SlideShare a Scribd company logo
1 of 2
Download to read offline
Page 1 of 2
Министерство труда
и социального
развития
Кыргызской
Республики “Институт Детства”
Общественный фонд
Тез арада жайылтуу үчүн: Маалымат алуу үчүн:
2016-жылдын 29-январы Дыйканбаева Сейнеп
Программалар боюнча координатор жана
Майып балдардын ата-энелеринин
ассоциациясы КБсынын юристи
Тел. +996 312 51 76 34
моб.: +996 557793773
Эл. дарек: ardi.kyrgyzstan@gmail.com
Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы Кыргызстанда социалдык
кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзөт
Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы (МБАА) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн
минималдуу стандарттарына ылайык келүүсуно ар түрдүү социалдык мекемелерде мониторинг
жүргүзөт. Мониторинг мамлекеттик социалдык тейлөө стандарттарын жакшыртуу аркылуу
майыптуулугу бар балдарга көрсөтүлүүчү кепилденген социалдык колдоонун сапатын
арттыруу максатында жүргүзүлөт.
Долбоор республиканын жети облусунда жайгашкан 15 реабилитациялык борборду камтыйт.
Ассоциация мониторингдин жыйынтыктарына талдоо жүргүзөт, сунуштамаларды берет жана
учурдагы стандарттарга зарыл өзгөртүүлөрдү макулдашат.
“КР күндүзгү мекемелериндеги жана социалдык тейлөө мекемелериндеги учурдагы
стандарттар” долбоору USAID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу
программасынын гранттык колдоосунда “Жаңырык” улуттук тармагынын катышуусу менен КР
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Балалык институту менен өнөктөштүктө ишке
ашырылат.
Ушул изилдөөнүн зарылдыгы техникалык ченемдер боюнча да, ошондой эле көрсөтүлүүчү
кызматтардын сапаты боюнча да бекитилген стандарттардын көп учурда реалдуу кырдаалга
ылайык келбеши менен келип чыкты. Азыркы учурда стационардык жана жарым-жартылай
стационардык мекемелердин шартында майыптуулугу бар балдар жана чоң кишилер үчүн
социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча минималдуу стандарт менен жөнгө салынат, ал
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтому менен
бекитилген. Учурдагы стандарттар минималдуу деп аталат, бирок алар уюмдардын өздөрүнө
да, ошондой эле алар көрсөтүүчү кызматтарга да коюлган жогорку талаптардан улам көп
учурда ишке ашпайт.
Мониторинг ушул ылайык келбестиктерди аныктоого, социалдык борборлор стандарттарга
ылайык иштеши үчүн толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, сапаттуу социалдык
кызматтарды көрсөтүүгө жана андан ары мамлекеттик аккредитациялоого даярдануусуна
мүмкүндүк берет.
Бул долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда ишке
ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик
сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык
өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү
министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент
Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.
###
Page 2 of 2
Министерство труда
и социального
развития
Кыргызской
Республики “Институт Детства”
Общественный фонд

More Related Content

More from «The Public Organization of Parents of Children with Disabilities "ARDI".

More from «The Public Organization of Parents of Children with Disabilities "ARDI". (20)

о результатах деятельности арди за 2015 2016гг.
о результатах деятельности арди за 2015 2016гг.о результатах деятельности арди за 2015 2016гг.
о результатах деятельности арди за 2015 2016гг.
 
итоговый отчет арди Eng
итоговый отчет арди Engитоговый отчет арди Eng
итоговый отчет арди Eng
 
результаты арди за 20 лет
результаты арди за 20 летрезультаты арди за 20 лет
результаты арди за 20 лет
 
итоговый отчет.Docx сделанный арди 30.12.2015г.
итоговый отчет.Docx сделанный арди 30.12.2015г.итоговый отчет.Docx сделанный арди 30.12.2015г.
итоговый отчет.Docx сделанный арди 30.12.2015г.
 
