекттик эксперттер же аналитиктер катыша алышабы? Алар деле
жакшы идеяларын бере алат да?

Албетте алар үчүн эч кандай тоскоолдук жок. Эгерде идеяларын сунуштап, талкууга жана
аларды коомдук пайдалуу продукцияга айландырууга даяр болсо, анда краудсорсингге
дагы, жумушчу топко дагы кирүү укугуна ээ. Болгону, алар үчүн материалдык колдоо
каралган эмес.

Долбоордо карапайым калктын көз караш жана идеяларын эске алуу каралаган эмес
окшойт? Дегеле, карапайым калк “идеялык картаны” түзүүдө кандай ролду ойнойт?

Карапайым калктын көз караш жана идеяларын эске алуу дагы каралган. Ал үчүн
“коомдук пикир” деген атайын виртуалдык аянтча каралган. Бул энтузиасттардын
аянтчасы болуп баардык атуулдар катыша алат. Ал жерде коомдук пикир жана
идеялардын мониторинги жана анализи орун алып, топтолгон идея жана көз караштар
боюнча атайын “комдук отчеттук документтер” иштелип чыгарылат. Алар, коомчулуктун
каалоосун, талабын, көз карашын, тилектерин, ар кандай маселелер боюнча бааларын
жана идеяларын чагылдырып турат.

Дагы бир кызыктырган нерсе идея берүүчүлөрдүн автордук укуктары сакаталабы же
сакталбайбы?

Албетте, ар бир мыкты деп табылган идеялардын ээлеринин автордук укугу сакталат.
Тактап айтканда, коомдук стратегиялык документтерде же жол карталарында алардын
сунуштаган идеялары жана жасаган эмгектери белгиленет. Ошондой эле жумушчу топ
менен аларды бирге ар кандай форум жана профессионалдык жолугушууларда
презентациялоого, коомчулукка жайылтууга жана мамлекетке сунуштоого мүмкүнчүлүк
берилет.

Бул долбоордун буга чейин сунушталып келген долбоорлордон өзгөчөлүгү туурасында
айтып берсеңиз.

Биринчи өзгөчөлүгү катары коюлуп жаткан максаттар жана аларды ишке ашыруу
боюнча конкреттүү механизмдерин айтсам болот.

Биз аттулдарыбыздын коллективдик интеллектин мамлекеттин пайдасына колдонуу
менен мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууну сунуштап жатабыз. Коллективдик
интеллект эбегейсиз күчкө ээ, аны башкарып жана колдоно алсак, анда чоң ийгиликтерди
багындыра алабыз. Чындыгында, коомчулукта билинген жана билинбеген канча деген
пайдалуу идеялар жана баалуу маалыматтар бар.

Эми канти коллективдик интеллекти мамлекеттин пайдасына колдоносуңар десеңиз, анда
мамлекетке зарыл болуп жаткан кылдат изилденип жана түзүлгөн коомдук өнүгүү
документтерин иштеп чыгуу аркылуу дейт элем. Ал эми кандай жол менен десеңиз,
дүйнө боюнча акыл чабуулун жасап коомчулуктун эң алдыңкы идеяларын жана баалуу
маалыматтарын топтоо аркылуу. Ал үчүн краудсорсинг технологиясынын негизинде
иштеген виртуалдык аянтча жана мыкты деп табылган идеялардын жана
компетенттүүлөрдүн иштей турган реалдуу аянтчалары ишке киргизилет.

Биз, коллективдик интеллекти күчтөндүрүү жана өнүктүрүү аркылуу, анын мамлекетке
пайдасын арттырууну сунуштап жатабыз. Коллективдик интеллект күчтүү жана
түшүмдүү болот, качан ал ар дайым жаңы алдыңкы идеялар жана мыкты иш билгилер
менен жаңыланып турса. Идеялардын таза таймашы жана иш билгилер ортосундагы
адилеттүү атаандаштык бул маселени чечүүгө жардам берет. Ал үчүн алдыңкы идеяларды
жана мыкты иш билги атуулдарды адилеттүү баалап жана тандап, аларды колдоп, сүрөп
жана алдыга чыгарууну сунуштап жатабыз. Ошондо гана атуулдарыбыз өздөрүнүн
идеяларынын мыкты деп табылышы жана бааланышы үчүн жарышып жатышып, мыкты
идеялардын пайда болушуна жана потенциалдарынын жогорулашына себепкер болушат.
Демек, коллективдик интеллект жогорулайт жана мыкты коомдук документтерди иштеп
чыгууга мүмкүнчүлүк жогорулай берет.

Экинчи өзгөчөлүгү катары долбоордун келечеги жана күтүлгөн жыйынтыктарын
айтсам болот.

Эгерде, бул долбоорду калк колдоого алса жана биз ойлогон деңгээлде ишке ашса, анда
биз чоң идеялык бурулушту жасап жана дүйнөлүк коомчулукка өзгөчө жаңылык киргизе
алабыз деген ишеничим бар. Кыргызстандын “Идеялык Карта” деген бренди жана
улуттук өнүгүү жолу пайда болот.

Эң негизгиси, башкалардын идеясына көз каранды болбой, өз тагдырыбызды өзүбүз
аныктаганга жана мамлекеттик орчундуу маселелерди чечүүгө жардам бере турган “акыл
тирегибизди” курабыз. Өзүбүздөн чыккан алдыңкы идеяларды жана иш билги атуулдарды
колдоо, сүрөө жана алдыга чыгаруу менен мамлекетке зарыл болгон чечкиндүү
реформатор, күчтүү аналитик жана мыкты иш билгилердин коомун түзөбүз.

Мындан тышкары абдан маанилүүсү келечек муундарга жакшы элдик салтты
калыптандырып жана мурас кылып кетүүгө мүмкүн. Мисалы:

    Биригип бир коллективдик интеллект болуп өзүбүздүн тагдырды өзүбүз аныктап,
     орчундуу мамлекеттик маселелердин чыгуу жолдорун таба билген;

    Өзгөнү эмес биринчи кезекте өзүбүздүкүн сыйлап, баалап жана колдой алган;

    Идеяга муктаж эмес, идея бере алган коом боло билген;

    Иш билги мыктыларды өстүрө, баалай жана колдой алган;

    Жаратман иштерде ар дайым бирге болуп, мамлекетти алдыга сүйрөй алган элдик
     салт жана жөндөмдү.

Долбоордун келечеги эмнеден көз каранды жана ал кандайдыр бир мөөнөткө
негизделген би?

“Идеялардын картасы” бул жалпы элдин энчиси, коомчулуктун аракетинин жана
коллективдик интеллектинин жемиши болушу керек. Андыктан бул долбоор жалпы
коомдук демилгеге айланып, ар бир атуулдун мамлекеттин келечеги үчүн болгон
аракетине айлануусу шарт. Демек, долбоордун келечеги жана жыйынтыгы калктын туура
түшүнүп жана активдүү катышуусунан көз каранды. Эгерде калк колдоосуна ээ боло
турган болсо, анда бул долбоорду биз салтка айлантып, ар дайым өзүбүздүн алдыңкы
идеяларды жана мыкты иш билги азаматтарыбызды колдоп, аларды мамлекеттин
пайдасына колдонууну уланта беришибиз абзел. Себеби, мамлекеттин күчтүүлүгү жана
келечеги пайдалуу алдыңкы идеяларды бере алган мыкты иш билги адамдардын
көптүгүнөн көз каранды.