инф.бюл. №18
инф.бюл. №18инф.бюл. №18
инф.бюл. №18
 
инф.бюл.№17
инф.бюл.№17инф.бюл.№17
инф.бюл.№17
 
инф.бюл. №16 пв
инф.бюл. №16 пвинф.бюл. №16 пв
инф.бюл. №16 пв
 
материалы инф.бюллет.№14
материалы инф.бюллет.№14материалы инф.бюллет.№14
материалы инф.бюллет.№14
 
материалы инф.бюллет. №15
материалы инф.бюллет. №15материалы инф.бюллет. №15
материалы инф.бюллет. №15
 
материалы инф.бюллет. №13
материалы инф.бюллет. №13материалы инф.бюллет. №13
материалы инф.бюллет. №13
 
информационный бюллетень № 11
информационный бюллетень № 11информационный бюллетень № 11
информационный бюллетень № 11
 
информационный бюллетень № 11
информационный бюллетень № 11информационный бюллетень № 11
информационный бюллетень № 11
 
инф.бюллетень №10
инф.бюллетень №10инф.бюллетень №10
инф.бюллетень №10
 
информац.бюллетень № 9
информац.бюллетень № 9информац.бюллетень № 9
информац.бюллетень № 9
 
инф.бюллетень №8 жанырык
инф.бюллетень №8  жанырыкинф.бюллетень №8  жанырык
инф.бюллетень №8 жанырык
 
270314 информационный бюллетень сети жанырык no.1
270314 информационный бюллетень сети жанырык no.1 270314 информационный бюллетень сети жанырык no.1
270314 информационный бюллетень сети жанырык no.1
 
081514 иб №3 август 2014_ жанырык
081514 иб №3 август 2014_ жанырык081514 иб №3 август 2014_ жанырык
081514 иб №3 август 2014_ жанырык
 
010614 иб №2 _исх
010614 иб №2 _исх010614 иб №2 _исх
010614 иб №2 _исх
 
презентация оф скр(1)
презентация оф скр(1)презентация оф скр(1)
презентация оф скр(1)
 
проект икко.Pptx арди
проект икко.Pptx ардипроект икко.Pptx арди
проект икко.Pptx арди
 

01292016 launching-ardi-project-standards for social services-kyr.docx для отправки

  • 1. Page 1 of 2 Министерство труда и социального развития Кыргызской Республики “Институт Детства” Общественный фонд Тез арада жайылтуу үчүн: Маалымат алуу үчүн: 2016-жылдын 29-январы Дыйканбаева Сейнеп Программалар боюнча координатор жана Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы КБсынын юристи Тел. +996 312 51 76 34 моб.: +996 557793773 Эл. дарек: ardi.kyrgyzstan@gmail.com Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы Кыргызстанда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзөт Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы (МБАА) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу стандарттарына ылайык келүүсуно ар түрдүү социалдык мекемелерде мониторинг жүргүзөт. Мониторинг мамлекеттик социалдык тейлөө стандарттарын жакшыртуу аркылуу майыптуулугу бар балдарга көрсөтүлүүчү кепилденген социалдык колдоонун сапатын арттыруу максатында жүргүзүлөт. Долбоор республиканын жети облусунда жайгашкан 15 реабилитациялык борборду камтыйт. Ассоциация мониторингдин жыйынтыктарына талдоо жүргүзөт, сунуштамаларды берет жана учурдагы стандарттарга зарыл өзгөртүүлөрдү макулдашат. “КР күндүзгү мекемелериндеги жана социалдык тейлөө мекемелериндеги учурдагы стандарттар” долбоору USAID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу программасынын гранттык колдоосунда “Жаңырык” улуттук тармагынын катышуусу менен КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Балалык институту менен өнөктөштүктө ишке ашырылат. Ушул изилдөөнүн зарылдыгы техникалык ченемдер боюнча да, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты боюнча да бекитилген стандарттардын көп учурда реалдуу кырдаалга ылайык келбеши менен келип чыкты. Азыркы учурда стационардык жана жарым-жартылай стационардык мекемелердин шартында майыптуулугу бар балдар жана чоң кишилер үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча минималдуу стандарт менен жөнгө салынат, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтому менен бекитилген. Учурдагы стандарттар минималдуу деп аталат, бирок алар уюмдардын өздөрүнө да, ошондой эле алар көрсөтүүчү кызматтарга да коюлган жогорку талаптардан улам көп учурда ишке ашпайт. Мониторинг ушул ылайык келбестиктерди аныктоого, социалдык борборлор стандарттарга ылайык иштеши үчүн толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, сапаттуу социалдык кызматтарды көрсөтүүгө жана андан ары мамлекеттик аккредитациялоого даярдануусуна мүмкүндүк берет. Бул долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда ишке ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда. ###
  • 2. Page 2 of 2 Министерство труда и социального развития Кыргызской Республики “Институт Детства” Общественный фонд