More Related Content

Similar to суроо жооп

акыл кубаты программасы
акыл кубаты программасыакыл кубаты программасы
акыл кубаты программасыfpi
 
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалыматстратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалыматfpi
 
жол картасы для сайта
жол картасы для сайтажол картасы для сайта
жол картасы для сайтаfpi
 
жол картасы для сайта
жол картасы для сайтажол картасы для сайта
жол картасы для сайтаfpi
 
прогрессивдүү демилгелер фонду
прогрессивдүү демилгелер фондупрогрессивдүү демилгелер фонду
прогрессивдүү демилгелер фондуfpi
 
кайрылуу
кайрылуукайрылуу
кайрылууfpi
 
кайрылуу кыргызча
кайрылуу кыргызчакайрылуу кыргызча
кайрылуу кыргызчаfpi
 

Similar to суроо жооп (7)

акыл кубаты программасы
акыл кубаты программасыакыл кубаты программасы
акыл кубаты программасы
 
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалыматстратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
 
жол картасы для сайта
жол картасы для сайтажол картасы для сайта
жол картасы для сайта
 
жол картасы для сайта
жол картасы для сайтажол картасы для сайта
жол картасы для сайта
 
прогрессивдүү демилгелер фонду
прогрессивдүү демилгелер фондупрогрессивдүү демилгелер фонду
прогрессивдүү демилгелер фонду
 
кайрылуу
кайрылуукайрылуу
кайрылуу
 
кайрылуу кыргызча
кайрылуу кыргызчакайрылуу кыргызча
кайрылуу кыргызча
 

More from fpi

акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуакыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуfpi
 
акыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуакыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуfpi
 
идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргfpi
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крfpi
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связиfpi
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных темfpi
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапыfpi
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные рискиfpi
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымиfpi
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мыслиfpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мыслиfpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мыслиfpi
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектаfpi
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативыfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 

More from fpi (20)

акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуакыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
 
акыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуакыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсу
 
идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кырг
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида кр
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связи
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных тем
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапы
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные риски
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетными
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проекта
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативы
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 

суроо жооп

  • 1. Долбоордун демилгечисинин жооптору: Эмне үчүн долбоор “Идеялардын Картасы” деп аталат? «Кыргызстандын Идеялык Картасы» проекти кадимки эле жол көргөзгөн жана багыт берген «картага» айланып, мамлекеттин «акыл тиреги» болушу керек. Мына ошондуктан эгерде географиялык карта аркылуу кайсы жерде кандай тоо, тала же суу ж.б боло тургандыгын, кайсы жерге кантип бара тургандыгыбызды көрө турган болсок, Идеялык Карта аркылуу коомчулук кайсы жерде кандай идеялар чыгып жана топтолуп жатканын, кайсыл адамдар кандай идея жана демилгелерди көтөрүп жана ишке ашырып жатканын, кайсы жерде кандай талкуу аянтчалары, борборлор ж.б. жайгашканын, алар кандай иштеп жана бири-бири менен кандай байланышканын көрүүсү керек. Демек идеялык карта атамекендик идея жана демилге өндүрүүчүлөргө кантип өз идея жана демилгелерин алдыга жылдыруу, мамлекет жана коомчулук менен кантип байланыш куруу, жана кантип өз идея жана демилгеси аркылуу мамлекеттин өнүгүүсүнө салымын кошо ала тургандыгы туурасында так түшүнүк берүүсү керек. «Идеялардын Картасы» геологиялык карта сыяктуу атуулдарыбыздын билинген жана билинбеген жашыруун интеллектуалдык, чыгармачылык жана башка жөндөм жана потенциалдарын изилдөөчү, чыгаруучу жана белгилеп көргөзүүчү карта болушу керек. Анын негизинде, геологиялык карта кайсы жерде кандай кендер орун алгандыгы жана алардын санын, сапатын көргөзгөндөй “идеялардын картасы” мамлекетибизде кандай идея жана демилгелер кайсыл жерде жайгашкандыгын, алардын сапатын, жетүү жолдорун чагылдырып, өлкөбүздүн илимий жана коомдук потенциалын көргөзүп турушу керек. Бул идея кайдан келди жана жаралышына эмне түрткү болду? Бул идеяны мен мезгилдин талабы жана учурдун зарылдыгы деп билем. Себеби, мамлекетибиз алдыңкы идеяларга жана иш билги адистерге абдан зарыл болуп турат. Өлкөдөгү чечилбей жаткан көптөгөн маселелер бизден билимибизди, тажрыйбабызды жана акылыбызды бириктирип, бирге натыйжалуу чечүү жолдорун иштеп чыгуубузду талап кылып жатат. Тактап айтканда, коомдук интеллекти мамлекеттин пайдасына колдонуу учуру бышып жетти. Биздин алдыбызда болгону булактардын көзүн ачып жана алардын биригип бир дарыяга айланышына шарттарды түзүү зарылдыгы турат. Бул үчүн коомчулук арасындагы пайдалуу идеялар жана иш билги атуулдарыбызга өнүгүү жана алдыга чыгуусуна мүмкүнчүлүктөрдү беришибиз керек. Мындай пайдалуу идеяларды чогултуп, электеп жана аларды даяр коомдук пайдалуу продукцияга (коомдук стратегиялык документтер жана жол карталарына) айландыруу зарыл. Мына ошондо гана коомдук интеллектин жемиши болгон жана мамлекетке жол көрсөтө турган алдыңкы идеялар чагылдырылган атайын документтер жана алардын базасы түзүлүп, өнүгүүгө жардам болот. Демек, сиздин пикириңизче коомдук интеллекти натыйжалуу колдонуу менен мамлекттин өнүгүшүнө жардам берсе болот?
  • 2. Ооба, чындыгында коллективдик интеллект эбегейсиз чон күчкө ээ, болгону аны колдоно алуу керек. Жалгыз адам же кандайдыр бир топ чече албаган маселени коллективдик интеллект аркылуу чечүүгө болот. Себеби коомдо көптөгөн ар кандай маалымат жана идеяларды алып жүрүүчүлөр бар. Албетте, алардын бардыгы эле алдынкы идея же маалыматты алып жүрүүчүлөр деп айтууга болбойт. Бирок профессионалдуу көз -караш менен карап, тигил же бул багыт боюнча алдынкы идеялары же болбосо керектүү маалыматтары болгон жарандарыбыз көп эле. Алар Кыргызстандын ар кайсы аймактарында, дүйнөнүн ар кайсы тарабында. Билимин практика менен айкалыштыра албай жана илимин конкретүү мамлекеттик маселелерди чечүүдө колдоно албай жүргөн окумуштуу, жаш аспирант жана докторанттар; мамлекетке, коомчулукка өз идеяларын жеткире албай, далилдей албай жүргөн эксперттер, аналитиктер; ар кандай изилдөөлөрдү, анализдерди жүргүзүп өнүгүүнүн ар кандай жолдорун куруп жүргөн изилдөө топтору; реалдуу тажрыйбаны өз ишмердүүлүгү менен көрүп, чыныгы маалыматтын ээси болгон ишкерлер; чет жердин ийгиликтүү тажрыйбаларын көрүп, мамлекетине жеткире албай жүргөн чет жерде окуп иштеп жүргөн жарандарыбыз. Булар бир эле багыт боюнча ар кимиси өзгөчө идея же зарыл болгон маалыматтарды алып жүрүүчүлөр болуп саналышат. Эгерде мамлекеттик маанилүү документтерди иштеп чыгууда булардын башын бириктире алсак, анда мыкты өнүгүү документтери орундалмак. Эң негизгиси, бул документтер элдин көкүрөгүнөн чыккан өз документи болуп, алардын колдоосуна татымак. Менин түшүнүгүмдө долбоордун маңызы коллективдик интеллекти мамлекеттин пайдасына колдонуу турбайбы? Жөн эле коллективдик интеллекти мамлекеттин пайдасына колдонуу эмес, аны күчтөндүрүү менен мамлекетке болгон пайдасын арттыруу болуп саналат. Коллективдик интеллект – пайдалуу алдыңкы идеялардын жана аларды алып жүрүүчү иш билги атуулдардын саны жана сапаты менен бааланат. Канчалык алар көп жана сапаттуу болсо, ошончолук коллективдик интеллект жогору болуп, түшүмдүү болот. Мына ошондуктан долбоордо краудсорсинг технологиясынын негизинде иштеген виртулдык аянтча аркылуу көптөгөн компетентүү атуулдардын башын бириктирүү каралган. Мындан тышкары идеялардын ортосунда таза таймаш, ал эми иш билги атуулдар арасында жогорку атаандаштык орнотуу менен жаңы алдыңкы идеялардын жана иш билги өзгөчө атуулдардын көбөйүшүнө түрткү берүү дагы каралган. Демек, сиз бул долбоор аркылуу мамлекетте алдыңкы идея жана иш билги атуулдардын көбөйүшүнө, коллективдик интеллектин жогорулашына жана аны мамлекеттин пайдасына колдонулушуна салымыңызды кошууну каалап жатасыз? Менин тилегеним дал ушул болуп жатат. Бул долбоор аркылуу көздөгөнүм, саясий элитаны - ар дайым иш билги азаматтар менен жаңылап жана күчтөндүрүп турган заводду, идеялык казынабызды - керектүү жаратман, оригиналдуу идея жана демилгелер менен толуктап турган фабриканы, коомдук интеллекти - мамлекеттин пайдасына бириктирип жана эффективдүү колдоно турган, ошондой эле атуулдардын аракетин - бириктирип, жалпы бир жаратман ишке жумшай турган механизмди түзүү болуп жатат.
  • 3. Албетте, булардын бардыгы колдоого татырлык, бирок баарынан кызыгы мунун ишке ашуусу. Ошондуктан бул долбоорду ишке ашыруунун механизмдери туурасында айтып берсеңиз? Биринчиден, идеялардын көптүгүн жана ар тараптуулугун эске алып, биз аларды атайын багыттарга бөлдүк. Мисалы: экономика жана мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик коопсуздук жана коргонуу, маданият жана идеология, социалдык жана коомдук тармак деп. Демек, ар кандай идеялар эмес, ар бир багыттарга жараша темалар белгиленип алар боюнча атайын суроолор коюлуп анын негизинде керектүү идеялар ирээти жана кезеги менен топтолот. Булардын бардыгы аныкталган мөөнөттөр жана форматарга ылайык жүргүзүлөт. Экинчиден, идеялардын чачырандылыгын же идея алып жүрүүчүлөрдүн ар жакта экендигин эске алып, алардын башын бириктирүүчү виртуалдык аянтча түздүк. Демек, идея берүүчүлөр каалаган убактысында иштеген/жашаган жеринен чыкпастан белгиленген маселелер боюнча идеяларын сунуштап, башка идеяларды талкуулап жана сын-пикирин же колдоосун берүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Үчүнчүдөн, идеялардын көтөрүлгөн маселеге ылайыктуулугун, кайталанбастыгын, конструктивдүүлүгүн, ошондой эле алар боюнча объективдүү гана сын-пикир жана сунуштардын болушун көзөмөлдөө үчүн атайын виртуалдык аянтчалардын фасилитаторлору (модераторлору) болот. Алар, идеялардын бурмаланышына, уурдалышына, негизсиз критикаланышына, байкалбай калышына жана башка ушул сыяктууларга жол беришпейт. Төртүнчүдөн, аянтчаны чыныгы иш билгилердин идеяларынын чордонуна айланту үчүн кызыкдарларды “катышуучулар” жана “коноктор” деген эки статуска бөлүү каралган. Катышуучулар, булар идея берүүчүлөр болуп, алар атайын каттоодон өтүп, жеке виртуалдык кабинетке ээ болушуп, идеяларын сунуштоого, башка идеяларга сын-пикир жана сунуш берүүгө, аларды баалоого мүмкүнчүлүгү алышат. Алар, тажрыйбалуу ишкерлер, адистер, эксперттер, окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер, аспирант, доктаранттар, коомдук ишмерлер, чет мамлекетте окуп жүргөндөр ж.б.у.с. Коноктор болсо, жогорудагы категория тышындагы калктын катмары болуп, сунушталып жаткан идеяларды байкап жана баамдап, керектүү сын-пикир жана ойлорун атайын билдирүүлөрдү сайтка таштоо аркылуу жасай алышат. Демек, билген жана билбегени деле кирип алып, каалаганын жазып, ар кандай идеяларды сунуштап, аянтчаны керексиз идеяларга толтурууга жол берилбейт. Бешинчиден, идеяларды адилеттүү баалап жана туура тандоо үчүн коомчулуктун өзү сындап жана тандоосуна шарттар каралган. Тактап айтканда, идеялардын мыктысын жана пайдалуусун идея берүүчүлөр (катышуучулар) сунуш жана пикирлерин берүү, ошондой эле баалоо, ал эми аларга көз салып тургандар (коноктор) атайын билдирүүлөрүн сайтка таштоо аркылуу аныкташат. Демек, кандайдыр бир топ же адамдарга жаккан эмес, көпчүлүк катышуучулар жана конокторго жаккан жана жогорку упай топтогон идеялар мыкты деп табылат. Алтынчыдан, идеяларды коомдук пайдалуу продукцияга айландыруу үчүн белгиленген темалар боюнча топтолгон идеяларды стратегиялык документтерге жана жол
  • 4. карталарына айландырууну сунуштап жатабыз. Ал үчүн виртуалдык аянтчадан кийин жумушчу топ иштей турган реалдуу аянтчалар түзүлөт. Виртуалдык аянтчада мыкты деп табылган идеялар стратегиялык документтердин жана жол карталарынын негизи болсо, аларды сунуштагандар жумушчу топко кирип мындай документтерди иштеп чыгышат. Иштелип чыккан документтер атайын уюштурулган чоң форумда коомчулукка тааныштырылып жана колдонууга рекомендация кылынат. Демек, мамлекеттик орчундуу бир маселени чечүү боюнча коомдук документ пайда болот. Жетинчиден, катышуучуларды алдыңкы идеяларды берүүгө, жаңы өзгөчөлөрүн иштеп чыгууга кызыкдар кылуу жана жумушчу топко кирип коомдук стратегиялык документтерди же жол карталарын иштеп чыгуусу үчүн мыкты деп табылган идеяларды материалдык сыйлыктар менен сыйлоо, аларды андан ары сүрөө, коомчулукка таанытуу каралган. Биз мыкты идеяларды жана татыктуу иш билги инсандарды адилетүү баалап, колдоп, сүрөп жана алдыга чыгар албасак, анда эч качан идеялардын таза таймашын жана иш билги атуулдардын ортосунда атаандаштык жарата албайбыз. Мыкты идеяларды бергендер гана эмес, ал идеяларга конструктивдүү сын-пикирин же пайдалуу сунушун берип, идеяларды баалоого активдүү катышкан катышуучулар дагы колдоого ээ болуусу керек. Ошондо гана идеялар коомчулуктун чоң элегинен, адилеттүү бааланышынан жана талкуусунан өтөт. Сегизинчиден, мамлекетке пайдалуу идеяларын коомдук продукцияга же илимий иштерге айландырууга даяр идея берүүчүлөрдү колдоо үчүн мыкты илимий-изилдөөчүлүк иштердин жарышы да каралган. Бул багыт, өзгөчө жаңы өсүп келе жаткан жаш окумуштуу, аналитик жана эксперттердин профессионалдардын катарына кошулуп, коомдук интеллекти күчтөндүрүүсүнө түрткү берүүгө максатталган. Тогузунчудан, коомчулук арасындагы мыкты жаратман демилгелерди элдин руханий баюуу жана маданий өнүгүүсүнө жумшоо каралган. Менин оюмча, биз сиңимдүү ураандар, таасирдүү сөздөр жана кызыктуу максаттар чагылдырылган идеологиянын жазылышын күтпөшүбүз керек. Биз, коомчулукту жана ар бир адамды талкалап жаткан жалган түшүнүк, сокур сезим жана жаман адаттар менен күрөшүүдө биригип, туруктуу жана пландуу иш алып барышыбыз керек. Мындай жаман көрүнүштөр менен биригип, туруктуу жана пландуу күрөшүүнүн өзү – чоң идеология болсо керек. Ошондуктан ар квартал сайын таза жарыштардын негизинде атайын багыттарда өзгөчө демилгелерди топтоп жана чогуу ишке ашырууну дагы сунуштап жатабыз. Демек, коомдогу мыкты демилгелерди колдоо аркылуу атуулдарыбыз мамлекетке жаратман иштери менен пайда бере алат. Идеяларды виртуалдык площадкада топтоо менен эле стратегиялык документтерди түзүп койсо болобу? Идеялар менен эле мамлекетке жардам бере алабызбы? Аларды топтоонун зарылчылдыгы эмнеде? Абдан жакшы суроо бердиңиз. Биринчиден, идея дегенди биз туура түшүнүүбүз керек. Идеяны, атуулдарыбыздын кандайдыр бир маселе боюнча берген өзгөчө көз караштары, сунуштары, пикирлери жана кеңештери десек болот. Алар, коюлган маселе боюнча так, туура, толук түшүнүк жана маалымат алууга, ошондой эле аны чечүү боюнча конкреттүү жолду көрүүгө жардам берет. Демек, белгиленген маселе боюнча алдыңкы идеялар жана баалуу маалыматтарды топтоо коомдук документтерди иштеп чыгууда
  • 5. зарыл болуп саналат. Ансыз, биз маселени толук жана туура түшүнө албай, эффективдүү чечүү жолдорун сунуштай албайбыз. Экинчиден, стратегиялык документтерди жана жол карталарын түзүү виртуалдык площадкада идеяларды топтоо менен эле бүтпөйт. Топтолгон мыкты алдыңкы идеялар жана маалыматтардын негизинде коомдук документтердин макети же өзөгү даяр болот. Андан кийин, коомдук документтердин негизи боло турган идея жана маалыматтарды бергендер жумушчу тобуна чакырылып реалдуу площадкада топтолгон идея жана маалыматтардын негизинде коомдук документтерди иштеп чыгышат. Башкача айтканда мыкты деп табылгандар топтолгон идея жана маалыматтарды жакшылап бышырып, анан коомдук продукцияга айландырышат. Демек, виртуалдык площадкада топтолгон идея жана маалыматтар коюлган маселе боюнча толук картинаны көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул деген коюлган маселе боюнча мыкты документтерди иштеп чыгууга себепкер болот. Эгерде биз ар бир маселе боюнча ушундай жол менен керектүү алдыңкы идеяларды жана баалуу маалыматтарды топтоп жана аларды сунуштаган мыктыларга коомдук документтерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берсек, анда мамлекетибизде ар кандай маселелер боюнча эффективдүү чечүү жолдору пайда болот. Булар, мамлекеттик саясатта катачылык кетирүүгө, туура эмес чечим кабыл алууга жолтоо болуп, эффективдүүлүктү арттырат. Бул айтылгандарга АКШнын тажрыйбасы жана саясаты далил болуп саналат. Себеби, алар конкреттүү жана эффективдүү плансыз бир дагы кадам жасашпайт. Аларда мамлекеттик маанилүү документтер коомчулуктун активдүү катышуусу менен иштелип чыгарылат. Идея жана маалыматарды дүйнө жүзү боюнча топтошуп, мыктыларды душмандарынын арасынан болсо дагы таап чыгып жана тартышат. Мамлекет, акыл фабрикалары болгон жеке жана эл аралык изилдөө мекемелери, аналитик, эксперт жана окумуштуулар менен тыгыз байланышта иштешет. Мына ошондуктан АКШ коллективдик интеллекти жогорку деңгээлде колдонгондуктан алдыңкы идеяларды иштеп чыгуучу мамлекетке айланып, дүйнө жүзүн башкарып келе жатат. Алар, дүйнөдө алдыңкы идея жана баалуу маалыматка ээ болгондор гана күчтүү боло тургандыгын далилдеп коюшту. Мына ошондуктан, биз дагы керектүү баардык алдыңкы идеяларды жана баалуу маалыматтарды дүйнө жүзү боюнча топтоп, алардын негизинде мыкты коомдук документтерди иштеп чыгара алсак, анда мамлекетибиздеги көйгөйлөрдү туура жана толук түшүнүп, көзүбүз ачылып, чечүү жолдорун көрүп жана туура эффективдүү пландарды иштеп чыкмакпыз. Сиз Кыргызстандын коллективдик интеллектине канчалык ишенесиз жана ага таянып сиз айткандай эффективдүү коомдук документтерди иштеп чыгуу мүмкүнбү? Биринчиден, белгилеп кеткениңиздей коллективдик интеллекти биз коомдук документтерди иштеп чыгууга колдонууну сунуштап жатабыз. Демек, биз жаңы бир теория, техника же продукция иштеп чыгууну сунуштап жатпагандыктан, бизге өзүбүздүн окумуштуу, эксперт, адис жана аналитиктерибиздин интеллектуалдык потенциалы жетиштүү деп ойлойм. Болгону алардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү керек. Белгилеп кетчү нерсе бул коомдук өнүгүү документтери мамлекеттин өнүгүшү үчүн зарыл болуп жатат. Себеби, өлөкөнүн өнүгүшү эффективдүү мамлекеттик саясаттан көз каранды. Ал эми мамлекеттик саясаттын эффективдүүлүгү туура план жана натыйжалуу програмалардан көз каранды. Биз дал ушул туура пландардын жана эффективдүү программалардын кабыл алынышына жардам берүүнү сунуштап жатабыз. Экинчиден, эффективдүү коомдук документтерди иштеп чыгууга керек болгон коомдук интеллект кеңири деңгээлде түшүнүүбүз керек. Тактап айтканда коллективдик интеллект
  • 6. дегенде эле, окумуштуу жана эскперттерди эле элестетпешибиз керек. Себеби, ар бир коюлган маселе боюнча баалуу маалыматтарды алып жүрүүчүлөр жана алдыңкы идеяларды сунуштоочулар окумуштуу жана эксперттердин арасында гана болушу мүмкүн эмес. Өзүнүн күнүмдүк жашоосунда күбө болуп тажрыйбаны жана реалдык процессти билгендер баалуу маалыматтарды алып жүрүүчүлөр болуп, алдыңкы идеяларды бере алышат. Мисалы, коррупциянын кандай жолдор менен жүрүп жаткандыгын, ага кабылгандар, медицинадагы тейлөөдөгү көйгөйлөрдү оорулуулар, чет мамлекттеги элчиликтердин ишинин натыйжалуулугун ал жерде иштеп жаткандар жакшыраак билешет да. Дал ушулар бул маселелр боюнча компетентүүлөр болуп саналат да. Демек, коллективдик интеллекти жалпы жонунан эмес, ар бир маселеге жараша баалаганыбызда, анын күчүн көрө алабыз. Үчүнчүдөн, бул багыттан алганда Кыргызстандын коллективдик интеллекти жогорку натыйжаларды бериши мүмкүн. Себеби, мамлекетибизде нечен деген кыйынылыктарды башынан өткөзүп жана тоскоолдуктарга карабай өлкөнүн ичинде эмес, тышында дагы натыйжалуу ишмердик кылып келе жаткан канчалаган ишкерлерибиз жана атуулдарыбыз бар. Алардын тажрыйбалары жана көз караштары реалдуу абалды түшүнүүгө жана зарыл болуп жаткан чечимдерди билүүгө жардам берет. Мындан тышкары чет мамлекеттерде билим алып жүргөн жана чоң компанияларда иштеп жүргөн канчалаган мыкты адистерибиз бар. Алар бизге новатордук көз караштарын, дүйнөлүк тажрыйбаны жана жаңыча пикирлерди бере алышат да. Ал эми мамлекетибиздин ичинде канчалаган эксперттерибиз, окумуштууларыбыз жана аспиранттарыбыз бар. Алардын баардыгысы мекенине кандайдыр бир деңгээлде жардамын беришип, анын өнүгүшү үчүн аракеттерин кылып жатышат. Булар, мамлекетке алдыңкы идеяларын, жакшы анализдерин жана керектүү маалыматтарын бере алышмак. Ал эми мамлекеттик кызматта деле мекенчил жана иш билги адистерибиз аз эмес. Алар, мамлекеттик саясат жана анын жетишпегендиктери туурасында жакындан тааныш. Демек, биз булардын башын бириктире алсак, анда ар кимиси ар бир багыты боюнча мыкты идея жана баалуу маалыматтарын берип жатышып, күчтүү документтеридин иштелип чыгарылышына себепкер болушмак. Виртуалдык аянтчада кантип идеялар топтолуп, электенип жана сорттолот? Бул үчүн өнүккөн мамлекеттерде абдан жемиштүү колдонулуп келе жаткан жана чоң ийгиликтерге себеп болгон краудсорсинг технологиясы колдонулат. Краудсорсинг коюлган тапшырманы же маселени көптөгөн компетентүүлөрдү жана энтузиасттарды тартуу менен чечүү болуп саналат. Ошондой эле көпчүлүктүн белгилүү билимдерин колдонууга, билинбегендерин сууруп чыгууга, ошондой эле баалуу идеяларды жана жөндөмдүү адамдарды таап чыгып жана өнүктүрүүдө кеңири колдонулат. Краудсорсинг технологиясы акыркы убактарда дүйнөдө абдан кеңири колдонулуп жатат. Мындай технологияны колдонуу аркылуу Америка миллиондогон каражаттарды жана жылдаган убакыттарды сарптабай эле 3-айдын ичинде энтузиасттардын негизинде жаңы БТРди иштеп чыгып коюшту. Ал жерде согуштук техникаларды жана саясий чечимдерди кабыл алууда краудсорсинг абдан кеңири колдонула башталды. Ал эми орусияда болсо, краудсорсинг президент Путиндин буйругу менен ишке киришип, 2012-жылы коллективдик интеллекти колдонуу менен 12-жол карталарын иштеп чыгышты. Бул технологияны ар багыттарда көптөгөн мамлекеттер колдонуп, чоң ийгиликтерге жетип жатышат. Себеби, бул технологиянын өзгөчөлүгү коллективдик интеллекти бириктирүү менен көптөгөн каражаттар жана убакыттарды талап кылган тапшырмаларды бираз
  • 7. чыгым менен эле бат жана эффективдүү чечип коюуусу. Ал эми Кыргызстан үчүн бул нерсе жаңылык жана зарыл нерсе болуп жатат. Краудсорсинг тууралуу дагы кененирээк айтып берсеңиз? Краудсорсингдин негизинде жалгыз адамдын, ал тургай гениалдуу инсандардын интеллектине (же акылына) караганда коллективдик интеллект ар дайым жемиштүү, болот деген идея жатат. Чындыгында өнүккөн мамлекеттерде энтузиаст ыктыярчылардын жетишкендиктери мыкты эксперт жана адистердикинен ашып кеткен учурлар абдан көп болуп жатат. Алар айлап жылдап жана канчалаган каражат кетирип жасай албай жаткан нерселерди краудсорсинг технологиясы аркылуу бириккен энтузиасттар бир нече айда, болбогон акчага жана жогорку деңгээлде аткарып жаткандыктан бул технологиянын жана коллективдик интеллектин ролу дүйнө жүзүндө абдан жогорулап жатат. Краудсорсингдин үзүрүн жана мүмкүнчүлүгүн көргөн Россиянын Сбербанкынын башчысы Г. Греф ага “21- кылымдагы башкаруучулуктун эң чоң жетишкендиги ” деген баасын берип олтурат. Ал эми краудсорсинг терминин киргизип, бул техологиянын эффективдүүлүгүн жана коллективдик интеллектин кудуретин изилдеп жазып чыккан Джефф Хей “краудсорсинг - керексиздердин ичинен бриллиантарды таап гана чыкпастан, мындай таланттарды өстүрүп жана алдыга сүрөп, коллективдик интеллекти күчтөндүрө турган механизм” деген. “Массалык кызматташтык” болгон краудсорсингде ким тапшырманы жогорку деңгээлде жана биринчи болуп аткарса, ошол сыйланууга татыктуу болот. Бул жерде эң негизги мотивация өзүн-өзү өнүктүрүү, талантын чыгаруу, лидерликке жетүү, ойлогондорунун ишке ашышы болуп, материалдык кызыкчылык мааниге ээ эмес. Краудсорсингди идеяларды гана чогултуу үчүн гана эмес, коомчулуктун ар кандай маселелер боюнча баасын, көз карашын, пикирин жана каалоолорун топтоо жана анализдөө үчүн да колдонуп келишет. Сиздер краудсорсинг аркылуу кантип коомдук документтерди иштеп чыгасыздар, конкреттүү бир мисал менен айтып бере аласызбы? Краудсорсингдин ийгиликтүүлүгү эффективдүү жүргүзүлгөн “акыл чабуулунан” (мозговой штурмга) көз каранды. Ал эми акыл чабуулунун эффективдүүлүгү болсо, коюлган тапшырманын так жана түшүнүктүүлүгүнөн, күтүлгөн жыйынтыктын реалдуулугу жана пайдалуулугунан, краудсорсинге кызыкдар баардык энтузиасттардын жана компетентүүлөрдүн тартылышынан, алардын ишмердигин эффективдүү кардинацияланышынан, ошондой эле мотивациянын болушунан жана бурмалоо, басым кылуу, бир жакка тартуу сыяктуулардын болбошунан көз каранды. Булардын баарын жана дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, биз өзүбүздүн Кыргызстандын краудсорсинг механизмин иштеп чыктык. Эми, анын иштөө механизмин конкреттүү мисалдын жардамы менен түшүндүрүп берсем. Коррупция менен байланыштуу бир коомдук документти иштеп чыгууну пландап жатабыз дейлик. Бул үчүн биздин виртуалдык площадкада бизнесмен, экперттер, окумуштуулар, чет мамлекетте билим алгандар, мамлекеттик кызматкерлер чогулушту дейли. Алардан так жана керектүү идея жана маалыматтарды алуу үчүн коррупция темасында так суроолорду коюуу керек. Мисалы, биринчи Кыргызстандагы коррупция
  • 8. каякта жана кандай жолдор менен ишке ашып жатат деген суроону койдук дейли. Бул суроого эки жума бердик дейли. Бул убакыт ичинде бизнесмендер ар кайсыл тармактар боюнча коррупция кандай жүрүп жаткандыгы туурасында маалымат беришти. Демек, биз коррупция каякта жана кантип ишке ашып жаткандыгы туурасында толук маалымат алган болобуз. Андан соң, бул белгиленген коррупциялык механизмдерди чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулук кандай иштерди жасагандыгы туурасында суроо таштадык. Бул суроого эки жума ичинде чет мамлекетте окугандар, иштегендер жана чет мамлекеттик эксперттер өз ойлорун айтып, бизге багыт беришти дейли. Андан кийин бул механизм жана чет мамлекеттик тажрыйбаларды эске алып кандай сунуштарды бере аласыздар деген суроону коюуп, дагы эки жума бердик дейли. Анын негизинде ар кайсыл окумуштуу, эксперт жана аналитиктер ар бир механизм боюнча өз ойлорун билдиришти дейли. Жана алар бири-биринин сунуштарын талкулашып жана баалашып олтуруп, 1, 2 жана 3 чү суроолор боюнча эң мыкты идеяларды аныкташты дейли. Бул идеялардын ээлери жеңүүчүлөр деп табылып жана баалуу сыйлыктар менен сыйланып, алар жумушчу топко чакырылат. Бул жумушчу топ, топтолгон алдыңкы идеялар жана баалуу маалыматтар негизинде түзүлгөн өрнөктүү документ боюнча бир жарым айдын ичинде коомдук документти иштеп чыгып, коомчулуктун талкуусуна, андан соң мамлекеттин кароосуна сунуштамакчы. Долбоор абдан масштабдуу экен, бирок муну толук ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүгүңүз жана күчүңүз жетеби? Ооба, абдан масштабдуу болгондуктан көптөгөн эмгек жана финансы ресурстарына, ошондой эле конкреттүү планга муктаж. Мына ошондуктан долбоордун минималдык жана максималдык планы жана алар боюнча атайын этаптары каралган. Минималдык план –долбоорду ишке ашыруунун алгачкы кадамдары болуп, өзүбүздүн күчүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүзгө ылайыкташтырылган. Ошондуктан биз бул жылдын аягына чейин экономика жана башкаруу багытындагы гана идеяларды топтоп, алардын негизинде жок дегенде 1-2 стратегиялык документ жана 2-3 жол карталарын, ошондой эле 20-чукул бул багыттардагы мыкты илимий иштердин иштеп чыгарууну, ошондой эле 10 жакын руханий-маданий өнүгүүгө максатталган атайын жаратман демилгелерди топтоп жана ишке ашырууну пландап жатабыз. Максималдык план – коомчулуктун активдүү катышуусу жана күчү менен ишке ашырылуучу долбоордун калган негизги максат жана тапшырмалары десем болот. Эгер, коомчулук туура түшүнүп, бул долбоор алкагынды аракет жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктирсе, анда коомчулуктун чоң элеги жана талкуусунан өткөн, алардын оригиналдуу идеялары жана пайдалуу сунуштары эске алынган канчалаган стратегиялык документтер, жол карталары, илимий иштер жана алардын казынасы пайда болот эле. Демек, мамлекетке жол көргөзө турган ар кайсыл багыттарда өздүк коомдук өнүгүү документтерибиз орун алмак. Эң негизгиси, аларды түзүү процессинде канчалаган иш билги атуулдар жана алдыңкы идеялар колдоого ээ болуп, алардын өнүгүшүнө жана жаңыларынын пайда болушуна түрткү болмок. Акырындык менен коомубузда күчтүү идеялардын казынасын жана иш билги атуулдардын коомун чагылдырган “Акыл Тирегибиз” пайда болуп, өз тагдырын өзү аныктаган жана башкалардан акылына көз каранды болбогон улуу элге айланмакпыз. Ошондой эле канчалаган жаратман демилгелер
  • 9. ишке ашырылып, элдин аң сезиминде чоң бурулуш жасалып, элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү, атуулдарыбыздын руханий-маданий өнүгүүсү жогоруламак. Өзүңүз билгендей бүт нерсе акчага такалат, долбоор көп каражатты талап кылат окшойт. Каражат булагы кандай болот? Биринчиден, долбоор миллиондогон доллар каражаттарды талап кылган жок. Алсак, максималдык план боюнча долбоордун жылдык бюджетин 1 млн. долларга чейин жеткизүү каралган. Албетте, буга акырындык менен коомчулуктун активдүү колдоосу аркылуу жетүүгө болот. Биз, эң негизгиси каражаттарды эффективдүү колдоно алышыбыз керек. Ошондо аз каражат менен чоң ийгиликтерге жетүүбүз мүмкүн. Мындан тышкары мамлекеттин өнүгүшүнө абдан кызыкдар болуп, өз салымын кошууга аракет кылып жүргөн канчалаган мекенчилдерибиз бар. Алар, бул долбоор аркылуу мамлекеттин өнүгүшүнө реалдуу салым кошо ала тургандыктарын түшүнүшсө, долбоорду колдон буттан алып кетишет деп ойлойм. Демек, көп иштер көпчүлүк аркылуу аз каражаттар менен бүтүп кылышы мүмкүн. Биз, мындай потенциалыбызды колдоно билишибиз керек. Бүгүн мамлекет, өнүгүү эмес, кантип сакталып калат экен деген маселе турганда, атуулдарыбыз акчалай гана кызыкчылыктарды ээрчибейт болуш керек. Экинчиден, “коюлуп жаткан максаттардын жумшала турган каражаттарды толугу менен актап бере алат” деп толук ишенем. Себеби, долбоор мамлекеттик деңгээлдеги чоң максаттарды коюп, өлкөнүн келечегине жана коомчулуктун пайдасына гана максатталган. Биз эгерде сиздер массалык маалымат каражаттары жардам берсеңиздер, буларды коомчулукка жеткизе алсак, анда кайдыгер карап турбай, долбоорду колдоп кете турган азаматтарыбыз көп эле болот деген үмүттөбүз. Чындыгында, азыркы учурда мамлекеттик документтерди иштеп чыгууда ишкерлердин, эскперттердин жана жөнөкөй атуулдарыбыздын пикирлери жана үндөрү угулбай калып, алардын кызыкчылыктары жана талаптары угулбай калып жатат. Биз, сунуштап жаткан механизм дал ушуларды жоюууга багытталган. Демек, ишкерлер жана атуулдар өздөрүнүн талаптары жана каалоолору, эскперттердин пикирлери жана сунуштары эске алына турган документтер иштелип чыга турган болсо, алар материалдык жана башка колдоолорун аябайт деп ойлойм. Үчүнчүдөн, долбоордун маңызын калкка жеткизүү менен атайын “Салым” деген улуттук эндаумент фондун түзүүнү пландаштырып жатабыз. Эндаумент фонддор ыктыярдуу берилген максаттуу капиталдын фонду болуп, чет мамлекетте абдан кеңири колдонулуп, калктын өз мекенинин жана өзүнүн келечегине болгон салымы болуп саналат. Мен ишенем, Кыргызстанда азыр мындай фондду түзүүгө баардык мүмкүнчүлүгүбүз бар. Себеби, мамлекетибизде өлкөсүн көтөрүп кете ала турган ишкерлерибиз жана чет мамлекетте ийгиликтүү иштеп жүргөн атуулдарыбыз жетиштүү эле. Болгону, аларга алардын бул фондко сала турган бир аз (мисалы, бир айда 600 доллар, демек жылына 5 миң доллар каражат) акчасы менен канчалаган коомдук документтерди иштеп чыгып, канчалаган таланттарды өстүрүп, келечек муунга жакшы салт калтырып кете тургандыгыбызды түшүндүрүшүбүз керек. Биздин жеңиш мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктиргенибизде. Эгерде бул долбоорду колдоо үчүн “Салым” фондуна жылына 5 миң эле доллардан 100 мекенчил ишкерлерибиз которо турган болсо 500 миң доллар болуп жатпайбы. Демек, эгер урматтуу төртүнчү бийликтин өкүлдөрү сиздер бул долбоорду
  • 10. колдоп жана калкка туура жеткизүүгө жардам берсеңиздер, бул долбоордун финансылык кыйынчылыгы болбойт деп ойлойм. Минималдык план боюнча сиз өзүңүз канча каражат жумшоону пландап жатасыз? Ар бир коомдук стратегиялык документ боюнча проектин болжолдуу наркы 20 миң доллар болуп жатат. Мен өз каражатыман эң жок дегенде 1-2 стратегиялык документ жана 2-3 жол карталарын каржылоону пландап жатам. Мындан тышкары, жогоруда айткандай 20-чукул мыкты илимий иштерди каржылоону жана 10 жакын коомдук иш чараларды уюштурууну пландам жатам. Стратегиялык документтер жана жол карталары деген эмне? Жана булар президент сунуштаган өнүгүү стратегиясына альтернатива болуп саналабы? Стратегиялык документтер – бул мамлекеттеги орчундуу маселелерди чечүүгө максатталган ар кандай багыттардагы атайын өнүктүрүү программалары. Тактап айтканда коомдук жашоонун көптөгөн тармактарын камтыган жана көпчүлүк субъекттердин кызыкчылыктарына төп келген мамлекеттик деңгээлдеги негизги маселелер. Мисалы, экономикалык, саясий жана коомдук жашоо системабыз, бажы союзундагы кыргызстандын ролу, улуттук идеологиябыз кандай болушу керектиги сыяктуу маселелер боюнча коомчулуктун алдыңкы идеяларынын жыйындысы жана ой бирдиги десек болот. Жол карталары – бул конкреттүү бир тармактагы же багыттарга тиешелүү маселелерди чечүүнүн деталдаштырылган планы. Мисалы, кантип бюджетти толтурса, шаардын инфраструктурасын жакшыртса, банк секторун өнүктүрсө, ишкердикке болгон тоскоолодуктарды жойсо, улуттук баалулуктарды сактаса, мамлекеттик тилдин баркын чыгарса болот деген сыяктуу суроолорго коомчулуктун берген алдыңкы идеяларынын негизинде иштелип чыккан пландар. Демек, мамлекеттик саясаттын эффективдүү жүргүзүлүшү үчүн зарыл болгон изилдөөлөр, эффективдүү программа жана пландар иштелип чыгарылып, алардын базасын түзүлөт. Мына ошондуктан стратегиялык документтер жана жол карталары кабыл алынган стратегияга альтернатива эмес, аны күчтөндүрүү жана толуктоо, анда каралбаган көптөгөн маселелер жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштоо болуп саналат. Иштелип чыгарыла турган стратегиялык документтер жана жол карталарынын, буга чейин сунуштап келе жаткан эл аралык уюмдардын, мамлекеттин, ар кандай саясий жана башка топтордун документтеринен кандай өзгүчүлүгү бар? Биринчиден, стратегиялык документтердин, жол карталарынын, отчеттук документтердин “коомдук” статуска ээ болушу. Себеби, документтер кеңири калктын катмарынын катышуусу менен алардын алдыңкы идея жана баалуу маалыматтарына негизделип түзүлүшү каралып жатпайбы. Экинчиден, бүткүл дүйнө боюнча атуулдарыбыздын алдыңкы идеяларын жана баалуу маалыматтарын топтоо аркылуу түзүлүшү. Демек, кызыкдар жана компетентүү баардык атуулдарыбыздын идея жана маалыматтарынын эске алынышына мүмкүнчүлүктүн болушу.
  • 11. Үчүнчүдөн, атуулдарыбыздын коллективдик интелллектинин жемиши болгон улуттук өздүк документ болушу. Себеби, документтер негизинен атуулдарыбыздын билиминин, тажрыйбасынын жана акылынын биригишинин негизинде түзүлүшү каралып жатпайбы. Демек, өз тагдырыбызды өзүбүз аныктаган документтер болот. Төртүнчүдөн, эң мыкты алдыңкы идеялар жана абдан баалуу маалыматтардын гана негизинде түзүлүшү. Себеби, идеяларды тандоо алардын арасындагы таза таймаштын гана негизинде болот. Демек, коомдук мындай документтер коомдук пикирдин лидерлери катары табылган чыныгы компетенттүү атуулдарыбыздын эмгегинин жыйынтыгы болот. Бешинчиден, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, айрым саясий жана башка топтордун басымы жана лоббилерисиз түзүлүшү. Башкача айтканда таңулоодон жана бурмалоодон алыс болгон, коомдук пикир жана тилектер эске алынган документ болушу. Демек, көптөгөн тармактар жана багыттар боюнча атуулдарыбыздын коллективдик интеллектинин жемиши жана коомдук пикирдин күзгүсү болгон өздүк документтер жана алардын казынасы түзүлө тургандыгынын өзүн уникалдуу жана өзгөчө деп ойлойм. Ал эми бул иштелип чыккан коомдук документтерди ишке ашыруунун механизмдери каралды беле? Алардын ишке ашырышын ким мониторинг кылып турат? Себеби, алар ишке ашырылбаса, анда мамлекетке кандай пайдасы болот? Биринчиден, бул документтердин ишке ашырылышы бийлик менен байланыштуу. Мына ошондуктан, бул документтердин баардыгысы тиешелүү мамлекеттик институттардын катышуусу менен иштелип чыгарылышы каралган. Албетте, алар макул жана кызыкдар болушса. Эгерде, андай болбосо, биз бул документтерди бийликке коомчулуктун атынан сунуштамакчыбыз. (Биз, дегенде фонддун эксперттик кеңеши жана жумушчу топ). Экинчиден, биз биригип мыкты документтерди иштеп чыкканды үйрөнөлүчү, анан көрөбүз бийликтегилерди кабыл алабы же жок пу. Түзө элек жатып эле, бийлик кабыл алышы керек, же болбосо иштеп чыкпайбыз деген туура эмес го. Эгерде коомчулук биз ойлогондой билимин, тажрыйбасын жана акылын жөндөмүн бириктирип бирдиктүү жана мыкты документ иштеп чыкса, менин оюмча бийликтегилер аларды колдонууга даяр болушу керек. Себеби, мамлекеттик саясатты эффективдүү жүргүзүү үчүн мыкты иштелип чыгарылган документтер керек да. Үчүнчүдөн, эң негизгиси жана мамлекетке пайдалуусу бул документтерди иштеп чыгуу процесси. Себеби, аны иштеп чыгууда, биз биригип жана бир чечимге келүүнү, өзүбүздөн чыккан алдыңкы идеяларды жана таланттарды колдоону, чет мамлекеттерди карабай өз тагдырыбызды өзүбүз аныктоону, улам барган сайын мыкты документтерди иштеп чыгууну, мамлекетибиздеги ар бир орчундуу маселелер боюнча чечүү жолдорун бирдикте иштеп чыгууну үйрөнө жана салтка айландыра баштайбыз. Чет мамлекттик эксперттер же аналитиктер катыша алышабы? Алар деле жакшы идеяларын бере алат да? Албетте алар үчүн эч кандай тоскоолдук жок. Эгерде идеяларын сунуштап, талкууга жана аларды коомдук пайдалуу продукцияга айландырууга даяр болсо, анда краудсорсингге
  • 12. дагы, жумушчу топко дагы кирүү укугуна ээ. Болгону, алар үчүн материалдык колдоо каралган эмес. Долбоордо карапайым калктын көз караш жана идеяларын эске алуу каралаган эмес окшойт? Дегеле, карапайым калк “идеялык картаны” түзүүдө кандай ролду ойнойт? Карапайым калктын көз караш жана идеяларын эске алуу дагы каралган. Ал үчүн “коомдук пикир” деген атайын виртуалдык аянтча каралган. Бул энтузиасттардын аянтчасы болуп баардык атуулдар катыша алат. Ал жерде коомдук пикир жана идеялардын мониторинги жана анализи орун алып, топтолгон идея жана көз караштар боюнча атайын “комдук отчеттук документтер” иштелип чыгарылат. Алар, коомчулуктун каалоосун, талабын, көз карашын, тилектерин, ар кандай маселелер боюнча бааларын жана идеяларын чагылдырып турат. Дагы бир кызыктырган нерсе идея берүүчүлөрдүн автордук укуктары сакаталабы же сакталбайбы? Албетте, ар бир мыкты деп табылган идеялардын ээлеринин автордук укугу сакталат. Тактап айтканда, коомдук стратегиялык документтерде же жол карталарында алардын сунуштаган идеялары жана жасаган эмгектери белгиленет. Ошондой эле жумушчу топ менен аларды бирге ар кандай форум жана профессионалдык жолугушууларда презентациялоого, коомчулукка жайылтууга жана мамлекетке сунуштоого мүмкүнчүлүк берилет. Бул долбоордун буга чейин сунушталып келген долбоорлордон өзгөчөлүгү туурасында айтып берсеңиз. Биринчи өзгөчөлүгү катары коюлуп жаткан максаттар жана аларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү механизмдерин айтсам болот. Биз аттулдарыбыздын коллективдик интеллектин мамлекеттин пайдасына колдонуу менен мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууну сунуштап жатабыз. Коллективдик интеллект эбегейсиз күчкө ээ, аны башкарып жана колдоно алсак, анда чоң ийгиликтерди багындыра алабыз. Чындыгында, коомчулукта билинген жана билинбеген канча деген пайдалуу идеялар жана баалуу маалыматтар бар. Эми канти коллективдик интеллекти мамлекеттин пайдасына колдоносуңар десеңиз, анда мамлекетке зарыл болуп жаткан кылдат изилденип жана түзүлгөн коомдук өнүгүү документтерин иштеп чыгуу аркылуу дейт элем. Ал эми кандай жол менен десеңиз, дүйнө боюнча акыл чабуулун жасап коомчулуктун эң алдыңкы идеяларын жана баалуу маалыматтарын топтоо аркылуу. Ал үчүн краудсорсинг технологиясынын негизинде иштеген виртуалдык аянтча жана мыкты деп табылган идеялардын жана компетенттүүлөрдүн иштей турган реалдуу аянтчалары ишке киргизилет. Биз, коллективдик интеллекти күчтөндүрүү жана өнүктүрүү аркылуу, анын мамлекетке пайдасын арттырууну сунуштап жатабыз. Коллективдик интеллект күчтүү жана түшүмдүү болот, качан ал ар дайым жаңы алдыңкы идеялар жана мыкты иш билгилер менен жаңыланып турса. Идеялардын таза таймашы жана иш билгилер ортосундагы адилеттүү атаандаштык бул маселени чечүүгө жардам берет. Ал үчүн алдыңкы идеяларды
  • 13. жана мыкты иш билги атуулдарды адилеттүү баалап жана тандап, аларды колдоп, сүрөп жана алдыга чыгарууну сунуштап жатабыз. Ошондо гана атуулдарыбыз өздөрүнүн идеяларынын мыкты деп табылышы жана бааланышы үчүн жарышып жатышып, мыкты идеялардын пайда болушуна жана потенциалдарынын жогорулашына себепкер болушат. Демек, коллективдик интеллект жогорулайт жана мыкты коомдук документтерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк жогорулай берет. Экинчи өзгөчөлүгү катары долбоордун келечеги жана күтүлгөн жыйынтыктарын айтсам болот. Эгерде, бул долбоорду калк колдоого алса жана биз ойлогон деңгээлде ишке ашса, анда биз чоң идеялык бурулушту жасап жана дүйнөлүк коомчулукка өзгөчө жаңылык киргизе алабыз деген ишеничим бар. Кыргызстандын “Идеялык Карта” деген бренди жана улуттук өнүгүү жолу пайда болот. Эң негизгиси, башкалардын идеясына көз каранды болбой, өз тагдырыбызды өзүбүз аныктаганга жана мамлекеттик орчундуу маселелерди чечүүгө жардам бере турган “акыл тирегибизди” курабыз. Өзүбүздөн чыккан алдыңкы идеяларды жана иш билги атуулдарды колдоо, сүрөө жана алдыга чыгаруу менен мамлекетке зарыл болгон чечкиндүү реформатор, күчтүү аналитик жана мыкты иш билгилердин коомун түзөбүз. Мындан тышкары абдан маанилүүсү келечек муундарга жакшы элдик салтты калыптандырып жана мурас кылып кетүүгө мүмкүн. Мисалы:  Биригип бир коллективдик интеллект болуп өзүбүздүн тагдырды өзүбүз аныктап, орчундуу мамлекеттик маселелердин чыгуу жолдорун таба билген;  Өзгөнү эмес биринчи кезекте өзүбүздүкүн сыйлап, баалап жана колдой алган;  Идеяга муктаж эмес, идея бере алган коом боло билген;  Иш билги мыктыларды өстүрө, баалай жана колдой алган;  Жаратман иштерде ар дайым бирге болуп, мамлекетти алдыга сүйрөй алган элдик салт жана жөндөмдү. Долбоордун келечеги эмнеден көз каранды жана ал кандайдыр бир мөөнөткө негизделген би? “Идеялардын картасы” бул жалпы элдин энчиси, коомчулуктун аракетинин жана коллективдик интеллектинин жемиши болушу керек. Андыктан бул долбоор жалпы коомдук демилгеге айланып, ар бир атуулдун мамлекеттин келечеги үчүн болгон аракетине айлануусу шарт. Демек, долбоордун келечеги жана жыйынтыгы калктын туура түшүнүп жана активдүү катышуусунан көз каранды. Эгерде калк колдоосуна ээ боло турган болсо, анда бул долбоорду биз салтка айлантып, ар дайым өзүбүздүн алдыңкы идеяларды жана мыкты иш билги азаматтарыбызды колдоп, аларды мамлекеттин пайдасына колдонууну уланта беришибиз абзел. Себеби, мамлекеттин күчтүүлүгү жана келечеги пайдалуу алдыңкы идеяларды бере алган мыкты иш билги адамдардын көптүгүнөн көз каранды.